Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Кымбаттуу Падышалыктын жарчысы!

ӨЗҮҢДҮ Бруклиндеги Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөсү экениңди жана 1914-жылы 2-октябрда, жума күнү эртең менен, ашканада өз ордуңда отурганыңды элестетсең. Баары Рассел бир тууганды күтүп отурушат. Бир маалда ал кирип келет да, адатынча бир азга токтоп: «Кутмандуу таңыңар менен!» — деп жылуу учурашат. Анан отурардан мурун алаканын чаап: «Башка элдерге белгиленген убакыт соңуна чыкты. Алардын падышаларынын күнү бүттү!» — деген жүрөк козгоорлук кулактандырууну айтат. Сен кубанычың койнуңа батпай сүйүнөсүң, анткени ушул учурду көптөн бери күтүп келгенсиң. Баарыңар көпкө чейин дүркүрөтө кол чабасыңар.

Ошол маанилүү кулактандыруу айтылгандан бери ондогон жылдар өттү. Ал убакыт аралыгында Падышалык көп нерселерди ишке ашырды. Жахаба Падышалык аркылуу өз элин тазалап, аларга билим берип келет. 1914-жылы бир нече миң эле жарчы бар болсо, азыр алардын саны жети жарым миллиондон ашты. Жахабанын билими сага кайсы жактардан жакшырууга жардам берди?

Бир туугандар: «Жахабанын асман арабасы жүрүшүнөн жазбай баратат!» — деп көп айтып калышат. Бул китепти кылдат окуп чыгуунун аркасында асман арабасынын, Жахабанын уюмунун асмандагы көзгө көрүнбөгөн бөлүгүнүн, 1914-жылдан бери чагылгандай тез ылдамдык менен жүрүп баратканын биле алабыз. Жакшы кабар бүт дүйнө жүзү боюнча жарыяланышы үчүн, Падышалыктын жарчылары замандын талабына ылайык ар кандай ыкмаларды колдонушкан. Алсак, алар гезиттер, маалымат жүрүштөрү, тасмалар, күбөлөндүрүү баракчалары, патефондор, радио аркылуу кабар айтып келишкен. Азыр болсо Интернетти колдонуп жатышат.

Жахаба ишибизге батасын берип жаткандыктан, учурда Ыйык Китепке негизделген кызыктуу адабияттарды 670тен ашуун тилде чыгарып, бекер таратып жатабыз. Жан аябас кызматчылар өнүккөн жана ресурстары чектелүү өлкөлөрдө Падышалык жана жыйындар залдарын, филиал имараттарын курууга өз ыктыяры менен катышып жатышат. Кайрымдуу бир туугандарыбыз табигый кырсык болгон жерлерге жардамга шашып, «кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандар» экенин далилдөөдө (Накыл 17:17).

Кээде диний жетекчилер жана башка каршылаштар «мыйзамды колдонуп кыянаттык кылышат». Бирок алардын арам ою ишке ашпай эле, «жакшы кабардын таратылышына шарт түзүп» жатат. Бул ишенимибизди аябай бекемдейт (Заб. 94:20; Флп. 1:12).

Баарыбыз Мырзабыздын «үйүндөгүлөрүнө» киргендиктен, силер менен кызматташуу биз үчүн чоң сыймык. Биз ар бириңерди аябай жакшы көрөбүз. Ушул китепти изилдөө силерге рухий мурасыңарды мурдагыдан да көбүрөөк баалаганга жардам берерине ишенебиз (Мт. 24:45).

Бир туугандарыңар,

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши