Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-БӨЛҮМ

Куруу иши Жахабаны даңктоодо

Куруу иши Жахабаны даңктоодо

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн куруу иши Падышалыктын ишин алга жылдырууда

1, 2. а) Жахабанын кызматчылары байыртадан эле эмне кылып келишет? б) Жахаба эмнени жогору баалайт?

 ЖАХАБАНЫН кызматчылары анын ысмын даңктай турган имараттарды байыртадан эле куруп келген. Алсак, ысрайылдыктар ыйык чатырды жасоого жан-дилден катышып, марттык менен тартуу беришкен (Чыг. 35:30—35; 36:1, 4—7).

2 Албетте, Жахабаны курулуш каражаттарынын өзү даңктабайт. Ал аларды эң баалуу нерсе деп да эсептебейт (Мт. 23:16, 17). Жахаба баарынан да кызматчыларынын сыйынуусун, даярдуулук, жигердүүлүк менен кылган эмгегин жогору баалайт, анткени так ушул нерселер аркылуу анын ысмы даңкталат (Чыг. 35:21; Мр. 12:41—44; 1 Тим. 6:17—19). Бул көңүлгө аларлык, анткени имараттар бүгүн бар, эртең жок. Маселен, ыйык чатыр менен ибадаткана эбак эле жок болгон. Бирок Жахаба аларды кургандардын эмгегин, берешендигин эч качан унуткан эмес. (Оку: 1 Корунттуктар 15:58; Еврейлер 6:10.)

3. Бул бөлүмдөн эмнелерди билебиз?

3 Бүгүн да Жахабанын кызматчылары сыйынуу үчүн имараттарды курууда күжүрмөн эмгектенишет. Падышабыздын жетекчилиги алдында чоң иштерди бүтүрүп жатканыбыз таң калтырбай койбойт. Ооба, Жахаба бизге батасын мол төгүп жатат (Заб. 127:1). Бул бөлүмдөн куруу ишинде эмнелер кылынганын жана мунун аркасында Жахабанын ысмы кандайча даңкталганын билебиз. Куруу ишине катышкан айрым бир туугандардын айткандарын да окуйбуз.

Падышалык залдарын куруу

4. а) Эмне үчүн көбүрөөк Падышалык залдары керек болууда? б) Филиалдар эмне себептен бириктирилип жатат? ( «Филиалдарды жагдайдын өзгөрүшүнө жараша куруу» деген кутучаны карагыла.)

4 16-бөлүмдө айтылгандай, Жахаба сыйынуу үчүн чогулуп турушубузду каалайт (Евр. 10:25). Жолугушууларыбызда ишенимибиз эле бекемделбестен, кабар айтуу ишине жигердүү катышууга да түрткү алабыз. Акыркы күндөр соңуна жакындаган сайын, Жахаба ал ишти тездетүүдө. Натыйжада уюмга жыл сайын 100 000деген адамдар агылып келип жатат (Ыш. 60:22). Кудайдын Падышалыгынын жарандары көбөйгөн сайын дагы көбүрөөк басмаканалар жана Падышалык залдары керек болууда.

5. Сыйынуу үчүн чогулган жерлерибиздин «Падышалык залы» деп аталганы эмне үчүн ылайыктуу болгон? (« Жаңы жарык чиркөөсү» деген кутучаны да карагыла.)

5 Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр эң башында эле жыйналыш жолугушууларын жеке менчик имараттарда өткөргөнү жакшы болорун түшүнүшкөн. Ошондой имараттын эң биринчиси 1890-жылы Батыш Виржинияда (АКШ) курулган көрүнөт. Жахабанын эли 1930-жылдарга чейин бир канча зал куруп, бир нечесин оңдоп-түзөшкөн. Бирок ал имараттардын өзгөчөлөп турган аталышы жок болчу. 1935-жылы Жозеф Рутерфорд бир тууган Гавайиге барган. Ал жерде жаңы филиалдын жанына зал курулуп жаткан эле. «Бул имаратты эмне деп атайбыз?» — деген суроого Рутерфорд бир тууган: «Биз Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар айтып жаткандыктан бул имаратты „Падышалык залы“ деп атап койбойлубу, кандай дейсиңер?» — деп жооп берген (Мт. 24:14). Көп өтпөй Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуу үчүн чогулган залдарынын көбү «Падышалык залы» деп атала баштаган.

6, 7. Падышалык залдарынын тез курулушу эмнеге шарт түзөт?

6 1970-жылдары көбүрөөк Падышалык залдары керек боло баштаган. Андыктан АКШдагы бир туугандар көрүнүшү жакшы, ыңгайлуу залдарды бир нече эле күндүн ичинде куруунун натыйжалуу ыкмасын иштеп чыгышкан. Ушундай ыкма менен 1983-жылга чейин АКШда жана Канадада 200дөй зал курулган. Куруу ишин жакшыртыш үчүн региондук курулуш комитеттери түзүлө баштаган. Бул жакшы натыйжа бергендиктен, 1986-жылы Жетектөөчү Кеңеш Региондук курулуш комитеттерин (РКК) расмий түрдө дайындаган. Ошентип, 1987-жылга чейин АКШда 60 Региондук курулуш комитети иштей баштаган a. Ал эми 1992-жылга чейин Региондук курулуш комитеттери Аргентинада, Австралияда Бразилияда, Францияда, Германияда, Италияда, Жапонияда, Мексикада, Норвегияда, Түштүк Африкада, Швецияда жана Испанияда уюшулган. Падышалык жана жыйындар залдарын курууда күжүрмөн эмгектенген бир туугандарды колдоп турганыбыз маанилүү, анткени алар ыйык кызмат аткарып жатышат.

7 Залдардын тез курулушу тегерек-четтегилерге күбөлөндүрүү берүүгө жакшы шарт түзөт. Мисалы, Испаниядагы бир гезитке «Ишеним тоолорду жылдырат» деген макала чыккан. Анда Мартос шаарында курулуп жаткан Падышалык залы жөнүндө: «Өзүмчүлдүк өкүм сүргөн дүйнөдө Жахабанын Күбөлөрүнүн өз ыктыяры менен [Испаниянын] туш тарабынан Мартоско келип, зал куруп жатканы керемет эмеспи?! Алар сапаттуу, тез, уюшкандыкта иштеген жагынан эч кимди алдыга чыгарган жок»,— деп жазылган. Мунун сыры эмнеде эле? Макалада ишенимдешибиздин: «Бизди Жахаба Кудай өзү окутуп-үйрөтүп жатат»,— деген сөздөрү жазылган.

Ресурстары чектелүү өлкөлөрдөгү куруу иши

8. Жетектөөчү Кеңеш 1999-жылы кандай программаны кабыл алган жана эмне үчүн?

8 20-кылымдын соңунда ресурстары чектелүү өлкөлөрдөгү миңдеген адамдар Кудайдын уюмуна кошулган. Ошондуктан андай өлкөлөрдөгү бир туугандар шартына жараша залдарды өздөрү куруп алышчу. Бирок айрым өлкөлөрдө башка диндегилердин чогулган жерлерине салыштырмалуу биздин залдар өтө эле жупуну болгондуктан, эл бир туугандарды шылдыңдап, басынтчу. 1999-жылы Жетектөөчү Кеңеш өнүгүп келаткан өлкөлөрдө Падышалык залдарын тез куруу боюнча программаны кабыл алган. Мунун аркасында өнүккөн өлкөлөрдөгү бир туугандар жарды өлкөлөрдөгү ишенимдештеринин «кем-карчын толуктай» алышкан. (Оку: 2 Корунттуктар 8:13—15.) Ал эми алардын айрымдары куруу ишине өздөрү катышып, чоң жардам көрсөтүшкөн.

9. Кайсы иш тоодой көрүнгөн, бирок эмнелер ишке ашкан?

9 Башында жумуш тоодой көрүнгөн. 2001-жылдагы билдирүүгө ылайык, өнүгүп келаткан 88 өлкөдө 18 300 зал куруу талап кылынган. Бирок Кудайдын рухунун жана Падышабыз Иса Машаяктын жардамы менен бүт баарын ишке ашырса болот (Мт. 19:26). 1999-жылдан 2013-жылга чейин, болжолу, 15 жылдын ичинде, ошол программа боюнча 26 849 Падышалык залы курулган b. Жахаба кабар айтуу ишине батасын берип жаткандыктан, өнүгүп келаткан өлкөлөрдө, 2013-жылдагы эсептөө боюнча, дагы 6 500дөй зал, башкача айтканда, жыл сайын жүздөгөн залдарды куруу керек.

Ресурстары чектелүү өлкөлөрдө Падышалык залдарын курууда ар кандай кыйынчылыктар болот

10—12. Падышалык залдарын куруу Жахабанын ысмын даңктоого кандайча өбөлгө түзөт?

10 Падышалык залдарын куруу Жахабанын ысмын даңктоого кандайча өбөлгө түзөт? Зимбабведеги филиал: «Падышалык залы курулгандан кийин бир айдын ичинде эле жыйналышка эки эсе көп киши келе баштады»,— деп билдирген. Көп өлкөлөрдө элдин ылайыктуу залдар курулганга чейин жыйналыштарыбызга көп деле келгиси келбегени байкалган. Бирок, адатта, зал курулгандан кийин ал бат эле толуп калат да, кайра жаңысы керек болот. Көбүнчө, элди залдын сырткы көрүнүшү эмес, аны курган бир туугандардын ортосундагы сүйүү тартып турат. Ошентип, алардын уюмубузга карата көз карашы өзгөрөт. Муну бир нече мисал бышыктайт.

11 Индонезия. Бир киши Падышалык залын курууга катышкандардын баары өз ыктыяры менен жардам берип жатканын билгенде: «Силер укмуш эл экенсиңер! Бир тыйын албасаңар да, ар бириңердин кубанып, жан-дилден иштеп жатканыңарды көрүп, аябай таң калдым. Силердикиндей динди дегеле көргөн эмесмин!» — деген.

12 Украина. Курулуп жаткан залдын жанынан күн сайын өткөн бир аял куруучуларды Жахабанын Күбөлөрү деп, ал эми имаратты Падышалык залы окшойт деп ойлогон. Ал: «Жахабанын Күбөсү болгон сиңдимен силер жөнүндө көп укчу элем. Иштеп жатканыңарды көрүп, мен да силерге кошулгум келди. Анткени бири-бириңерди чындап жакшы көрөт экенсиңер»,— деген. Ал аял Ыйык Китепти изилдеп, 2010-жылы чөмүлгөн.

13, 14. а) Падышалык залы курулуп жаткан жерге барган жубайлардын окуясынан эмнени билүүгө болот? б) Сен барган залда Жахабанын ысмынын даңкталышына кандай салым кошо аласың?

13 Аргентина. Бир жубайлар Падышалык залын куруу ишин жетектеген бир тууганга жолугушкан. Анан күйөөсү: «Куруп жатканыңарды байкап,.. ушул жерден Кудай жөнүндө билсекпи дедик. Жыйналышыңарга келиш үчүн эмне кылышыбыз керек?» — деп сураган. Аларга изилдөө сунуш кылынганда: «Бүт үй-бүлөбүз менен изилдегенге уруксат берсеңер гана макул болобуз»,— дешкен. Буга бир туугандар сүйүнүп, дароо эле макул болушкан.

14 Балким, сен Падышалык залын курууга катышкан эместирсиң. Ошентсе да Жахабанын ысмынын ошол залда даңкталышына салым кошо аласың. Алсак, Ыйык Китепти изилдеп жаткандарды, кабарга кызыккандарды жана башкаларды жолугушууларга чакырсаң болот. Мындан тышкары, залды тазалоого, оңдоп-түзөөгө катыша аласың. Тартууга атайын акча бөлүп турсаң, өзүң барган залды күтө билүүгө, башка өлкөлөрдөгү залдардын курулушуна жардам бере аласың. (Оку: 1 Корунттуктар 16:2.) Мына ушунун баары Жахабанын ысмынын даңкталышына өбөлгө түзөт.

«Даяр турган» кызматчылар

15—17. а) Жумуштун көбүн кимдер бүтүрөт? б) Эл аралык куруу ишине катышкан жубайлардын айткандарынан эмнени биле алабыз?

15 Падышалык жана жыйындар залдарын, филиал имараттарын курууда жумуштун көбүн жергиликтүү бир туугандар бүтүрөт. Албетте, аларга куруу ишинде тажрыйбасы бар чет өлкөлүк бир туугандар жардам беришет. Алардын айрымдары жеке иштерин туура уюштуруп, эл аралык курулуш долбоорлоруна бир нече жума катышышат. Башкалары болсо өлкөлөрдү кыдырып, курулушка көп жылдан бери катышып келишет.

Тимо менен Лина Лаппалайнен (16-абзацты карагыла)

16 Эл аралык курулуш ишинде кыйынчылыктар болсо да, алган баталары андан ашып түшөт. Мисалы, Тимо менен Лина Азияда, Европада, Түштүк Америкада Падышалык жана жыйындар залдарын, филиал имараттарын курууга катышышкан. Тимо: «Акыркы 30 жылдын ичинде дайындоом орто эсеп менен 2 жылда бир алмашып турду»,— дейт. Линанын Тимого турмушка чыкканына 25 жыл болду. Ал мындай дейт: «Тимо экөөбүз 10 чакты өлкөдө чогуу кызмат кылдык. Ар кайсы өлкөнүн тамагына, аба ырайына, кабар айтуу аймагына көнүү бир топ эле кыйын, жаңы тилди үйрөнүүгө, жаңы досторду табууга да убакыт керек» c. Бирок мунун акыбети кайтканбы? «Кыйынчылыктарды жеңгенден кийин сөзсүз мол бата аласың. Меймандос бир туугандар бизди сүйүүсүнө бөлөсө, Жахаба болсо бардык жактан кам көрүп келет. Иса пайгамбардын Марк 10:29, 30дагы сөздөрүнүн калетсиз экенине ынандык. Биз жүз эсе көп ага-инилерге, эже-сиңдилерге, энелерге ээ болдук»,— дейт Лина. Тимо болсо: «Бүт жөндөмүңдү арзырлык ишке — Падышанын мүлкүн көбөйтүүгө — колдонуудан өткөн бакыт барбы?!» — деп кошумчалайт.

17 Африкада, Азияда, Борбордук Америкада, Европада, Түштүк Америкада жана Тынч океандын түштүк бөлүгүндө куруу ишине катышкан Дарен менен Саара бергенден да алда канча көп алышканын айтышат. Кыйынчылыктарга туш болушса да, Дарен: «Дүйнөнүн чар тарабындагы бир туугандар менен эмгектенүүнү сыймык деп эсептейбиз. Жахабага болгон сүйүүбүздү жерди курчап, бизди бириктирип турган арканга окшоштурам»,— дейт. Ал эми Саара: «Маданияты ар кандай бир туугандардан көп нерсени үйрөндүм. Алардын кызмат үчүн көп нерседен баш тартып жатышканын көргөндө Жахабага мындан ары да эң жакшысын бере бергим келет»,— дейт.

18. Забур 110:1—3-аяттардагы пайгамбарлык кандайча аткарылып жатат?

18 Дөөтү пайгамбар Падышалыктын жарандарынын эч бир кыйынчылыкка карабай Падышанын ишин алга илгерилетүүгө «даяр турарын» алдын ала айткан. (Оку: Забур 110:1—3.) Ооба, Падышалыктын ишин колдоп жаткандардын баары ушул пайгамбарлыктын аткарылышына катышып жатышат (1 Кор. 3:9). Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн филиалдар, жүздөгөн жыйындар залдары, он миңдеген Падышалык залдары Кудайдын Падышалыгынын чынында эле башкарып жатканынын төгүндөлгүс далили болуп эсептелет. Падышабыздын жетекчилиги астында Жахаба Кудайыбыздын даңкталышына өбөлгө түзгөн ишке катышуу кандай гана зор сыймык! Анткени Жахаба Кудай — урмат-сыйга татыктуу Кудай!

a 2013-жылы 230 000ден ашуун ыктыярдуу кызматчы АКШдагы 132 РККда кызмат кылууга дайындалган. АКШдагы ал комитеттер жыл сайын 75тей залдын курулушун, 900дөй залдын оңдолушун көзөмөлдөйт.

b Буга башка өлкөлөрдөгү курулган Падышалык залдарынын саны кирген жок.

c Эл аралык кызматчылар менен ыктыярдуу кызматчылар убактысынын көбүн курулуш ишине арнашса да, кечкисин же дем алыш күндөрү жергиликтүү жыйналыштагы бир туугандар менен кызматташышат.