Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

Кабар айтуу ыкмалары. Кабар таратуунун ар кандай ыкмалары

Кабар айтуу ыкмалары. Кабар таратуунун ар кандай ыкмалары

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Кудайдын эли көп адамдарга жакшы кабар таратыш үчүн ар кандай ыкмаларды колдонуп келет

1, 2. а) Калың эл анын сөзүн жакшы уга алышы үчүн, Иса пайгамбар эмне кылган? б) Кудайдын эли Машаякты кантип туурап келет жана эмне үчүн?

 ДЕҢИЗ жээги. Калың эл Иса пайгамбарды тегеректеп алган. Бирок ал кайыкка түшүп, бир аз ары сүзүп барат. Анткени деңиздин үстүндө туруп сүйлөгөндө сөзү жаңырып, элге так-даана угуларын жакшы билген. (Оку: Марк 4:1, 2.)

2 Кудайдын эли Падышалык орногонго чейин жана андан кийин, Машаякты туурап, жакшы кабарды көбүрөөк адамдарга таратыш үчүн улам жаңы ыкмаларды колдонуп келген. Алар жаңы технологияларды өздөштүрүп, Падышанын жетекчилиги астында замандын талабына жараша иш кылууну улантып жатышат. Анткени дүйнөнүн акыры келгенге чейин мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдардын жакшы кабарды угушун каалашат (Мт. 24:14). Эмесе, дүйнөнүн булуң-бурчуна кабардын кандай жолдор менен жетип жатканы тууралуу көбүрөөк билели. Мурда болгон окуяларды окуп жатып, ошол убакта кызмат кылган бир туугандардан эмнеге үйрөнсө болору жөнүндө ой жүгүрткүлө.

Көпчүлүккө кабар таратуунун жолдору

3. Кудайдын элинин гезиттерди колдоно баштаганына душмандар эмне үчүн кыжырданышкан?

3 Гезиттер. Рассел бир тууган менен анын шериктери 1879-жылдан баштап «Күзөт мунарасын» чыгарып, жакшы кабарды көптөргө жеткиришкен. Бирок 1914-жылга чейин эле көпчүлүктүн кабарды угушуна шарт түзгөн окуялардын жүрүшүн Машаяк өзү көзөмөлдөп келген көрүнөт. Ошол окуялар 1903-жылы башталган. Ифреим Итон, Пенсильваниядагы протестанттардын өкүлү, Чарлз Расселди Ыйык Китептеги окууларды эл алдында талкуулоого чакырган. Ал Рассел бир тууганга: «Экөөбүздүн ортобузда кайчы пикирди жараткан айрым окууларды эл алдында талкуулоо баарына эле кызык болот деп ойлойм»,— деп жазган. Рассел бир тууган менен анын шериктери да мунун көпчүлүккө кызыктуу болорун билип, бир нече талкуунун «Питсбург гезити» деген белгилүү гезитке чыгышына кам көрүшкөн. Рассел бир туугандын ал макалалардагы Ыйык Китепти түшүндүрүүдө келтирген жүйөлүү далилдери окурмандардын купулуна толгондуктан, гезиттин ээлери макалаларды жума сайын чыгарып турууну сунуш кылышкан. Ошондо душмандардын кыжыры аябай кайнаса керек.

Рассел бир туугандын макалалары чыккан гезиттердин саны 1914-жылы 2 000ден ашкан

4, 5. Рассел бир тууган кандай сапатты чагылдырган жана жетекчиликти колго алган бир туугандар андан эмнеге үйрөнө алышат?

4 Көп өтпөй эле Рассел бир туугандын макалалары башка гезиттерге да чыга баштаган. «Күзөт мунарасында» анын баяндамалары «үзгүлтүксүз чыгып турган гезиттердин саны» 1908-жылы «11ге жеткени» жазылган. Гезит ишин жакшы билген бир туугандар Рассел бир тууганга коомдун кеңсесин Питсбургдан башка чоң шаарга көчүрүп барса, макалаларды андан да көбүрөөк гезиттер басып чыгарарын айтышкан. Ошол кеңеш тууралуу кылдат ойлонуп, бардыгын таразалагандан кийин Рассел бир тууган 1909-жылы кеңсени Нью-Йорк шаарынын Бруклин районуна көчүрүп кеткен. Мунун натыйжасы кандай болгон? Бруклинге көчүп баргандан бир нече ай өтүп-өтпөй макалалар 400дөй гезитке басыла баштаган. Бирок бул башталышы эле болгон. 1914-жылы Падышалык орногондо, Рассел бир туугандын макалалары 2 000ден ашуун гезитке 4 тилде чыгып жаткан.

5 Мындан биз кандай маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз? Жетекчиликти колго алган бир туугандардын, Рассел бир тууганды туурап, момун болгону дурус. Мисалы, орчундуу маселелер чечилип жатканда, алардын башкалардын кеңешине кулак төшөгөнү маанилүү. (Оку: Накыл сөздөр 15:22.)

6. Падышалык жөнүндөгү чындыкты гезиттен окуганы бир келинге кандай таасир эткен?

6 Падышалык жөнүндөгү чындык гезиттерге чыга баштаганда, көптөрдүн жашоосу түп-тамыры менен өзгөргөн (Евр. 4:12). Мисалы, 1917-жылы чөмүлгөн Ора Хетсел чындык жөнүндө эң биринчи жолу гезиттен билген. Ал: «Турмушка чыккандан кийин Рочестерге (Миннесота штаты) апама барып калдым. Үйгө кирсем, апам гезиттен макалаларды кесип, чогултуп жатыптыр. Көрсө, ал Рассел бир туугандын баяндамалары экен. Апам мага окуп-билгендерин айтып берди»,— деген. Ора бир тууган дароо эле Кудайдын элине кошулуп, кабар айтуу ишине өмүрүнүн 60тай жылын арнаган.

7. Жетекчиликти колго алган бир туугандар кабарды эмне үчүн башка жол менен таратууну ойлонуштурушкан?

7 Жооптуу бир туугандар 1916-жылы эки орчундуу себептен улам кабарды башка жол менен таратууну ойлонуштурушкан. Биринчиден, Биринчи дүйнөлүк согуш күч алып тургандыктан, басмаканаларда кагаз тартыш болгон. Британияда гезит бөлүмүндө кызмат кылган бир туугандар 1916-жылы: «Азыркы тапта биздин макалаларды 30дан ашык эле гезит басып чыгарып жатат. Кагаз кымбаттап баратканын эске алганда, бул сандын азаяры турган иш»,— деп билдиришкен. Экинчиден, 1916-жылы 31-октябрда Рассел бир тууган каза болуп калган. Ошондуктан «Күзөт мунарасынын» 1916-жылдын 15-декабрындагы санында: «Рассел бир тууган каза болгондуктан, Ыйык Китепке негизделген баяндамалар мындан ары [гезиттерге] чыкпайт»,— деп жазылган. Ошентип, бул ыкманын убагы бүтүп, «Жаратуу фотодрамасынын» доору башталган.

8. «Жаратуу фотодрамасы» кандайча даярдалган?

8 Тасма. 1914-жылы чыккан, Ыйык Китептеги окуялар баяндалган «Жаратуу фотодрамасынын» үстүнөн Рассел бир тууган менен анын шериктери үч жылдай иштешкен (Накыл 21:5). Ал драма ошол учурдагы техника тармагындагы чоң жетишкендик болгон. Анткени ал айнекке түшүрүлгөн түстүү сүрөттөрдөн, үн-дабыштар менен коштолгон киноплёнкалардан турган. Тасмага жүздөгөн кишилер, атүгүл жаныбарлар да тартылган. 1913-жылдагы билдирүүгө ылайык, «Нух пайгамбар жөнүндөгү окуяны тартууга эң чоң зоопарктардын бириндеги жаныбарлар колдонулган». Лондондон, Нью-Йорктон, Парижден, Филадельфиядан келген сүрөтчү бир туугандар болсо айнекке түшүрүлгөн жүздөгөн сүрөттөрдү колу менен боёп чыгышкан.

9. «Фотодраманы» тартууга эмне үчүн көп убакыт жана каражат жумшалган?

9 «Фотодраманы» тартууга эмне үчүн көп убакыт жана каражат жумшалган? Бул суроонун жообу 1913-жылы чоң жыйындарда кабыл алынган чечимде камтылат. Ал жерде мындай делген: «Америкадагы гезиттердин күлкүлүү кылып тартылган жана башка ар кандай кызыктуу сүрөттөрдү колдонуп, элдин көңүлүн байлап алганы жана тасмалардын көпчүлүктүн купулуна толуп, кеңири таралып жатканы ошол тармакта иштегендердин эмгегин актап жатат. Андыктан биздин, Ыйык Китептеги чындыкты ачып берип жаткан ийгиликтүү кабарчылардын, үн менен коштолгон тасмаларды, ошондой эле биринин артынан бири көрсөтүлгөн сүрөттөрдү, киноплёнкаларды колдонгонубуздун да акыбети толугу менен кайтат деп ишенимдүү түрдө айта алабыз».

Үстү жагында: «Фотодрама» коюлган бөлмө. Ылдый жагында: «Фотодраманын» айнекке түшүрүлгөн сүрөттөрү

10. «Фотодрама» канчалык кеңири колдонулган?

10 1914-жылы «Фотодрама» 80 шаарда күнүгө көрсөтүлүп турчу. Аны АКШда, Канадада дээрлик 8 миллион киши көргөн. Ошол эле жылы ал Австралияда, Британияда, Данияда, Финляндияда, Германияда, Жаңы Зеландияда, Норвегияда, Швецияда жана Швейцарияда көрсөтүлгөн. Бир туугандар кичи шаарларда көрсөтүш үчүн «Фотодраманын» музыка менен коштолгон сүрөттөрдөн гана турган «Эврика драмасы» деген жөнөкөйлөтүлгөн түрүн жасашкан. Аны жасоого аз каражат жумшалгандан тышкары, ары-бери ташыганга да оңой болгон. 1916-жылга чейин «Фотодрама» же «Эврика драмасы» армян, дания-норвег, француз, немис, грек, италян, поляк, испан, швед тилдерине которулган.

1914-жылы «Фотодраманы» көрүүгө эл агылып келген

11, 12. Бир жигитке «Фотодрама» кандай таасир эткен жана биз андан эмнеге үйрөнө алабыз?

11 «Фотодраманы» француз тилинде көргөн 18 жаштагы Шарль Ронер абдан таасирленген. Ал: «„Фотодраманы“ Кольмар шаарында (Франция, Эльзас аймагы) көрсөтүшкөн. Ыйык Китептеги чындыктын түшүнүктүү баяндалганын көрүп, жүрөгүм аябай козголгон»,— деген.

12 Натыйжада Шарль чөмүлүп, 1922-жылы толук убакыт кызмат кыла баштаган. Анын алгачкы тапшырмаларынын бири «Фотодраманы» франциялыктарга көрсөтүүгө жардам берүү болгон. Ал мындай деген: «Мага бир эле учурда бир нече иш тапшырылган: скрипка чертчүмүн, эсеп-кысап менен адабиятка жооптуу болчумун, тасма коюларда элди тынчтандырчумун. Биз тыныгуу маалында толтура адабият алып алып, ар бир катарга түшүп, элге таратчубуз. Имараттын кире беришиндеги үстөлдөргө да адабияттарды жыйып койчубуз». Шарль 1925-жылы Бруклиндеги Бейтелге чакырылган. Ал уюмдун жаңы уюшулган радиостанциясындагы («WBBR») оркестрди жетектөөгө дайындалган. Шарль бир туугандын үлгүсү: «Жакшы кабарды таратууда кандай иш тапшырылбасын, баарын аткарууга даярмынбы?» — деп ойлонууга түрткү берет. (Оку: Ышая 6:8.)

13, 14. Радио жакшы кабардын таралышына кандайча шарт түзгөн? (« „WBBR“ программасы» жана « Тарыхый жыйын» деген кутучаларды да карагыла.)

13 Радио. 1920-жылдардын ортосунда «Фотодрама» азыраак колдонулуп, жакшы кабарды таратуунун жаңы ыкмасы, радио, көбүрөөк колдонула баштаган. Рутерфорд бир тууган 1922-жылы 16-апрелде Филадельфиядагы (Пенсильвания штаты) борбордук опера театрынан радио аркылуу тарыхый баяндама айткан. «Азыр жашап жаткан миллиондогон адамдар эч качан өлбөйт» деген ал баяндаманы, эсептөөлөр боюнча, 50 000дей киши уккан. Ал эми жыйын алгачкы жолу 1923-жылы уктурулган. Жетекчиликти колго алган ишенимдештерибиз жеке менчик радиостанцияларды колдонгондон тышкары, өзүбүздүн радиостанцияларды куруу аябай жакшы болмоктугун түшүнүшкөн. Ошентип, радиостанциябыз Нью-Йорктун Стейтен-Айленд районунда курулуп, алгачкы программалар 1924-жылы 24-февралда уктурула баштаган.

1922-жылы 50 000дей киши «Азыр жашап жаткан миллиондогон адамдар эч качан өлбөйт» деген баяндаманы радио аркылуу уккан

14 Радиостанцияларыбыздын максаты жөнүндө «Күзөт мунарасынын» 1924-жылдын 1-декабрындагы санында: «Радио чындыкты жарыялоонун эң арзан, буга чейин колдонула элек абдан натыйжалуу ыкмасы экенине бекем ишенебиз... Мырзабыз дагы башка радиостанциялардын курулушун туура көрсө, ал каражаттын жетиштүү болушуна сөзсүз кам көрөт»,— деп жазылган (Заб. 127:1). 1926-жылга чейин уюмдун 6 радиостанциясы болгон. Экөө АКШда: бири («WBBR») — Нью-Йоркто, экинчиси («WORD») Чикагодо жайгашкан. Ал эми төртөө Канаданын Альберта, Британ Колумбиясы, Онтарио, Саскачеван аймактарына орнотулган.

15, 16. а) Канададагы дин кызматчылар кабардын радио аркылуу жарыяланышына кандай карашкан? б) Радио аркылуу кабар айтуу менен үймө-үй кабар айтуу кандайча бири-бирин толуктап турган?

15 Ыйык Китептеги чындыктын радио аркылуу тынбай уктурулганына чиркөө дин кызматчылары аябай кыжырданышкан. Саскачевандагы радиостанциябыздын ишин жакшы билген Альберт Хоффман бир тууган: «Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдү [азыр Жахабанын Күбөлөрү] эл барган сайын жакшы биле баштады. 1928-жылга чейин кабар сонун айтылып келаткан болчу. Бирок дин кызматчылар бийлик башындагыларга кысым көрсөткөндө, Канададагы радиостанцияларыбыздын баары жабылып калды»,— деп жазган.

16 Ошого карабай Ыйык Китепке негизделген программалар башка жеке менчик радиостанциялар аркылуу уктурула берген (Мт. 10:23). Аларды мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдар угушу үчүн, «Күзөт мунарасы» менен «Алтын кылымга» (азыр «Ойгонгула!») ошол радиостанциялардын тизмеси чыккан. Жарчылар үймө-үй кабар айтып жүргөндө элди ошол программаларды угууга үндөшкөн. Мунун натыйжасы кандай болгон? «Бюллетендин» 1931-жылдын январындагы санында: «Жакшы кабардын радио аркылуу жарыяланышы бир туугандарыбызга үймө-үй кабар айтууга көбүрөөк катышууга түрткү берүүдө. Рутерфорд бир туугандын баяндамаларын радиодон уккан кишилердин үймө-үй кыдырып жүргөн ишенимдештерибизден адабияттарды даярдуулук менен алганы жөнүндөгү каттар коомдун кеңсесине үзүлбөй түшүп жатат»,— деп жазылган. «Бюллетенде» радио менен үймө-үй кабар айтуунун «Мырзабыздын ишин аткаруудагы бири-бири менен айкалышкан мыкты ыкмалар» экени да айтылган.

17, 18. Жагдай өзгөрсө да, бир туугандар радиону кандайча колдоно беришкен?

17 Душмандар 1930-жылдардын ортосунда жеке менчик радиостанцияларды колдонгонубузга да тоскоолдук кылышкан. Ошол себептен 1937-жылдын аягында Жахабанын эли жагдайга ылайыкташып, радиоуктурууга караганда, үймө-үй кабар айтууга көбүрөөк көңүл бура баштаган a. Анткен менен дүйнөнүн алыскы бөлүктөрүндө жакшы кабар радио аркылуу жарыялана берген. Алсак, 1951-жылдан 1991-жылга чейин Батыш Берлиндеги (Германия) радиостанциядан баяндамалар үзгүлтүксүз уктурулуп тургандыктан, Чыгыш Германияда жашагандар жакшы кабарды уга алышкан. 1961-жылдан тартып 30 жылдан ашуун убакыт бою Түштүк Америкадагы Суринамдын улуттук радиостанциясынан Ыйык Китептин негизинде түзүлгөн 15 мүнөттүк программа жума сайын берилип турган. 1969-жылдан 1977-жылга чейин болсо уюм «Бардык Жазма пайдалуу» деп аталган, алдын ала жаздырылган 350дөн ашык радиопрограмманы чыгарып келген. Аны АКШнын 48 штатындагы 291 радиостанция үзгүлтүксүз уктуруп турган. 1996-жылы Тынч океандын түштүгүндөгү Самоанын борбору Апиадагы радиостанциядан «Ыйык Китепке байланыштуу суроолоруңардын жооптору» деген программа жума сайын чыгып турган.

18 Бирок 20-кылым соңуна чыгып калган маалда жакшы кабарды радио аркылуу жарыялоо эң негизги ыкма болбой калган. Анткени кабарды жердин дээрлик ар бир тургунуна жеткирүүнүн жаңы ыкмасы күч ала баштаган.

19, 20. Жахабанын эли эмне себептен jw.org веб-сайтын ачкан жана бул ыкма канчалык натыйжалуу болууда? (« JW.ORG» деген кутучаны да карагыла.)

19 Интернет. 2013-жылдагы эсептөөгө ылайык, жер жүзүндөгү калктын дээрлик 40 пайызы, 2 миллиард 700 миллиондон ашуун киши, Интернетке туташкан. Бир билдирүүлөргө ылайык, 2 миллиарддай киши Интернетке смартфон же планшет сыяктуу электрондук каражаттар аркылуу кирет. Бул сан дүйнө жүзү боюнча тездик менен өсүүдө. Айрыкча, Интернетке туташуу жагынан Африка алдыңкы орунда турат. Азыркы тапта ал жакта телефон же планшет аркылуу туташкандардын саны 90 миллиондон ашты. Ооба, бүт дүйнөнү кучагына алган Интернет маалыматтын негизги булагы болуп калды.

20 Жахабанын эли маалымат берүүнүн бул ыкмасын 1997-жылдан тартып колдоно баштаган. jw.org веб-сайтыбыз чыккан тилдердин саны 2013-жылы дээрлик 300гө жетти. Ал эми Ыйык Китепке негизделген адабияттарды 520дан ашык тилде көчүрүп алууга болот. Күнүгө сайтыбызга 750 000ден ашуун электрондук каражат аркылуу кирип турушат. Андан тышкары, ай сайын 3 миллиондон ашуун китеп, 4 миллиондон ашуун журнал жана 22 миллиондон ашуун аудиожаздыруу көчүрүлүп алынат.

21. Сина жөнүндөгү окуядан эмнеге үйрөндүң?

21 Падышалык жөнүндөгү кабарды веб-сайт аркылуу таратуу натыйжалуу ыкмалардын бири болуп калды. Атүгүл кабар айтуу иши чектелген өлкөлөрдө жашагандар да сайтыбыз аркылуу Кудай жөнүндө билип жатышат. Маселен, 2013-жылы Сина деген бир киши jw.org сайтына кирип көргөндөн кийин АКШдагы башкы башкармалыкка чалып, Ыйык Китеп жөнүндө көбүрөөк билгиси келерин айткан. Бул окуя эмнеси менен өзгөчө болгон? Сина биздин ишибиз чектелип, катуу көзөмөлгө алынган өлкөнүн алыскы бир айылында турат жана ал мусулман динине бек карманган үй-бүлөдө чоңойгон. Ал телефон чалгандан кийин, АКШдагы бир ишенимдешибиз Ыйык Китепти аны менен Интернеттеги видеокызмат аркылуу жумасына 2 жолу изилдей баштаган.

Ар бир кишиге кабар айтуу

22, 23. а) Көпчүлүккө кабар таратууда колдонулган ар кандай ыкмалар үймө-үй кабар айтууга тең келе алабы? б) Падышабыз бизге кандайча жардам берип келет?

22 Көпчүлүккө кабар таратуунун эң жакшы ыкмасы болгон үймө-үй кабар айтууга гезит да, «Фотодрама» да, радио да, веб-сайт да тең келе албайт. Себеби Жахабанын эли бул ыкманы Иса Машаяктын өзүнөн үйрөнгөн. Ал топ элге кабар айтуу менен эле чектелбестен, ар бир кишиге жардам берүүгө умтулган (Лк. 19:1—5). Шакирттерин да ошого үйрөтүп, эмне деп кабар айтуу керектигин да айткан. (Оку: Лука 10:1, 8—11.) 6-бөлүмдө талкуулангандай, жооптуу бир туугандар Жахабанын элин жеке ар бир кишиге кабар айтууга үндөп келишет (Элч. 5:42; 20:20).

23 Падышалыктын төрөлгөнүнө 100 жылдын жүзү болду. Учурда 8 миллионго жакын жарчы Кудайдын ой-ниети жөнүндөгү жакшы кабарды жигердүүлүк менен жарыялап жатат. Падышабыздын жардамы менен Падышалык тууралуу кабарды жарыялоодо ар кандай ыкмаларды ийгиликтүү колдонуп жатабыз. Кийинки бөлүмдөн Падышабыздын бизди «бардык улуттарга, урууларга, тилдерге жана элдерге» жакшы кабар жарыялоого шарт түзгөн куралдар менен кандайча камсыз кылып жатканын билебиз (Аян 14:6).

a Жетекчиликти колго алган бир туугандар 1957-жылы радиостанциялардын акыркысын, Нью-Йорктогу «WBBR» радиостанциябызды, жабышкан