Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-БӨЛҮМ

Падышалык Кудайдын ой-ниетин ишке ашырат

Падышалык Кудайдын ой-ниетин ишке ашырат

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Падышалык Кудайдын адамзатка жана жерге байланыштуу бардык убадаларын аткарат

1, 2. а) Бейиштин болоруна ишенүү эмне үчүн кээде кыйынга турат? б) Кудайдын убадаларынын аткарыларына болгон ишенимибизди бекемдөөгө эмне жардам берет?

 КУДАЙДЫН берилген кызматчысы жумуштан кийин чарчап жыйналышка келет. Ал үй-бүлөсүн багыш үчүн кара жанын карч уруп иштейт, аялынын ооруп жатканына да бушайман. Анысы аз келгенсип, талапты катуу койгон жетекчисинен тил угуп, көңүлү чөгүңкү. Бирок ыр башталганда, терең дем алып, бир туугандардын курчоосунда Падышалык залында турганына сүйүнөт. Ыр Бейиш жөнүндө. Анын саптарында: «Кулпунган кооз бейиш заманында... өзүңдү... элестет»,— деген сөздөр бар. Ал бул ырды аябай жакшы көрөт. Азыр да аны үй-бүлөсү менен ырдап жатып, санаага баткан жүрөгү тынч ала түшөт.

2 Сенде да ушундай болду беле? Бул көбүбүздүн эле башыбыздан өткөн. Азап-кайгыга толгон азыркы заманда Бейиштин болоруна ишенүү кээде кыйынга турат. Биз азыр «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз, жашообуз оорлогондон оорлоп барат (2 Тим. 3:1). Анда үмүтүбүздү бек сактаганга эмне жардам берет? Кудайдын Падышалыгынын жакында бүт жер жүзүн башкарарын кайдан билебиз? Келгиле, байыркы учурда аткарылган бир нече пайгамбарлыкты карап көрөлү. Андан соң ошол жана башка пайгамбарлыктардын биздин күндөрдө кандайча аткарылып жатканына токтолобуз. Акырында алардын келечекте кантип аткарыларын билебиз. Мунун баары ишенимибизди бекемдээри шексиз.

Жахаба убадаларын байыркы убакта аткарган

3. Бабылда кулчулукта жүргөн жүйүттөрдү кайсы убада кайраттандырган?

3 Биздин заманга чейинки 6-кылымда Бабылда кулчулукта жүргөн жүйүттөрдүн жашоосу азаптуу болгон. Көптөр, ата-энелериндей эле, кулчулукта жүргөндө төрөлүшкөн. Жахабага ишенгени үчүн, бабылдыктар аларды шылдыңдашкан (Заб. 137:1—3). Бирок ишенимдүү жүйүттөрдүн жүрөгүндө ондогон жылдар бою үмүттүн шооласы өчпөй келген: Жахаба аларды мекенине алып барарын убадалаган. Ал ээн калган Жүйүт жеринин Эйден багындай болорун жана кайтып баргандардын жыргап-куунап жашаарын алдын ала айткан. (Оку: Ышая 51:3.) Кудайдын ал убадаларды эртеңки күнүн ойлоп кооптонгон элин кайраттандырыш үчүн айтканы күмөнсүз. Эмне үчүн ушинтип айтууга болот? Бул суроого жооп алыш үчүн бир нече пайгамбарлыкты карап көрөлү.

4. Жахаба жүйүттөрдү мекенинде коопсуз жашаарына кантип ынандырган?

4 Коопсуздук. Кулчулукта жүргөндөр бейиштей болгон кооз жерге эмес, 70 жыл бою ээн калган жерге кайтып барышмак; ал жерди көптөрү али көрө элек болчу. Ал учурда Жүйүт жеринде арстандар, карышкырлар, кабыландар жана башка жырткычтар жортуп жүрүшчү. Ошол себептен үй-бүлө башчысы: «Аялымды, бала-бакырамды кантип коргойм? Малымды ит-кушка алдырбай кантип багам?» — деп ойлонгон чыгар. Аталардын ушинтип тынчсызданганы жөндүү болчу. Андыктан Кудайдын Ышая 11:6—9-аяттарда жазылган убадасы аларды абдан бекемдегени шексиз. (Аяттарды оку.) Ушул кооз сөздөр менен Жахаба мекенине кайтып бара турган элин үй-бүлөсү да, мал-жаны да коопсуз болоруна ынандырган. «Арстан... саман жейт»,— деген сөздөр алардын малга тийбей турганын билдирген. Ишенимдүү жүйүттөр жырткычтардан коркпой жашашмак. Жахаба алардын атүгүл ээн талааларда, токойлордо эч зыян тартпай турганын убадалаган (Жез. 34:25).

5. Жахаба жүйүттөрдү эч нерседен кем кылбай турганына кайсы пайгамбарлыктар аркылуу ынандырган?

5 Молчулук. Жүйүттөр: «Мекенибизге кайтып барганда үй-бүлөмдү кантип багам? Каякта жашайбыз? Эмне иш кылабыз? Же кулчулукта эле жүрүп, эптеп жан баккан жакшыбы?» — деп да сарсанаа болушса керек. Бирок Жахаба өз убагында жаан жаадырарын, «мол, берекелүү» түшүм берерин айтып, баш ийүүгө даяр элин кайраттандырган (Ыш. 30:23). Ошондой эле: «[Алар] үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар үйлөрүн башка бирөө жашасын деп курушпайт, жүзүмдөрүн башка бирөө жесин деп отургузушпайт» — деп, үй-жайдын, канааттандырарлык жумуштун сөзсүз болорун убадалаган (Ыш. 65:21, 22). Ооба, алардын жашоосу жалган диндин чордону болгон Бабылдагы жашоосунан алда канча жакшы болмок. Бирок алардын туткундалып кетишине себеп болгон көйгөй жөнүндө эмне айтууга болот?

6. Туткунга кеткенге чейин эле жүйүттөрдүн кандай көйгөйү болгон жана Жахаба аларга кантип күч-кубат берген?

6 Кудай менен болгон ынак мамиле. Жүйүттөрдүн Кудай менен болгон мамилеси туткунга кеткенге чейин эле сууп калган болчу. Ышая пайгамбар аркылуу Жахаба: «Бети-башыңардын тамтыгы жок, жүрөгүңөрдө дарман жок»,— деген (Ыш. 1:5). Алар каймана мааниде сокур, дүлөй болушкан, анткени Жахабанын акыл-насаатын укпаш үчүн кулагын жаап, жетекчилигин көрбөш үчүн көздөрүн жуумп алышкан (Ыш. 6:10; Жер. 5:21; Жез. 12:2). Өз жерине кайтып бара тургандар да ошенте турган болсо, коопсуз жашай алышат беле? Же кайра эле Жахабанын ырайымынан айрылып калышат беле? Кудайдын: «Дүлөйлөр китептеги сөздөрдү угушат, коюу түндө, караңгылыкта жүргөн сокурлардын көзү көрө баштайт»,— деген сөздөрү жүйүттөргө күч-кубат берсе керек (Ыш. 29:18). Ал күнөөлөрүн мойнуна алып, өкүнгөн элине аны менен болгон мамилесин калыбына келтирүүгө жардам бермек. Эгер алар ар дайым Жахабага баш ийип, айткандарын аткарышса, ал өмүргө алып бара турган жолго салып, дайыма жетектеп турмак.

7. Кудайдын убадалары байыркы учурда кантип аткарылган жана бул ишенимибизди эмне үчүн бекемдейт?

7 Жахаба убадаларын аткарды беле? Ооба, буга тарых күбө. Өз жерине кайтып барган жүйүттөр коопсуз жашап, эч нерседен кем болбой, Жахаба менен да ынак мамиледе болушкан. Мисалы, Жахаба аларды тегерегиндеги алда канча көп, күчтүү элдерден коргоп турган. Жырткычтар да малына тийген эмес. Албетте, алар Ышая, Жеремия, Жезекиел пайгамбарлар айткан сөздөрдүн аткарылышынын чекесин эле көрүшкөн. Ошентсе да бул санаага батып турган жүйүттөрдүн ишенимин бекемдеп, күч-кайрат берген. Жахабанын байыркы учурдагы элине кандайча кам көргөнү жөнүндө ой жүгүрткөндө, биздин да ишенимибиз бекемделет. Жогорудагы пайгамбарлыктардын чети эле аткарылганы ушунчалык бекемдээрлик болуп жатса, анда алардын кеңири мааниде аткарылышы ого бетер бекемдээрлик болбойбу?! Эмесе, Жахабанын бүгүнкү күндө убадаларын кантип аткарып жатканын карап көрөлү.

Жахаба убадаларын биздин күндөрдө аткарып жатат

8. Кудайдын эли бүгүнкү күндө кайсы «жерде» кызмат кылып жатат?

8 Жахабанын кызматчылары бүгүн бир эле элден турбайт, бир эле өлкөдө жашабайт. Майлангандар «Кудайдын Ысрайылы» деп аталган каймана элди түзөт (Гал. 6:16). Алар «башка койлордон» турган шериктери менен каймана жерде, өлкөгө салыштырылган уюмда, Жахабага биримдикте сыйынып жатышат. Сыйынуу — алардын жашоосунун маңызы (Жкн. 10:16; Ыш. 66:8). Ал «жер» рухий бейиш болуп эсептелет. Ал «жерде» Жахабанын мекенине кайтып барган элине Жүйүт жеринин Эйден багындай кооз жерге айланат деп айткан убадасы каймана мааниде аткарылып жатат. Муну бир нече мисал тастыктап турат.

9, 10. а) Ышая 11:6—9-аяттардагы пайгамбарлык бүгүнкү күндө кандайча аткарылып жатат? б) Кудайдын элинин тынчтыкка умтуларын эмне көрсөтүп турат?

9 Коопсуздук. Ышая 11:6—9-аяттардагы пайгамбарлыкта, биринчиден, жапайы жаныбарлардын ортосунда, экинчиден, үй жаныбарлары менен адамдардын ортосунда тынчтык болору айтылган. Бул пайгамбарлык бүгүнкү күндө аткарылып жатабы? Ооба, 9-аятта жаныбарлар менен адамдардын бири-бирине зыян келтирбегенинин себеби жөнүндө: «Деңиз сууга толгондой, жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот»,— делет. «Жахаба жөнүндөгү билим» жаныбарларды да өзгөртүп жатабы? Жок, жаныбарлар эмес, адамдар өзгөрүп жатат. Алар тынчтыкты сүйгөн Эң Жогорку Кудай жөнүндө билим алып, аны тууроого умтулуп жатышат. Мына ошондуктан бүгүнкү күндө рухий бейиште тынчтык өкүм сүрүүдө. Падышалыктын бийлиги астында Кудайдын эли жаныбарларга мүнөздүү терс сапаттарынан арылып, ишенимдештери менен биримдикте, тынчтыкта жашап жатат.

10 Алсак, бул китептен бир туугандардын бейтараптуулукка байланыштуу маселени Ыйык Жазманын негизинде айкын түшүнгөнү жана бейтараптуулук сактаганы үчүн куугунтукталганы жөнүндө окуганбыз. Азыркы зордук-зомбулукка толгон дүйнөдө миллиондогон адамдардын, атүгүл өмүрү коркунуч алдында турса да, согушка катышуудан баш тартканы керемет эмеспи?! Бул Падышалыктын жарандарынын Ышая пайгамбар айткан тынчтыкка умтулганын айкын көрсөтүп турат. Иса пайгамбар да бири-бирине болгон сүйүүсү аларды башкалардан айырмалап турарын айткан (Жкн. 13:34, 35). Ал «ишенимдүү жана акылдуу кулду» колдонуп, жыйналыш аркылуу бизди мээримдүү, жумшак, тынчтыкка умтулган адамдардан болууга чыдамдуулук менен үйрөтүп келет (Мт. 24:45—47).

11, 12. Дүйнө кандай мааниде ачарчылыктан азап чегип жатат? Ал эми Жахаба өз элине кандай кам көрүп жатат?

11 Молчулук. Бул дүйнөдө каймана ачарчылык болуп жатат. Ыйык Китепте: «Мына, мындай күндөр келатат: мен жерге ачарчылык жиберем, ал ачарчылык нандын же суунун жоктугунан эмес, Жахабанын сөздөрүн угууга зар болгондуктан пайда болот»,— делген (Амос 8:11). Падышалыктын жарандары да ачарчылыктан жапа чегип жатышабы? Жахаба өз эли менен душмандарынын ортосундагы айырма жөнүндө: «Менин кызматчыларым тоёт, силер болсо ачка болосуңар. Менин кызматчыларым суусунун кандырат, силер болсо суусайсыңар. Менин кызматчыларым кубанат, силер болсо уят болосуңар»,— деген (Ыш. 65:13). Бул сөздөрдүн аткарылып жатканын көрүп жатасыңбы?

12 Барган сайын кеңейип, тереңдеп бараткан дарыя сымал, Кудай менен болгон мамилебизди бекемдөөгө жардам берген билим мол берилип жатат. Бул дүйнө ачарчылыктын азабын тартып жатса, биз кенен дасторкондон даам сызып, Ыйык Китепке негизделген адабияттар, аудиожаздыруулар, видеотасмалар, жолугушуулар, жыйындар, веб-сайтыбыз аркылуу билим алып жатабыз (Жез. 47:1—12; Жоел 3:18). Жахабанын молчулук жөнүндөгү убадасынын аткарылып жатканын көрүп, кубанып жатасыңбы? Жахабанын дасторконунан дайыма тамактанып турасыңбы?

Жыйналыш — билим берген, Жахаба менен ынак болууга жардам берген коопсуз жай

13. Сокурлардын көзү ачылып, дүлөйлөрдүн угарына байланыштуу пайгамбарлыктын аткарылып жатканына күбө болдуң беле?

13 Кудай менен болгон ынак мамиле. Адамзаттын басымдуу бөлүгү каймана мааниде сокур, дүлөй болуп калды (2 Кор. 4:4). Бирок Машаяк дүйнө жүзү боюнча «алсыздарга» күч берип, «оорулууларды» айыктырып жатат. Сокурлардын көзү ачылып, дүлөйлөрдүн уга баштаганын көрдүң беле? Эгер Кудайдын Сөзүнөн так билим алгандарды, мурда чындыкты көрсөтпөй, угузбай, сокур, дүлөй кылып келген жалган динден чыккандарды көргөн болсоң, анда: «Дүлөйлөр китептеги сөздөрдү угушат, коюу түндө, караңгылыкта жүргөн сокурлардын көзү көрө баштайт»,— деген пайгамбарлыктын аткарылып жатканына күбө болуудасың (Ыш. 29:18). Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 100 000деген адамдар «сакайып» жатышат. Улуу Бабылдан чыгып, биз менен рухий бейиште жашап жаткан ар бир киши — Жахабанын убадаларынын аткарылып жатканынын төгүндөлгүс далили!

14. Эмнелер жөнүндө ой жүгүртсөк, ишенимибиз бекемделет?

14 Бул китептин ар бир бөлүмүндө Машаяктын акыркы күндөрдө бизди рухий бейишке алып киргенин тастыктаган күчтүү далилдер каралды. Андыктан ал бейиште кандай баталарды алып жатканыбыз жөнүндө дайыма ой жүгүртүп туралы. Эгер ошентсек, Жахабанын келечекке байланыштуу убадаларынын аткарыларына болгон ишенимибиз ого бетер бекемделет.

«Падышалыгың келсин»

15. Жер бети бейишке айланарына эмне үчүн шектенбесек болот?

15 Жер бетин бейишке айлантууну Жахаба байыркы учурда эле ниет кылып койгон. Ал Адам ата менен Обо энени кооз жерге жайгаштырып, жер бетин толтурууну, жаныбарларга кам көрүүнү буйруган (Башт. 1:28). Тилекке каршы, алар Шайтандын тилине кирип, Кудайга каршы чыгышкан. Алардын айынан урпактары жеткилеңсиздиктин, күнөө менен өлүмдүн азабын тартып келишет. Бирок Кудайдын ой-ниети өзгөргөн жок. Ал эмнени айтса, ошону сөзсүз жүзөгө ашырат. (Оку: Ышая 55:10, 11.) Андыктан Адам ата менен Обо эненин урпактарынын бейишке айланган жерди толтуруп, иштетип, тирүү жандыктарга кам көрөрүнө эч шектенбесек болот. Ошондо Жүйүт жери Эйдендей болот деген пайгамбарлык толугу менен аткарылат. Келгиле, буга кененирээк токтололу.

16. Бейиште коопсуз жашай турганыбыз Ыйык Китепте кандайча сүрөттөлгөн?

16 Коопсуздук. Акыры, Ышая 11:6—9-аяттардагы пайгамбарлык сөздүн түз маанисинде аткарылат. Эркектер, аялдар, балдар, каякка барбасын, коопсуз болушат. Адамдар да, жаныбарлар да эч кимге зыян келтиришпейт. Бүтүндөй жерди үйүңдөй көрүп, дарыяларда, көлдөрдө, деңиздерде сүзүп, тоолорду ашып, көк шибер төшөлгөн талааларды аралап жүргөнүңдү элестетсең! Атүгүл түнкүсүн да коркпойсуң. Жезекиел 34:25те айтылган сөздөр аткарылып, биз атүгүл «ээн талаада коопсуз жашап», «токойлордо уктайбыз».

17. Келечекте Жахаба бизге бардык жактан кам көрөт деп эмне үчүн ишенимдүү түрдө айта алабыз?

17 Молчулук. Бейиште тамак-аш кенен болот, жакырчылык, ачарчылык, социалдык камсыздоо уюмдары дегенди такыр унутабыз. Бүгүнкү күндө каймана дасторконубуздун төгүлүп турганы келечекте Падышабыздын бизге бардык жактан кам көрөрүнө кепилдик берет. Жерде жүргөндө ал бир нече нан, балык менен эле миңдеген ачка адамдарды тойгузуп, келечекте кандай зор иштерди кыларын көрсөткөн (Мт. 14:17, 18; 15:34—36; Мр. 8:19, 20). Падышалык бүт дүйнөнү башкара баштаганда: «Ал сенин жерге сепкен үрөнүңө жамгыр жаадырат, жериңдин түшүмүн — нанды — мол, берекелүү кылат. Ошол күнү малың кенен жайытка жайылат»,— деген пайгамбарлык сөздүн түз маанисинде аткарылат (Ыш. 30:23).

18, 19. а) Ышая 65:20—22-аяттардагы пайгамбарлык сен үчүн кандай мааниге ээ? б) Кандай мааниде өмүрүбүз «дарактын өмүрүндөй болот»?

18 Азыркы учурда жакшы үйдө жашап, өзүнө жаккан жумушта иштегендер аз. Сатылма дүйнөдө көптөр күн-түн дебей, жан үрөп иштешет, бирок эмгегинин үзүрүн өздөрү же үй-бүлөсү эмес, бай, ач көз адамдар көрүшөт. «Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар үйлөрүн башка бирөө жашасын деп курушпайт, жүзүмдөрүн башка бирөө жесин деп отургузушпайт. Анткени менин элимдин өмүрү дарактын өмүрүндөй болот, менин тандап алгандарым өз эмгегинин үзүрүн толугу менен көрүшөт»,— деген пайгамбарлык аткарылганда жашоонун кандай сонун болорун элестетип көрсөң! (Ыш. 65:20—22).

19 Өмүрүбүз «дарактын өмүрүндөй болот» деген эмнени билдирет? Асман тиреген дарактын түбүндө турганыңды элестетсең. Анын чоң чоң аталарың төрөлгөнгө чейин эле бар болгонун билгенде суктанбай коймок эмессиң. Эгер сенде жеткилеңсиздик менен күнөөдөн арылууга үмүт жок болсо, анда сен эбак эле өлүп, атың биротоло өчмөк. Ал эми ал дарак сенден да көп жашап, калыбында эле тура бермек. Ошондуктан Бейиште бейкут, чексиз өмүр сүрүүгө үмүт бергени үчүн Жахабага кандай гана ыраазыбыз! (Заб. 37:11, 29). Жакында эң көп жашаган дарактарды да бүгүн өсүп, эртең куурап кала турган чөптөй эле көрүп калабыз!

20. Падышалыктын ишенимдүү жарандарынын ден соолугу эмненин аркасында чың болот?

20 Чың ден соолук. Азыркы учурда күнөө менен өлүм кыя өтпөгөн бир да жан жок. Кандайдыр бир мааниде, баарыбыз күнөө деген айыккыс ооруга чалдыкканбыз. Анын жападан жалгыз дабасы — Машаяктын куткаруу курмандыгы (Рим. 3:23; 6:23). Миң жылдык башкаруу учурунда Машаяк 144 000 падыша менен бирге кундун негизинде ишенимдүү адамдардын баарын күнөөнүн кесепетинен толугу менен арылтат. Ошондо Ышая пайгамбардын: «Тургундардын бири да: „Ооруп жатам“,— дебейт. Ал жерде жашаган элдин күнөөсү кечирилет»,— деген сөздөрү түзмө-түз аткарылат (Ыш. 33:24). Эч ким сокур, дүлөй, майып болбойт. (Оку: Ышая 35:5, 6.) Иса Машаяк айыктыра албаган бир да оору болбойт. Денебизди, акылыбызды, жан дүйнөбүздү жабыркаткан оорулардын баарынан арылабыз. Ооба, Падышалыктын ишенимдүү жарандарынын ден соолугу чың болот!

21. Өлүм эмне болот жана бул убада сени эмне үчүн кайраттандырат?

21 Ал эми күнөөнүн, оорунун кесепети — өлүм — эмне болот? Өлүм — эртеби-кечпи, жеткилеңсиз ар бир кишини алып тына турган «акыркы душман» (1 Кор. 15:26). Бирок ал душман ошончолук эле күчтүүбү? Ышая пайгамбардын: «Ал өлүмдү түбөлүккө жок кылат, Эгедер Теңир Жахаба бардык адамдардын жүзүндөгү көз жашты аарчыйт»,— деген сөздөрүнө көңүл бурсаң (Ыш. 25:8). Ошол учурду көз алдыңа тартып көрсөң. Сөөк коюу, мүрзө-бейиттер өткөндүн ишине айланат. Эч кимибиз күйүттөн улам ыйлабайбыз. Ыйласак, өлгөндөр тирилгенде, кубанганыбыздан ыйлайбыз! (Оку: Ышая 26:19.) Ошентип, шум ажал жаралаган ар бир жан айыгат.

22. Падышалык Кудайдын ой-ниетин толугу менен аткаргандан кийин эмне болот?

22 Миң жылдык башкаруу соңуна чыкканда, Падышалык Кудайдын жерге байланыштуу ой-ниетин толугу менен аткарат. Ошондо Машаяк бийликти Атасына өткөрүп берет (1 Кор. 15:25—28). Адамзат жеткилеңдикке жетип, акыркы сыноого даяр болгондо, Шайтан туңгуюктан бошотулат. Андан соң Машаяк митаам жыланды таламдаштары менен кошо биротоло жок кылат (Башт. 3:15; Аян 20:3, 7—10). Ал эми Жахабага берилгендигин сактагандардын келечеги кең болот. Ишенимдүүлөрдүн кандай бата алары Ыйык Китепте абдан таамай, күчтүү сөздөр менен мындайча берилген: «Алар... Кудайдын уулдары катары даңктуу эркиндикке чыгышат»! (Рим. 8:21).

Падышалык Кудайдын адамзатка жана жерге байланыштуу бардык убадаларын аткарат

23, 24. а) Жахабанын убадаларынын сөзсүз аткарыларын кайдан билебиз? б) Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң?

23 Жахабанын убадалары жөн эле куру кыял же каалоо эмес. Алар сөзсүз аткарылат! Эмне үчүн? Иса пайгамбардын ушул китептин 1-бөлүмүндө жазылган сөздөрүн эстесең. Ал жолдоочуларын: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тиленүүгө үйрөткөн (Мт. 6:9, 10). Кудайдын Падышалыгы ойдон чыгарылган жомок эмес. Ал чынында эле бар жана азыр асмандан башкарып жатат. Падышалык жүз жылдан бери Жахабанын убадаларын жүзөгө ашырып келет. Муну жыйналыштан айкын көрүп жатабыз. Андыктан ал бүт жер жүзүн башкара баштаганда Жахабанын убадаларынын баарын ишке ашырарына кымындай да шектенбесек болот.

24 Падышалык сөзсүз келет! Жахабанын ар бир убадасы аткарылат! Анткени КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫ БАШКАРЫП ЖАТАТ! Андыктан ар бирибиз: «Мен Кудайдын Падышалыгына баш ийип жатамбы?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Азыртадан эле Падышалыктын берилген жарандары болууга умтулсак, анын адилеттүү башкаруусунун тушунда түбөлүк жашайбыз!