Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮМ

Жахаба таза болушубузду каалайт

Жахаба таза болушубузду каалайт

«Тазалыгын сактаганга таза... мамиле кыласың» (ЗАБУР 18:26).

1—3. а) Эне эмне үчүн баласынын таза болушун каалайт? б) Жахаба эмне үчүн кызматчыларынын таза болушун каалайт?

 БАЛАСЫН мектепке жөнөтүп жаткан энени элестетсеңер. Ал баласынын дене боюнун, кийиминин таза, тыкан болушуна кам көрөт. Анткени баласынын таза жүргөнү ден соолугу үчүн маанилүү экенин түшүнөт. Ошондой эле баланын сырткы көрүнүшү ата-эненин камкордугунан кабар берерин билет.

2 Асмандагы Атабыз Жахаба да кызматчыларынын таза болушун каалайт (Забур 18:26). Ал биздин таза жүргөнүбүз өзүбүзгө эле пайдалуу экендигин билет. Андан сырткары, таза болсок, ага даңк алып келебиз. (Жезекиел 36:22; окугула: 1 Петир 2:12.)

3 Таза болуу деген эмнени билдирет? Таза болгонубуз эмне үчүн өзүбүзгө эле пайдалуу? Бул суроолорду карап жатып жашообузда кайсы жактардан жакшырышыбыз керектигин байкай алабыз.

ЭМНЕ ҮЧҮН ТАЗА БОЛУШУБУЗ КЕРЕК?

4, 5. а) Эмне үчүн таза болушубуз керек? б) Жахабанын тазалыкка карата көз карашын эмнеден биле алабыз?

4 Тазалыкка бул жагынан эң сонун үлгү болгон Жахабадан үйрөнө алабыз (Лебилер 11:44, 45). Демек, таза болууну каалаганыбыздын негизги себеби: биз «Кудайды туурагыбыз» келет (Эфестиктер 5:1).

5 Жахабанын тазалыкка карата кандай көз карашта экенин жаратылыштан көрө алабыз. Ал, суу менен аба тазаланып турушу үчүн, табигый циклдарды жараткан (Жеремия 10:12). Адамдардын булгаганына карабай, Жер планетабыздын өзүн-өзү көптөгөн жолдор менен тазалай турганы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Мисалы, Жахаба биз микроскоп аркылуу гана көрө алган микроорганизмдерди жараткан. Алар зыяндуу калдыктарды зыянсыз нерселерге айландырып турушат. Бул — аябагандай татаал процесс. Окумуштуулар атүгүл ал организмдердин айрымдарын айлана-чөйрө булганганда анын кесепетин жоюш үчүн колдонушат (Римдиктер 1:20).

6, 7. Жахабага сыйынгандардын таза болушу керектигин Мусанын Мыйзамы кандайча көрсөтүп турат?

6 Таза болуунун маанилүүлүгүн Жахабанын байыркы ысрайылдыктарга Муса пайгамбар аркылуу берген Мыйзамынан биле алабыз. Алсак, Жахаба алардын сыйынуусун кабыл кылышы үчүн, алар тулку боюн таза күтө билиши керек болчу. Башкы дин кызматчы Ыйыктын Ыйыгына кирерде эки жолу жуунчу (Лебилер 16:4, 23, 24). Башка дин кызматчылардан да курмандык чаларда колу-бутун жуу талап кылынган (Чыгуу 30:17—21; 2 Жылнаама 4:6). Тазалыкка байланыштуу мыйзамдарды бузгандар айрым жагдайларда өлүм жазасына тартылчу (Лебилер 15:31; Сандар 19:17—20).

7 Бүгүнкү күн тууралуу эмне дешке болот? Муса пайгамбарга берилген Мыйзамдан Жахабанын талаптары жөнүндө көп нерсе биле алабыз (Малаки 3:6). Ооба, ал Мыйзам Жахабага кызмат кылгандардын таза болушу керектигин айкын көрсөтүп турган. Жахабанын талаптары өзгөргөн жок. Ал бүгүн да кызматчыларынын таза болушун каалайт (Жакып 1:27).

ТАЗА БОЛУУ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

8. Кайсы жактардан таза болушубуз керек?

8 Жахабанын талабы боюнча, таза болуу тулку боюбуздун, кийимибиздин, үй-жайыбыздын таза болушуна кам көрүүдөн да көптү билдирет. Бул жашообуздун бардык тармактарын камтыйт. Сыйынуубуз, жүрүм-турумубуз жана ойлорубуз таза болушу талап. Ооба, Жахабанын көз алдында таза болуш үчүн бардык жактан таза болушубуз кажет.

9, 10. Сыйынуубуздун таза болушу эмнени билдирет?

9 Кудайга сыйынуу. Бул жагынан таза болуш үчүн жалган дин менен эч кандай байланышыбыз болбошу керек. Бабылда туткунда жүргөндө ысрайылдыктар адеп-ахлаксыздыкка баткан жалган динди туткандардын арасында жашаган. Ышая пайгамбар ысрайылдыктардын мекенине кайтып барып, таза сыйынууну калыбына келтирерин алдын ала айткан болчу. Жахаба ысрайыл элине: «Ал жерден чыккыла, арам нерселерге тийбегиле... Анын ичинен чыккыла, өзүңөрдү булгабагыла»,— деген. Алардын Кудайга сыйынуусу Бабылдагы жалган динден тамыр алган окуулар, иштер, салттар менен булганбашы керек болчу (Ышая 52:11).

10 Бүгүн да Жахабанын кызматчылары жалган динге аралашпайт. (Окугула: 1 Корунттуктар 10:21.) Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн белгилүү салт-санаалар, үрп-адаттар, ар кандай окуулар жалган динден башат алган. Мисалы, көптөгөн маданияттарда адам өлгөндө, жаны чыгып, жашай берет дегенге ишенишет. Андай ишенимге нечендеген салттар негизделген (Насаатчы 9:5, 6, 10). Жахабага кызмат кылгандар ушундай нерселерден алыс болушу керек. Тууган-туушкандарыбыз бизди аларга катыштырууга аракет кылышы ыктымал. Бирок биз Жахабанын көз алдында таза болгубуз келгендиктен алардын кысымына алдырбайбыз (Элчилер 5:29).

11. Жүрүм-турумдун тазалыгы эмнени билдирет?

11 Жүрүм-турум. Жахабанын алдында таза болуш үчүн жыныстык адеп-ахлаксыздыктын бардык түрүнөн оолак болушубуз зарыл. (Окугула: Эфестиктер 5:5.) Ыйык Китепте Жахабанын: «Бузуктуктан качкыла»,— деп буйрук кылганы жазылган. Ал адеп-ахлаксыз иштери үчүн өкүнбөгөн кишинин «Кудайдын Падышалыгын мурастабай» турганын так-даана айткан. (1 Корунттуктар 6:9, 10, 18; 22-тиркемени карагыла.)

12, 13. Ойлорубуздун таза болгону эмне үчүн маанилүү?

12 Ойлор. Ойлор, адатта, иш-аракет кылууга түртөт (Матай 5:28; 15:18, 19). Ойлорубуз жакшы болсо, иштерибиз да жакшы болот. Албетте, жеткилең эмес болгондуктан, акылыбызга таза эмес ойлор келбей койбойт. Андайда аларды дароо четке кагышыбыз керек. Антпесек, бара-бара ички дүйнөбүз булгана баштайт. Анан жаман оюбузду ишке ашыргыбыз келе баштайт. Андай кылуунун ордуна, акылыбызды таза ойлорго толтурушубуз керек. (Окугула: Филипиликтер 4:8.) Акылыбызды таза сакташ үчүн адеп-ахлаксыздык жана зордук-зомбулук камтылган көңүл ачуунун түрлөрүнөн оолак болушубуз зарыл. Эмнени окуп, эмнени көрүп, эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканыбызга олуттуу маани бергенибиз оң (Забур 19:8, 9).

13 Ооба, Кудайдын сүйүүсүнөн айрылып калбаш үчүн сыйынуубуз, жүрүм-турумубуз жана ойлорубуз таза болушу керек. Бирок Жахаба үчүн кадимки тазалык да маанилүү.

КАДИМКИ ТАЗАЛЫК

14. Кадимки тазалык эмне үчүн маанилүү?

14 Тулку боюбуз, үй-жайыбыз таза болсо, өзүбүзгө да, башкаларга да жакшы болот. Ден соолугубуз чың болот, жаныбыздагыларга да жагымдуу болот. Бирок таза болушубузга мындан да орчундуу себеп бар. Бул Жахабага даңк алып келет. Дайыма кир болуп жүргөн баланын ата-энеси жөнүндө кандай ойдо болот элеңер? Анын сыңарындай, өзүбүздү жакшы карап, таза жүрбөсөк, башкалар Жахаба жөнүндө кандай ойдо болушат? Элчи Пабыл: «Кызматыбыз кынтыксыз болушу үчүн, башкалардын мүдүрүлүшүнө эч бир жагынан себепкер болбойбуз. Тескерисинче, бардык жагынан өзүбүздү Кудайдын кызматчылары катары көрсөтөбүз»,— деген (2 Корунттуктар 6:3, 4).

Жахабанын эли катары тулку боюбузду, үй-жайыбызды дайыма таза кармашыбыз керек

15, 16. Тазалыкты сактоо үчүн эмне кылсак болот?

15 Тулку боюбуз жана кийимибиз. Тазалыкты сактоо күнүгө кылышыбыз керек болгон нерсе. Алсак, биз дайыма, мүмкүн болсо, күнүгө киринип турганыбыз жакшы. Колубузду, өзгөчө, тамак жасаарда же ичерде, дааратканадан кийин же кир нерсе кармагандан кийин самындап жууйбуз. Бул жөнөкөй эле нерсе болсо да, бактериялардын жана оорулардын жайылышына бөгөт коёт. Атүгүл өмүрдү сактап калышы мүмкүн. Эгер үйүбүздө даараткана жана кир суу агып чыккан түтүктөр жок болсо, заң-заара, кир суу жана башка ушу сыяктуу нерселерди жок кылуунун жолун табуу кажет. Байыркы ысрайыл элинде заң-заараны көмүп коюшчу, андай жерди эл жашаган жерден жана суунун булагынан окчун жерге бөлүп коюшчу (Мыйзам 23:12, 13).

16 Кийимибиз өтө эле кычыраган, кымбат, саркеч болушу талап эмес. Эң негизгиси, тыкан, таза болушу керек. (Окугула: 1 Тиметей 2:9, 10.) Биз дайыма башкалар бизди көрүп, Жахаба Кудайды даңкташын каалайбыз (Тит 2:10).

17. Үйүбүздү, короо-жайыбызды эмне үчүн таза күтүшүбүз керек?

17 Үйүбүз жана короо-жайыбыз. Кайсы жерде жашабайлы, үй-жайды таза күтүү ар бир адамдын колунан келет. Ошондой эле унаабыздын кандай түрү болбосун, машинеби, мотоциклбы, велосипедби, айрыкча жыйналышка барганда же кабар айтуу кызматына чыкканда, таза болушуна кам көрүшүбүз керек. Анын үстүнө, кабар айтып жүргөнүбүздө Жер планетабыздын тазаланып, бейишке айланарын айтат эмеспизби (Лука 23:43; Аян 11:18). Үйүбүз менен короо-жайыбыздан азыртадан эле жаңы заманда жашаганга даярданып жатканыбыз көрүнүп турушу керек.

18. Эмне үчүн сыйынуу жайларыбыздын таза болушун каалайбыз?

18 Сыйынуу жайларыбыз. Жыйналыш өткөрүлгөн жерди, Падышалык залы болобу же жыйын өткөрүлгөн имарат болобу, таза күтө билүү менен биз үчүн тазалык абдан маанилүү экенин көрсөтөбүз. Адатта, Падышалык залына биринчи жолу баргандар шак эле тазалыгына көңүл бурушат. Ушунун өзү эле Жахабага даңк алып келет. Жыйналыштын ар бир мүчөсү Падышалык залын тазалоо жана аны оңдоп-түзөө иштерине жардам берүүгө өз салымын кошо алат (2 Жылнаама 34:10).

ЖАМАН АДАТТАРДАН АРЫЛУУ

19. Эмнелерден алыс болушубуз керек?

19 Ыйык Китепте алыс болушубуз керек болгон жаман иштердин тизмеси берилген эмес, бирок андай иштерге Жахабанын кандай караарын билгенге жардам берген принциптер камтылган. Ал биздин тамеки тартышыбызды, ичимдикти ченемсиз ичишибизди же баңгизат колдонушубузду каалабайт. Кудайдын досу болгубуз келсе, мындай нерселерден алыс болобуз. Себеби ал берген өмүрдү абдан баалайбыз. Ал эми ушу сыяктуу жаман адаттар өмүрүбүздү кыскартат, өзүбүздүн жана айланабыздагы адамдардын ден соолугуна зыян келтирет. Көптөр мындай жаман адаттардан ден соолугун ойлогондуктан арылууга аракет кылышат. Биз болсо андай нерселерден андан да орчундуу себептен улам — Кудайды сүйгөндүктөн — оолакпыз. Бир кыз: «Жахабанын жардамы менен жашоомду өзгөртүп, жаман адаттарымды таштай алдым... Муну өз күчүм менен кыла албайт болчумун»,— деген. Келгиле анда, жаман адаттардан арылганга жардам берген Ыйык Китептеги беш принципти карап чыгалы.

20, 21. Жахаба кандай адаттардан арылышыбызды каалайт?

20 «Сүйүктүү бир туугандарым, бизге ушундай убадалар берилген соң, келгиле, денебиз менен рухубузду булгаган ар кандай ыпыластыктан тазаланып, Кудайдан коркуу менен ыйыктыгыбызды жеткилең кылууга умтула берели» (2 Корунттуктар 7:1). Жахаба акылыбызды, денебизди булгай турган ыпылас адаттардан алыс болушубузду каалайт.

21 «Ар кандай ыпыластыктан тазаланууга» түрткү берген негизги себеп 2 Корунттуктар 6:17, 18де жазылган. Ал аяттарда Жахаба: «Мындан ары арам нерсеге жолобогула»,— деген. Андан соң ал: «Ошондо мен силерди кабыл алам. Мен силерге ата болом, силер менин уул-кыздарым болосуңар»,— деп убада берген. Ооба, эгер Жахабанын көз алдында бизди булгап коё турган нерселердин баарынан алыс болсок, ал бизди атасы баласын жакшы көргөндөй жакшы көрөт.

22—25. Жаман адаттардан алыс болгонго кайсы принциптер жардам берет?

22 «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй» (Матай 22:37). Бул — эң маанилүү осуят (Матай 22:38). Жахаба ушундай сүйүү көрсөтүшүбүзгө татыктуу. Эгер өмүрүбүздү кыскарта турган же мээбизге доо кетире турган иштерди кылсак, Кудайды бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз, бүт акылыбыз менен сүйөбүз деп айта алабызбы?! Жок. Андай иштерди кылгандын ордуна, ал берген өмүрдү баалаарыбызды көрсөтүш үчүн колубуздан келгендин баарын кылалы.

23 «Кудай... өмүрдү да, демди да жана бүт баарын бардыгына өзү берет» (Элчилер 17:24, 25). Эгер досуңар өзгөчө бир белек берсе, аны бүлдүрүп же ыргытып жибересиңерби? Ошо сыяктуу эле, өмүр — Жахаба берген асыл белек. Биз аны абдан баалайбыз. Ошондуктан өмүрүбүздү Жахабаны даңктагыдай өткөргүбүз келет (Забур 36:9).

24 «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» (Матай 22:39). Жаман адаттарыбыздын зыяны өзүбүзгө эле эмес, айланабыздагыларга да, көбүнчө жакындарыбызга тиет. Мисалы, тамеки тарткан киши менен бир үйдө жашагандар тамекинин түтүнү менен дем алгандыктан олуттуу ооруларга чалдыгышы ыктымал. Андыктан жаман адаттарыбыздан арылышыбыз керек. Ошондо жакындарыбызды сүйөрүбүздү далилдейбиз (1 Жакан 4:20, 21).

25 «Аларга мындан ары да эскерт: өкмөткө жана бийликтерге баш ийип, тил алышсын» (Тит 3:1). Көп өлкөлөрдө баңгизаттын айрым түрлөрүн сактоо же колдонуу мыйзамга каршы келет. Жахаба өкмөттү урматтап-сыйлоону талап кылгандыктан, биз андай мыйзамга баш иебиз (Римдиктер 13:1).

Таза болсок, Жахаба даңкталат

26. а) Жахаба сыйынуубузду кабыл алышы үчүн эмне кылышыбыз талап? б) Таза болууга эмне үчүн бүт күчүбүздү жумшоону каалайбыз?

26 Жахаба менен ынак мамиледе болгусу келгендер айрым жактардан өзгөрүлүшү керектигин байкашы мүмкүн. Андайда токтоосуз иш-аракет кылуу маанилүү. Жаман адаттардан арылуу оңой болбосу турган иш, бирок бул колубуздан келет. Себеби Жахаба жардам берет. Ал: «Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын. Мен сени пайдалуу нерсеге үйрөтөм, жүрүшүң керек болгон жолдо жетектеп жүрөм»,— деген (Ышая 48:17). Таза болгонго бүт күч-аракетибизди жумшасак, Жахабага даңк алып келерибизге шек санабасак болот.