Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Солдо: Бруклиндеги Бейтел үй-бүлөсүнүн Рождествону акыркы жолу майрамдашы, 1926-жыл. Оңдо: Көптөр Жахабанын Күбөлөрүнүн башкалардан айырмаланып турарын байкашат

3-БӨЛҮК

Падышалыктын талаптары. Кудайдын адилдигин издөө

Падышалыктын талаптары. Кудайдын адилдигин издөө

КОШУНАҢДЫН сенин үй-бүлөңө көз салып жүргөнүн байкайсың. Үйүнүн жанынан өтүп баратып, аны менен учурашасың, ал болсо кол булгалап чакырат да: «Бир нерсе сурайын дедим эле. Эмнеге силер башкачасыңар?» — дейт. Сен болсо түшүнбөй калганыңды билдиресиң. Ошондо ал: «Силер Жахабанын Күбөсүсүңөр да, туурабы? Элден бөтөнчөсүңөр. Башка диндегилерден айырмаланып, майрамдарды майрамдабайсыңар, саясат менен ишиңер да жок, согушка катышпайсыңар. Тамеки тартпайсыңар, үй-бүлөңөр менен дайыма түз жүрөсүңөр. Айтор, эч бир кынтык таппайсың. Мунун сыры эмнеде?» — дейт.

Сен мунун сырын жакшы билесиң: биз Кудайдын Падышалыгынын бийлиги астында жашап жатабыз. Падышабыз Иса Машаяк бизди дайыма оңдоп-түзөп, жаман иштерден тазалап келет. Ыймансыз дүйнөдө башкалардан айырмаланып турушубуз үчүн, ал бизге өзүнүн изи менен так жүрүүгө жардам берип келет. Бул бөлүктө, Жахаба даңкталышы үчүн, Падышабыздын бизге жалган диндин иштеринен оолак болууга, адеп-ахлактык жактан таза болууга жана уюмдагы уюштуруу тартибин жакшыртууга кантип жардам берип келгенин билебиз.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

10-БӨЛҮМ

Падыша элин жалган диндин иштеринен тазалап келет

Рождество менен айкаш жыгачтын кандай жалпылыгы бар?

11-БӨЛҮМ

Адеп-ахлактык тазалык. Кудайдын ыйыктыгын чагылдыруу

Кудайдын эли Жезекиел пайгамбардын аянындагы күзөт бөлмөлөрү менен дарбазалардын эмнени билдирерине 1914-жылдан бери олуттуу маани берип келет.

12-БӨЛҮМ

«Тынчтыктын Кудайына» кызмат кылуу үчүн уюшулганбыз

Ыйык Китепте «баш аламандыктын» карама-каршысы катары «тартип» эмес, «тынчтык» деген сөз колдонулган. Эмне үчүн? Мунун жообу Кудайдын кызматчыларына кандай таасир этет?