Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

Падыша Падышалыгына жарык чачып жатат

Падыша Падышалыгына жарык чачып жатат

БӨЛҮМДӨГҮ НЕГИЗГИ ОЙ

Кудайдын эли Падышалыкка, анын башкаруучуларына, элине жана берилгендикке байланыштуу маанилүү чындыкты түшүнгөн

1, 2. Машаяк кандай мааниде шаарды көрсөткөн акылдуу кишиге окшош?

 КООЗ, чоң шаарда саякаттап жүргөнүңдү элестетсең. Өзүң да, жаныңдагылар да ал шаарга биринчи жолу келгенсиңер. Ошондуктан шаарды көрсөтүп жүргөн тажрыйбалуу кишинин ар бир сөзүнө кулак кагып, артынан калбай ээрчип баратасыңар. Баарыңар шаардагы али көрө элек кооз жерлер жөнүндө ойлонуп, бүйүрүңөр кызып барат. Чыдамыңар кетип, шаар көрсөтүп бараткан кишиден ошол жерлер жөнүндө сурасаңар, ал дароо эле жооп бере салбайт. Так ошол жерге жеткенден кийин гана баарын төкпөй-чачпай айтып берет. Бул аябай туура болгонуна кийинчерээк көзүңөр жетет. Анткени ал баарын өз убагында, ирет-ирети менен айтып берген.

2 Машаяктын жолдоочуларын шаарды кыдырып жүргөн саякатчыларга салыштырса болот. Алар да ааламдагы эң кооз, «пайдубалы бекем» шаар — Падышалык — жөнүндө көп нерсе билип жатышат (Евр. 11:10). Иса Машаяк жолдоочуларына ошол шаар тууралуу көп нерселерди айтып берген. Бирок алардын Падышалыкка байланыштуу суроолорунун баарына дароо жооп берген эмес. Ал: «Силерге дагы көп нерсе айткым келет, бирок азыр анын баарын түшүнө албайсыңар»,— деген (Жкн. 16:12). Машаяк, шаарды көрсөткөн акылдуу кишидей болуп, шакирттерине ошол учурда түшүнө албай турган нерселерди айта берген эмес.

3, 4. а) Машаяк ишенимдүү жолдоочуларына Падышалык жөнүндөгү билимди кантип ачып берип жатат? б) Бул бөлүмдөн эмнелерге токтолобуз?

3 Жакан 16:12деги сөздөрдү Машаяк өлөр алдындагы түнү айткан болчу. Анда ал асманга кеткенден кийин ишенимдүү жолдоочуларына Падышалык жөнүндөгү чындыкты кантип ачып бермек? Ал элчилерине: «Чындык руху... келгенде, чындыкты толук түшүнүшүңөр үчүн, ал силерди жетектейт»,— деген убада берген a (Жкн. 16:13). Ырас, Иса Машаяк жолдоочуларына Падышалык жөнүндөгү чындыкты ыйык рух аркылуу өз убагында, ирет-ирети менен ачып берип келет.

4 Келгиле, ыйык рух Машаяктын чыныгы жолдоочуларына Падышалык жөнүндө көбүрөөк билүүгө кандайча жардам берип келгенин карап көрөлү. Адегенде бир туугандардын Падышалыктын качан бийлик кыла баштаганын эмнеден улам түшүнгөнүнө токтолобуз. Анан Падышалыктын башкаруучулары менен эли кимдерди билдирерин жана алардын үмүтү жөнүндө билебиз. Акырында Машаяктын жолдоочулары Падышалыкка канчалык берилгендик көрсөтүшү керектигин айкыныраак түшүнгөнүн карап чыгабыз.

Тарыхтагы маанилүү жыл

5, 6. а) Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Падышалыктын орношу жана орок маалы жөнүндө кандай жаңылыш ойдо болушкан? б) Бир туугандардын пайгамбарлыктарды туура эмес түшүнгөнү Машаяктын аларды жетектебегенин билдиреби? Түшүндүр.

5 Экинчи бөлүмдөн окуганыбыздай, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр ондогон жылдар мурун эле 1914-жылдын маанилүү пайгамбарлык аткарыла турган жыл болорун айтып келишкен. Бирок алар Машаяктын катышуусу 1874-жылы башталып, Машаяк 1878-жылы асманда бийлик кыла баштаган деп эсептешкен. Алардын ою боюнча, Падышалык 1914-жылдын октябрында толук кандуу бийлик жүргүзө баштамак. Ошондой эле орок маалы 1874-жылдан 1914-жылга чейин созулуп, майлангандар асманга чогултулганда бүтөт деп ойлошкон. Бир туугандардын пайгамбарлыктарды туура эмес түшүнгөнү Машаяктын өзүнүн ишенимдүү жолдоочуларын ыйык рух аркылуу жетектебегенин билдиреби?

6 Албетте, жок. Жогорудагы мисалды эстесеңер. Өздөрү каалагандай божомолдогон саякатчылардын суроолоруна дароо жооп бербегени үчүн эле шаарды көрсөтүп жүргөн кишини өз жумушун жакшы билбейт деп айтууга болобу? Жок. Кудайдын элинин да ыйык рух кайсы бир чындыкты ачып бергенге чейин эле, пайгамбарлыктарды өздөрү туура көргөндөй божомолдогон учурлары болсо да, Иса Машаяктын аларды жетектеп келгени айкын. Ал ишенимдүү кызматчылар жаңылып жатканын түшүнүшкөндө момун болуп, оюн өзгөртүүгө даяр болушкан (Жкп. 4:6).

7. Падышалык жөнүндөгү чындыкка жарык тийгенде, Кудайдын эли эмнелерди түшүнгөн?

7 Падышалык жөнүндөгү чындыкка 1919-жылдан кийин жарык тийип, Кудайдын эли көп нерсени түшүнгөн. (Оку: Забур 97:11.) Мисалы, 1925-жылы «Күзөт мунарасына» «Элдин төрөлүшү» деген зор мааниге ээ макала чыккан. Анда Аян 12-бөлүмдө айтылган аялдын төрөгөнү Падышалыктын 1914-жылы асманда орногонун билдирери түшүндүрүлгөн b. Ошондой эле Кудайдын элинин согуш учурунда куугунтукталып, азап тартканы Ибилистин «убактысынын аз калганын билип», жерге «катуу каары менен түшкөнүнүн» айкын далили экени айтылган (Аян 12:12).

8, 9. а) Падышалыктын орногону канчалык маанилүү болгон? б) Кайсы суроолорду талкуулайбыз?

8 Падышалыктын орногону канчалык маанилүү болгон? 1928-жылдан тартып «Күзөт мунарасында» Падышалыктын орношу адамзаттын кундун негизинде куткарылышынан да маанилүү экенине басым жасала баштаган. Анткени ошол Падышалык аркылуу Жахаба ысмын ыйыктап, ааламдын Эгедери экенин далилдеп, жерге байланыштуу эркин аткармак.

9 Падышалыкта Машаяк менен бирге кимдер бийлик кылмак? Падышалыктын эли кимдерден турмак? Машаяктын жолдоочулары кайсы ишти аткарышы керек болгон?

Майлангандардын чогултулушу

10. Кудайдын эли 144 000ге байланыштуу эмнени билген?

10 Кудайдын эли Машаяк менен асманда бийлик кыла тургандардын саны 144 000 экенин 1914-жылга чейин эле жакшы билген c. Алар ошол сандын каймана мааниде эмес экенин жана майлангандардын б.з. 1-кылымынан тартып чогултула баштаганын да түшүнүшкөн.

11. Машаяктын колуктусун билдирген майлангандар жерде кандай иш аткарышы керектигин кантип түшүнүшкөн?

11 Машаяктын колуктусун билдирген майлангандар асманга кеткенге чейин кайсы ишти аткарышы керек болгон? Алар Машаяктын кабар айтуу ишинин маанилүүлүгүн баса белгилегенин жана ал иштин орок маалы менен тыгыз байланышта экенин баамдашкан (Мт. 9:37; Жкн. 4:35). 2-бөлүмдөн бир туугандардын орок маалы 40 жылга созулуп, майлангандар асманга чогултулганда бүтөт деп ойлошконун окуганбыз. Бирок орок маалы 40 жылдык мөөнөт бүткөндөн кийин деле улана бергендиктен, бул чындыктын айкыныраак түшүндүрүлүшү талап кылынган. Азыр биз орок маалы — буудайдын (Машаяктын майланган жолдоочуларынын) отоо чөптөн (анын жолдоочусу атангандардан) бөлүнгөн маалы — 1914-жылы башталганын билебиз. Ошентип, асманга кете тургандардын калдыгын чогултууга убакыт келип жеткен.

Орок маалы 1914-жылы башталган (11-абзацты карагыла)

12, 13. Он кыз жана таланттар жөнүндөгү мисалдарда айтылган пайгамбарлык акыркы күндөрдө кантип аткарылган?

12 Машаяк ишенимдүү жана акылдуу кулга 1919-жылдан кийин да кабар айтуу ишин уланта бериши керектигин түшүнүүгө жардам бере берген. Ал шакирттерине бул ишти 1-кылымда тапшырган (Мт. 28:19, 20). Ошондой эле жакшы кабарды жарыялоо үчүн жолдоочулары кайсы сапаттарды өрчүтүшү керектигин да айткан. Он кыз жөнүндөгү мисалдан көрүнүп тургандай, 144 000ди түзгөн майлангандар эң негизги максатына жетиш үчүн — Машаяк менен биригип, асманда үйлөнүү тоюна катышыш үчүн — сергек жана сак болушу керек эле (Аян 21:2). Ал эми таланттар жөнүндөгү мисалда майлангандардын кабар айтуу ишин ынталуулук менен аткарышы керектиги көрсөтүлгөн (Мт. 25:1—30).

13 Чынында эле, майлангандар акыркы жүз жылдын ичинде сергек да болушкан, кабар айтуу ишин ынталуулук менен да аткарышкан. Алар сергек болгону үчүн зор бата алары шексиз. Бирок оруп-жыюу иши Машаяк менен кошо башкара турган 144 000дин калдыгын чогултуу менен эле аяктайт беле?

Падышалыктын эли чогултулууда

14, 15. «Толук ачылган сыр» деген китепте кайсы төрт топ жөнүндө жазылган?

14 Кудайга чындап ишенгендер Аян 7:9—14-аяттардагы «эбегейсиз көп адамдар» кимдерди билдирери жөнүндө узак убакыт бою ойлонуп келишкен. Андыктан алардын муну ар кандайча божомолдоп келгени таң калыштуу эмес. Анткени Машаяктын ал чындыкты ачып бере турган убагы али келе элек болчу. Бир туугандардын «эбегейсиз көп адамдарга» байланыштуу түшүнүгү бүгүн биз билген айкын, жөнөкөй чындыктан аябай эле айырмаланган.

15 «Толук ачылган сыр» (англ.) деген 1917-жылы чыккан китепте «асманда жашай тургандардын эки тобу, жерде жашай тургандардын эки тобу» бар экени жазылган. Үмүтү ар башка болгон ошол төрт топту кимдер түзгөн? 1-топко — Машаяк менен бийлик кыла турган 144 000, 2-топко асманга бара турган эбегейсиз көп адамдар кирген. Ошол маалда эбегейсиз көп адамдарга кандайдыр бир деңгээлде Кудайга ишенишсе да, олку-солку болуп, чиркөөлөргө барып жүргөндөр кирет деп эсептелген. Андыктан алар асманга барганда төмөнүрөөк абалды ээлешмек. Ал эми жерде жашай турган 3-топко Ыбрайым, Муса пайгамбарлар сыяктуу кишилер кирген. Алар 4-топко кирген бүтүндөй адамзаттын үстүнөн бийлик кылышмак.

16. 1923-жылы жана 1932-жылы кайсы чындык так-таасын ачылып берилген?

16 Ыйык рух эбегейсиз көп адамдарга байланыштуу чындыкты кандайча ачып берген? Буга жарык акырындык менен тийген. 1923-жылдын башында «Күзөт мунарасына» Машаяктын бийлиги астында жерде жашай тургандар жөнүндө макала чыккан. 1932-жылы «Күзөт мунарасында» Ысрайылдын падышасы Жехуга жалган сыйынууну жок кылууга жардам берген Жонадап тууралуу айтылган (2 Пад. 10:15—17). Макалада бүгүнкү күндө Жонадапка салыштырылган эл бар экени жазылган. Анан, жер бетинде түбөлүк жашашы үчүн, «Жахабанын ал элди Армагедондон аман өткөрөрү» да айтылган.

17. а) 1935-жылы кайсы маанилүү чындыкка жарык чачылган? б) Машаяктын ишенимдүү жолдоочулары эбегейсиз көп адамдар жөнүндө так-айкын билишкенде кандай сезимде болушкан? ( «Көптөр жеңилдей эле түшкөн» деген кутучаны карагыла.)

17 Ал эми 1935-жылы жарык көз уялта жаркыраган. Вашингтондо өткөрүлгөн жыйында эбегейсиз көп адамдардын жерде жашай турган, Иса пайгамбардын койлор жана эчкилер жөнүндөгү мисалындагы койлорду билдирери айтылган (Мт. 25:33—40). Эбегейсиз көп адамдар «башка койлорго» кирмек. Алар тууралуу Иса пайгамбар: «Мен аларды да алып келишим керек»,— деген (Жкн. 10:16). Баяндама айтып жаткан Рутерфорд бир тууган: «Жерде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөр, ордуңардан турсаңар!» — дегенде, жыйындагылардын жарымынан көбү турган! Ошондо ал: «Мына! Эбегейсиз көп адамдар — ушулар!» — деген. Көптөр үмүтү жөнүндө так-айкын билгенде кубанычы койнуна батпай сүйүнүшкөн.

18. Машаяктын жолдоочулары кабар айтуу ишине кандай катыша башташкан жана анын натыйжасы кандай болгон?

18 Ошондон тартып Машаяктын жетекчилиги менен анын жолдоочулары улуу алааматтан аман өтө турган эбегейсиз көп адамдарды чогултуу ишине бүт күчүн жумшай башташкан. Башында эбегейсиз көп адамдар чогулбачудай эле сезилген. Рутерфорд бир туугандын: «Эбегейсиз көп адамдар эбегейсиз көп деле болбойт окшойт»,— деп айтканы бар. Бирок Жахаба орок маалына батасын мол берип келатат. Алдын ала айтылгандай, майлангандар да, алардын шериктери «башка койлор» да Машаяктын жана ыйык рухтун жетеги менен «бир отор» болуп, «бир койчуга» баш ийип, кызмат кылып жатышат.

Рутерфорд бир тууган эбегейсиз көп адамдардын канчалык эбегейсиз болорун элестете да алган эмес (Солдон оңго: Нейтан Норр, Жозеф Рутерфорд, Хейден Ковингтон)

19. Эбегейсиз көп адамдардын көбөйүшүнө кантип салым кошо алабыз?

19 Машаяк менен 144 000 падышанын бийлиги астында ишенимдүү адамдар Бейиште түбөлүк жашашат. Машаяктын бизге жаркын келечекке болгон үмүтүбүз жөнүндө так-айкын түшүнүүгө жардам бергени жүрөктү козгобой койбойт. Башкаларга ушундай сонун үмүтүбүз тууралуу айтып берүү биз үчүн зор сыймык! Андыктан, келгиле, мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша эбегейсиз көп адамдардын мындан ары да сан жагынан өсүшүнө салым кошо берели! Ошондо алар да бизге кошулуп, Жахабанын ысмын бийик үн менен даңктай алышат. (Оку: Лука 10:2.)

Эбегейсиз көп адамдар күн санап өсүп жатат

Падышалыкка берилгендик көрсөтүшүбүз керек

20. Шайтандын уюму эмнелерден турат жана алар менен байланышуу берилгендигибизге кандай таасир этет?

20 Падышалык жөнүндө билгенден тышкары, Кудайдын элинин ошол өкмөткө канчалык берилгендик көрсөтүшү керектигин да түшүнгөнү маанилүү болчу. 1922-жылы чыккан «Күзөт мунарасында» дүйнөдө эки уюм, Жахабанын жана Шайтандын уюму, бар экени жана Шайтандын уюмун коммерция, дин, саясат түзөрү жазылган. Шайтандын дүйнөсү менен байланышуу Кудайдын элинин Падышалыкка болгон берилгендигин солгундатат. Андыктан алар андан алыс болушу керек (2 Кор. 6:17). Бул эмнени билдирет?

21. а) Ишенимдүү кул Кудайдын элине коммерцияга байланыштуу эмнени эскертип келет? б) 1963-жылы «Улуу Бабылга» байланыштуу эмне айкын болгон?

21 Ишенимдүү кул коммерциянын чириген түзүлүш экенин жана Кудайдын эли дүнүйөкорлуктун тузагынан сак болушу керектигин көптөн бери ачык эле жазып келген (Мт. 6:24). Мындан тышкары, Шайтандын дүйнөсүнүн бир бөлүгү болгон диндин иштери Ыйык Жазмага таптакыр каршы келерин жарыялап келген. 1963-жылы «Күзөт мунарасына» «Улуу Бабылдын» христиан дүйнөсүн эле эмес, жалган диндин дүйнөлүк империясын билдирери жазылган. Ошентип, 10-бөлүмдөн окуй турганыбыздай, Кудай ар кайсы өлкөдөгү, маданияты ар башка болгон элине жалган диндин иштеринен тазаланууга, «андан чыгууга» көмөк көрсөткөн (Аян 18:2, 4).

22. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Кудайдын эли Римдиктер 13:1деги буйрукту кандай түшүнгөн?

22 Саясат тууралуу эмне айтууга болот? Кудайдын элинин согуштарга, улут аралык жаңжалдарга катышканы туурабы? Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр киши өлтүрбөшү керектигин жалпы жонунан билишкен (Мт. 26:52). Анткен менен көптөр Римдиктер 13:1деги «жогорку бийликтерге баш ийүү» деген аскерге барууну, аскер кийимин кийүүнү, атүгүл колго курал алууну билдирет деп ойлошкон. Бирок душманды ат деген буйрук берилсе, асманга атыш керек деп түшүнүшкөн.

23, 24. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Кудайдын эли Римдиктер 13:1деги буйрукту кандай түшүнгөн? Ишенимдештерибиз бул маселеге байланыштуу эмнени так-айкын түшүнүшкөн?

23 1939-жылы Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда, «Күзөт мунарасына» бейтараптуулук терең талкууланган макала чыккан. Макалада Машаяктын жолдоочуларынын Шайтандын дүйнөсүндөгү согуштарга, улут аралык жаңжалдарга таптакыр катышпашы керектиги айкын жазылган. Ошол макаланын өз учурунда берилген жетекчилик болгону шексиз. Мунун аркасында Машаяктын жолдоочулары миллиондогон жазыксыз кишилер набыт болгон согушта эч кимдин канына забын болушкан эмес. Бирок он жыл мурун, 1929-жылдан тартып, адабияттарыбызда Римдиктер 13:1деги «жогорку бийликтер» бул дүйнөдөгү өкмөт башчыларын эмес, Жахаба менен Иса Машаякты билдирет деп жазыла баштаган болчу. Ошондуктан бул маселенин тагыраак түшүндүрүлүшү зарыл болгон.

24 Машаяк ыйык рух аркылуу буга 1962-жылы жарык чачкан. Ошол жылы «Күзөт мунарасынын» 15-ноябрындагы жана 1-декабрындагы сандарына Римдиктер 13:1—7-аяттарга негизделген маанилүү макалалар чыккан. Акыры, Кудайдын эли «жогорку бийликтегилер» жөнүндөгү чындыкты айкын түшүнгөн. Ал Иса пайгамбардын: «Падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»,— деген сөздөрүндө камтылган (Лк. 20:25). Эми Кудайдын кызматчылары «жогорку бийликтегилер» бул дүйнөдөгү өкмөт башчыларын билдирерин жана аларга кандайдыр бир деңгээлде баш ийиши керектигин түшүнүшкөн. Андыктан башкаруучулар Жахабанын мыйзамдарын бузууну талап кылса, элчилердей болуп, аларга: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деп жооп беребиз (Элч. 5:29). Бул китептин 14-бөлүмүнөн Кудайдын элинин бейтараптуулукту кантип сактаганы тууралуу көбүрөөк билебиз.

Түбөлүк өмүр жөнүндө кабар айтуу кандай гана зор сыймык!

25. Ыйык рух аркылуу бизди жетектеп жаткан Иса Машаякка эмне үчүн ыраазы болосуң?

25 Акыркы жүз жылдын ичинде Падышалык жөнүндө көп нерселер ачылып берилди. Биз Падышалыктын асманда качан орногонун, анын орногону эмне үчүн маанилүү болгонун билдик. Ошондой эле бири — асманда, экинчиси жерде жашоого үмүттөнгөн эки топ бар экенин түшүндүк. Падышалыкка берилгендик көрсөтүп, ошол эле учурда, Кудайдын мыйзамы бузулбаса, өкмөт башчыларына баш ийишибиз керектигин да билдик. Андыктан: «Эгер Иса Машаяк ишенимдүү кулду жетектеп, чындыкка жарык чачпаса, ушундай маанилүү нерселерди билет белем?» — деп ойлонуп көр. Ыйык рух аркылуу бизди жетектеп жаткан Иса Машаякка кандай гана ыраазыбыз!

a Бир эмгекке ылайык, грек тилиндеги «жетектөө» деген сөз «жол көрсөтүү» деген маанини туюнтат.

b Мурда бул аянда айтылган согушту Рим чиркөөсүнүн башчылары менен Римдин жалган кудайларга сыйынган элинин ортосундагы согуш деп түшүнүп келишкен.

c «Сион күзөт мунарасынын» 1880-жылдын июнундагы санында 144 000 падыша 1914-жылга чейин Машаяктын жолдоочусу болгон жүйүттөрдөн тандалат деп жазылган. Бирок 1880-жылдын аягында бул башкача түшүндүрүлгөн. Ал түшүнүк бүгүнкү күндө биз билген чындыкка жакыныраак болгон.