Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

«Бузуктуктан качкыла»

«Бузуктуктан качкыла»

«Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго жана бурканга табынуучулук болуп эсептелген ач көздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө» (КОЛОСАЛЫКТАР 3:5).

1, 2. Билам Жахабанын элин каргышка калтырыш үчүн эмне кылган?

 БАЛЫКЧЫ балыктын белгилүү бир түрүн кармамакчы болот. Ал аны каяктан кармашты билет. Анан ошол жерге барып, ылайыктуу жемди кайырмакка илип, сууга ыргытат да, күтүп отурат. Бир убакта балык түшөт да, балыкчы кайырмакты шарт тартып алат.

2 Ошол өңдүү, адамдар да кайырмакка илинип калышат. Кандай мааниде? Ысрайылдыктар Маап түздүгүнө келип жайланышкан эле. Алар Убада кылынган жердин босогосуна келип калышкан. Бирок Мааптын падышасы Билам деген кишиге, эгер ал ысрайыл элин каргап берсе, чоң акча берерин айтып сөз берген. Билам болсо, ысрайылдыктар өз башына өздөрү балээ үйүп алышы үчүн, бир амал тапкан. Ал аларды кайырмакка түшүрүш үчүн жемди кылдаттык менен тандаган: мааптык кыздарды ысрайылдыктардын кошуунуна эркектерин азгырыш үчүн жөнөткөн (Сандар 22:1—7; 31:15, 16; Аян 2:14).

3. Ысрайылдыктар Биламдын кайырмагына кантип илинип калышкан?

3 Анын амалы ишке ашканбы? Ооба. Ысрайылдын миңдеген эркектери кайырмакка түшүп, «Мааптын кыздары менен бузуктук кылышкан». Ал эле эмес, жалган кудайларга, анын ичинде жыныстык мамиленин кудайы Пеор Баалына, сыйына башташкан. Ушунун кесепетинде Убада кылынган жерге кирерге аз эле калганда 24 000 киши кырылган (Сандар 25:1—9).

4. Эмне үчүн миңдеген ысрайылдыктар азгырылган?

4 Эмне үчүн ушунча көп киши азгырылган? Анткени алар кумарын кандырууга ашыгып, Жахабанын бүт жакшылыктарын унутуп калышкан. Негизи, ысрайыл элинде Кудайга берилгендигин сактоого бир катар орчундуу себептер болгон. Кудай аларды Мисирдеги азаптуу кулчулуктан бошотуп, ээн талаа, эрме чөлдө азыктандырып, Убада кылынган жердин босогосуна чейин алып келген (Еврейлер 3:12). Ушунун баарына карабай алар азгырыкка алдырып, бузуктук кылышкан. Пабыл алар жөнүндө: «Айрымдарына окшоп бузуктук кылбайлы; бузуктук кылышканынын айынан... кырылган»,— деп жазган (1 Корунттуктар 10:8).

5, 6. Маап түздүгүндө болгон окуядан кандай сабак ала алабыз?

5 Жаңы заманга аз эле убакыт калды. Бизди Убада кылынган жердин босогосунда турган ысрайылдыктарга салыштырууга болот (1 Корунттуктар 10:11). Азыркы дүйнөдө эси-дартынын баары жыныстык мамиле болгон адамдар мааптыктардан алда канча ашып түшөт. Мындай терс көрүнүш Жахабанын элине таасир этпей койбойт. Ооба, Ибилис колдонгон жемдердин ичинен бузуктук эң эле «таттуусу» экенине шек жок (Сандар 25:6, 14; 2 Корунттуктар 2:11; Жүйүт 4).

6 «Мен үчүн эмне артык? Кыска убакытка эле созулган рахатка батканымбы же жаңы дүйнөдө бакытка бөлөнүп, түбөлүккө өмүр сүргөнүмбү?» — деп ойлонуп көргүлө. Жахабанын: «Бузуктуктан качкыла»,— деген буйругуна баш ийиш үчүн бүт күчүбүздү жумшаганыбыз алда канча жакшы эмеспи?! (1 Корунттуктар 6:18).

БУЗУКТУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

7, 8. Бузуктук деген эмне? Бул эмне үчүн абдан олуттуу күнөө?

7 Бүгүнкү күндө кумар жандуу, уятсыз адамдар көп. Алар Кудайдын жыныстык мамилеге байланышкан мыйзамдарын такыр баркка алышпайт. Ыйык Китепте «бузуктук» деген сөз Ыйык Китеп боюнча мыйзамдуу деп эсептелген никеси жок адамдардын ортосундагы кандайдыр бир жыныстык иш-аракеттерге карата колдонулат. Буга бир жыныстагы адамдардын ортосундагы жыныстык иш-аракеттер да, мал менен жанашуу да кирет. Жыныстык иш-аракеттерге жыныстык мамиле, оралдык жана аналдык секс жана башка бирөөнүн жыныстык органдарын кармалоо да кирет. (23-тиркемени карагыла.)

8 Ыйык Китептен бузуктук кылганын токтотпогондордун жыйналыштын мүчөсү боло албай турганын айкын түшүнүүгө болот (1 Корунттуктар 6:9; Аян 22:15). Бузуку адамдар өзүн-өзү сыйлоо сезиминен да, башкалардын ишениминен да ажырайт. Бузуктуктун арты дайыма жамандык менен бүтөт. Абийирдин кыйнашы, каалабаган кош бойлуулук, никедеги кыйынчылыктар, оорулар, атүгүл өлүм бузуктуктун кесепеттеринин айрымдары гана. (Окугула: Галатиялыктар 6:7, 8.) Адам бир саамга токтоп, бузуктуктун кесепеттери тууралуу терең ойлонсо, андай иштен алыс болгонго аракет кылат. Бирок адам бузуктукка карай алгачкы кадамын таштаганда, адатта, өз кумарын кандырууну эле ойлоп калат. Андай кадамга көп учурда порнография көрүү кирет.

ПОРНОГРАФИЯ — АЛГАЧКЫ КАДАМ

9. Порнография эмне үчүн зыяндуу?

9 Порнографиянын максаты — жыныстык кумарды ойготуу. Азыр порнография бүт жерде — гезит-журналдарда, китептерде, музыкада, телеберүүлөрдө, Интернетте кеңири жайылган. Көптөр порнографиянын эч жаман жери жок деп ойлошот. Бирок, чынында, ал абдан зыяндуу. Анын айынан адам дене кумарынын кулу болуп, ыпылас каалоолорду өрчүтө баштайт. Порнографияга берилүү мастурбация адатына, никедеги кыйынчылыктарга, ал тургай ажырашууга алып барат. (Римдиктер 1:24—27; Эфестиктер 4:19; 24-тиркемени карагыла.)

Интернетти колдонууда сак болуу акылдуулукка жатат

10. Жакып 1:14, 15те камтылган принцип бузуктуктан качууга кандайча жардам берет?

10 Бузуктукка кандайча азгырылышыбыз мүмкүн экенин билип алганыбыз маанилүү. Жакып 1:14, 15те: «Ар ким өзүнүн кумарына берилип, азгырылганынын кесепетинен сыналат. Кумар түйүлүп, күнөө туулат. Ал эми кылынган күнөө өлүмгө алып барат»,— деген эскертүү камтылган. Демек, жаман ой кылт этери менен, аны жок кылууга аракет кылышыбыз керек. Кокус ыпылас сүрөт көрүп калсаңар, көзүңөрдү бургула, компьютерди шарт өчүргүлө же каналды дароо которгула. Жаман каалоолорду такыр жолотпогула. Болбосо алар күч алгандан күч алып, ээ-жаа бербей калышы мүмкүн. (Окугула: Матай 5:29, 30.)

11. Ыпылас ойлор келгенде, Жахаба кантип жардам берет?

11 Жахаба бизди өзүбүздөн да жакшы билет, канчалык алсыз пенде экенибизди түшүнөт. Бирок ал жаман каалоолорду жеңе ала турганыбызды да билет. Ал бизге: «Бузуктукка, ыпыластыкка, жыныстык кумарларга, жаман каалоолорго жана бурканга табынуучулук болуп эсептелген ач көздүккө азгырган дене мүчөлөрүңөрдү өлтүргүлө»,— деп айтууда (Колосалыктар 3:5). Бул кеңешке ылайык иш кылуу кыйын. Бирок Жахаба абдан чыдамдуу жана жардам берүүгө даяр (Забур 68:19). Бир инибиз порнография көрүү жана мастурбация адатынын кылтагына түшүп калган. Мектептеги достору ага жетилип жаткан жаштардын баары ушундай кыла турганын айтышкан. Бирок ал: «Ушунун айынан абийирим аябай булганып, бузулуп кеткем»,— деп айткан. Бактыга жараша, ал каалоолорун ооздукташ керектигин түшүнгөн жана Жахабанын жардамы менен ал жаман адатынан арыла алган. Эгер ыпылас ойлор келсе, акылыңарды таза сакташ үчүн Жахабадан «адаттан тышкаркы күч» сурагыла (2 Корунттуктар 4:7; 1 Корунттуктар 9:27).

12. Эмне үчүн жүрөгүбүздү сакташыбыз керек?

12 Сулайман пайгамбар: «Сакташ керек болгондордун баарынан жүрөгүңдү сакта, анткени андан өмүр булактары чыгат»,— деп жазган (Накыл сөздөр 4:23). «Жүрөк» деген сөз адамдын Кудай көрүп турган ички дүйнөсүнө карата айтылат. Адатта, көргөн нерселерибиз бизге күчтүү таасир этет. Ишенимдүү Аюп пайгамбар: «Мен көзүм менен келишим түзгөм. Анда кызга көз кадоого кантип батынмак элем?» — деп айткан (Аюп 31:1). Биз да, Аюптан үлгү алып, эмнелерди карап жатканыбызга, эмнелер жөнүндө ойлонуп жатканыбызга кылдат көңүл бурушубуз керек. Ошондой эле, забурчудай болуп, Кудайдан: «Көзүмдү пайдасыз нерселерден оолак кыл»,— деп тилейбиз (Забур 119:37).

ДИНАНЫН АКЫЛСЫЗ ИШИ

13. Дина кандай адамдар менен достошуп кеткен?

13 Жакшы болобу, жаман болобу, достордун тийгизген таасири чоң. Досторуңар Кудайдын нормалары боюнча жашаса, силерге туура жолдон чыкпоого жардам берет. (Накыл сөздөр 13:20; окугула: 1 Корунттуктар 15:33.) Жакыптын кызы Динанын окуясынан досторду кылдат тандоонун маанилүүлүгүн көрө алабыз. Ал Жахабага сыйынган үй-бүлөдө чоңойгон. Дина түз жүргөн кыз эле, бирок Жахабага кызмат кылбаган канаандык кыздар менен жакын дос болуп кеткен. Канаандыктардын адеп-ахлактыкка карата көз карашы Кудайдын элиникинен кыйла айырмаланган. Алар аябай бузулган эл болгон (Лебилер 18:6—25). Бир жолу канаандык кыздар менен жүргөн Динага Шекем деген жигиттин көзү түшүп калган. Шекем урук-тукумунун «ичинен эң кадырлуусу эле». Бирок ал Жахабага сыйынчу эмес (Башталыш 34:18, 19).

14. Дина эмнеге туш болгон?

14 Динага ашык болуп калгандыктан Шекем «аны кармап алып, зордуктап койгон». Шекемдин ою боюнча, ал жаман деле эч нерсе кылган эмес. (Окугула: Башталыш 34:1—4.) Ошондон кийин Динаны жана анын бүт үй-бүлөсүн арты-артынан азапка салган көп жамандык болуп кеткен (Башталыш 34:7, 25—31; Галатиялыктар 6:7, 8).

15, 16. Канткенде акылдуу боло алабыз?

15 Жахабанын нормаларынын бизге эле пайдалуу экенин түшүнүш үчүн сөзсүз эле Динанын туура эмес ишин кайталоонун кажети жок. «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат» (Накыл сөздөр 13:20). Андыктан Ыйык Китептин жардымы менен «жакшылыктын бүт жолун түшүнгөнгө» бүт күчүңөрдү жумшагыла. Ошондо жөн жерден өзүңөрдү азапка салып кыйналбайсыңар (Накыл сөздөр 2:6—9; Забур 1:1—3).

16 Канткенде акылдуу боло алабыз? Ан үчүн Кудайдын Сөзүн окушубуз, чечим чыгарарда тиленишибиз, ишенимдүү кул берген кеңештерге кулак кагышыбыз керек (Матай 24:45; Жакып 1:5). Албетте, баарыбыз эле жеткилең эмес алсыз пенде экенибизди моюнга алабыз (Жеремия 17:9). Бирок кимдир бирөө силерге бузуктуктун кылтагына түшүү коркунучу алдында турганыңарды эскертсе, кандай кабыл аласыңар? Таарынасыңарбы же анын жардамын кабыл аласыңарбы? (2 Падышалар 22:18, 19).

17. Ишенимдештерибиз кандайча жардам бериши мүмкүн? Мисал келтиргиле.

17 Мисалга мындай жагдайды алалы. Жумушундагы бир жигит ишенимдешибизге өзгөчө көңүл бура баштайт, анан бир жакка чакырат. Ал Жахабага кызмат кылбаганы менен, жакшы эле жигиттей көрүнөт. Алардын чогуу жүргөнүн көрүп калган башка бир тууганыбыз ага туура эмес жолдо баратканын айтып эскерткенге аракет кылат. Тиги ишенимдешибиз кеңешти кандай кабыл алат? Шак эле актанып киреби же кеңештин орундуу экенин мойнуна алабы? Ал Жахабаны жакшы көрүшү, туура иш кылууну каалашы мүмкүн. Бирок ошол жигит менен жолуга берсе, «бузуктуктан качкан» болобу же «өз жүрөгүнө таянган» болобу? (Накыл сөздөр 22:3; 28:26; Матай 6:13; 26:41).

ЖУСУПТАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА

18, 19. Жусуп бузуктуктан кантип качкан?

18 Бойго жетип калган кезинде Жусуп Мисирге кулчулукка сатылып кеткен. Анын мырзасынын аялы күн сайын аны бузуктук кылганга көндүрүүгө аракет кыла берген. Бирок Жусуп мунун күнөө экенин билген. Ал Жахабаны жакшы көргөндүктөн жана анын ырайымынан ажырагысы келбегендиктен аялдын тынбай жабышканына карабай бекем турган. Кул болгондуктан Жусуп ал үйдөн жөн эле кетип кала албайт болчу. Бир күнү мырзасынын аялы Жусупка асылганда, ал үйдөн качып чыккан. (Окугула: Башталыш 39:7—12.)

19 Эгер Жусуп ал аялды ойлоп, ыпылас кыялдарга батып жүргөн болсо, анда баары такыр башкача болмок. Бирок Жусуп үчүн Жахаба менен болгон мамилеси баарынан маанилүү болгон. Ал мырзасынын аялына: «Мырзам мага сизден башка эч нерсеге тыюу салган эмес, анткени сиз анын аялысыз. Анан кантип мен ушундай жаман ишке барып, Кудайга каршы күнөө кылайын?» — деген (Башталыш 39:8, 9).

20. Жахаба Жусупту көрүп кубанган деп эмне үчүн айта алабыз?

20 Жусуп өз жеринен, үй-бүлөсүнөн алыс жүрсө да, Кудайга болгон берилгендигинен жазган эмес. Ошон үчүн Кудай ага батасын берген (Башталыш 41:39—49). Жахаба анын түз жүргөнүн көрүп кубанган (Накыл сөздөр 27:11). Ооба, бузуктукка азгырылбай туруштук берүү оңой иштерден эмес. Бирок: «Жахабаны жакшы көргөндөр, жамандыкты жек көргүлө. Ал ишенимдүү кызматчыларынын жанын сактайт, аларды ыймансыздардын колунан куткарат»,— деген сөздөрдү эч качан унутпагыла (Забур 97:10).

21. Бир жаш ишенимдешибиз Жусуптан кандай үлгү алган?

21 Жахабанын эли «жамандыкты жек көрүп», «жакшылыкты жакшы көрөрүн» көрсөтүш үчүн күн сайын күрөшүп келет (Амос 5:15). Канча жашта болбогула, Жахабага ишенимдүү бойдон кала аласыңар. Бир жаш ишенимдешибиздин окуясына токтололу. Мектепте бир кыз ага, эгер математика боюнча сынактан өткөнгө жардам берсе, аны менен жыныстык катнашта болорун ачык эле сунуштаган. Ошондо ал Жусуптай иш кылган. Ал: «Мен анын сунушун дароо эле четке кактым. Кынтыксыздыгымдан жазбаганым үчүн кадыр-баркымды, өзүн-өзү сыйлоо сезимимди сактап калдым»,— деген. Бузуктук «убактылуу ырахат» тартуулашы мүмкүн, бирок, адатта, акырында жүрөктү сыздатып, азапка салат (Еврейлер 11:25). Ал эми Жахабага ар дайым тил алуу бакытка жол ачат (Накыл сөздөр 10:22).

ЖАХАБАНЫН ЖАРДАМЫН КАБЫЛ АЛГЫЛА

22, 23. Эгер олуттуу күнөө кетирип алсак, аксакалдар кантип жардам беришет?

22 Шайтан бузуктукту колдонуп бизди кылтакка түшүрүүнү көздөйт. Ал кылтактан качуу чындап эле оор. Ар бирибизге эле анда-санда туура эмес ойлор келген учурлар болот (Римдиктер 7:21—25). Бирок Жахаба муну жакшы түшүнөт жана биздин «топурак экенибизди унутпайт» (Забур 103:14). Кудайдын кызматчысы жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жаткан олуттуу күнөө кылып алсачы? Бул иштин баары бүттү дегенди билдиреби? Жок. Эгер ал чындап өкүнсө, Жахаба ага жардам берет. Анткени ал «кечирүүгө даяр» (Забур 86:5; Жакып 5:16; окугула: Накыл сөздөр 28:13).

23 Мындан тышкары, Жахаба «адам түрүндөгү белектерди» — камыбызды ойлогон мээримдүү аксакалдарды — берген (Эфестиктер 4:8, 12; Жакып 5:14, 15). Алар Жахаба менен болгон мамилебизди калыбына келтирүүгө жардам беришет (Накыл сөздөр 15:32).

«АКЫЛДУУ ЖҮРӨККӨ ЭЭ БОЛГУЛА»

24, 25. «Акылдуу жүрөк» деген эмне жана ал бузуктуктан качууга кандайча жардам берет?

24 Дайыма туура чечим чыгарыш үчүн Жахабанын мыйзамдары биз үчүн канчалык пайдалуу экенин түшүнүшүбүз керек. Биз Накыл сөздөр 7:6—23-аяттарда айтылган жигиттей болуп калгыбыз келбейт. Ал «акылдуу жүрөккө» ээ болбогондуктан, кайырмакка илинип, бузуктук кылган. Акылдуу болуу тек гана кандайдыр бир билимге ээ болууну билдирбейт. Бул Кудайдын кандай ой жүгүртөрүн түшүнүүгө жана ошого ылайык жашоого аракет кылууну туюнтат. «Акылдуу жүрөккө ээ болууга умтулган өз жанын жакшы көрөт. Кыраакылыкты сактаган жакшылык табат»,— деген сөздөрдү эсибизден чыгарбайлы (Накыл сөздөр 19:8).

25 Кудайдын нормаларынын туура экенине шектенбейсиңерби? Аларга ылайык жашоо бактылуу кыларына бекем ишенесиңерби? (Забур 19:7—10; Ышая 48:17, 18). Эгер буга ынана элек болсоңор, Жахабанын силерге кылган бардык жакшылыктары тууралуу ой жүгүртүп көргүлө. «Татып көргүлө, ошондо Жахабанын канчалык жакшы экенин билесиңер» (Забур 34:8). Жахабанын силер үчүн кылган жакшылыктары тууралуу канчалык көбүрөөк ойлонгон сайын, ошончолук аны көбүрөөк жакшы көрө баштайсыңар. Ал жакшы көргөндү жакшы көрүп, ал жек көргөндү жек көргүлө. Акылыңарды жакшы ойлорго толтургула: эмне чындык, эмне адил, эмне таза, эмне сүйүүгө татыктуу болсо, эмне жакшылык деп эсептелсе, ошолор тууралуу ой жүгүрткүлө (Филипиликтер 4:8, 9). Ошондо, Жусуптай болуп, Жахабанын акыл-насаатынын пайдасын көрөсүңөр (Ышая 64:8).

26. Кийинки бөлүмдөрдө эмне жөнүндө сөз жүрөт?

26 Жахаба бойдоктордун да, үй-бүлөлүүлөрдүн да жашоодон рахат алып, бактылуу болушун каалайт. Кийинки эки бөлүмдө үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу болууга жардам бере турган кеңештер камтылат.