Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

«Бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөгүлө»

«Бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөгүлө»

«Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын, тескерисинче,.. бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөгүлө» (ЭФЕСТИКТЕР 4:29).

1—3. а) Жахабанын баалуу белектеринин бири кайсы? Аны канткенде туура эмес пайдаланган болобуз? б) Сүйлөө жөндөмүн кантип колдонушубуз керек?

 АТАСЫ өспүрүм уулуна велосипед алып берип, ушундай белек тартуулаганына аябай сүйүнөт. Бирок уулу аны этияттап теппей, кимдир бирөөнү сүзүп алып, ал жабыр тартып калса, атасы кандай сезимде болот?

2 «Жакшы, жеткилең белектердин баарынын» булагы — Жахаба Кудай (Жакып 1:17). Анын берген баалуу белектеринин бири — сүйлөө жөндөмүбүз. Ал жөндөмүбүздү колдонуп ой-сезимдерибизди билдире алабыз. Башкалардын көңүлүн көтөрүп, кубаттандыра да алабыз. Ошол эле учурда башкаларга зыян келтирип, жүрөгүн оорутуп да коюшубуз мүмкүн.

3 Сөз зор күчкө ээ. Ошондуктан Жахаба сүйлөө жөндөмүбүздү туура колдонууну үйрөтүп келет. Ал: «Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайда алып келиши үчүн, ыңгайы келгенде, аларды бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөгүлө»,— деген (Эфестиктер 4:29). Эмесе, Кудайдын ушу белегин канткенде ага жаккыдай, башкаларды бекемдегидей кылып колдоно аларыбызды карап чыгалы.

ОЙЛОНУП СҮЙЛӨГҮЛӨ

4, 5. Накыл сөздөрдөн сөздүн таасирдүүлүгүнө байланыштуу эмнени биле алабыз?

4 Эмне деп жана кантип сүйлөп жатканыбызга өзгөчө көңүл бурушубуз керектигинин себеби — сөз адамга күчтүү таасир тийгизет. Накыл сөздөр 15:4тө: «Тилдин сабырдуулугу — өмүр дарагы, ал эми тилдин бурмаланышы рухту жаралайт»,— делет. Шактуу бак сергитүү тартуулагандай эле, жылуу сөз да көңүлдү сергитет. Ошол эле учурда суук сөз адамдын жүрөгүн жаралап, көңүлүн чөгөрөт (Накыл сөздөр 18:21).

Жакшы сөз жан сергитет

5 Накыл сөздөр 12:18де: «Кай бирөө ойлонбой сүйлөп, кылычтай жаралайт»,— делет. Заар сөз сөөктөн өтүп, жүлүнгө жетет жана мамилени бузат. Балким, силерге да кимдир бирөөнүн сөзү катуу тийип, капаланган учуруңар болгондур. Анткен менен жогорудагы накыл сөздө сөздүн дагы бир кудурети тууралуу айтылган. Ал жерде: «Акылдуулардын тили айыктырат»,— делет. Ойлонуп сүйлөгөн адамдын сөздөрү жан дүйнө жарасын айыктырып, ортодогу түшүнбөстүктүн айынан пайда болгон жараканы бүтөйт. (Окугула: Накыл сөздөр 16:24.) Эгер сөзүбүздүн башкаларга канчалык таасир этерин эстен чыгарбасак, дайыма абайлап сүйлөгөнгө аракет кылабыз.

6. Тилибизди башкаруу эмне үчүн кыйын?

6 Ойлонуп сүйлөшүбүз керектигинин дагы бир себеби — баарыбыз жеткилең эмес пенделербиз. Адатта, сөздөрүбүздөн ичибизде эмне бар экени айкын болот. Ал эми «адамдын жүрөгү жаштайынан эле жамандыкка жакын» (Башталыш 8:21; Лука 6:45). Ошондуктан тилибизди ооздуктоо өтө кыйынга турат. (Окугула: Жакып 3:2—4.) Бирок тилибизди мүмкүн болушунча туура колдонууга аракет кыла беришибиз керек.

7, 8. Сүйлөгөн сөзүбүз Жахаба менен болгон мамилебизге кандай таасир этет?

7 Эмне деп жана кантип сүйлөп жатканыбыз үчүн Жахабанын алдында жооптуу болгонубуз — тилибизди башкара билишибиз керектигинин дагы бир маанилүү себеби. Жакып 1:26да: «Ким Кудайга туура сыйынып жатам деп ойлоп, бирок тилин ооздуктабаса, ал өзүн өзү алдап жатат; анын сыйынуусу пайдасыз»,— делет. Демек, тилибизге ээ боло албасак, Жахаба менен болгон мамилебизге доо кетирип алышыбыз, ал тургай бузуп алышыбыз мүмкүн (Жакып 3:8—10).

8 Ооба, тилибизди тизгиндеп туруунун орчундуу себептери бар. Сүйлөө жөндөмүбүздү Жахаба каалагандай колдонуш үчүн адегенде кандай сөздөрдү айтуудан качыш керектигин билип алышыбыз зарыл.

ЖАРАЛАЙ ТУРГАН СӨЗДӨР

9, 10. а) Бүгүнкү күндө кандай сөздөр кадимки эле нерсе болуп калды? б) Эмне үчүн адепсиз сөздөрдү сүйлөөдөн качышыбыз керек?

9 Адепсиз, башкача айтканда, ыпылас сөздөр бүгүнкү күндө кадимки эле нерсе болуп калды. Көптөр сөгүнүп-сагынмайын же уят сөздөрдү айтмайын, оюн жеткире албайм деп ойлошот. Куудулдар элди күлдүрүш үчүн эле адепсиз тамашаларды, уят сөздөрдү көп колдонушат. Бирок элчи Пабыл: «Булардын баарынан: каардан, ачуудан, жамандыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла; оозуңардан эч кандай адепсиз сөздөр чыкпасын»,— деп эскерткен (Колосалыктар 3:8). Ал «адепсиз тамашалар» жөнүндө Кудайдын кызматчыларынын арасында «сөз да болбошу» керектигин айткан (Эфестиктер 5:3, 4).

10 Андай сөздөрдү Жахаба да, аны жакшы көргөндөр да жийиркеничтүү деп эсептейт. Анткени алар ыпылас нерселерге кирет. Ыйык Китепте «ыпыластыктын» «күнөөгө баткан дененин иштерине» кирери айтылган (Галатиялыктар 5:19—21). «Ыпыластык» өз ичине күнөөнүн ар кандай түрлөрүн камтыйт. Бир ыпылас адат башка ыпылас адаттын өрчүшүнө алып барат. Кимдир бирөө абдан ыпылас, адепсиз жана уят сөздөрдү сүйлөсө жана андай адатын таштабаса, жыйналыштан чыгарылышы мүмкүн. (2 Корунттуктар 12:21; Эфестиктер 4:19; 23-тиркемени карагыла).

11, 12. а) Ушак-айың деген эмне? б) Эмне үчүн башка бирөөгө жалаа жабуудан алыс болушубуз керек?

11 Биз ушак-айыңдан да алыс болушубуз керек. Башкалардын жашоосуна кызыкканыбыз жана досторубуз, үй-бүлөбүз жөнүндө башкаларга айтканыбыз табигый эле нерсе. Исанын алгачкы жолдоочулары да ишенимдештеринин ал-акыбалын, аларга кантип жардам берсе болорун сурап-билип турушкан (Эфестиктер 6:21, 22; Колосалыктар 4:8, 9). Бирок башкалар жөнүндөгү кеп-сөздөр оңой эле ушак-айыңга өтүп кетиши ыктымал. Ал эми андай сөздөрдү дагы башкаларга айтсак, жалган же башкалар билбеши керек болгон маалыматты тараткан болуп калабыз. Абайлабасак, андай ушак, акыры, жалган айыпка же жалаага айланып кетет. Мисалы, фарисейлер Исаны ак жерден айыпташканда ага жалаа жабышкан (Матай 9:32—34; 12:22—24). Бирөөгө жалаа жабуу анын аброюн түшүрүп, көңүлүн оорутуп, уруш-талашка жана мамиленин бузулушуна алып келет (Накыл сөздөр 26:20).

12 Жахаба сөзүбүз менен досторубузду каска айлантышыбызды эмес, башкаларга дем-күч берип, кубаттап турушубузду каалайт. Ал «бир туугандардын ортосуна от жаккандарды» жек көрөт (Накыл сөздөр 6:16—19). Башкага эң биринчи жалаа жапкан Шайтан болгон. Ал Кудайды каралаган (Аян 12:9, 10). Бүгүнкү күндө башкалар жөнүндө калп айтуу өөн нерсе деле болбой калды. Бирок Исанын жолдоочуларынын жыйналышында андай болбошу керек (Галатиялыктар 5:19—21). Андыктан сүйлөгөн сөзүбүзгө кылдат көңүл бурганыбыз жана дайыма ойлонуп сүйлөгөнүбүз маанилүү. Бирөөнүн сөзүн башкага айтардан мурун: «Бул чындыкпы? Муну айтканым боорукердикке жатабы? Бул сөздүн пайдасы барбы? Мен сөз кылган кишинин ушул сөздөрүмдү угушун каалайт белем? Мен жөнүндө башка бирөө ушинтип айтса, кандай сезимде болот элем?» — деп ойлонуп көргүлө. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 4:11.)

13, 14. а) Кемсинтерлик сөздөр башкаларга кандай таасир этиши мүмкүн? б) Тил тийгизүү деген эмне? Эмне үчүн Исанын жолдоочулары башкаларга тил тийгизүүдөн алыс болушу керек?

13 Бир нерсени айтып алып, өкүнүп калган учурлар баарыбызда эле болот. Бирок башкаларды сындоо же көңүлгө катуу тийгидей сөздөрдү сүйлөө адат болуп калбашы керек. Кемсинтерлик сөздөр такыр эле оозго алынбашы кажет. Пабыл: «Ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн... арылгыла»,— деп жазган (Эфестиктер 4:31). Ыйык Китептин башка котормолорунда «кемсинтерлик сөздөр» деген сөз айкашы «заар тил», «зыян келтирген тил» «кордогон сөздөр» деп которулган. Кемсинтерлик сөздөр адамдын кадыр-баркын түшүрүп, өзүн эч нерсеге жарабагандай сездириши мүмкүн. Андай сөздөр өзгөчө балдарга катуу тиет. Ошондуктан аларды ошондой сөздөрдү айтып урушуудан өтө сак болушубуз керек (Колосалыктар 3:21).

14 Ыйык Китепте сөз менен кемсинтүүнүн өзгөчө катуу түрү жөнүндө, башкаларга тил тийгизүү жөнүндө да, эскертилген. Тил тийгизүү — бул бирөөнүн жүрөгүн атайлап оорутуш үчүн кордогон сөздөрдү айтуу. Эгер кимдир бирөө өмүрлүк жарын же балдарын ушундай сөздөрдү айтып кордосо, кандай гана өкүнүчтүү болмок! Башкаларга тил тийгизгенин токтотпогондор жыйналыштан чыгарылышы мүмкүн (1 Корунттуктар 5:11—13; 6:9, 10). Буга чейин билгенибиздей, ыпылас, жалган сөздөрдү сүйлөсөк жана көңүлгө катуу тийген сөздөрдү айтсак, Жахаба менен да, башкалар менен да болгон мамилебизди бузуп алабыз.

БЕКЕМДЕЙ ТУРГАН СӨЗДӨР

15. Кандай сөздөр мамилени бекемдейт?

15 Жахаба бизге белек катары берген сүйлөө жөндөмүбүздү канткенде ал каалагандай колдоно алабыз? Ыйык Китепте эмне деп сүйлөшүбүз, эмне деп сүйлөбөшүбүз керектиги так-даана айтылбаса да, ал жакта «бекемдей турган сөздөрдү гана сүйлөшүбүз» керектиги жазылган (Эфестиктер 4:29). Бекемдей турган сөздөргө жылуу-жумшак жана чындыкка жаткан жакшы сөздөр кирет. Жахаба тилибизди башкаларга күч-кубат берип, жардам бериш үчүн колдонушубузду каалайт. Бул кыйын болушу мүмкүн. Анткени жакшы сөздөрдү таап сүйлөгөнгө караганда, ойлонбой эле катуу айтып салуу оңой (Тит 2:8). Эмесе, башкаларды сөзүбүз менен кантип бекемдей аларыбызга токтололу.

16, 17. а) Башкаларды эмне үчүн макташыбыз керек? б) Кимдерди мактасак болот?

16 Жахаба да, Иса да мактоо сөзүнө сараң эмес. Биз алардан үлгү алгыбыз келет (Матай 3:17; 25:19—23; Жакан 1:47). Кимдир бирөө мактоо сөзүбүздү угуп, чындап канат байлап калышы үчүн, алдын ала жакшылап ойлонушубуз, ал кишиге жекече көңүл бурушубуз да керек. Накыл сөздөр 15:23тө: «Өз убагында айтылган сөз кандай жакшы!» — деп жазылган. Чын эле, кимдир бирөө эмгегибиз үчүн мактаганда же кайсы бир ишибиз үчүн ыраазычылык билдиргенде кадимкидей шыктанып калабыз. (Окугула: Матай 7:12; 27-тиркемени карагыла.)

17 Эгер адамдын жакшы жактарын дайыма байкай билсек, чын жүрөктөн мактоо кыйынга турбайт. Мисалы, жыйналыштан кимдир бирөө тапшырмаларын жакшы даярдай турганын же дайыма жооп берүүгө аракет кыларын байкайттырсыңар. Жыйналышыбызда мектепте чындык жолун тайманбай жактаган жаш бир тууганыбыз, кызматка үзгүлтүксүз катышкан улгайган бир тууганыбыз да болушу мүмкүн. Алар мактоого муктаж болушу ыктымал. Ошондой эле күйөөсү аялына аны сүйөрүн, баалаарын айтып турганы маанилүү (Накыл сөздөр 31:10, 28). Өсүмдүккө күн менен суу кандай керек болсо, адамга да жылуу сөз ошондой керек. Андай сөзгө бөтөнчө балдар муктаж. Андыктан ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аларды жакшы сапаттары, кылган аракети үчүн мактап тургула. Мактоо аларга дем-шык берип, өзүн ишенимдүүрөөк сезгенге жардам берет жана туура нерсени кылууга андан бетер аракет кылууга түрткү берет.

Айткан сөзүбүз жана аны кантип айтканыбыз башкаларды бекемдеп, жубата алат

18, 19. Эмне үчүн башкаларды бекемдеп, жубатууга бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек? Муну кантип кыла алабыз?

18 Башкаларды бекемдегенде жана жубатканда Жахабадан үлгү алган болобуз. Ал бечарага жана «кыйналган» адамга кайдыгер карабайт (Ышая 57:15). Жахаба бири-бирибизди «кубаттандырышыбызды», «көңүлү чөккөндөрдү сооротушубузду» каалайт (1 Тесалоникалыктар 5:11, 14). Ошентсек, бул Жахабанын көз жаздымында калбайт жана ал бизге ыраазы болот.

19 Жыйналыштагы кимдир бирөөнүн көңүлү чөгүп жүргөнүн байкасаңар, эмне деп айтсаңар болот? Балким, көйгөйүн чечип бере албасаңар да, аны ойлоп жатканыңарды билдирсеңер болот. Маселен, ага атайын убакыт бөлсөңөр болот. Ыйык Китептен бекемдей турган аят окуп берип, аны менен чогуу тиленгиле (Забур 34:18; Матай 10:29—31). Жыйналыштагы башка бир туугандардын да аны жакшы көрөрүн айтып ынандыргыла (1 Корунттуктар 12:12—26; Жакып 5:14, 15). Ошондой эле чын ыкластан сүйлөп жатканыңар көрүнүп турушу абзел. (Окугула: Накыл сөздөр 12:25.)

20, 21. Канткенде башкалар кеңешти оңой кабыл алат?

20 Андан тышкары, башкаларды жакшы кеңешибиз менен да бекемдей алабыз. Жеткилең эмес болгондуктан мезгил-мезгили менен баарыбыз эле кеңешке муктаж болобуз. Накыл сөздөр 19:20да: «Келечекте акылман болуш үчүн, кеңешке кулак салып, акыл-насаатты кабыл ал»,— деп жазылган. Акыл-насаатты, кеңешти аксакалдар эле айтышпайт. Ата-энелер да балдарына акыл-насаат айтышат (Эфестиктер 6:4). Аялзаты да бири-бирине кеңеш бере алат (Тит 2:3—5). Ишенимдештерибизди жакшы көргөндүктөн баарыбыз бири-бирибизге катуу тийбегидей кылып кеңеш берүүнү каалайбыз. Муну кантип кыла алабыз?

21 Кимдир бирөө силерге жакшы кеңешти оңой кабыл алгыдай кылып берген учурлар болду беле? Аны кабыл алуу эмне үчүн оңой болду деп ойлойсуңар? Мүмкүн, ал кишинин чындап силердин камыңарды ойлоп жатканын сезгендирсиңер же ал жылуу-жумшак сүйлөгөндүр (Колосалыктар 4:6). Ошондой эле анын кеңеши Ыйык Китепке негизделсе керек (2 Тиметей 3:16). Өзүнөн окуп беребизби, же жокпу, кеңешибиз Ыйык Китепке негизделиши керек. Эч ким өзүнүн көз карашын таңуулабашы жана Ыйык Китептеги сөздөрдү өз оюн тастыктап тургандагыдай кылып көрсөтпөшү керек. Башкаларга кеңеш берерде өзүңөргө кеңештин кантип берилгенин эстей жүргүлө. Мунун башкаларга кеңеш бергениңерде да пайдасы тиет.

22. Сүйлөө жөндөмүңөрдү кантип колдонгуңар келет?

22 Ооба, сүйлөө жөндөмү — Кудайдын белеги. Ага болгон сүйүүбүз бул белекти туура пайдаланууга түрткү берет. Сөзүбүз көңүлдү көтөрө да, чөгөрө да ала тургандай күчкө ээ экенин унутпагыла. Андыктан, келгиле, башкаларды бекемдеп, дем-күч бере тургандай сөздөрдү сүйлөйлү.