Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-САБАК

Сыйкырчылык кылуу жана дубалоо туура эмес

Сыйкырчылык кылуу жана дубалоо туура эмес

Шайтан сенин дубалоого байланыштуу иштерге катышууңду каалайт. Көптөр рухтар дүйнөсүнөн келген күчтөрдөн коркушкандыктан, кырсыктан сактануу максатында ата-бабаларына же арбактарга багыштап курмандык чалышат. Андай адамдар дубаланган шакектерди же билериктерди тагынып жүрүшөт, ошондой эле өздөрү касиеттүү деп эсептешкен «аралашмаларды» ичишет же денелерине сүйкөшөт. Айрымдар болсо коргоочу күчү бар деп ишенишкен белгилүү бир буюмдарды үйлөрүнө же короолоруна катып коюшат. Дагы башкалары жумушта, сынак тапшырууда же бөлөк жыныстагы адам менен сүйлөшүп жүргөндө жардам берет деген ишеним менен дубаланган «аралашмаларды» колдонушат.

Жахаба менен дос болуу — Шайтандан коргонуунун эң сонун жолу. Жахаба менен анын периштелери Шайтандан жана анын жин-перилеринен алда канча күчтүү (Жакып 2:19; Аян 12:9). Жахаба күчүн өзүнө толук берилген досторун коргоо үчүн колдонууга даяр (2 Жылнаама 16:9).

Кудайдын Сөзүндө: «Сыйкырчылык кылбагыла»,— деп айтылат. Жахаба дубалоо менен сыйкырчылык кылууну туура эмес деп эсептейт, себеби андай иштерди кылгандар түздөн-түз Шайтан Ибилиске баш ийип калышат (Лебилер 19:26).