Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-БӨЛҮМ

Кудайдын сүйүүсүнөн айрылып калбагыла

Кудайдын сүйүүсүнөн айрылып калбагыла

«Өзүңөрдү абдан ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдеп,.. Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылгыла» (ЖҮЙҮТ 20, 21).

1, 2. Кудайдын сүйүүсүнөн айрылып калбаш үчүн эмне кылышыбыз керек?

 БААРЫБЫЗ эле ден соолугубуз чың болушун каалайбыз. Ошондуктан жакшы тамактанганга, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап турганга, негизи эле өзүбүздү жакшы караганга аракет кылабыз. Бул көп күч-аракетти талап кылат. Анткен менен натыйжасы жакшы болгондуктан, ушунун баарын кылабыз. Бирок биз кам көрүшүбүз керек болгон дагы бир нерсе бар. Ал — рухий ден соолугубуз.

2 Жахабаны таанып-билип, алгачкы кадамыбызды бек таштасак да, аны менен болгон мамилебизди мындан ары да бекемдей беришибиз керек. Исанын Жүйүт деген шакирти ишенимдештерин «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылууга» үндөгөн. Ал муну кантип кылышты түшүндүрүп: «Өзүңөрдү абдан ыйык ишенимиңердин негизинде бекемдегиле»,— деп жазган (Жүйүт 20, 21). Анда канткенде ишенимибизди бекемдей алабыз?

ИШЕНИМИҢЕРДИ БЕКЕМДЕЙ БЕРГИЛЕ

3—5. а) Шайтан Жахабанын жол-жоболору жөнүндө кандай ойдо болушубузду каалайт? б) Жахабанын мыйзам-принциптерине кандай карайсыңар?

3 Жахабанын жол-жоболору эң туура, эң жакшы экенине жеке өзүңөр бекем ынанганыңар абдан маанилүү. Шайтан биздин «Кудайдын нормалары боюнча жашоо аябай кыйын», ошондой эле «эмне жакшы, эмне жаман экенин өзүм чечсем, бактылуураак болом» деп ойлошубузду каалайт. Ал буга ишендирүүгө тээ Адам ата менен Обо эненин күндөрүнөн бери аракет кылууда (Башталыш 3:1—6). Бүгүнкү күндө да ошол аракетинен жазбай келет.

4 Шайтандыкы чынбы? Чын эле Жахабанын нормалары бизди өтө эле чектеп коёбу? Бир мисалга токтололу. Кооз бакчада баратканыңарды элестетсеңер. Бир убакта бийик тосмого туш болосуңар. Андайда: «Бул жерди эмнеге тосуп коюшкан?» — деп нааразы болушуңар мүмкүн. Бирок ошол учурда ары жактан арстандын айкырганы угулат. Ошондо эмне деп ойлонот элеңер? Ушул тосмо болбосо, арстандын жеми болуп калмактыгыңарды ойлоп сүйүнмөк болушуңар керек. Жахабанын принциптери так ошондой тосмого окшош, ал эми Шайтанды арстанга салыштырсак болот. Кудайдын Сөзүндө: «Сак жана сергек болгула. Душманыңар Ибилис кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деген эскертүү жазылган (1 Петир 5:8).

5 Жахаба биздин мүмкүн болушунча бактылуу болушубузду каалайт. Ал Шайтанга алданып калышыбызды каалабайт. Мына ошондуктан бизди коргой турган жана бактылуу кыла турган мыйзам-принциптерди бекиткен (Эфестиктер 6:11). Исанын Жакып деген шакирти: «Ким эркиндикке чыгаруучу жеткилең мыйзамды кылдат изилдеп, ага ылайык жашаса,.. бактылуу болот»,— деп жазган (Жакып 1:25).

6. Кудайдын жол-жоболору эң туура экенине кантип ынанабыз?

6 Жахабанын жетеги менен жашасак, жашообуз жакшырат жана аны менен болгон мамилебиз бекемделе берет. Маселен, ал айткандай кылып, ага бат-баттан кайрылып турсак, өзүбүзгө эле пайдалуу болот (Матай 6:5—8; 1 Тесалоникалыктар 5:17). Ошондой эле ага баш ийип, ага сыйыныш үчүн чогулуп турсак, кабар айтуу жана окутуу ишине толук катышсак, өзүбүздү бактылуу сезебиз (Матай 28:19, 20; Галатиялыктар 6:2; Еврейлер 10:24, 25). Ушул нерселерди кылганыбыз канчалык пайдалуу экенин ойлонгондо, ишенимибиз бекемделе берет жана Жахабанын жол-жоболору эң туура экенине барган сайын ынана беребиз.

7, 8. Келечекте болушу мүмкүн болгон сыноону ойлоп тынчсызданбаганга эмне жардам берет?

7 Анткен менен келечекте ишенимибиз сынала турган оор сыноого туш болушубуз мүмкүн деп тынчсызданышыбыз ыктымал. Эгер ошентип ойлонуп жаткан болсоңор, Жахабанын: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм. Оо, эгер осуяттарыма көңүл бурсаң кана! Ошондо тынчтыгың дарыядай, адилдигиң деңиз толкундарындай болмок»,— деп айтканын эстесеңер болот (Ышая 48:17, 18).

8 Жахабага баш ийсек, тынчтыгыбыз суусу эч качан какшыбаган дарыяга окшош болот. Ал эми адилдигибиз тынымсыз жээкке урунуп турган деңиз толкунундай болот. Кандай жагдайга туш болбойлу, Жахабага ишенимдүү бойдон кала алабыз. Ыйык Китепте: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт. Ал адил адамдын олку-солку болушуна эч качан жол бербейт»,— деген убада жазылган (Забур 55:22).

«ЖЕТИЛГЕНДИККЕ УМТУЛГУЛА»

9, 10. Жетилген киши болуу эмнени билдирет?

9 Адам Жахаба менен болгон мамилесин бекемдеген сайын «жетилгендикке умтула» берет (Еврейлер 6:1). Жетилгендик деген эмнени билдирет?

10 Биз жылдардын өтүшү менен эле Исанын жетилген жолдоочусу болуп калбайбыз. Андай жетилгендикке жетиш үчүн Жахаба биздин эң жакын Досубуз болушу керек жана бардык нерсеге ал карагандай караганга аракет кылышыбыз керек (Жакан 4:23). Элчи Пабыл: «Дененин каалоосу боюнча жашагандар денеге мүнөздүү нерселерди, ал эми рухтун каалоосу боюнча жашагандар рухка мүнөздүү нерселерди ойлошот»,— деп жазган (Римдиктер 8:5). Жетилген адам жашоосунда ыракатты же байлыкты көздөп жашабайт. Андай киши Жахабага кызмат кылууну биринчи орунга коёт жана акылдуулук менен чечим чыгарат. (Накыл сөздөр 27:11; окугула: Жакып 1:2, 3.) Жаман таасирге алдырып туура эмес иш кылбайт. Эмне туура экенин билет жана ошондой иш кылууга болгон чечкиндүүлүгүнөн жазбайт.

11, 12. а) Пабыл Исанын жолдоочусунун акылы жөнүндө эмне деп айткан? б) Исанын жетилген жолдоочусу болуу кандайча гимнаст болууга окшош?

11 Жетилген адам болуу үчүн күч жумшоо талап кылынат. Пабыл: «Катуу тамак рухий жактан жетилген адамдарга, колдонуу аркылуу акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктыргандарга, таандык»,— деп жазган (Еврейлер 5:14). «Машыгуу» деген сөз гимнасттын машыгуусун эсибизге салат.

12 Чеберчилиги арткан гимнастты көргөндө ушундай деңгээлге жетиш үчүн ал көп убакыт жана күч жумшап машыкканын билебиз. Анткени эч ким гимнаст болуп төрөлбөйт. Жаңы төрөлгөн бала атүгүл колу-бутун башкара албайт. Бирок убакыттын өтүшү менен бир нерселерди кармаганды, басканды үйрөнөт. Ал эми кийинчерээк машыккандын аркасында гимнаст боло алат. Анын сыңарындай, Исанын жетилген жолдоочусу болуш үчүн бизге да убакыт жана машыгуу керек.

13. Жахаба ой жүгүрткөндөй ой жүгүрткөндү үйрөнүүгө эмне жардам берет?

13 Бул китептен биз канткенде Жахаба ой жүгүрткөндөй ой жүгүртө аларыбызды жана кайсы бир нерсеге карата аныкындай көз карашта боло аларыбызды билдик. Жахабанын нормаларын жогору баалап, аларды сүйгөндү үйрөндүк. Ошондуктан чечим чыгарарда: «Бул жагдайга Ыйык Китептеги кайсы мыйзамдар же принциптер тиешелүү? Аларды кантип колдонсом болот? Жахаба менин кандай иш кылышымды каалайт?» — деп ойлонобуз. (Окугула: Накыл сөздөр 3:5, 6; Жакып 1:5.)

14. Ишенимибизди чыңдагыбыз келсе, эмне кылышыбыз керек?

14 Биз Жахабага болгон ишенимибизди дайыма бекемдей беребиз. Пайдалуу тамак-аш денебизди чыңдагандай эле, Жахабаны таанып-биле бергенибиз да ишенимибизди чыңдоого жардам берет. Ыйык Китепти жаңыдан изилдей баштаганда Жахаба жөнүндө жана анын жол-жоболору жөнүндө негизги гана чындыктарды билгенбиз. Бирок убакыт өткөн сайын терең чындыктарды да түшүнүшүбүз кажет. Элчи Пабыл: «Катуу тамак рухий жактан жетилген адамдарга... таандык»,— деп так ушул тууралуу айткан. Ал эми окуп-билгендерибизди иш жүзүндө колдонсок, акылмандыкка ээ болобуз. Ыйык Китепте: «Эң негизгиси — акылмандык»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 4:5—7; 1 Петир 2:2).

15. Жахабаны жана бир туугандарыбызды чындап сүйгөнүбүз канчалык маанилүү?

15 Ден соолугу чың, күч-кубатка толуп турган киши андан ары да ошондой болушу үчүн өзүн жакшы карашы керектигин түшүнөт. Ошол сыяктуу эле, жетилген адам да Жахаба менен болгон мамилесин бекем сакташ үчүн дайыма күч-аракет жумшашы керектигин билет. Элчи Пабыл: «Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүңөрдү текшерип, өзүңөрдү сынап тургула»,— деп эскерткен (2 Корунттуктар 13:5). Бирок, бекем ишенимден тышкары, дагы бир сапаттын болгону маанилүү. Ал — Жахабага жана бир туугандарга болгон сүйүү. Аны дайыма өрчүтө беришибиз керек. Буга байланыштуу Пабыл: «Эгер мен... бүт жагынан билимдүү болсом жана тоолорду ордунан жылдыра алгыдай ишенимге ээ болсом, бирок менде сүйүү болбосо, анда мен эч ким эмесмин»,— деген (1 Корунттуктар 13:1—3).

ҮМҮТҮҢӨРДҮ БЕК САКТАГЫЛА

16. Шайтандын көздөгөнү эмне?

16 Шайтан биздин Жахабага эч качан жага албайбыз деп ойлошубузду каалайт. Ындыныбызды өчүрүүнү жана көйгөйлөрүбүз эч качан чечилбейт деп ойлошубузду да көздөйт. Ал бир туугандардын жардамына таянышыбызды жана бактылуу болушубузду каалабайт (Эфестиктер 2:2). Терс ойлор өзүбүзгө да, Кудай менен болгон мамилебизге да зыян келтирерин Шайтан жакшы билет. Бирок Жахаба терс ойлор менен күрөшүүгө жардам берген бир нерсе берген. Ал — үмүт.

17. Үмүттүн болгону канчалык маанилүү?

17 1 Тесалоникалыктар 5:8де биздин үмүтүбүз салгылашта жоокердин башын ар кандай соккулардан сактап-коргоп турган туулга менен салыштырылган. Ошондуктан ал туулга «куткарылуу үмүтү» деп аталган. Жахабанын убадаларына болгон үмүт акыл-оюбузду коргоп, терс ойлорго алдырбаганга жардам берет.

18, 19. Иса Машаякка үмүтү кандайча күч-кубат берген?

18 Исага да үмүтү күч-кайрат берген. Өлөр алдындагы түнү ал биринен сала бири келген кыйынчылыктарга туш болгон. Жакын досторунун бири аны сатып кеткен. Башкасы тааныбайм деп танып койгон. Калгандары таштап, качып кетишкен. Өзүнүн эле эли ага каршы чыгып, устунга кадалып өлтүрүлүшүн талап кылган. Ушунун баарын көтөрүп кеткенге ага эмне жардам берген? «Ал алдыда күтүп турган кубанычты ойлоп, шылдың болгонуна карабай жаза устунунда өлгөн, андан кийин Кудайдын тактысынын оң жагына отурган» (Еврейлер 12:2).

19 Иса Машаяк Атасына болгон берилгендигин сактаса, Атасы даңкталарын жана Шайтандын калпычы экени далилденерин билген. Ушул үмүтү аны кубанычка бөлөгөн. Ал жакында асмандагы Атасынын жанына кайтып барарын да билген. Ушул үмүтү ага баарына чыдаганга жардам берген. Исага окшоп, биз да үмүтүбүздү бек сакташыбыз керек. Бул бизге эч нерсеге карабай баарын көтөрүп кетүүгө жардам берет.

20. Оң маанай сактаганга эмне жардам берет?

20 Жахаба силердин ишенимиңерди, туруктуулугуңарды көрүп турат. (Ышая 30:18; окугула: Малаки 3:10.) Ал жүрөгүңөрдөгү «ой-тилектерди орундатам» деп убада кылууда (Забур 37:4). Андыктан үмүтүңөрдү акыл-оюңардан, эсиңерден эч качан чыгарбагыла. Шайтан үмүтүңөрдү үзүп, Жахабанын убадалары эч качан аткарылбайт деп ойлошуңарды каалайт. Бирок терс ойлорго түк да алдырбашыңар керек! Эгер үмүтүңөр солгундап баратканын байкасаңар, Жахабадан жардам сурагыла. Филипиликтер 4:6, 7деги: «Эч нерсени ойлоп тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү, жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле. Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт»,— деген сөздөрдү унутпагыла.

21, 22. а) Жахабанын жерге карата ой-ниети кандай? б) Эмне кылууга чечкиндүүсүңөр?

21 Кулач жайып күтүп жаткан жаркын келечегибиз жөнүндө ойлонууга убакыт бөлүп тургула. Жакында баары Жахабага сыйына турган убак келет (Аян 7:9, 14). Жаңы дүйнөдөгү жашоону элестетип көрсөңөр. Ал биз ойлогондон алда канча жакшы болот! Шайтан менен анын жин-перилери жана эч кандай жамандык болбойт. Эч качан оорубайсыңар, өлбөйсүңөр. Күнүгө эртең менен күчкө толуп ойгонуп, тирүүлүктүн ыракатын көрүп жашайсыңар. Жер бетиндеги бардык адамдар чогуу-чаран жерди бейишке айлантышат. Тамак-аш кенен болот, ар биринин өз үйү болот. Адамдар мыкаачы, зөөкүр эмес, чындап боорукер болушат. Ал эми убакыттын өтүшү менен баары «Кудайдын балдары катары даңктуу эркиндикке чыгышат» (Римдиктер 8:21).

22 Жахаба аны менен эң жакын дос катары ынак мамиледе болушубузду каалайт. Андыктан Жахабага баш ийүүгө жана күн өткөн сайын ага жакын боло бергенге бүт күчүңөрдү жумшагыла. Эмесе, баарыбыз Кудайдын сүйүүсүнө түбөлүккө бөлөнүп, андан эч качан айрылбайлы! (Жүйүт 21)