Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

Кудайды сүйгөндөр менен достошкула

Кудайды сүйгөндөр менен достошкула

«Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот» (НАКЫЛ СӨЗДӨР 13:20).

1—3. а) Накыл сөздөр 13:20да айтылгандардан эмнеге үйрөнө алабыз? б) Досторду эмне үчүн кылдат тандашыбыз керек?

 КИЧИНЕКЕЙ баланын ата-энесин көзүн албай караарын байкадыңар беле? Ал тили чыкканга чейин эле уккан-көргөн нерселеринин баарын сиңире берет. Ал эми бир аз чоңоюп калганда ата-энесин оңой эле туурай баштайт. Чоң кишилердин да ким менен көп убакыт өткөрсө, ошолордой ойлонуп, ошолордой иш кыла баштаганы таң калыштуу эмес.

2 Накыл сөздөр 13:20да: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот»,— деп жазылган. Биз кимдир бирөө менен достошсок, аны менен көп убакыт өткөрөбүз. Ошондой эле аны жакшы көрүп, аны менен ынак болобуз. Кимдер менен достошсок, адатта, алар бизге күчтүү таасир этет.

3 Досторубуз бизге же жакшы, же жаман таасир этиши мүмкүн. Накыл сөздөр 13:20да андан ары: «Ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат»,— деп жазылган. «Мамилелешүү» деген еврей сөзү кимдир бирөө менен достошууну билдирет (Накыл сөздөр 22:24). Кудайды сүйгөндөр менен достошсок, алар бизди Кудайга болгон берилгендигибизди сактоого үндөйт. Достук мамиле түзүүдө акыл-эстүү болуш үчүн, келгиле, Жахаба кандай адамдар менен дос болууну тандаарын карап көрөлү.

КИМДЕР КУДАЙДЫН ДОСУ БОЛО АЛАТ?

4. Кудайдын досу болуу эмне үчүн чоң сыймык? Жахаба эмне үчүн Ыбрайым пайгамбарды «досум» деп атаган?

4 Ааламдын Эгедери Жахаба бизге өзүнүн досу болууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Бул — чоң сыймык. Жахаба баары менен эле достошо бербейт. Ал аны сүйүп, ага ишенгендер менен достошот. Мисалга Ыбрайым пайгамбарды алалы. Ал Кудай үчүн баарын кылууга даяр болгон. Ыбрайым пайгамбар Кудайга ишенимдүү экенин жана ага баш иерин көп жолу көрсөткөн. Атүгүл уулу Ыскакты курмандыкка чалууга даяр болгон. Анткени «уулун өлгөндөрдүн арасынан тирилтүүгө Кудайдын кудурети жетерине» эч шектенген эмес (Еврейлер 11:17—19; Башталыш 22:1, 2, 9—13). Мына ушу себептерден улам Жахаба аны «досум» деп атаган (Ышая 41:8; Жакып 2:21—23).

5. Жахаба өзүнө берилгендик сактагандарга кандай мамиле кылат?

5 Жахаба досторун абдан баалайт. Анын достору ага берилгендик сактоону баарынан маанилүү деп эсептешет. (Окугула: 2 Шемуел 22:26.) Алар Жахабага аны сүйгөндүктөн баш ийишет жана берилгендигин сакташат. Ыйык Китепте Кудайдын ага баш ийген, «чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болору» айтылган (Накыл сөздөр 3:32). Жахаба досторун өзүнүн «чатырында» сыйлуу конок болгонго чакырат. Ал аларды ага сыйынууга жана кайсы убакта болбосун, андан тиленүүгө үндөйт (Забур 15:1—5).

6. Исаны жакшы көрөрүбүздү кантип көрсөтө алабыз?

6 Иса пайгамбар: «Ким мени сүйсө, ал менин сөздөрүмдү аткарат. Ошондуктан Атам аны сүйөт»,— деп айткан (Жакан 14:23). Демек, Жахабанын досу болуш үчүн Исаны да сүйүшүбүз жана айткандарын аткарышыбыз керек. Алсак, биз Исанын жакшы кабарды жарыялоого жана шакирт даярдоого байланыштуу буйругун аткарабыз (Матай 28:19, 20; Жакан 14:15, 21). Исаны жакшы көргөндүктөн «анын изи менен так жүрөбүз» (1 Петир 2:21). Сөзүбүз менен болобу, ишибиз менен болобу, Исадан үлгү алууга бүт күчүбүздү жумшасак, Жахаба муну көрүп абдан сүйүнөт.

7. Досторубуздун Жахабанын да достору болгону эмне үчүн маанилүү?

7 Жахабанын достору ага ишенимдүүлүгүн сактайт, баш иет, берилгендигин сактайт жана анын Уулун жакшы көрүшөт. Силердин досторуңар да ушундай адамдарбы? Эгер алар жашоосунда Исадан үлгү алган, башкаларды Кудайдын Падышалыгы тууралуу окуткан адамдар болсо, анда силерге жакшы адам болууга жана Жахабага берилгендик сактоого жардам бере алышат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ КААРМАНДАРДАН ҮЛГҮ АЛГЫЛА

8. Силерге Наами менен Руттун достугунун эмнеси жагат?

8 Ыйык Китепте көптөгөн адамдардын бекем достугу жөнүндө айтылган. Маселен, Рут менен анын кайын энеси Нааминин ортосундагы мамилени алалы. Алардын жери, маданияты, көргөн тарбиясы бири-бириникинен кыйла айырмаланган. Албетте, Наами Руттан бир топ улуу болгон. Ошентсе да алар ынак достордон болуп калышкан. Анткени экөө тең Жахабаны жакшы көргөн. Наами Маап жерин таштап, Ысрайылга кайтмакчы болгондо, Рут аны менен барууну чечкен. Ал кайын энесине: «Сиздин элиңиз менин элим болот, сиздин Кудайыңыз менин Кудайым болот»,— деп айткан (Рут 1:14, 16). Рут кайын энесине аябай жакшы мамиле кылган. Алар Ысрайылга келгенде, Рут ага кам көрүш үчүн кара жанын карч уруп иштеген. Наами да келинин аябай жакшы көргөн жана бир жолу ага жакшы кеңеш берген. Рут анын тилин алып, натыйжада экөө тең Кудайдан мол бата алышкан (Рут 3:6).

9. Силерди Дөөтү менен Жонатандын достугунун эмнеси таасирлентти?

9 Жахабага берилгендигин сакташкан Жонатан менен Дөөтү да ортосунан кыл өтпөс дос болушкан. Жонатан Дөөтүдөн 30 жаштай улуу болгон. Ал атасынан кийин Ысрайылга падыша болмок (1 Шемуел 17:33; 31:2; 2 Шемуел 5:4). Бирок Жахабанын падыша кылып Дөөтүнү тандаганын билгенде көрө албастык кылган эмес, атаандашкан да эмес. Кайра колунан келишинче аны колдогон. Мисалы, Дөөтүнүн өмүрүнө коркунуч туулганда, «Кудайга болгон ишенимин бекемдеп», ага жардам берген. Атүгүл Дөөтү үчүн өз өмүрүн тобокелге салган учуру да болгон (1 Шемуел 23:16, 17). Дөөтү да берилген дос болгон. Ал Жонатандын үй-бүлөсүнө кам көрөрүн убада кылган жана ал убадасын Жонатандын көзү өтүп кеткенден кийин да аткарган (1 Шемуел 18:1; 20:15—17, 30—34; 2 Шемуел 9:1—7).

10. Үч достун мисалынан эмнеге үйрөнө аласыңар?

10 Бала кезинде эле Бабылга туткундалып кеткен Шадрах, Мешах, Абетнего деген үч еврей жигит да жакшы достордон болушкан. Үй-бүлөсүнөн алыс жерде жүргөндө Жахаба Кудайына берилген бойдон калыш үчүн алар бири-бирине жөлөк болушкан. Чоңоюп-жетилгенден кийин алардын Кудайга болгон ишеними сыналган: Небухаданасар падыша аларга алтындан жасалган айкелге табынууну буйрук кылган. Ошондо ал үчөө айкелге сыйынуудан баш тартып, падышага: «Падыша, кудайларыңызга кызмат кылбай турганыбыз, орноткон алтын айкелиңизге сыйынбай турганыбыз сизге маалым болсун»,— дешкен. Ошентип, ишеними сыналганда үчөө тең Кудайга болгон берилгендигинен жазган эмес (Даниел 1:1—17; 3:12, 16—28).

11. Элчи Пабыл менен Тиметей кантип жакшы дос болуп калышкан?

11 Элчи Пабыл Тиметей деген жаш жигитти жолуктурганда анын Жахаба Кудайды абдан сүйөрүн жана жыйналыштагыларга чын ыкластан кам көрөрүн байкаган. Ошондон кийин Тиметейге дагы башка көп жактагы бир туугандарга жардам бергенди үйрөткөн (Элчилер 16:1—8; 17:10—14). Тиметей ошол ишти жанын берип аткаргандыктан, Пабыл ал жөнүндө: «Жакшы кабар таратууда мени менен бирге кулдай кызмат кылган»,— деп айткан. Пабыл анын бир туугандарга «чын жүрөктөн» кам көрөрүн билген. Ошентип, экөө чогуу Кудайга ынталуу кызмат кылып жүрүп жакшы дос болуп калышкан (Филипиликтер 2:20—22; 1 Корунттуктар 4:17).

КИМДЕР МЕНЕН ДОС БОЛУШ КЕРЕК?

12, 13. а) Эмне үчүн жыйналыштан да дос тандоодо абайлашыбыз керек? б) Пабыл 1 Корунттуктар 15:33төгү кеңешти эмне үчүн берген?

12 Жыйналыштагы бир туугандардан көп нерсеге үйрөнө алабыз жана бири-бирибиздин Кудайга болгон ишенимибизди бекемдей алабыз. (Окугула: Римдиктер 1:11, 12.) Ошентсе да атүгүл жыйналыштын ичинен да кимдир бирөө менен достошордо этият болушубуз керек. Жыйналышта чоңоюп-өскөн чөйрөсү, жашоосу, маданияты ар кандай адамдар бар. Алардын айрымдары Жахабага жаңыдан кызмат кыла баштаса, кээ бири көп жылдан бери кызмат кылып келатат. Мөмөнүн бышып-жетилишине убакыт керек болгондой эле, адамдын Жахаба менен мамиле түзүп, рухий жактан жетилишине да убакыт керек. Ошондуктан бири-бирибизге чыдамкай болуп, бири-бирибизди сүйүшүбүз жана достук мамиле түзгөндө дайыма акыл-эстүү болушубуз кажет (Римдиктер 14:1; 15:1; Еврейлер 5:12—6:3).

13 Кээде жыйналышта өзгөчө сак болууну талап кылган олуттуу жагдайлар болуп калышы ыктымал. Алсак, кимдир бирөө Ыйык Китепте туура эмес экени айтылган ишти жасап жүрүшү мүмкүн. Же бүт жыйналышка зыянын тийгизе тургандай нааразычылык рухун өрчүтүп алышы мүмкүн. Буга таң калбашыбыз керек. Себеби 1-кылымда деле жыйналышта ушу сыяктуу көйгөйлөр болгон. Элчи Пабыл бир жолу ишенимдештерине: «Алданбагыла. Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат»,— деп эскерткен (1 Корунттуктар 15:12, 33). Ал ошондой эле Тиметейге да ким менен жакын дос болуу керектигин билип, сак болушу керектигин айткан. Анын кеңеши бизге да тиешелүү. (Окугула: 2 Тиметей 2:20—22.)

14. Кимдер менен дос болорубуз Жахаба менен болгон мамилебизге кандай таасир этет?

14 Биз Жахаба менен болгон мамилебизди сактап-коргоого тийишпиз. Бул — биздин эң баалуу нерсебиз. Андыктан ага болгон ишенимибизди солгундатып коё тургандар жана аны менен болгон мамилебизди бузуп коё тургандар менен жакын болуудан сак болушубуз кажет. Кебезди кир сууга малып, таза суу сиңирет деп күтпөгөндөй эле, жаман кишилер менен достошсок, туура иш кылабыз деп күтпөшүбүз керек. Демек, ким менен жакын дос болууну билишибиз керек (1 Корунттуктар 5:6; 2 Тесалоникалыктар 3:6, 7, 14).

Жахабаны жакшы көргөн жакшы досторду таба аласыңар

15. Жыйналыштан жакшы досторду кантип тапса болот?

15 Жахабаны чындап сүйгөн адамдарды жыйналыштан табууга болот. Алар силерге жакын дос боло алышат (Забур 133:1). Досту курдаштарыңардын же өзүңөргө окшош адамдардын арасынан эле издебегиле. Жонатан Дөөтүдөн алда канча улуу болгонун, ал эми Рут Наамиден алда канча кичүү болгонун эстесеңер. Ыйык Китепте: «Жүрөгүңөрдү кенен ачкыла»,— деген кеңеш берилген. Баарыбыз ошого ылайык иш кылгыбыз келет. (2 Корунттуктар 6:13; окугула: 1 Петир 2:17.) Ошондой эле Жахабадан канчалык көп үлгү алсак, ошончолук башкалар биз менен дос болууну каалашат.

КЫЙЫНЧЫЛЫКТАР БОЛГОНДО...

16, 17. Жыйналыштагылардын бири көңүлүбүздү оорутуп койсо, эмне кылуудан сак болушубуз керек?

16 Бир үй-бүлөдө деле ар кимдин кулк-мүнөзү, көз карашы ар кандай болот. Жыйналыш тууралуу да ушуну айтса болот. Жашообуз мына ошондой түрдүүлүктүн аркасында кызыктуу. Андан сырткары, бири-бирибизден көп нерсеге үйрөнө алабыз. Бирок кээде ушундай айырмачылыктан улам түшүнбөстүктөр пайда болуп, башкаларга кыжырданышыбыз мүмкүн. Же кимдир бирөө бизди таарынтып коюшу, көңүлүбүздү оорутуп коюшу ыктымал (Накыл сөздөр 12:18). Ушу сыяктуу нерселердин айынан ындыныбыз өчүп, жыйналыштан алыстап кетишибиз керекпи?

17 Жок. Кимдир бирөө көңүлүбүздү калтырып койгон күндө да, жыйналыштан алыстабашыбыз керек. Себеби бизди Жахаба таарынткан жок. Ал бизге өмүр жана башка көптөгөн нерселерди берген. Жахаба аны сүйүшүбүзгө жана ага берилгендик сакташыбызга татыктуу (Аян 4:11). Жыйналыш — ишенимибизди бекем сактоого жардам бериш үчүн Жахабанын берген белеги (Еврейлер 13:17). Кимдир бирөө бизди капалантып койгону үчүн эле Кудайдын андай белегин четке кагып салбашыбыз керек. (Окугула: Забур 119:165.)

18. а) Ишенимдештерибиз менен жакшы мамиледе болууга эмне жардам берет? б) Башкаларды эмне үчүн кечиришибиз керек?

18 Биз ишенимдештерибизди жакшы көрөбүз жана алар менен жакшы мамиледе болгубуз келет. Жахаба бир да адамдан жеткилең болууну талап кылбайт, биз да талап кылбашыбыз керек (Накыл сөздөр 17:9; 1 Петир 4:8). Баарыбыз эле жаңылып-жазабыз, бирок сүйүү бири-бирибизди «айкөлдүк менен кечирүүгө» жардам берет (Колосалыктар 3:13). Ошондой эле ал сапат кенедей түшүнбөстүктү чоң көйгөйгө айлантып жибергенден сактайт. Албетте, кимдир бирөө көңүлдү оорутуп койгондо, ал жөнүндө ойлонбой коюу кыйын. Ачууланып, нааразы болушубуз ыктымал. Бирок анте турган болсок, кыжырданып жүрө беришибиз жана бактысыз болуп калышыбыз мүмкүн. Ал эми кечирсек, жан дүйнөбүз тынч болот, жыйналыштагы биримдик да сакталат. Баарынан маанилүүсү, Жахаба менен жакшы мамиледе болобуз (Матай 6:14, 15; Лука 17:3, 4; Римдиктер 14:19).

КИМДИР БИРӨӨ ЖЫЙНАЛЫШТАН ЧЫГАРЫЛГАНДА...

19. Кандай учурларда кимдир бирөө менен мамилебизди токтотушубуз керек?

19 Ынтымактуу үй-бүлөдө баары бири-биринин жыргалчылыгын ойлойт. Ошондой үй-бүлөдө бирөөнүн ээн баш чыкканын элестетсеңер. Үйүндөгүлөрүнүн баары ага оңолууга жардам берүүгө көп жолу аракет кылышат. Бирок ал оңолбой коёт. Андай киши үйдөн өзү кетип калышы же аны атасы кетирип жибериши мүмкүн. Жыйналышта да ушу сыяктуу нерсе болушу ыктымал. Кимдир бирөө Жахабага жакпаган ишти кылганын токтотпой, жыйналышка терс таасир тийгизиши мүмкүн. Ал башкалардын оңдоп-түзөгөнүн кабыл албай, кылган иши менен жыйналыштын мүчөсү болууну каалабай турганын көрсөтүшү мүмкүн. Андай киши жыйналыштан өзү кетип калышы же чыгарылышы мүмкүн. Ыйык Китепте андай жагдайда «аны менен мындан ары мамилелешпешибиз» керектиги так-даана жазылган. (Окугула: 1 Корунттуктар 5:11—13; 2 Жакан 9—11.) Эгер ал досубуз же үй-бүлөбүздүн мүчөсү болсо, бул буйрукка баш ийүү оңой эмес. Бирок кимдир бирөөгө караганда Жахабага болгон берилгендигибиз күчтүүрөөк болушу керек. (8-тиркемени карагыла.)

20, 21. а) Жыйналыштан чыгаруу чарасы кандайча сүйүүнүн белгиси болуп эсептелет? б) Досторду эмне үчүн акылдуулук менен тандашыбыз керек?

20 Жыйналыштан чыгаруу чарасы Жахабанын сүйүүсүн айгинелейт. Мындай чара жыйналышты Жахабанын адеп-ахлак нормаларына карманууну каалабагандардын таасиринен сактайт (1 Корунттуктар 5:7; Еврейлер 12:15, 16). Жахабанын ыйык ысымын, бийик нормаларын жана анын өзүн сүйөрүбүздү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет (1 Петир 1:15, 16). Ошондой эле жыйналыштан чыгарылып калган кишиге да сүйүү көрсөтүү болуп эсептелет. Себеби мындай оңдоп-түзөө чарасы ага эмне кылып жатканын түшүнүүгө жана оңолууга түрткү бериши мүмкүн. Жыйналыштан чыгарылгандардын арасынан көптөр кийинчерээк кайрадан Жахабанын жолуна түшүп, жыйналышка жылуу кабыл алынышкан (Еврейлер 12:11).

21 Кандай болбосун, досторубуздун бизге тийгизген таасири чоң. Андыктан аларды ылгай билгенибиз жакшы. Эгер Жахабаны жакшы көргөндөрдү жакшы көрсөк, ага түбөлүккө берилгендигибизди сактаганга жардам бере турган адамдардын курчоосунда болобуз.