Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

Кудайга кантип көңүл ачканыбыз жагат?

Кудайга кантип көңүл ачканыбыз жагат?

«Баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла» (1 КОРУНТТУКТАР 10:31).

1, 2. Көңүл ачууну эмне үчүн кылдат тандашыбыз керек?

 ДААМДУУ бир жемиш жегени жатканыңарды элестетсеңер. Жаңы эле тиштегени жатканда бир жери чирик экенин көрүп калсаңар, эмне кылат элеңер? Жей берет белеңер же ыргытып жиберет белеңер? Же чирик жерин кесип салып, калганын жейт белеңер?

2 Кандайдыр бир мааниде көңүл ачууну ошондой жемишке салыштырса болот. Анткени айрым түрлөрү жакшы болушу мүмкүн, бирок көбүнүн «чирик жерлери» болот. Мисалы, көңүл ачуунун андай түрлөрү адеп-ахлаксыздыкты, зордук-зомбулукту же жиндерге байланыштуу нерселерди камтышы ыктымал. Көңүл ачарда: «Бул ар кимдин өз иши. Мага ушинтип көңүл ачкан жагат!» — дейсиңерби? Же көңүл ачуунун баары жаман деген көз караштасыңарбы? Же жаманынан оолак болуп, жакшысын тандайсыңарбы?

3. Көңүл ачарда эмне жөнүндө ойлонгонубуз маанилүү?

3 Эс алуу, көңүл ачуу ар бир кишиге керек. Бирок биз көңүл ачуунун жакшысын тандагыбыз келет. Ошондуктан көңүл ачканыбыз Жахаба Кудайга сыйынышыбызга кандай таасир этерин ойлонушубуз керек.

«БААРЫН КУДАЙДЫ ДАҢКТАШ ҮЧҮН КЫЛГЫЛА»

4. Көңүл ачууну тандоодо жардам бере турган принциптердин бири кайсы?

4 Өзүбүздү Жахабага арнаганда өмүр бою ага кызмат кыларыбызды убада кылганбыз. (Окугула: Насаатчы 5:4.) Биз «баарын Кудайды даңкташ үчүн кылабыз» деп сөз бергенбиз (1 Корунттуктар 10:31). Бул болсо жыйналышка барганда же кызматта жүргөндө эле эмес, эс алганда да, көңүл ачканда да баары Кудайга жаккандай болушу керектигин билдирет.

5. Сыйынуубуз кандай болушу керек?

5 Баскан-турганыбыз, кылган ишибиздин баары Жахабага сыйынуу менен тыгыз байланышта. Элчи Пабыл бул тууралуу: «Денеңерди тирүү, ыйык, Кудайга жагарлык курмандыкка бергиле»,— деп жазган (Римдиктер 12:1). Иса Машаяк болсо: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен, бүт күчүң менен сүй»,— деген (Марк 12:30). Биз Жахабага дайыма эң жакшысын бергибиз келет. Байыркы Ысрайылда курмандыкка кемтиги жок малды чалуу талап кылынган. Эгер кандайдыр бир кемтиги болсо, Кудай аны кабыл кылчу эмес (Лебилер 22:18—20). Ошо сыяктуу эле, Кудай биздин сыйынуубузду да кабыл кылбай коюшу мүмкүн. Кандайча?

6, 7. Көңүл ачканыбыз Жахабага сыйынышыбызга кандай таасир этиши мүмкүн?

6 Жахаба бизге: «Ыйык болгула, анткени мен ыйыкмын»,— деп айтып жатат (1 Петир 1:14—16; 2 Петир 3:11). Ал биздин сыйынуубузду, ыйык, башкача айтканда, таза болгондо гана кабыл кылат (Мыйзам 15:21). Эгер Жахаба жек көргөн нерселерди, маселен, адеп-ахлаксыздыкка, зомбулукка жаткан иштерди же жиндерге байланыштуу нерселерди кылсак, сыйынуубуз таза эмес болуп калат (Римдиктер 6:12—14; 8:13). Ошондой эле андай иштерди көңүл ачуу деп эсептесек, бул Жахабага жакпайт. Ошондон улам сыйынуубуз таза эмес болуп калгандыктан, Жахаба аны кабыл кылбай коюшу жана аны менен болгон мамилебиз бузулуп калышы мүмкүн.

7 Анда көңүл ачууну кантип туура тандасак болот? Жаман-жакшысын айырмалоого кайсы принциптер жардам берет?

ЖАМАН ИШТЕРДИ ЖЕК КӨРГҮЛӨ

8, 9. Көңүл ачуунун кандай түрүнөн алыс болушубуз керек жана эмне үчүн?

8 Бүгүнкү күндө көңүл ачуунун толгон-токой түрү бар. Айрымдары Жахабанын кызматчыларына ылайыктуу болсо, көбү ылайыксыз. Адегенде кандай көңүл ачуудан алыс болушубуз керектигине токтололу.

9 Көптөгөн кинотасмалар, веб-сайттар, телеберүүлөр, видеооюндар жана ырлар адеп-ахлаксыздыкка, зордук-зомбулукка же жиндерге байланыштуу. Андай жаман нерселер көп учурда эч кандай зыяны жоктой, атүгүл көңүлдү көтөрө тургандай кылып көрсөтүлөт. Бирок Жахабага сыйынгандар анын бийик нормаларына туура келбеген көңүл ачуунун түрлөрүнөн алыс болушу кажет (Элчилер 15:28, 29; 1 Корунттуктар 6:9, 10). Ошондо Жахабага жаман иштерди жек көрөрүбүздү көрсөтөбүз (Забур 34:14; Римдиктер 12:9).

10. Көңүл ачууну туура тандабаганыбыздын кесепети кандай болушу мүмкүн?

10 Бирок кээ бирөөлөр зордук-зомбулукка, адеп-ахлаксыздыкка жана жиндерге байланыштуу нерселер камтылган көңүл ачуунун эч жаман жери жок деп ойлошу мүмкүн. Алар: «Анын эмнеси зыян? Мен андай ишке эч качан барбайм да»,— деши мүмкүн. Ошентип ойлосок, өзүбүздү алдаган болобуз. Ыйык Китепте: «Жүрөк эң эле митаам, өтө бузулган»,— деп жазылган (Жеремия 17:9). Эгер Жахабага жакпаган нерселерди көрүп, угуп же кылып көңүл ачсак, анда андай нерселерди жек көрөбүз деп айтууга болобу? Ошентип канчалык көп көңүл ачсак, андай нерселер бизге ошончолук өөн болбой калат. Бара-бара абийирибиз мокоп, туура эмес чечим чыгарганы жатканыбызды эскертпей калат (Забур 119:70; 1 Тиметей 4:1, 2).

11. Галатиялыктар 6:7де жазылган сөздөр көңүл ачууну тандоодо кантип жардам берет?

11 Ыйык Китепте: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,— деп жазылган (Галатиялыктар 6:7). Эгер башында жаман нерселерди көрүп көңүл ачсак, кийин ошондой ишти кыларыбыз бышык. Мисалы, айрым ишенимдештерибиз адеп-ахлаксыздык камтылган көңүл ачуунун таасирине алдырып, акыры өздөрү да ошондой ишке барышкан. Бирок Жахаба бизге көңүл ачууну тандоодо акыл-эстүү болууга жардам берүүдө.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИПТЕРДИ КОЛДОНГУЛА

12. Көңүл ачууну туура тандоого эмне жардам берет?

12 Көңүл ачуунун кээ бир түрү Жахабага жакпай турганы айкын эле болуп тургандыктан, алардан алыс болушубуз мүмкүн. Ал эми Жахабага жакпай турганы айкын болбосочу? Ал бизге эмнени көрүшүбүз же көрбөшүбүз, угушубуз же укпашыбыз, окушубуз же окубашыбыз керектигин көрсөткөн эрежелердин тизмесин берген эмес. Анткени Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийирибизге жетектелип иш кылышыбызды каалайт. (Окугула: Галатиялыктар 6:5.) Жахаба бизге принциптерди, тагыраак айтканда, негизги чындыктарды ачып берүүдө. Алардан кайсы бир нерсеге карата анын көз карашын билүүгө болот. Ал принциптер абийирибизди үйрөтүүгө жардам берет. Алар «Жахабанын эркин таанып-билип», ага жаккандай чечим чыгарууда көмөк болот (Эфестиктер 5:17).

Көңүл ачууну туура тандоого Ыйык Китептеги принциптер жардам берет

13. Эмне үчүн көңүл ачуунун кайсы бир түрүнө ар кимибиз ар кандай карашыбыз мүмкүн? Бирок баарыбыз эмне кылышыбыз керек?

13 Жахабага сыйынгандардын арасынан да кимдир бирөөгө жаккан көңүл ачуу башкасына жакпашы мүмкүн. Анткени ар кимдин жактырган нерселери айырмаланат. Андан тышкары, бирөө туура деп эсептегенди башка бирөө туура деп эсептебеши ыктымал. Андайда көңүл ачууну туура тандаш үчүн Жахабанын кызматчыларынын баары Ыйык Китептеги принциптерге жетектелиши керек (Филипиликтер 1:9). Бул көңүл ачуунун Кудайга жаккан түрүн тандоого жардам берет (Забур 119:11, 129; 1 Петир 2:16).

14. а) Убакытты кантип пайдаланып жатканыбызга көңүл буруу эмне үчүн маанилүү? б) Элчи Пабыл Исанын жолдоочуларына кандай кеңеш берген?

14 Көңүл ачууга байланыштуу токтоло турган дагы бир нерсе — ага канча убакыт коротконубуз. Көңүл ачуу биз үчүн канчалык маанилүү экенин ушундан билсе болот. Жахабанын кызматчылары болгондуктан ага кызмат кылуу биздин жашообузда эң биринчи орунда турат. (Окугула: Матай 6:33.) Ошентсе да өзүбүз билбей эле көңүл ачууга барган сайын көбүрөөк убакытыбызды корото башташыбыз ыктымал. Элчи Пабыл Исанын жолдоочуларына: «Кандай жашап жатканыңарга жакшылап көңүл буруп, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла. Убакытты пайдалана билгиле»,— деп жазган (Эфестиктер 5:15, 16). Андыктан көңүл ачууга канча убакыт бөлүп жатканыбызга көңүл буруп, жашообузда Кудайга кызмат кылуу биринчи орунда турабы же жокпу, текшерип турушубуз керек (Филипиликтер 1:10).

15. Жахаба менен болгон мамилебизди бузуп коюшу мүмкүн болгон көңүл ачуудан кантип сак боло алабыз?

15 Жахабага жакпаган көңүл ачуудан баш тартышыбыз керектиги турган иш. Ал эми көңүл ачуунун кайсы бир түрүнүн ага жагар-жакпасына шектенип жатсакчы? Андайда да сак болушубуз кажетпи? Тоонун боорундагы жол менен баратканыңарды элестетсеңер. Жолдун четине жакын басат белеңер? Албетте, жок. Эгер өмүрдү бааласаңар, жарга жакын да жоломок эмессиңер. Көңүл ачуу жөнүндө да ушуну айтууга болот. Кудайдын Сөзүндө: «Бутуңду жамандыктан алыс кыл»,— деп айтылган (Накыл сөздөр 4:25—27). Ошондуктан көңүл ачуунун жаман экени айкын болгон түрүнөн эле качпастан, шектүүдөй жана Жахаба менен болгон мамилебизди бузуп коё тургандай көрүнгөн түрүнөн да алыс болобуз.

ЖАХАБАНЫКЫНДАЙ КӨЗ КАРАШКА ЭЭ БОЛУУ

16. а) Жахаба жек көргөн нерселердин айрымдары кайсылар? б) Жахаба жек көргөн нерселерди жек көрөрүбүздү кантип көрсөтөбүз?

16 Забурчу: «Жахабаны жакшы көргөндөр, жамандыкты жек көргүлө»,— деп жазган (Забур 97:10). Ыйык Китептен Жахабанын ой-сезимдерин билүүгө болот. Аны окуп жатканда билген нерселериңер кайсы бир нерсеге карата Жахабаныкындай көз карашта болууга кантип жардам берерин ойлонуп көргүлө. Мисалы, «жалган тил, жазыксыз кишинин канын төккөн кол, кыянаттык ойлогон жүрөк, жамандык кылууга чуркаган бут» Жахаба үчүн жийиркеничтүү экенин билебиз (Накыл сөздөр 6:16—19). Ага «бузуктук,.. бурканга табынуучулук, спиритизмге аралашуу,.. көрө албастык, ачууга алдыруу,.. ичи тарлык, аракечтик, жосунсуз той-тамашалар жана башка ушу сыяктуу нерселер» да жакпай турганын билебиз (Галатиялыктар 5:19—21). Ыйык Китептеги ушул принциптер кантип көңүл ачууну чечерде силерге кандайча жардам берерин түшүндүңөр болуш керек. Биз Жахабанын нормаларына жашообуздун бардык тармагында, элдин арасында да, жалгыз болгондо да, кармангыбыз келет (2 Корунттуктар 3:18). Чынында кандай адам экенибизди көбүнчө жалгыз калганда кылган иштерибиз айгинелейт (Забур 11:4; 16:8).

17. Көңүл ачарда эмне жөнүндө ойлонушубуз керек?

17 Ошондуктан көңүл ачарда: «Бул Жахаба менен болгон мамилеме кандай таасир этет? Абийиримечи?» — деп ойлонуп көргөнүбүз оң. Келгиле, ушуга байланыштуу дагы башка принциптерди карап чыгалы.

18, 19. а) Элчи Пабыл кандай кеңеш берген? б) Көңүл ачууну туура тандаганга кайсы принциптер жардам берет?

18 Көңүл ачуунун түрүн тандоону акылыбызды эмнеге толтурууну тандоого салыштырса болот. Пабыл: «Эмне чындык болсо, эмне олуттуу көңүл бурууга татыса, эмне адил, эмне таза болсо, эмне сүйүүгө татыктуу болсо, эмне жөнүндө жакшы пикирде болушса, эмне жакшылык деп эсептелсе, эмне мактоого татыктуу болсо, ошолор жөнүндө дайыма ой жүгүрткүлө»,— деп жазган (Филипиликтер 4:8). Акылыбызды жакшы нерсеге толтурсак: «Оозуман чыккан сөздөрүм, жүрөгүмдө ойлогон ойлорум сага жаккыдай болсо экен, оо, Жахаба»,— деп айта алабыз (Забур 19:14).

19 Ошол себептен төмөнкүлөр жөнүндө ойлонуп көрүшүбүз керек: «Акылымды эмнеге толтуруп жатам? Кайсы бир тасманы же телеберүүнү көргөндөн кийин жакшы сезим калабы? Жан дүйнөм тынч болобу? Абийирим кыйнабайбы? (Эфестиктер 5:5; 1 Тиметей 1:5, 19). Жахабага эркин кайрыла аламбы? Же өзүмдү жаман сеземби? Ошентип көңүл ачкандан кийин зордук-зомбулукка же адеп-ахлаксыздыкка жаткан ойлор келбейби? (Матай 12:33; Марк 7:20—23). Ушундай көңүл ачууну тандап, өзүмдү „бул дүйнө түзүлүшүнүн калыпташына жол берип“ жаткан жокмунбу?» (Римдиктер 12:2). Ушул суроолорго чынчылдык менен жооп бергенибиз Жахаба менен болгон мамилебизди мындан ары да бекемдей бериш үчүн эмне кылышыбыз керектигин түшүнүүгө жардам берет. Забурчуга окшоп, биз Кудайдан: «Көзүмдү пайдасыз нерселерден оолак кыл»,— деп тиленгибиз келет * (Забур 119:37).

БАШКАЛАРДЫН СЕЗИМИН ЭСКЕ АЛУУ

20, 21. Көңүл ачууну тандоодо эмне үчүн башкалардын сезимин эске алышыбыз керек?

20 Эске алышыбыз керек болгон дагы бир принцип: «Баарын кылууга укугум бар, бирок баары эле ишенимди бекемдей бербейт. Ар бир адам өзүнүн эмес, башканын пайдасын көздөсүн» (1 Корунттуктар 10:23, 24). Бир нерсени кылууга укуктуу болсок эле, бул аны кыла берсек болот дегенди билдирбейт. Биз чыгарган чечимибиз, кылган ишибиз ишенимдештерибизге кандай таасир этерин ойлошубуз керек.

21 Ар кимдин абийири ар кандай болот. Маселен, силердин абийириңер кайсы бир телеберүүнү көрүүгө жол берет деп коёлу. Бирок башка бир ишенимдешиңердин абийири ошол эле телеберүүнү көрүүгө жол бербей турганын билип калдыңар. Андайда эмне кылат элеңер? Абийириңер жол берсе да, балким, аны көрбөй эле коюну чечеттирсиңер. Эмне үчүн? Анткени «бир туугандарга каршы күнөө кылууну», андан да жаманы «Машаякка каршы күнөө кылууну» каалабайсыңар (1 Корунттуктар 8:12). Ооба, биз ишенимдештерибизди мүдүрүлтө турган бир да нерсени кылууну каалабайбыз (Римдиктер 14:1; 15:1; 1 Корунттуктар 10:32).

22. Көңүл ачууга карата башкалардын ою биздикинен айырмаланганда акыл-эстүү экенибизди кантип көрсөтөбүз?

22 Ал эми кимдир бирөөнүн абийири жол берген нерселерди көрүүгө, окууга же кылууга силердин абийириңер жол бербесечи? Бир тууганыңарды жакшы көргөндүктөн жана урматтагандыктан, албетте, андан өзүңөр ойлогондой кылууну талап кылбайсыңар. Машине айдаган киши башка айдоочулар андан ылдамыраак же жайыраак айдаса эле жаман айдоочу болуп калбай турганын билет. Анын сыңарындай, силер да, тиги бир тууган да Ыйык Китептеги принциптерге жетектелсеңер да, кантип көңүл ачууга карата көз карашыңар анча-мынча айырмаланышы мүмкүн (Насаатчы 7:16; Филипиликтер 4:5).

23. Көңүл ачууну туура тандоого эмне жардам берет?

23 Демек, көңүл ачууну туура тандоого эмне жардам берет? Эгер Ыйык Китептеги принциптердин негизинде үйрөтүлгөн абийирибизге кулак каксак жана ишенимдештерибиздин сезимин эске алсак, көңүл ачууну туура тандайбыз. Ошондой эле «баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгандыктан» өзүбүздү бактылуу сезебиз.

^ Көңүл ачууну тандоого байланыштуу дагы башка принциптер төмөнкү аяттарда камтылган: Накыл сөздөр 3:31; 13:20; Эфестиктер 5:3, 4; Колосалыктар 3:5, 8, 20.