Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Солдо: Адабият таратуучу бир тууган бир кишиге кабар айтып жатат, Корея, 1931-жыл. Оңдо: Бир туугандар жаңдоо тилинде кабар айтып жатышат, Корея, биздин күндөр

2-БӨЛҮК

Падышалык жөнүндө кабар айтуу. Жакшы кабардын төгөрөктүн төрт бурчуна таралышы

Падышалык жөнүндө кабар айтуу. Жакшы кабардын төгөрөктүн төрт бурчуна таралышы

ЭС АЛГАН күнү эртең менен кызматка даярданып жатасың. Кичине чарчап тургандыктан кызматка чыкпай эле уйкумду кандырып алсамбы деген ой келет. Бирок Кудайдан тиленип, кызматка чыгууга бел байлайсың. Кызматка ишеними бекем бир апа менен чыгасың. Анын боорукердигине, туруктуулугуна суктанып, жүрөгүң козголот. Анан үймө-үй кабар айтып жүрүп, дүйнө жүзүндөгү ишенимдештериңдин да сен алган көрсөтмөлөрдү алып, бирдей адабияттарды колдонуп, сен айтып жүргөн кабарды жарыялап жатышканы эсиңе түшөт. Кызматтан кийин үйүңө канат байлап келип, үйдө калып калбаганыңа сүйүнөсүң.

Кабар айтуу иши — учурда Падышалык жүргүзүп жаткан эң маанилүү иш. Иса Машаяк акыркы күндөрдө ал иштин болуп көрбөгөндөй кулач жаярын айткан (Мт. 24:14). Анын айткандары кандайча аткарылып жатат? Бул бөлүктө Падышалык жөнүндө кабар айткан эл жана алардын ыкмалары менен куралдары жөнүндө сөз болот. Ал ыкмалардын, куралдардын жардамы менен алар миллиондогондорго Падышалыкка бекем ишенүүгө жардам берип келет.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

6-БӨЛҮМ

Кабар айткан эл. Даярдуулук менен кабар айткан кызматчылар

Иса Машаяк акыркы күндөрдө Падышалыкты колдой турган жарчылардан турган аскери болоруна эмне үчүн шектенген эмес? Сен Падышалыкты биринчи орунга коюп жатканыңды кантип көрсөтөсүң?

7-БӨЛҮМ

Кабар айтуу ыкмалары. Кабар таратуунун ар кандай ыкмалары

Жахабаны Күбөлөрүнүн жаңы технологияларды өздөштүрүп, дүйнөнү акыры келгенге чейин мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга жакшы кабарды кантип таратып жатканы жөнүндө окуп көргүлө

8-БӨЛҮМ

Кабар айтууда колдонулган куралдар. Бардык адамдарга арналган адабияттарды чыгаруу

Бизди Падышабыз колдоп жатканын котормо иши кандайча далилдеп турат? Адабияттарыбызга байланыштуу кайсы маалымат сага Падышалыктын чынында эле башкарып жатканына бекем ишенүүгө жардам берет?

9-БӨЛҮМ

Кабар айтуунун натыйжасы. «Эгин оргонго даяр болуп, бышып калды»

Иса Машаяк шакирттерине эң чоң оруп-жыюу ишине байланыштуу эки маанилүү ойду айткан. Мунун бизге кандай тиешеси бар?