Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-САБАК

Чыныгы динди кантип табууга болот?

Чыныгы динди кантип табууга болот?

Кудайдын досу болууну кааласаң, ага жаккан динди тутушуң керек. Ыйса «чыныгы табынуучулардын» Кудайга «чын жүрөктөн [«чындыкта», «ЖД»]» сыйынышарын айткан (Жакан 4:23, 24). Кудайга сыйынуунун бир гана туура жолу бар (Эфестиктерге 4:4—6). Чыныгы дин — түбөлүк өмүргө, ал эми жалган дин өлүмгө алып барат (Матай 7:13, 14).

Чыныгы динди аны туткандарды байкоо менен биле аласың. Жахаба жакшылыкчыл Кудай болгондуктан, анын чыныгы сыйынуучулары да жакшы адамдар болууга тийиш. Жакшы апельсин дарагы жакшы жемиш бергендей эле, чыныгы диндин түшүмү — жакшы адамдар (Матай 7:15—20).

Жахабанын достору Ыйык Китепти жогору баалашат. Алар Ыйык Китептин Кудайдан экенин билишет. Ошондуктан жашоосунда жетекчиликке муктаж болгондо, кыйынчылыктарын чечүүдө жана Кудайды таанып-билүүдө Ыйык Китептен жардам издешет (2 Тиметейге 3:16). Андан сырткары, алар жарыялап жаткан кабарына ылайык жашоого аракеттенишет.

Жахабанын достору бири-бирин сүйүшөт. Ыйса Кудай жөнүндө окутуп жана оорулууларды айыктырып адамдарга сүйүү көрсөткөн. Чыныгы динди туткандар да башкаларга сүйүү көрсөтүшөт. Ыйсага окшоп, алар өздөрүн жакырлардан же башка улуттагылардан жогору көрүшпөйт. Ыйса өзүнүн жолдоочулары ортолорундагы сүйүүсү менен тааныларын айткан (Жакан 13:35).

Кудайдын достору анын Жахаба деген ысмын ыйык тутушат. Атыңан чакыруудан баш тарткан адам жакын досуң боло алабы? Жок! Биз досубузга атынан кайрылабыз жана ал тууралуу башкаларга жакшы нерселерди айтабыз. Демек, Кудайдын досу болууну каалагандар аны атынан чакырышы жана ал жөнүндө башкаларга айтышы керек. Жахаба бизден ушуну күтөт (Матай 6:9; Римдиктерге 10:13, 14).

Ыйсага окшоп, Кудайдын достору башкаларга анын Падышалыгы тууралуу айтышат. Кудайдын Падышалыгы — асмандагы өкмөт, ал жерди бейишке айлантат. Кудайдын достору анын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башкаларга жарыялашат (Матай 24:14).

Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын досу болууга аракеттенишет. Алар Ыйык Китепти баалашат жана бири-бирин сүйүшөт. Ошондой эле Кудайды атынан чакырышып, анын ысмын ыйык тутушат. Алар башкаларга Кудайдын Падышалыгы тууралуу билим алууга жардам беришет. Бүгүн чыныгы динди Жахабанын Күбөлөрү тутушат.