Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

Канткенде дүйнөгө таандык болбойбуз?

Канткенде дүйнөгө таандык болбойбуз?

«Бул дүйнөгө таандык болбогула» (ЖАКАН 15:19).

1. Өлөр алдында Иса пайгамбарды эмне тынчсыздандырган?

 ИСА ПАЙГАМБАР өлөр алдындагы түн. Ал шакирттерин калтырып кетерин билгендиктен алардын келечегин ойлоп тынчсызданып турат. Ал шакирттерине алардын «бул дүйнөгө таандык» эмес экендигин айтат (Жакан 15:19). Анан ошол эле түнү Кудайга кайрылып тиленгенде алар жөнүндө: «Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес»,— деп айтат (Жакан 17:15, 16). Ал муну менен эмне дегиси келген?

2. Иса пайгамбар айткан «дүйнө» эмнени билдирет?

2 Иса пайгамбар айткан «дүйнө» Кудайды тааныбаган жана Шайтандын бийлиги алдында жашап жаткан адамдарды билдирет (Жакан 14:30; Эфестиктер 2:2; Жакып 4:4; 1 Жакан 5:19). Анда канткенде «бул дүйнөгө таандык болбойбуз»? Бул бөлүмдө мунун бир нече жолу каралат: 1) Кудайдын Падышалыгына болгон берилгендигибизди сактап, саясатка аралашпай бейтараптуу болуу; 2) дүйнөнүн рухунун таасирине алдырбоо; 3) кийген кийимибиз жана сырткы көрүнүшүбүз менен уят-сыйыттуулукту чагылдыруу; 4) акчага карата тең салмактуу көз карашта болуу; 5) «Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралдануу». (16-тиркемени карагыла.)

КУДАЙДЫН ПАДЫШАЛЫГЫНА БЕРИЛГЕНДИК САКТАГЫЛА

3. Иса пайгамбар саясатка кандай караган?

3 Иса пайгамбар жерде жүргөндө адам баласынын турмушу оор экендигин көргөн. Ошондуктан элге жардам бергиси келген. Бирок ал саясий ишмер болду беле? Жок. Ал бардык адамдарга Кудайдын Падышалыгы, башкача айтканда, өкмөтү керек экенин жакшы түшүнгөн. Келечекте ал ошол Падышалыктын Падышасы болмок. Иса пайгамбар айткан кабардын өзөгүн так ошол Падышалык тууралуу кабар түзгөн (Даниел 7:13, 14; Лука 4:43; 17:20, 21). Иса саясатка аралашкан эмес, ал дайыма бейтараптуулукту сактаган. Бир жолу Понтий Пилат деген башкаруучунун алдына барганда: «Менин Падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деп айткан (Жакан 18:36). Анын шакирттери да саясий иштерде бейтараптуу болушкан. Буга байланыштуу бир китепте Иса Машаяктын 1-кылымдагы жолдоочулары эч кандай «саясий абалды ээлешпегени» жазылган («On the Road to Civilization»). Бүгүнкү күндөгү Исанын жолдоочулары тууралуу да ушуну айтууга болот. Биз Кудайдын Падышалыгын берилгендик менен колдойбуз жана бул дүйнөнүн саясий иштеринде бейтараптуулук сактайбыз (Матай 24:14).

Кудайдын Падышалыгын эмне үчүн колдоп жатканыңарды түшүндүрө аласыңарбы?

4. Иса Машаяктын чыныгы жолдоочулары Кудайдын Падышалыгын кантип колдошот?

4 Кайсы бир өлкөнүн элчилери өздөрү барган чет өлкөнүн ички саясатына кийлигишпейт. Себеби алар башка өкмөттүн өкүлү болуп эсептелет. Машаяк менен бирге асмандан падышалык кыла турган майлангандар жөнүндө да ушуну айтууга болот. Элчи Пабыл ошондой майлангандарга: «Машаяктын атынан жиберилген Падышалыктын элчилерибиз»,— деп жазган (2 Корунттуктар 5:20). Майлангандар — Кудайдын өкмөтүнүн өкүлдөрү. Ошондуктан бул дүйнөнүн саясий жана мамлекеттик иштерине аралашышпайт (Филипиликтер 3:20). Алар миллиондогондорго Кудайдын Падышалыгы жөнүндө билгенге жардам берип келатышат. Ал эми жаңы дүйнөдө түбөлүк жашоого үмүттөнүп жаткан «башка койлор» майлангандарды колдошот. Алар да саясий иштерде бейтараптуулукту сакташат (Жакан 10:16; Матай 25:31—40). Ооба, Иса Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын бири да бул дүйнөнүн саясатына аралашпайт. (Окугула: Ышая 2:2—4.)

5. Иса Машаяктын жолдоочуларынын согуштарга катышпаганынын бир себеби эмнеде?

5 Исанын чыныгы жолдоочулары бири-бирин бир тууганындай көрөт жана кайсы өлкөдөн болбосун, тек жайы кандай болбосун, биримдикти сакташат (1 Корунттуктар 1:10). Андыктан эгер согушка бара турган болсок, бир туугандарыбыз менен согушуп калмакпыз. Иса пайгамбар болсо бир туугандарыбызды сүйүүнү буйрук кылган (Жакан 13:34, 35; 1 Жакан 3:10—12). Ал эле эмес, душманыбызды сүйүшүбүз керектигин айткан (Матай 5:44; 26:52).

6. Исанын жолдоочулары өкмөттөргө карата кандай көз карашта?

6 Иса Машаяктын жолдоочулары саясий иштерде бейтараптуу болушса да, жакшы жарандардан болууга аракет кылышат. Мисалы, биз бийликти урматтаарыбызды мыйзамдарга баш ийгенибиз, салыктарды төлөгөнүбүз менен көрсөтөбүз. Бирок дайыма «Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергенге» аракет кылабыз (Марк 12:17; Римдиктер 13:1—7; 1 Корунттуктар 6:19, 20). «Кудайга тиешелүү» нерселерге ага болгон сүйүү, баш ийүү жана сыйынуу кирет. Биз үчүн Кудайга баш ийүү өмүрүбүздөн да артык. (Лука 4:8; 10:27; окугула: Элчилер 5:29; Римдиктер 14:8.)

«БУЛ ДҮЙНӨНҮН РУХУНА» КАРШЫ ТУРГУЛА

7, 8. «Дүйнөнүн руху» деген эмне жана ал адамдарга кандай таасир этет?

7 Шайтандын дүйнөсүнө таандык болбоо деген «дүйнөнүн рухунун» таасир этишине жол бербөө дегенди билдирет. Андай рух Шайтанга жаккан ой жүгүртүүнү, жүрүм-турумду чагылдырат жана Жахабага сыйынбагандарды бийлеп алат. Бирок Жахабанын кызматчылары андай рухка каршы турушат. Элчи Пабыл: «Биз дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдан келген рухту алганбыз»,— деп жазган. (1 Корунттуктар 2:12; Эфестиктер 2:2, 3; 17-тиркемени карагыла.)

8 Бул дүйнөнүн рухунун таасиринен улам адамдар өзүмчүл, текебер жана козголоңчул болуп калышат. Ошондуктан Кудайга баш ийүүнүн кереги жок деп ойлошот. Шайтан адамдардын кесепетин ойлобой эле каалаган нерсесин кыла беришин каалайт. Ошондой эле жашоодо баарынан маанилүүсү «дене кумарын», «көз кумарын» канааттандыруу дегенге ишендиргиси келет (1 Жакан 2:16; 1 Тиметей 6:9, 10). Шайтан, өзгөчө, Жахабанын кызматчыларын алдап-адаштырып, өзү ойлонгондой ойлонууга түртүүгө аракет кылат (Жакан 8:44; Элчилер 13:10; 1 Жакан 3:8).

9. Дүйнөнүн руху кантип таасир этиши мүмкүн?

9 Биз дем алып жаткан аба бардык жакта болгондой эле, бул дүйнөнүн руху да бардык жакта бар. Андыктан ага бүт күчүбүздү жумшап каршы турбасак, сөзсүз таасир этет. (Окугула: Накыл сөздөр 4:23.) Анын таасири эч кандай деле зыяны жоктой көрүнгөн нерселерден башталышы мүмкүн. Маселен, Жахабага сыйынбагандардын көз карашынын жана маанайынын бизге таасир этишине жол берип коюшубуз ыктымал (Накыл сөздөр 13:20; 1 Корунттуктар 15:33). Же порнография, чындыктан четтөөчүлүк, же болбосо атаандаштык руху өкүм сүргөн спорт оюндары сыяктуу нерселердин таасирине алдырып коюшубуз мүмкүн. (18-тиркемени карагыла.)

10. Дүйнөнүн рухуна кантип каршы тура алабыз?

10 Анда дүйнөнүн рухунун таасиринен кантип коргоно алабыз? Ан үчүн дайыма Жахабага жакын болуп, анын акыл-насаатына жетектелишибиз керек. Андан дайыма ыйык рух сурап, ага талыкпай кызмат кылышыбыз керек. Ааламда Жахабадан кудуреттүү эч ким жок. Андыктан дүйнөнүн рухуна каршы турууга бизге жардам бере аларына толук ишенсек болот (1 Жакан 4:4).

КУДАЙГА УРМАТ КӨРСӨТКҮДӨЙ КИЙИНГИЛЕ

11. Бул дүйнөнүн руху адамдардын кийимге болгон көз карашына кандай таасир этүүдө?

11 Дүйнөгө таандык эмес экенибиз кийимибизден, сырткы көрүнүшүбүздөн да көрүнөт. Дүйнөдө көптөр өзүнө көңүл бурдургудай, башкалардын кумарын ойготкудай, коомго каршы экени же бай экени көрүнүп тургудай кийинишет. Ал эми кээ бирлер сырткы көрүнүшүнө такыр эле маани бербейт. Андай адамдардын сырткы көрүнүшү, кийими тыкан эмес, кир болушу мүмкүн. Биз сырткы көрүнүшкө, кийимге карата болгон көз карашыбызга Жахабага сыйынбагандардын көз карашы таасир этишине жол бербешибиз керек.

Жахабага даңк алып келгидей кийинемби?

12, 13. Кийим-кечек тандоодо кайсы принциптер жардам берет?

12 Жахаба Кудайдын кызматчылары катары биз дайыма таза, тыкан, жарашыктуу жана жагдайга ылайыктуу кийингенге аракет кылабыз. Ошондой эле «Кудайга сыйынарыбыз» көрүнүп турушу үчүн, «уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүк менен» кийинебиз (1 Тиметей 2:9, 10; Жүйүт 21).

13 Кийген кийимибиз башкалардын Жахаба Кудай жөнүндөгү жана анын кызматчылары жөнүндөгү оюна таасир этиши мүмкүн. Биз болсо «баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыбыз» келет (1 Корунттуктар 10:31). Уят-сыйыттуулук башкалардын сезимин, көз карашын урматтап-сыйлоону камтыйт. Ошондуктан кийимибиз же сырткы көрүнүшүбүз башкаларга таасир этерин эстен чыгарбаганыбыз зарыл (1 Корунттуктар 4:9; 2 Корунттуктар 6:3, 4; 7:1).

14. Рухий иштерди аткарууда кийген кийимибиз тууралуу эмне деп ойлонушубуз керек?

14 Жыйналышка барганда же кабар айтуу кызматына чыкканда кандай кийинебиз? Өзүбүзгө ашыкча көңүл бурдурбайбызбы? Башкалар өзүн оңтойсуз сезбейби? Кандай кийинерибиз жеке ишибиз деп ойлобойбузбу? (Филипиликтер 4:5; 1 Петир 5:6). Албетте, сырткы көрүнүшүбүздүн башкаларга жагымдуу болушун баарыбыз эле каалайбыз, бирок адамды чындап көрктүү кылган — Кудайга жаккан сапаттар. Кудай так ошондой сапаттарга көңүл бурат. Алар ички дүйнөбүз, «Кудайдын көз алдында абдан баалуу деп эсептелген жүрөгүбүздүн түпкүрү», кандай экендигин көрсөтөт (1 Петир 3:3, 4).

15. Жахаба кийимге, сырткы көрүнүшкө карата эмне үчүн белгилүү бир эрежелерди берген эмес?

15 Жахаба кандай кийим кийишибиз, кандай кийим кийбешибиз керектигин көрсөткөн тизме берген эмес. Анын ордуна, Ыйык Китепке айрым принциптерди жаздырып койгон (Еврейлер 5:14). Ал, маанилүү чечим чыгарабызбы же анча маанилүү эмеспи, алардын ага жана жакындарыбызга болгон сүйүүгө негизделишин каалайт. (Окугула: Марк 12:30, 31). Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын эли маданиятына жараша жана өздөрүнө жаккандай ар кандай кийинет. Андай түрдүүлүк, албетте, көзгө жагымдуу.

АКЧАГА БОЛГОН ТЕҢ САЛМАКТУУ КӨЗ КАРАШ

16. Бул дүйнөнүн акчага карата көз карашы Иса пайгамбар үйрөткөн нерселерге кандайча каршы келет? Эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек?

16 Шайтан «бай болсом, бактылуу болом» деп ойлошубузду каалайт. Бирок Жахабага сыйынгандар бул андай эмес экенин билишет. Биз Исанын: «Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт»,— деген сөздөрүнүн калетсиздигине шектенбейбиз (Лука 12:15). Акча адамды чындап бактылуу кыла албайт. Акчага чыныгы досту, жан дүйнө бейкуттугун же түбөлүк өмүрдү сатып ала албайбыз. Албетте, жашоо үчүн материалдык нерселер керек. Жашоодон ыракат алууну каалоонун да жаман жери жок. Бирок Иса пайгамбар Кудай менен жакын мамиледе болуп, ага сыйынуу жашообузда биринчи орунда турганда гана бактылуу болорубузду айткан (Матай 5:3; 6:22, шилтеме). Андыктан: «Бул дүйнөнүн көз карашы мага таасир этип жаткан жокпу? Ойлогон оюмдун, сүйлөгөн сөзүмдүн баары эле акча болуп калган жокпу?» — деп ойлонуп көргөнүбүз оң (Лука 6:45; 21:34—36; 2 Жакан 6).

17. Бул дүйнөнүн акчага карата көз карашын четке каксак, жашообуз кандайча жакшырат?

17 Эгер көңүлүбүздүн баарын Жахабага кызмат кылууга топтоп, дүйнөнүн акчага карата болгон көз карашын четке каксак, жашообуз маңыздуу болот (Матай 11:29, 30). Колдо болгонуна ыраазы болобуз, жан дүйнөбүз да тынч болот (Матай 6:31, 32; Римдиктер 15:13). Материалдык нерселерди ойлоп санаа тартпайбыз. (Окугула: 1 Тиметей 6:9, 10.) Башкаларга жардам берип, ошондон канааттануу алабыз (Элчилер 20:35). Жакшы көргөн адамдарыбызга көбүрөөк убакыт бөлөбүз, уйкубуз да тынч болот (Насаатчы 5:12).

«БАРДЫК КУРАЛ-ЖАРАКТАРДЫ АЛГЫЛА»

18. Шайтан эмне кылууга аракет кылууда?

18 Шайтан Жахаба менен болгон мамилебизди бузгусу келгендиктен, аны сактап калууга бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек. Биз «каардуу рухий күчтөр» менен күрөшүүдөбүз (Эфестиктер 6:12). Шайтан менен анын жин-перилери бактылуу болушубузду жана түбөлүк жашашыбызды каалашпайт (1 Петир 5:8). Ал күчтүү душмандарыбыз бизге каршы күрөшүп жатышса да, Жахабанын күчү менен аларды жеңе алабыз.

19. Эфестиктер 6:14—18-аяттарда жоокердик кийим жана Кудай берген «курал-жарактар» кантип сүрөттөлгөн?

19 Байыркы учурда жоокерлер согушта коргонуш үчүн атайын жоокердик кийим кийишчү. Ошол өңдүү эле, биз да коргонуш үчүн Жахаба берген кийимди кийип, «курал-жарактарды» алышыбыз керек (Эфестиктер 6:13). Алар жөнүндө Эфестиктер 6:14—18-аяттарда мындай делет: «Чындыкты курчанып, адилдик соотун кийип, тынчтык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого болгон даярдуулукту бут кийим катары кийип, бекем тургула. Баарынан мурун, кара өзгөйдүн оттуу жебелерин өчүрө алышыңар үчүн чоң ишеним калканын алгыла. Ошондой эле куткарылуу туулгасы менен рухтун кылычын, башкача айтканда, Кудай сөзүн алгыла. Кудайга ар кандай тиленүү, жалынуу менен кайрылып, ар дайым рух менен тиленгиле».

20. Жоокердик кийим жана «курал-жарактар» бизди коргошу үчүн эмне кылышыбыз керек?

20 Жоокер кайсы бир кийимин унутуп коюп, денесинин бир жери корголбой ачык калса, душман дал ошол жерге мээлейт. Куралыбыз же кийимибиз бизди коргошу үчүн, аларды бирин да унутпай дайыма кийип жана алып жүрүшүбүз керек. Аларды жакшы абалда сакташыбыз да кажет. Биздин күрөш Шайтандын дүйнөсү кыйратылып, Шайтан өзү жана жин-перилери жерден жок кылынмайынча улана берет (Аян 12:17; 20:1—3). Андыктан жаман каалоолорубуз же кайсы бир кемчилигибиз менен күрөшүп жатсак, багынбашыбыз керек! (1 Корунттуктар 9:27).

21. Канткенде рухий согушта жеңүүчү боло алабыз?

21 Биз Шайтандан күчтүү эмеспиз. Бирок Жахабанын жардамы менен күчтүү боло алабыз. Ага берилгендик сакташ үчүн тиленип турушубуз, анын Сөзүн окуп-изилдешибиз жана ишенимдештерибиз менен жакын мамиледе болушубуз керек (Еврейлер 10:24, 25). Бул бизге Кудайга берилгендик сактоого жана ишенимибизди коргоого даяр болууга жардам берет.

ИШЕНИМИҢЕРДИ КОРГООГО ДАЯР БОЛГУЛА

22, 23. а) Канткенде ишенимибизди коргоого дайыма даяр болобуз? б) Кийинки бөлүмдө кайсы суроо каралат?

22 Биз ишенимибизди коргоого дайыма даяр болушубуз керек (Жакан 15:19). Кээ бир нерсеге карата Жахабанын Күбөлөрүнүн көз карашы көпчүлүктүкүнөн кыйла айырмаланат. Андыктан: «Эмне үчүн ушундай көз карашта экенибизди түшүнөмбү? Ыйык Китепте жазылган жана ишенимдүү жана акылдуу кул айткан нерселердин тууралыгына бекем ишенемби? Жахабанын Күбөсү болгонума сыймыктанамбы? (Забур 34:2; Матай 10:32, 33) Ишенген нерселеримди башкаларга түшүндүрө аламбы?» — деп ойлонуп көргүлө (Матай 24:45; Жакан 17:17; окугула: 1 Петир 3:15).

23 Көпчүлүк учурда бул дүйнөгө таандык болбош үчүн эмне кылышыбыз керектиги түшүнүктүү эле болот. Бирок кээде анча айкын болбошу мүмкүн. Шайтан бизди ар кандай жол менен тузакка түшүрүүнү көздөйт. Андай тузактардын бири — көңүл ачуу. Канткенде көңүл ачуунун туура түрүн тандай алабыз? Кийинки бөлүмдөн ушул суроого жооп алабыз.