5-САБАК
Кудайдын достору Бейиште жашайт
Бейиш биз жашап жаткан дүйнөдөн таптакыр башкача болот. Кудай жердин кыйынчылыктарга, кайгыга, азап-тозокко жана кырсыкка толушун эч качан каалаган эмес. Келечекте Кудай жерди бейишке айландырат. Ал Бейиш кандай болот? Ыйык Китепте бул жөнүндө эмне айтылганын карап көрөлү:
Жакшы адамдар. Бейиште бири-бирине жакшылык кылган жана Кудайдын адил жолдоруна карманган Кудайдын достору жашайт (Накыл сөздөр 2:21).
Мол тамак-аш. Бейиште ачарчылык болбойт. Ыйык Китепте: «Жерде... нан [же тамак-аш] мол болот»,— деп айтылат (Забур 71:16).
Эң сонун үйлөр жана жагымдуу жумуш. Бейишке айланган жерде ар бир үй-бүлөнүн өз үйү жана ар бир адамдын чыныгы канааттануу алып келерлик жумушу болот (Ышайа 65:21—23).
Дүйнө жүзүндө тынчтык өкүм сүрөт. Согуш болбогондуктан, согушта каза тапкандар да болбойт. Кудайдын Сөзүндө: «[Кудай] жердин учу-кыйрына чейин согуштарды токтотту»,— деп айтылат (Чың денсоолук. Ыйык Китепте бейиштеги «тургундардын бири да: „Мен ооруп жатам“,— деп айтпаары» убадаланат (Ышайа 33:24). Ошондой эле бир да аксак, сокур же дудук адам болбойт (Ышайа 35:5, 6).
Азап чегүү, кайгы, өлүм болбойт. Кудайдын Сөзүндө: «Өлүм деген болбойт. Ый деген, өкүрүк деген, оору деген болбойт, анткени мурункунун баары өтүп кеткен»,— деп айтылат (Аян 21:4).
Жаман адамдар жок кылынат. Жахаба: «Ыймансыздар... жер үстүнөн жок кылынышат, жүзү каралар жер үстүнөн тукум курут болушат»,— деп убада берүүдө (Накыл сөздөр 2:22).
Адамдар бири-бирин сүйүп, урматташат. Адилетсиздик, эзүүчүлүк, ачкөздүк жана жек көрүүчүлүк биротоло жоюлат. Адамдар ынтымакта жана Кудайдын адил жолдоруна ылайык жашашат (Ышайа 26:9).