Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮМ

Майрамдардын баары эле Кудайга жагабы?

Майрамдардын баары эле Кудайга жагабы?

«Теңирге эмне жагарын баамдап биле бергиле» (ЭФЕСТИКТЕР 5:10).

1. Жахабага жаккандай сыйынып жатканыбызды билиш үчүн эмне кылышыбыз керек жана эмне үчүн?

 ИСА ПАЙГАМБАР: «Чыныгы сыйынуучулар Атама ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйына турган убак келет... Анткени Атам өзүнө ошондой сыйынуучуларды издейт»,— деген (Жакан 4:23; 6:44). Андыктан ар бирибиз «Теңирге эмне жагарын баамдап биле беришибиз» керек (Эфестиктер 5:10). Бирок бул дайыма эле оңой боло бербейт. Анткени Шайтан Жахабага жакпаган иштерди кылдырыш үчүн бизди адаштырганга аракет кылат (Аян 12:9).

2. Синай тоосунун жанында кандай окуя болгон?

2 Шайтан кантип адаштырат? Мисалы, ал ак-караны ажырата албай калышыбызды көздөйт. Ысрайылдыктар Синай тоосунун жанына чогулганда эмне болгонуна токтололу. Муса пайгамбар тоого чыгып кетет, эл болсо аны күтүп жаткан болот. Анан чыдамы кетип, Арундан аларга кудай жасап беришин суранышат. Ошондо ал алтындан музоонун айкелин жасап берет. Эл майрам уюштуруп, музоону тегеренип бийлеп, ага таазим кылат. Алар Жахабага сыйынып жатабыз деп ойлошкон. Бирок алардын ал майрамды «Жахабага арналган майрам» катары көргөнү анын чын эле ошондой болгонун билдирген эмес. Жахаба муну бурканга табынуучулук деп эсептеген. Ошонун айынан көптөр өлгөн (Чыгуу 32:1—6, 10, 28). Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Өзүңөрдүн алданып калышыңарга жол бербегиле. «Арам нерселерге тийбегиле», эмне жакшы, эмне жаман экенин силерге Жахаба үйрөтсүн (Ышая 52:11; Жезекиел 44:23; Галатиялыктар 5:9).

3, 4. Учурда кеңири жайылган көптөгөн майрамдардын келип чыгышын эмне үчүн изилдеп көргөнүбүз жакшы?

3 Иса жерде жүргөндө элчилерин башкаларга Кудайга туура сыйынуу жагынан үлгү болууга үйрөткөн. Ал өлгөндөн кийин, элчилери жаңы шакирттерге Жахабанын принциптерин үйрөтүүнү улантышкан. Бирок элчилердин көзү өтүп кеткенден кийин, жалган окутуучулар пайда болуп, жыйналышка туура эмес түшүнүктөрдү, бутпарастардын каада-салттарын жана майрамдарын жайылта башташкан. Атүгүл, Исанын жолдоочуларынын майрамындай көрсөтүш үчүн, айрым майрамдардын аталышын өзгөртүп коюшкан (2 Тесалоникалыктар 2:7, 10; 2 Жакан 6, 7). Ошол майрамдардын көбү азыр да кеңири тараган жана дагы деле жалган окуулардын, атүгүл жиндер менен байланышуунун күч алышына шарт түзүүдө * (Аян 18:2—4, 23).

4 Учурда майрамдар бүт дүйнө жүзү боюнча жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Бирок Жахабанын көз карашын билген сайын, майрамдарга карата оюңарды өзгөртүшүңөр керектигин түшүнө башташыңар мүмкүн. Бул оңой эмес. Анткен менен Жахабанын жардам берерине эч шектенбегиле. Эмесе, Жахабанын көз карашын түшүнүш үчүн айрым майрамдардын келип чыгышын изилдеп көрөлү.

РОЖДЕСТВО

5. Исанын 25-декабрда төрөлбөгөнүнө кандай далил бар?

5 Дүйнөнүн басымдуу бөлүгүндө Рождествону 25-декабрда майрамдашат. Көптөр Иса ошол күнү төрөлгөн деп ойлошот. Ыйык Китепте Исанын кайсы күнү, ал тургай кайсы айда төрөлгөнү да жазылган эмес. Бирок андан Исанын жылдын кайсы мезгилинде төрөлгөнүн билсе болот. Лука Иса Бетлехемде төрөлгөндө койчулардын «талаада жашап» жатканын жазган (Лука 2:8—11). Декабрда Бетлехемде жаан, кар көп жаап, күн суук болгондуктан, койчулар отору менен түндө талаада түнөшмөк эмес. Мындан Иса декабрда эмес, күн жылуураак мезгилде төрөлгөнүн билсек болот. Ыйык Китеп да, тарыхый фактылар да анын учурда сентябрь жана октябрь деп белгилүү болгон айларда төрөлгөнүн тастыктоодо.

6, 7. а) Рождестводогу көптөгөн салттар каяктан келип чыккан? б) Белек берүүгө эмне түрткү бериши керек?

6 Анда Рождество каяктан келип чыккан? Бул майрам римдиктердин Сатурналия деген майрамынан, айыл чарбачылыгынын Сатурн деген кудайынын урматына арналган майрамдан, келип чыккан. Бир энциклопедияда: «Рождестводогу көптөгөн шаан-шөкөттүү салттар, маселен, ичип-жеп, шапар тебүү, белек берүү жана шам жагуу римдиктердин декабрдын орто ченинде белгиленген Сатурналия майрамынан тамыр алган»,— деп жазылган («The Encyclopedia Americana»). Ошондой эле 25-декабрда персиялыктардын күн кудайы Митранын туулган күнү белгиленчү.

7 Бирок бүгүнкү күндө Рождествону белгилеп жаткандардын көбү анын келип чыгышы тууралуу ойлонушпайт. Алар ал күндү тек гана үй-бүлөсү менен чогулуп, дасторкон жайып, бири-бирине белек бере турган учур катары көрүп, чыдамсыздык менен күтүшөт. Албетте, баарыбыз эле үй-бүлөбүздү, досторубузду жакшы көрөбүз. Ошондой эле Жахаба колу ачык болушубузду да каалайт. Бирок 2 Корунттуктар 9:7де: «Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»,— деп жазылган. Жахаба башкаларга өзгөчө бир күндөрү эле белек беришибизди каалабайт. Жахабага сыйынгандар үй-бүлөсү, достору менен жылдын кайсы учурунда болбосун чогулуп турушат жана белекти ордуна бир нерсе алам деген ой менен эмес, чындап жакшы көргөндүктөн беришет (Лука 14:12—14).

Майрамдардын башатын билсек, эмнеден сак болуш керектигин билебиз

8. Астрологдор Исага ал жаңы төрөлгөндө белек алып барышты беле? Түшүндүргүлө.

8 Көптөр Рождество учурунда белек берүүгө жаңы төрөлүп, малканада жаткан Исага үч акылмандын белек алып барганы негиз боло алат деп айтышат. Ооба, алардын Исаны көргөнү барганы жана белек алып барганы талашсыз. Байыркы учурда кадыр-барктуу кишиге белек тартуулоо кадимки нерсе болчу (1 Падышалар 10:1, 2, 10, 13). Бирок Ыйык Китепте ал кишилердин Жахабага сыйынбаган, сыйкырчылык менен алектенген астрологдор болгону жазылганын билчү белеңер? Андан сырткары, алар Исага ал жаңыдан төрөлүп, малканада жаткан кезинде эмес, бир аз чоңоюп, үйдө жашап калган кезинде барышкан (Матай 2:1, 2, 11).

ТУУЛГАН КҮН

9. Ыйык Китепте кимдердин туулган күндү белгилегени жазылган?

9 Бала жарык дүйнөгө келген күн, чынында эле, абдан кубанычтуу күн (Забур 127:3). Бирок бул туулган күндү белгилешибиз керектигин билдирбейт. Ойлонуп көрсөңөр, Ыйык Китепте эки эле кишинин туулган күнүн белгилегени жазылган. Алардын бири Мисирдин фараону, экинчиси Ирод Антиппа болгон. (Окугула: Башталыш 40:20—22; Марк 6:21—29). Экөө тең Жахабага сыйынышкан эмес. Негизи эле, Жахабага сыйынгандардын туулган күндү белгилегени Ыйык Китептин бир да жеринде кездешпейт.

10. Исанын алгачкы жолдоочулары туулган күнгө кандай карашкан?

10 Бир энциклопедияда Исанын алгачкы жолдоочуларынын «кимдин болбосун туулган күнүн белгилөөнү бутпарастардын салты катары көрүшкөнү» жазылган («The World Book Encyclopedia»). Андай салттар жалган ой-түшүнүктөргө негизделген. Алсак, байыркы гректер ар бир адам төрөлгөн күнү жанында кандайдыр бир рух болот, ал аны коргоп жүрөт деп ишенишчү. Алар ал рухтун, адам кайсы кудайдын туулган күнүндө төрөлсө, ошол кудай менен байланышы бар деп ойлошкон. Туулган күндү белгилөөнүн, бутпарастардын ушундай көз карашына байланыштуу болгонунан тышкары, астрология жана жылдыз төлгө менен да байланышы бар.

11. Жахаба белгилүү бир күнү эле берешен болушубузду каалайбы?

11 Көптөр туулган күнүн башкалардын урмат-сыйына, сүйүүсүнө бөтөнчө бөлөнүшү керек болгон өзгөчө күн катары көрүшөт. Бирок биз үй-бүлөбүздү, досторубузду белгилүү бир күнү эле эмес, жылы бою жакшы көрөбүз. Жахаба биздин бардык учурда берешен жана боорукер болушубузду каалайт. (Окугула: Элчилер 20:35.) Биз ага өмүр белегин бергени үчүн туулган күнүбүздө эле эмес, күн сайын ыраазычылык билдиребиз (Забур 8:3, 4; 36:9).

Исанын чыныгы жолдоочуларына башкаларга белек берүүгө сүйүү түрткү берет

12. Өлгөн күн кандайча туулган күндөн артык?

12 Насаатчы 7:1де: «Жакшы ат баалуу майдан артык, адамдын өлгөн күнү туулган күнүнөн артык»,— делет. Өлгөн күн кандайча туулган күндөн артык болушу мүмкүн? Төрөлгөн күнү биз жашообузда жакшы да, жаман да иш кыла элек болобуз. Ал эми жашообузду Жахабага кызмат кылууга, башкаларга жакшылык кылууга арнасак, «жакшы атка», башкача айтканда, жакшы абройго ээ болобуз жана өлсөк да, Жахабанын эсинде калабыз (Аюп 14:14, 15). Жахабанын кызматчылары өзүнүн да, Иса пайгамбардын да туулган күнүн белгилешпейт. Иса бизге белгилөөнү буйрук кылган жападан жалгыз күн — анын өлгөн күнү (Лука 22:17—20; Еврейлер 1:3, 4).

ЖАҢЫ ЖЫЛ

13. Жаңы жылды майрамдоо каяктан келип чыккан?

13 Жаңы жылдын айрым каадалары эле ар кайсы өлкөдө ар кандай болбосо, негизи, көптөгөн өлкөлөрдө 31-декабрда «эски жылды узатып» түн ортосуна чейин отуруу салты бар. Ал түнү көбүнчө ичкиликти ченемсиз ичишет, жыныстык адеп-ахлаксыздыкка берилишет, белек алышып-беришет жана жаңы жылда аткарылсын деп каалоо-тилек айтышат. Көп өлкөлөрдө кеңири жайылган ушундай каадалардын бутпарастардын майрамына түздөн-түз байланышы бар. Ошондой эле ошол күнү жиндерди качырыш үчүн түркүн түстөгү жарык берген отторду чачыратышат. Бир энциклопедияда: «Байыркы Римде жылдын биринчи күнү Янусту, дарбаза-эшиктердин жана бардык нерсенин башталышы менен бүтүшүнүн кудайын, даңктоого арналчу... Жаңы жыл күнү христиан чиркөөлөрүндө б.з. 487-жылынан тартып ыйык деп эсептелип калган... Бутпарастардын каадасы болгондуктан, башында ал күнү шапар тээп майрамдоого жол берилген эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен баары өзгөрүп, Жаңы жыл кайрадан шаан-шөкөт менен коштолуп калган»,— деп жазылган («The 1966 World Book Encyclopedia, Volume 14, page 237».)

ХЭЛЛОУИН

14. Хэллоуин кайдан башат алган?

14 «Бардык ыйыктар күнүнүн алды» деп да аталган Хэллоуин майрамын көптөр жезкемпирлер, үй ээлери жана көрүнчүлөр менен байланыштырышат. Бул майрам жаңы деле эмес. Британиядагы жана Ирландиядагы байыркы кельттер 1-ноябрга жакын калганда, ай толгондо Самайн майрамын майрамдашчу. Алар майрам учурунда өлгөндөрдүн руху жерге кайтып келет деп ишенишкен. Адамдар ал рухтар аларга эч кандай зыян келтирбеши үчүн сыртка тамак-аш, ичимдик коюп коюшчу. Азыркы учурда ар кандай коркунучтуу кийимдерди кийип алып, үймө-үй кыдырып, элден таттуу-паттуу беришин талап кылган балдар, чынында, байыркы учурдагы жиндер менен байланышкан салтты улап жатканын билишпейт.

КУДАЙГА ЖАККАН ҮЙЛӨНҮҮ ҮЛПӨТҮ

15, 16. Үйлөнүү үлпөтүнө даярдык көрүп жатканда эмнени эске алышыбыз керек?

15 Үйлөнүү үлпөтү кубанычтуу учур. Аны дүйнө жүзүндө ар кандай өткөрүшөт. Адатта, көптөр үйлөнүү үлпөтүндөгү салттардын кайдан келип чыкканы жөнүндө ой жүгүртпөгөндүктөн алардын бутпарастардын диний ой-түшүнүктөрүнөн тамыр алганын билишпейт. Бирок үйлөнүү тоюна даярдык көрүп жаткан Исанын жолун жолдогон кыз-жигит тойдун Жахабага жаккыдай өтүшүн каалайт. Андыктан алардын үйлөнүү үлпөтүндөгү каада-салттардын келип чыгышы жөнүндө билгени жакшы, ошондо туура чечим чыгара алышат (Марк 10:6—9).

16 Эл арасында айрым салттар жаңы үйлөнүп жаткандардын башына «кут» кондурат деп эсептелет (Ышая 65:11). Мисалы, айрым жерлерде алардын үстүнө күрүч же башка ушу сыяктуу нерселерди чачышат. Ошентишсе, жубайлардын башына бакыт конуп, балалуу болуп, узак өмүр сүрүшөт жана ар кандай жамандыктан тышкары болушат деп ишенишет. Бирок Исанын жолдоочулары жалган дин менен байланышкан бардык салт-санаалардан алыс болушу керек. (Окугула: 2 Корунттуктар 6:14—18.)

17. Үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүдө Ыйык Китептеги дагы кайсы принциптерди эске алуу керек?

17 Исанын жолун жолдогон кыз-жигит үйлөнүү тоюнун кубанычтуу, татыктуу өтүшүн жана баарына жагымдуу болушун каалайт. Чакырылган коноктор жүрөктү ооруткан, адепсиз жана кыз-жигитти же башкаларды сыйлабастыкка жаткан сөздөрдү айтуудан алыс болушу кажет (Накыл сөздөр 26:18, 19; Лука 6:31; 10:27). Үйлөнүү үлпөтүндө «колунда болгон нерселерине мактангандык» да болбошу керек (1 Жакан 2:16). Эгер силер да той өткөрүүнү ойлонуштуруп жатсаңар, кийин ал күндү жылуу сезим менен эскергендей өтүшүнө кам көргүлө. (28-тиркемени карагыла.)

ТОСТ СҮЙЛӨӨ

18, 19. Тост сүйлөө каадасы кайдан келип чыккан?

18 Үйлөнүү тоюнда жана башка учурларда, адатта, тост сүйлөнөт. Андайда кимдир бирөө жакшы каалоо-тилегин айтат, башкалар болсо бокалдарын көтөрүп турушат. Исанын жолдоочулары тост сүйлөөгө кандай карашы керек?

19 Бир китепте тост сүйлөө каадасы, кыязы, байыркы учурдагы бутпарастардын «кудайларга ыйык суюктуктарды тартуу кылуу» салтынан келип чыкканы жазылган. Алар муну «каалоо-тилектери — „өмүрүң узун болсун“ же „ден соолугуң үчүн“ деген сыяктуу сөздөр менен жыйынтыкталган тиленүүсү — орундалышы үчүн» кылышкан («International Handbook on Alcohol and Culture»). Илгери адамдарда кудайларынан бата сураганда чөйчөктөрүн өйдө көтөрүү адаты бар болчу. Бирок Жахаба батасын андай жол менен бербейт (Жакан 14:6; 16:23).

«ЖАХАБАНЫ ЖАКШЫ КӨРГӨНДӨР, ЖАМАНДЫКТЫ ЖЕК КӨРГҮЛӨ»

20. Исанын жолдоочулары кандай майрамдарга катышпашы керек?

20 Майрамдардын кайсынысына болбосун катышар-катышпасыңарды чечип жатканда анын кандай маанайда болууга, кандай жүрүм-турумга үндөй турганы жөнүндө ойлонуп көргүлө. Мисалы, кээ бир майрамдар жана карнавалдар адепсиз бийлер, ичимдикти чеги жок ичүү, ал тургай жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жаткан иштер менен коштолот. Ошондой эле андай майрамдар гейлер менен лесбияндардын жашоо мүнөзүн колдошу же улутчулдукка үндөшү мүмкүн. Эгер ушундай майрамдарга катышсак, Жахаба жек көргөн нерселерди чындап жек көргөн болобузбу? (Забур 1:1, 2; 97:10; 119:37).

21. Кайсы бир майрамга катышар-катышпасыбызды чечүүгө эмне жардам берет?

21 Исанын жолдоочулары Кудайга шек келтирген майрамдарды майрамдоодон абдан сак болушу зарыл. Элчи Пабыл: «Жесеңер да, ичсеңер да, эмне кылсаңар да, баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»,— деп жазган. (1 Корунттуктар 10:31; 29-тиркемени карагыла.) Албетте, бардык эле майрамдар адеп-ахлаксыздык, жалган дин же улутчулдук менен байланыштуу эмес. Эгер кайсы бир майрам Ыйык Китептеги принциптерге каршы келбесе, ага катышар-катышпасыбызды өзүбүз чечебиз. Бирок чечимибиздин башкаларга кандай таасир этерин эске алышыбыз керек.

СӨЗҮҢӨР МЕНЕН ДА, ИШИҢЕР МЕНЕН ДА ЖАХАБАНЫ ДАҢКТАГЫЛА

22, 23. Жахабанын Күбөсү эмес туугандарыбызга айрым майрамдарга карата көз карашыбызды кантип түшүндүрсөк болот?

22 Балким, азыр Жахабага жакпаган майрамдарды майрамдабай калгандырсыңар. Бирок үйдөгүлөрдүн айрымдарына, алар Жахабанын Күбөсү болбогондуктан, аларды жакшы көрбөй турганыңардай же алар менен чогуу болууну каалабай жатканыңардай сезилиши ыктымал. Алар майрам күндөрүн бүт үй-бүлө чогула турган саналуу гана күндөр деп эсептеши мүмкүн. Андайда эмне кылсаңар болот? Аларды жакшы көрөрүңөргө, баалаарыңарга ынандыруунун көптөгөн жолдору бар (Накыл сөздөр 11:25; Насаатчы 3:12, 13). Мисалы, башка учурларда чогуу убакыт өткөрүп турсаңар болот.

23 Туугандарыңар кээ бир майрамдарды эмне үчүн белгилебей калганыңарды билгиси келсе, биздин адабияттардан же jw.org/ky сайтынан мунун себебин түшүндүрүп берүүгө жардам берген маалымат издеп көргүлө. Түшүндүрүп жатканда талашып-тартышкандай же оюңарды таңуулагандай болуп калбаганга аракет кылгыла. Аларга көп нерсени эске алып ушундай чечимге келгениңерди түшүнүүгө жардам бергиле. Сабырдуу болгула, «сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун» (Колосалыктар 4:6).

24, 25. Ата-энелер балдарга Жахаба бекиткен нормаларды жакшы көрүүгө кантип жардам бере алат?

24 Айрым майрамдарды жеке биз кайсы себептерден улам майрамдабаганыбызды ар бирибиз жакшы түшүнгөнүбүз маанилүү (Еврейлер 5:14). Биздин эң негизги максатыбыз — Жахабага жагуу. Эгер балдарыңар болсо, аларга Ыйык Китептеги принциптерди түшүнүүгө жана жакшы көрүүгө жардам бергиле. Жахабанын чынында эле бар экенин түшүнө баштаганда алар да ага жагууну каалай башташат (Ышая 48:17, 18; 1 Петир 3:15).

25 Сыйынуубуздун таза болушуна жана чынчыл болууга бүт күч-аракетибизди жумшап жатканыбызды көрүп Жахаба аябай сүйүнөт (Жакан 4:23). Бирок көптөр жалгандыкка толгон бул дүйнөдө чындап чынчыл болуу мүмкүн эмес деп ойлошот. Чын эле ошондойбу? Бул тууралуу кийинки бөлүмдө сөз жүрөт.

^ Айрым майрамдар тууралуу маалыматты «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралынан», «Күзөт мунарасы коомунун электрондук китепканасынан» жана jw.org/ky сайтынан таба аласыңар.