Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

Кудайдын алдында абийирди таза сактоо

Кудайдын алдында абийирди таза сактоо

«Абийириңерди таза сактагыла» (1 ПЕТИР 3:16).

1, 2. Тааныш эмес жерде жүргөндө эмнеге муктаж болобуз? Бизди жетектеши үчүн, Жахаба бизге эмне берген?

 УЧУ-КЫЙЫРЫ көрүнбөгөн чөлдө баратканыңарды элестетсеңер. Уюлгуган шамал кумду туш-тарапка учуруп, айлана-тегеректин көрүнүшү улам өзгөрө бергендиктен, адашып каларыңар турган иш. Эми жолду кантип табасыңар? Туура багытты аныктоодо компастын, Күндүн, жылдыздардын, картанын, GPS системасынын (глобалдык орун аныктоо системасы) же ошол чөлдү жакшы билген бирөөнүн жардамы аябагандай чоң болушу мүмкүн. Андайда ошондой жардамдын болгону абдан маанилүү, себеби аман калар-калбасыңар туура багыт алганыңардан көз каранды болот.

2 Баарыбыз эле жашоодо көптөгөн кыйынчылыктарга туш болобуз. Андыктан түз жолдон оңой эле адашып калышыбыз ыктымал. Жахаба ар бирибизге, бизди жетектеп турушу үчүн, абийир берген (Жакып 1:17). Эмесе, абийир деген эмне экенине, анын кантип иштээрине токтололу. Андан соң аны кантип үйрөтсө болорун, эмне үчүн башкалардын да абийирин эске алышыбыз керектигин жана абийирибиз таза болсо, жашообузга кандайча жакшы таасир этерин билебиз.

АБИЙИР ДЕГЕН ЭМНЕ? АЛ КАНТИП «ИШТЕЙТ»?

3. Абийир деген эмне?

3 Абийир — бул Жахабанын баалуу белеги. Ал — туураны туура эместен ажырата билүүгө жардам берген ички сезим. Ыйык Китепте колдонулган «абийир» деген грек сөзү «өзүңдү билүү» дегенди билдирет. Абийирибиз жакшы «иштесе», өзүбүздүн чынында кандай адам экенибизди текшере алабыз. Ал бизге жүрөгүбүздүн түпкүрүндөгү ойлорубузга, сезимдерибизге чынчылдык менен баа берүүгө жардам берет. Ошондой эле жакшы иш кылууга түрткү берип, жаман иш кылуудан сактайт. Туура чечим чыгарганыбызда кубаныч тартуулап, туура эмес иш кылганыбызда жемелейт. (5-тиркемени карагыла.)

4, 5. а) Адам ата менен Обо эне абийиринин үнүнө кулак какпай коюшканда, кесепети кандай болгон? б) Ыйык Китепте абийирдин кантип «иштээрин» көрсөткөн кандай мисалдар бар?

4 Абийиринин үнүнө кулак салабы, жокпу, ар ким өзү чечет. Мисалы, Адам ата менен Обо эне кулак салышпай койгон, ошондуктан күнөө кылышкан. Туура эмес иш кылгандыктан алар өздөрүн күнөөлүү сезишкен, бирок өтө эле кеч болуп калган. Анткени алар Кудайдын буйругуна баш ийбей коюшкан (Башталыш 3:7, 8). Ооба, абийири жеткилең болсо да жана Кудайга баш ийбегени туура эмес экенин билишсе да, алар абийирине жетектелишкен эмес.

5 Алардан айырмаланып, көптөгөн жеткилең эмес адамдар абийиринин үнүнө кулак төшөшкөн. Бул жагынан Аюп пайгамбар жакшы үлгү калтырган. Ал дайыма абийирин эске алып иш кылгандыктан: «Жүрөгүм мени өмүрүмдүн бир күнү үчүн да жемелебейт»,— деп айта алган (Аюп 27:6). «Жүрөгүм» деп Аюп пайгамбар абийирин, жаман-жакшыны айырмалай билүүгө жардам берген ички сезимин, айткан. Ал эми Дөөтүнүн абийиринин үнүнө кулак какпай, Жахабага баш ийбей койгон учурлары болгон. Алсак, бир жолу ал Шабул падышага урмат көрсөтпөй койгон. Ошондо өзүн күнөөлүү сезип, «жүрөгү ооруган» (1 Шемуел 24:5). Анын жүрөгүн ооруткан нерсе туура эмес иш кылганын «айтып жаткан» абийири болчу. Абийиринин «айтканын» укканынын аркасында Дөөтү туура эмес ишин кайталабаганды үйрөнмөк.

6. Абийир Кудайдын белеги деп эмне үчүн айта алабыз?

6 Эмне туура, эмне туура эмес экенин ал тургай Жахабаны билбегендер да билишет. Ыйык Китепте бул туурасында: «Алар ойлонуп, өздөрүн бирде айыптаса, бирде акташат»,— делет (Римдиктер 2:14, 15). Алсак, киши өлтүрүү же уурулук кылуу туура эмес экенин көпчүлүк билет. Алар, өздөрү билбесе да, абийирине, тактап айтканда, Жахаба адам баласына салып койгон жаман-жакшыны ажырата билүүгө жардам берген сезимине жетектелишет. Ошондой эле өздөрү билбей эле Кудайдын принциптерине, башкача айтканда, Жахаба бизге туура чечим чыгарууга жардам бериш үчүн берген негизги чындыктарга ылайык иш кылышат.

7. Абийирибиз кээде эмнеге туура эмес багыт көрсөтүп коюшу мүмкүн?

7 Анткен менен абийир кээде туура эмес багытты көрсөтүп коюшу мүмкүн. Ага туура эмес ойлорубуз, сезимдерибиз таасир этип коюшу ыктымал. Абийир өзүнөн өзү эле туура багыт көрсөтө бербейт. Аны дайыма үйрөтүп туруш керек. Жусупка да азгырыкка туруштук берүүгө туура үйрөтүлгөн абийири жардам берген (Башталыш 39:1, 2, 7—12). Аны үйрөтүүгө жардам катары Жахаба бизге ыйык рухун жана Ыйык Китептеги принциптерди берүүдө (Римдиктер 9:1). Анда абийирди кантип үйрөтсө болорун карап көрөлү.

АБИЙИРДИ КАНТИП ҮЙРӨТСӨ БОЛОТ?

8. а) Сезимдер абийирибизге кандай таасир этиши мүмкүн? б) Бир нерсе кыларда эмне деп ойлонушубуз керек?

8 Кээ бирөөлөр абийирдин үнүнө кулак салуу бул тек гана сезимдерге жетектелүүнү билдирет деп эсептешет. Алар өзүнө туурадай көрүнгөн нерсенин баарын кыла берсе болот деп ойлошот. Бирок биз жеткилең эмес болгондуктан, сезимдерибиз бизди адаштырып коюшу мүмкүн. Абдан күчтүү болгондуктан алардын абийирибизге тийгизген таасири чоң. Ыйык Китепте: «Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган. Аны ким биле алат?» — деп айтылат (Жеремия 17:9). Ошондуктан туура эмес нерсени да туура нерседей көрө башташыбыз мүмкүн. Мисалы, Исанын жолун жолдой элек кезинде элчи Пабыл Исанын жолдоочуларын катуу куугунтуктаган жана туура кылып жатам деп ойлогон. Ошон үчүн абийири соттогон эмес. Бирок кийинчерээк ал: «Мага баа берип, соттой турган — Жахаба өзү»,— деп айткан (1 Корунттуктар 4:4; Элчилер 23:1; 2 Тиметей 1:3). Кудайдын көз карашын билгенден кийин Пабыл оюн өзгөртүшү керектигин түшүнгөн. Демек, бир иш кыларда: «Жахаба эмне кылышымды каалайт?» — деп ойлонуп көргөнүбүз оң.

9. Кудайдан коркуу деген эмнени билдирет?

9 Бир да киши жакшы көргөн адамына жакпаган ишти кылууну каалабайт. Жахабаны жакшы көргөндүктөн биз да ага жакпаган ишти кылып алуудан коркобуз. Жахабанын көз алдында туура иш кылуу биз үчүн абдан маанилүү болушу кажет. Муну түшүнүүгө Некемиянын мисалы жардам берет. Ал бийлигинен пайдаланып баюудан баш тарткан. Эмне үчүн? Ал андай ишке «Кудайдан корккондуктан» барбаганын жазган (Некемия 5:15). Некемия Жахабага жакпаган ишти кылгысы келген эмес. Биз да, Некемиядай болуп, туура эмес иш кылып Жахабага жакпай калгыбыз келбейт. Ага эмне жагар-жакпасын Ыйык Китептен биле алабыз. (6-тиркемени карагыла.)

10, 11. Ичимдикке байланыштуу туура чечим чыгарууга Ыйык Китептеги кайсы принциптер жардам берет?

10 Мисалга спирт ичимдигине байланыштуу маселени алалы. Жахабага кызмат кылгандарга ичимдик ичиши керекпи, жокпу, чечүүгө кайсы принциптер жардам берет? Алардын бир нечесине токтололу. Ыйык Китепте ичимдик ичүүгө тыюу салынбайт. Ыйык Китепте шарап атүгүл Кудайдын белеги катары сүрөттөлөт (Забур 104:14, 15). Бирок Иса пайгамбар жолдоочуларына «мас болуудан» сак болушу керектигин айткан (Лука 21:34). Элчи Пабыл да «жосунсуз той-тамашалардан», «аракечтиктен» алыс болушубуз керектигин эскерткен (Римдиктер 13:13). Ал аракечтердин «Кудайдын Падышалыгын мурастабай» турганын жазган (1 Корунттуктар 6:9, 10).

11 Кудайдын ар бир кызматчысы: «Ичимдик мен үчүн канчалык маанилүү? Эс алуу үчүн сөзсүз эле ичишим керекпи? Ичимдикти өзүмдү ишенимдүүрөөк сезиш үчүн ичпеймби? Канча өлчөмдө ичем жана канчалык бат-баттан ичем? Ушул жагынан өзүмдү башкара аламбы? * Ичимдик болбосо деле, досторум менен көңүлдүү отура аламбы?» — деп ойлонуп көрүшү керек. Ошондой эле Жахабадан акыл сурап тиленгенибиз жакшы. (Окугула: Забур 139:23, 24.) Ушундайча, абийирибизди Ыйык Китептеги принциптерге жетектелүүгө үйрөтөбүз. Бирок, кийинки абзацтардан биле турганыбыздай, абийирди үйрөтүү өз ичине көп нерсени камтыйт.

БАШКАЛАРДЫН АБИЙИРИН ЭМНЕ ҮЧҮН ЭСКЕ АЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

12, 13. Эмне үчүн биздин абийирибиз башкалардыкынан айырмаланышы мүмкүн? Андайда эмне кылышыбыз керек?

12 Баарынын эле абийири бирдей боло бербейт. Бирөөнүн абийири жол бербеген нерсеге силердин абийириңер жол бериши мүмкүн. Алсак, силер ичимдик ичсеңер, башкалар ичпеши ыктымал. Буга карата эмне үчүн ар ким ар кандай ойдо болот?

Үйрөтүлгөн абийириңер ичимдик ичиш керекпи, жокпу, чечүүгө жардам берет

13 Адамдын көз карашына туулуп-өскөн жери, чоңойгон үй-бүлөсү, турмуштук тажрыйбасы жана башка нерселер таасир этет. Алсак, мурда ичимдик ичкенинин айынан кыйналып келгендер такыр эле оозго албоону чечиши мүмкүн (1 Падышалар 8:38, 39). Ошондуктан кимдир бирөөгө ичимдик сунуш кылганыңарда, андан баш тартса, эмне кыласыңар? Таарынасыңарбы? Кыйнайсыңарбы? Эмне үчүн ичпей жатканынын себебин түшүндүрүшүн талап кыласыңарбы? Жок, анткени абийирин эске аласыңар.

14, 15. Элчи Пабылдын учурунда кандай жагдай болгон? Ал кандай кеңеш берген?

14 Элчи Пабылдын күндөрүндө ар кимдин абийири ар кандай болорун көрсөткөн дагы бир жагдай болгон. Кээде базарда жалган кудайларга багышталган жана аларга сыйынууда колдонулган этти сатып калышчу (1 Корунттуктар 10:25). Элчи Пабыл андай этти сатып алып жей берсе болот деп ойлогон. Ал тамак-аштын баарын Жахабанын берген ырыскысы деп эсептечү. Бирок мурун жалган кудайларга сыйынып, кийин чындык жолуна түшкөндөр башкача көз карашта болчу. Алар андай этти жегенге болбойт деп ойлошкон. Элчи Пабыл: «Менин абийирим буга жол берет. Каалаганымды жегенге укугум бар»,— дегенби?

15 Жок, ал анткен эмес. Ишенимдештеринин сезимдери ал үчүн аябай маанилүү болгондуктан ал өзү укуктуу болгон нерселерди кылуудан да баш тарткан. Элчи Пабыл «өзүбүзгө гана жакканды кылбашыбыз керектигин» айткан. Андан соң: «Машаяк да өзүнө гана жакканды кылган эмес»,— деп кошумчалаган (Римдиктер 15:1, 3). Иса пайгамбарга окшоп, элчи Пабыл өзүн эмес, башкаларды ойлогон. (Окугула: 1 Корунттуктар 8:13; 10:23, 24, 31—33.)

16. Биздин абийирибиз жол бербеген нерсени кылууга башкалардын абийири жол берсе, эмне үчүн аларды айыптабашыбыз керек?

16 Бирок кимдир бирөөнүн абийири биз туура эмес деп эсептеген нерсени кылууга жол берип жатсачы? Андайда сын көз карашта болуудан жана өзүбүздүкүн туура, ал эми аныкын туура эмес деп эсептөөдөн сак болушубуз керек. (Окугула: Римдиктер 14:10.) Жахаба бизге абийирди башканы эмес, өзүбүздү соттоо үчүн берген (Матай 7:1). Биз жеке көз карашыбыздын айынан жыйналыштагылардын бөлүнүп-жарылышын каалабайбыз. Алардын ортосунда сүйүү жана биримдик өкүм сүрүшү үчүн, бүт күч-аракетибизди жумшайбыз (Римдиктер 14:19).

ТАЗА АБИЙИРДИН ПАЙДАСЫ

17. Айрымдардын абийири эмне болуп калат?

17 Элчи Петир: «Абийириңерди таза сактагыла»,— деп жазган (1 Петир 3:16). Өкүнүчтүүсү, адам Жахабанын принциптерине баш ийбей, аларды капарына албай жүрө берсе, убакыттын өтүшү менен абийири эч нерсени «айтпай» калышы мүмкүн. Элчи Пабыл андай абийир «ысык темир менен белги салынгандай» болуп каларын айткан (1 Тиметей 4:2, шилт.) Бир жериңерди катуу күйгүзүп алган учурларыңар болду беле? Күйүп калган жер айыкканда катуу болуп, эч нерсе сезбей калат. Эгер адам жаман иш кыла берсе, анын абийири да күйүп калган териге окшоп эч нерсе сезбей, бара-бара «иштебей» калат.

Таза абийир бизге жашоодо багыт көрсөтөт, жан дүйнө тынчтыгын жана кубаныч тартуулайт

18, 19. а) Өзүбүздү күнөөлүү сезүү, уялуу эмнеге түрткү берет? б) Өкүнгөндөн кийин деле өзүбүздү күнөөлүү сезсек, эмне кылсак болот?

18 Өзүбүздү күнөөлүү сезгенде, абийирибиз бизге туура эмес иш кылганыбызды «айтышы» мүмкүн. Бул бизге эмне кылганыбызды түшүнүп, аны токтотууга түрткү берет. Биз кетирген каталарыбызды кайталабай, алардан сабак алгыбыз келет. Дөөтү пайгамбарды мисалга алалы. Ал күнөө кетирген, бирок кийин өкүнгөн. Анан ошол кылган ишин жек көрүп, андан кийин дайыма Жахабага баш ийүүнү чечкен. Ал Жахабанын «жакшылык кылууга» жана «кечирүүгө даяр» экенине өз тажрыйбасынан ынанган. (Забур 51:1—19; 86:5; 7-тиркемени карагыла.)

19 Бирок айрымдар өкүнгөндөн көп убакыт өткөндөн кийин деле өздөрүн күнөөлүү сезе бериши мүмкүн. Андай киши кыйналып, өзүн эч нерсеге татыксыз сезиши ыктымал. Эгер силер да ушундай болуп жатсаңар, өткөндү өзгөртө албай турганыңарды унутпагыла. Кылган ишиңердин канчалык туура-туура эместигин ошол учурда так-айкын түшүнсөңөр да, түшүнбөсөңөр да, Жахаба силерди толугу менен кечирип, күнөөңөрдү «кечип» койгон. Азыр Жахабанын алдында таза экениңерди жана туура иш кылып жатканыңарды эсиңерден чыгарбагыла. Жүрөгүңөр силерди дагы деле айыптай бериши мүмкүн, бирок Ыйык Китепте: «Кудай жүрөгүбүздөн чоң»,— деп айтылган. (Окугула: 1 Жакан 3:19, 20.) Бул аяттагы сөздөр Кудайдын сүйүүсү жана ырайымы бизге уялуу жана өзүбүздү күнөөлүү сезүү сыяктуу сезимдерибизди жеңүүгө жардам берерин көрсөтүп турат. Андыктан Жахабанын силерди кечиргенине эч шектенбесеңер болот. Жахабанын кечиргенине ынангандар жан дүйнөсү тынчтанып, ага кубаныч менен кызмат кыла башташат (1 Корунттуктар 6:11; Еврейлер 10:22).

20, 21. а) Бул китеп кандай максат менен чыгарылган? б) Жахаба бизге кандай эркиндик берген? Аны кантип колдонушубуз керек?

20 Ушул акыркы оор күндөрдө абийириңер көп нерсени эскертип, силерди коргой алышы үчүн, бул китеп силерге абийириңерди тарбиялоого жардам бериш үчүн чыгарылган. Андан сырткары, ар кандай жагдайда Ыйык Китептеги принциптерди колдонууга да жардам берет. Албетте, мында ар бир жагдайга карата эрежелердин тизмеси берилген эмес. Себеби биз Кудайдын принциптерине негизделген «Машаяктын мыйзамы» боюнча жашайбыз (Галатиялыктар 6:2). Ошондой эле кайсы бир жагдайда белгилүү бир мыйзамдын жоктугунан пайдаланып туура эмес ишке барганыбызды актагыбыз келбейт (2 Корунттуктар 4:1, 2; Еврейлер 4:13; 1 Петир 2:16). Биз эркиндигибизди Жахабага болгон сүйүүбүздү далилдөөгө колдонобуз.

21 Ыйык Китептеги принциптер жөнүндө ой жүгүртүп, аларды жашообузда колдонсок, акылыбызды туура колдонуп, «жакшы менен жаманды айырмалай билгенди» жана Жахаба ойлонгондой ойлонгонду үйрөнөбүз (Еврейлер 5:14). Натыйжада абийирибизди туура үйрөтөбүз. Абийир болсо бизге туура багытты көрсөтүп, Жахабанын сүйүүсүнөн айрылып калбаганга жардам берет.

^ Көптөгөн доктурлар аракечтерге ичимдикти ченеми менен ичүү өзгөчө кыйын экенин айтышат. Андыктан таптакыр эле оозго албоону кеңеш кылышат.