7-САБАК
Өткөндөн эмнеге үйрөнөбүз?
Бейиште Кудайдын достору гана жашайт. Ырайымсыз адамдар эмне болот? Жооп алуу үчүн, Нухтун күндөрүндө болгон окуяны карап көрөлү. Нух миңдеген жылдар мурун жашаган. Ал Жахабанын эркин аткарууга дайыма жан-дилинен аракет кылган ыймандуу киши болгон. Ал эми калган адамдар жаман иштерди жасашкан. Ошондуктан Жахаба Нухка топон суу каптатып жаман адамдардын баарын жок кыларын айткан. Ошондой эле ага, өзү жана үй-бүлөсү Топон суудан аман калышы үчүн, кеме курууну буйруган (Башталыш 6:9—18).
Нух үй-бүлөсү менен кеме курган. Ал адамдарга Топон суу жүрөрүн эскерткен, бирок алар кулак салышпай, жаман иштерин уланта беришкен. Кеме курулуп бүткөндө, Нух ага жаныбарларды киргизип, андан соң өзү да үй-бүлөсү менен кирген. Анан Жахаба жаан аралаш катуу шамал соктурганда, жамгыр 40 күн, 40 түн төгүп, суу бүт жер жүзүн каптаган (Башталыш 7:7—12).
Башталыш 7:22, 23). Ыйык Китепте туура иш кылуудан баш тарткандарды Жахаба жок кыла турган убак дагы бир жолу болору айтылган. Ал учурда акниет адамдар жок кылынбайт. Алар жер бетиндеги бейиште түбөлүк өмүр сүрүшөт (2 Петир 2:5, 6, 9, 10).
Ырайымсыз адамдар өмүрүнөн ажыраган, ал эми Нух үй-бүлөсү менен аман калган. Жахаба аларды Топон суудан аман алып калып, жамандыктан тазаланган жерге жайгаштырган (Бүгүн көптөр жаман иштерди жасашууда. Дүйнө азап-кайгыга жык толду. Жахаба адамдарга эскертүү берүү үчүн өзүнүн Күбөлөрүн кайра-кайра жиберип жатса да, көптөр анын сөздөрүн четке кагышууда. Алар өзгөрүлүүнү жана Кудайдын жакшылык менен жамандыкка болгон көзкарашын кабыл алууну каалашпайт. Андай адамдар эмне болот? Алар кайсы бир күнү өзгөрүшөбү? Көптөрү эч качан өзгөрбөйт. Ыймансыздар кайра жашоого кайрылгыс болуп биротоло жок кылына турган убак жакындап калды (Забур 91:8).
Жер талкаланбайт; ал бейишке айланат. Кудай менен достошкондор жер бетиндеги бейиште түбөлүк жашашат (Забур 36:29).