Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

Кудайдын сүйүүсү түбөлүктүү

Кудайдын сүйүүсү түбөлүктүү

«Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес» (1 ЖАКАН 5:3).

1, 2. Кудайды эмне үчүн сүйөсүңөр?

 СИЛЕР Кудайды сүйөсүңөрбү? Балким, ага болгон күчтүү сүйүүңөрдөн улам өмүрүңөрдү ага арноону чечкендирсиңер. Ошондой эле аны эң жакын досуңардай көрөттүрсүңөр. Кандай болбосун, силер Жахабаны сүйө электе эле, ал силерди биринчи болуп сүйгөн. Ыйык Китепте: «Биз... сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйгөн»,— делет (1 Жакан 4:19).

2 Жахаба бизди сүйөрүн кантип көрсөтүүдө? Ал бизге эң сонун үй катары Жерди жана жашоодон ыракат алыш үчүн керектүү нерсенин баарын берген (Матай 5:43—48; Аян 4:11). Андан сырткары, ага жакын болушубузду каалагандыктан аны таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Алсак, Ыйык Китепти окуганыбызда аны уккан болобуз. Ал болсо бизди ага кайрылганыбызда угат (Забур 65:2). Ошондой эле Кудай ыйык руху аркылуу бизди жетектеп, колдоп турат (Лука 11:13). Ал атүгүл бизди күнөө менен өлүмдүн туткунунан бошотуш үчүн өзүнүн сүйүктүү Уулун жерге жиберген. (Окугула: Жакан 3:16; Римдиктер 5:8.)

3. Канткенде Жахаба менен болгон мамилебизди бекем сактай алабыз?

3 Турмуштун ысыгында да, суугунда да бирге болгон досуңар жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Андай достук мамилени бекем бойдон сактоо көп күч-аракетти талап кылат. Эң жакын досубуз Жахаба менен болгон мамиле жөнүндө да ушуну айтууга болот. Ал бизге түбөлүк дос боло алат. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылгыла»,— деп айтылган (Жүйүт 21). Бирок канткенде анын сүйүүсүнөн айрылбайбыз? Ыйык Китепте: «Кудайды сүйүү — бул анын осуяттарын аткаруу. Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»,— делген (1 Жакан 5:3).

«КУДАЙДЫ СҮЙҮҮ» ДЕГЕН ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

4, 5. Жахабага болгон сүйүүңөр кантип өрчүй баштады эле?

4 Ыйык Китептеги «Кудайды сүйүү» деген сөздөрдүн мааниси кандай? Ал өз ичине терең сезимдерди камтыйт. Жахабага болгон сүйүүңөр жаңыдан өрчүй баштаган убагыңар эсиңердеби?

Өзүңөрдү Жахабага арнап, чөмүлгөнүңөрдө аны сүйөрүңөрдү жана ага түбөлүк баш ийүүнү каалаарыңарды көрсөтөсүңөр

5 Жахабанын силердин жаңы дүйнөдө жашашыңарды каалаарын билгенде кандай сезимде болдуңар эле? Силер анын ошол нерсени ишке ашырыш үчүн эмнелерди кылганын, өз Уулун жерге жиберип, теңдеши жок белек бергенин билгенсиңер (Матай 20:28; Жакан 8:29; Римдиктер 5:12, 18). Ооба, Жахабанын силерди канчалык сүйөрүн билгенде жүрөгүңөр козголуп, силердин да ага карата болгон сүйүүңөр өрчүй баштаган. (Окугула: 1 Жакан 4:9, 10.)

6. Кимдир бирөөнү сүйүү эмнени билдирет? Кудайга болгон сүйүүңөр силерге эмне кылууга түрткү берди эле?

6 Анткен менен андай сезим Кудайга болгон сүйүүнүн башталышы эле болгон. Кимдир бирөөнү сүйүү бул тек гана «сүйөм» деп айтып коюуну билдирбейт. Бул ал кишиге жаккан иштерди кылууну каалоону билдирет. Анын сыңарындай, Жахабага болгон сүйүүңөр да силерге ага жаккандай жашаганга түрткү берген. Ал сүйүүңөр күчөп отуруп, балким, өмүрүңөрдү ага арнап, чөмүлгөндүрсүңөр. Арналганда Жахабага түбөлүк кызмат кылам деп убада бергенсиңер. (Окугула: Римдиктер 14:7, 8.) Ал убадаңарга канткенде бек тура аласыңар?

«ОСУЯТТАРЫН АТКАРУУ»

7. Жахабаны сүйсөк, эмне кылабыз? Анын айрым осуяттары кайсылар?

7 Жахабаны сүйгөндүктөн биз «анын осуяттарын аткарабыз». Башкача айтканда, ага баш иебиз. Ыйык Китептен анын кандай жашашабызды каалаарын билгенбиз. Маселен, Жахабанын көз алдында аракечтик, калп айтуу, уурулук, никеден тышкаркы жыныстык мамиле, ошондой эле Жахабадан башка бирөөгө же бир нерсеге сыйынуу туура эмес экенин билгенбиз (1 Корунттуктар 5:11; 6:18; 10:14; Эфестиктер 4:28; Колосалыктар 3:9).

8, 9. Ыйык Китепте эч нерсе деп айтылбаган жагдайларда Жахабанын көз карашын кантип биле алабыз? Мисал келтиргиле.

8 Бирок Жахабага жагуу үчүн осуяттарын аткарып коюу эле жетишсиз. Ал жашоодогу ар бир жагдайга карата мыйзамдардын узун тизмесин берген эмес. Ошондуктан кээде Ыйык Китептен кайсы бир жагдайда кандай иш кылыш керектиги айтылган белгилүү бир мыйзамды таба албашыңар мүмкүн. Анда кантип туура чечим чыгарса болот? (Эфестиктер 5:17). Ыйык Китепте принциптер, башкача айтканда, кайсы бир нерсеге карата Жахабанын көз карашы кандай экенин көрсөткөн негизги чындыктар камтылган. Ошондой эле Ыйык Китептен Жахабанын табиятын, сапаттарын, кандай ой жүгүртөрүн, эмнени жакшы көрөрүн, эмнени жек көрөрүн биле алабыз. (Окугула: Забур 97:10; Накыл сөздөр 6:16—19; 1-тиркемени карагыла.)

9 Алсак, телевизордон же Интернеттен эмнени көрүштү кантип чечсе болот? Жахаба ар бир жагдайда «тигиндей кыл» же «мындай кыл» деп так айтпайт. Бирок анын принциптери туура чечим чыгарууга жардам берет. Бүгүнкү күндө көңүл ачуунун көптөгөн түрлөрүндө зордук-зомбулукка жана жыныстык мамилеге басым жасалат. Ал эми Ыйык Китепте Жахабанын «зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү... жек көрөрү» жана «бузуктук... кылып жүргөндөрдү... соттой» турганы жазылган (Забур 11:5; Еврейлер 13:4). Бул принциптер туура чечим чыгарууга кандайча жардам берет? Эгер Жахабанын бир нерсени жек көрөрүн же адеп-ахлаксыздык деп эсептей турганын билсек, андай нерседен алыс болушубуз кажет.

10, 11. Биз Жахабага эмне үчүн баш иебиз?

10 Биз Жахабага эмне үчүн баш иебиз? Жазадан же туура эмес кылган ишибиздин кесепетинен качыш үчүн эмес (Галатиялыктар 6:7). Биз ага аны сүйгөндүктөн баш иебиз. Атасын кубандыргысы келген балага окшоп, биз да асмандагы Атабызды кубандыргыбыз келет. Жахабага жагарыбызды билүүдөн артык эч нерсе жок! (Забур 5:12; Накыл сөздөр 12:2; 2-тиркемени карагыла.)

11 Биз ага оңой болгондо же башка арга жок болгондо эле баш ийбейбиз. Анын мыйзам-осуяттарынын кайсынысына баш иер-ийбесибизди да тандабайбыз (Мыйзам 12:32). Биз ага: «Осуяттарыңды баалайм, аларды жакшы көрөм»,— деп айткан забурчуга окшоп, толугу менен баш иебиз (Забур 119:47; Римдиктер 6:17). Ошондой эле Жахабанын бардык буйруктарын аткарып, аны сүйөрүн көрсөткөн Нух пайгамбардан үлгү алгыбыз келет. Ал тууралуу Ыйык Китепте: «Ал так ошондой кылды»,— деп жазылган (Башталыш 6:22). Жахабанын силер жөнүндө да ушинтип айтышын каалайт белеңер?

12. Жахабаны кантип кубандыра алабыз?

12 Жахабага баш ийгенибизде, ал кандай сезимде болот? Ал буга абдан кубанат (Накыл сөздөр 11:20; 27:11). Ойлоп көрсөңөр, биз бүткүл ааламдын Жаратканын кубанта алабыз! Бирок ал бизди өзүнө баш ийүүгө эч качан мажбурлабайт. Ал ар бир адамды өз эркине коёт. Демек, ар бирибиз туура же туура эмес иш кылууну өзүбүз чечебиз. Жахаба ага болгон сүйүүбүз бизге туура чечим чыгарууга түрткү беришин жана ошонун аркасында бактылуу болушубузду каалайт. (Мыйзам 30:15, 16, 19, 20; 3-тиркемени карагыла.)

«АНЫН ОСУЯТТАРЫН АТКАРУУ ООР ЭМЕС»

13, 14. Жахабанын осуяттарын аткаруу кыйын эмес деп эмне үчүн айтууга болот? Мисал келтиргиле.

13 Жахабанын осуяттарын аткаруу кыйын же алар бизди өтө эле чектеп коёт деп ойлоп жатсакчы? Ыйык Китепте: «Анын осуяттарын аткаруу оор эмес»,— деп жазылган (1 Жакан 5:3). Ооба, Жахабанын осуяттарын аткаруу кыйын эмес. Ал бизден колубуздан келе турган нерселерди гана талап кылат.

14 Бир мисал келтирели. Досуңарга көчкөнгө жардам берип жатасыңар дейли. Ал буюм-тайымдарынын баарын таңгактап коёт. Алардын кээ бири жеңил болсо, башкаларын эки киши көтөрүш керек болот. Досуңар силерден ошондой оор жүктү жалгыз көтөрүшүңөрдү суранат беле? Албетте, жок. Анткени бир жериңерди жабыркатып алышыңарды кааламак эмес. Ошо сыяктуу эле, Жахаба да бизден алыбыз жетпеген нерсени эч качан талап кылбайт (Мыйзам 30:11—14). Ал бизди жакшы түшүнөт, «биздин эмнеден жаратылганыбызды билет, топурак экенибизди унутпайт» (Забур 103:14).

15. Жахабанын осуяттарын аткаруу өзүбүзгө эле пайдалуу экенине эмне үчүн шектенбесек болот?

15 Муса пайгамбар ысрайыл элине Жахабанын осуяттары аларга «жакшы болушу үчүн» берилгенин жана аларды аткарышса, «тирүү жүрөрүн» айткан (Мыйзам 5:28—33; 6:24). Азыр да ошондой. Жахабанын айткандарынын баары өзүбүзгө эле пайдалуу. (Окугула: Ышая 48:17.) Ата катары Жахаба канткенде бизге жакшы болорун жакшы билет (Римдиктер 11:33). Ыйык Китепте: «Кудай — сүйүү»,— делет (1 Жакан 4:8). Бул ал айткан жана кылган нерселердин баарынын артында сүйүү турарын билдирет.

16. Жеткилең эместигибизге жана ыймансыз дүйнөдө жашап жатканыбызга карабай Кудайга баш ийип жашай аларыбызды каяктан билебиз?

16 Кудайга баш ийүү дайыма эле оңойго тура бербейт. Анткени биз Шайтан башкарып жаткан ыймансыз дүйнөдө жашап жатабыз. Ал адамдарды жаман иш кылууга түрткөнгө аракет кылат (1 Жакан 5:19). Мындан тышкары, бизге Кудайга баш ийүүгө тоскоол кылган күнөөкөр табиятыбыз, туура эмес ойлорубуз жана сезимдерибиз менен күрөшүүгө туура келет (Римдиктер 7:21—25). Бирок Жахабага болгон сүйүүбүз туура иш кылууга түрткү берет. Жахаба ага баш ийүүгө кылып жаткан аракетибизди көрөт жана ыйык рухун берип колдоп турат (1 Шемуел 15:22, 23; Элчилер 5:32). Ыйык рухтун таасири менен Кудайга баш ийүүгө жардам берген сапаттарды өрчүтө алабыз (Галатиялыктар 5:22, 23).

17, 18. а) Бул китептен эмнелерди билебиз? б) Эмки бөлүмдө эмне каралат?

17 Бул китептен канткенде Жахабага жага турганыбызды, анын принциптери менен адеп-ахлак нормаларын жашоодо кантип колдоно аларыбызды билебиз. Жахаба бизди ага баш ийүүгө эч качан мажбурлабай турганын эсиңерден чыгарбагыла. Ага баш ийсек, жашообуз жакшы жакка өзгөрөт жана жаркын келечекке үмүттөнө алабыз. Баарынан маанилүүсү, Кудайга баш ийсек, аны канчалык бекем сүйөрүбүздү көрсөтөбүз. (4-тиркемени карагыла.)

18 Жашоодо ак-караны ажырата билишибиз үчүн, Жахаба ар бирибизге абийир берген. Туура үйрөтүлгөн абийир Кудайдын «осуяттарын аткарууга» жардам берет. Абийир деген эмне? Аны кантип үйрөтсө болот? Бул суроолор эмки бөлүмдө каралат.