Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-БӨЛҮМ

Нике — Кудайдын белеги

Нике — Кудайдын белеги

«Үч кат жип оңой менен үзүлбөйт» (НАСААТЧЫ 4:12).

1, 2. а) Үйлөнүп жаткандар кандай кыялдарга батышат? б) Бул бөлүмдө кайсы суроолор каралат?

 КУБАНЫЧЫ койнуна батпай турган жигит менен кыздын үйлөнүү үлпөтүн элестетсеңер. Экөө тең келечегин ойлоп, таттуу кыялга батып турган кези. Алар узак жана бактылуу өмүр сүрөбүз деп кыялданышат.

2 Өкүнүчтүүсү, көптөрдүн жашоосу ушинтип жакшы башталганы менен, андан ары жакшы улана бербейт. Кармашкан колу үзүлбөй, узак жана бактылуу жашашы үчүн жубайлар Кудайдын акыл-насаатына муктаж. Эмесе, Ыйык Китепте төмөнкүдөй суроолорго байланыштуу эмне делерине токтололу: Турмуш куруунун кандай жакшы жактары бар? Эгер турмуш кургуңар келсе, жакшы жарды кантип тапса болот? Канткенде жакшы күйөө же жакшы зайып боло аласыңар? Никенин бекем болушуна эмне жардам берет? (Окугула: Накыл сөздөр 3:5, 6.)

ТУРМУШ КУРУУГА ЭМНЕ СЕБЕП БОЛУШУ КЕРЕК?

3. Бактылуу болуш үчүн сөзсүз үй-бүлө куруу керекпи? Түшүндүргүлө.

3 Кээ бирөөлөр адам үй-бүлө курмайынча бактылуу боло албайт дешет. Бирок бул андай эмес. Иса пайгамбар бойдоктук белек боло аларын айткан (Матай 19:11, 12). Элчи Пабыл да бойдок болуунун жакшы жактары бар экенин жазган (1 Корунттуктар 7:32—38). Болгону, турмуш курар-курбасын ар ким өзү чечет. Адам досторунун, үй-бүлөсүнүн же маданиятынын таасирине алдырып чечим чыгарбашы керек.

4. Жакшы үй-бүлөдө кандай жакшы нерселерге шарт түзүлөт?

4 Ыйык Китепте нике да Кудайдын белеги экени жана анын жакшы жактары бар экени жазылган. Жахаба эң биринчи жаратылган эркекке, Адам атага: «Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес. Ага аны толуктап тура турган жардамчы жаратайын»,— деген (Башталыш 2:18). Анан ага Обо энени жаратып берген. Ошентип, эң биринчи үй-бүлө пайда болгон. Эгер жубайлар балалуу болушса, балдардын жагымдуу, жакшы чөйрөдө чоңоюп-өсүшүнө кам көрүшү керек. Анткен менен турмуш куруунун себеби балалуу болуу эле эмес (Забур 127:3; Эфестиктер 6:1—4).

5, 6. Нике качан «үч кат жипке» окшош болот?

5 Сулайман: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы. Анткени алар өз эмгегинин үзүрүн көрөт. Бири жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок жыгылса тургузары жок адам кантет?.. Үч кат жип оңой менен үзүлбөйт»,— деп жазган (Насаатчы 4:9—12).

6 Жакшы нике бири-бирин жубатып-сооротуп, жөлөк-таяк болуп, коргоп турган эки адамдын ортосундагы эң жакын достук болуп эсептелет. Жубайлардын мамилесин алардын ортосундагы сүйүү бекемдейт. Ал эми экөө тең Жахабага сыйынса, мамилеси ого бетер тыгыз болот да, никеси абдан бекем чыйратылган «үч кат жипке» окшоп калат. Андай жип эки кат жипке караганда алда канча бышык келет. Анын сыңарындай, нике да, эгер Жахаба анын бир бөлүгүн түзсө, бекем болот.

7, 8. Пабыл үй-бүлө курууга байланыштуу кандай кеңеш берген?

7 Баш кошкондон кийин жубайлар табигый жыныстык каалоолорун канааттандыра алышат (Накыл сөздөр 5:18). Бирок кимдир бирөө ушундай каалоосун канааттандырыш үчүн эле турмуш курса, жар тандоодо жаңылып калышы мүмкүн. Мына ошондуктан Ыйык Китепте адам «өтө эле жаш курагында», башкача айтканда, жыныстык каалоосу өзгөчө күчтүү болуп турган кезде турмуш курбашы керектиги жазылган (1 Корунттуктар 7:36). Андай каалоо-сезимдер өтүп кеткиче күтө туруу акылдуулукка жатат. Себеби ошондо гана адам тунук ой жүгүртүп, чындап жакшы жар тандай алат (1 Корунттуктар 7:9; Жакып 1:15).

8 Эгер үй-бүлө курууну ойлонуп жатсаңар, баарына туура баа бере билгениңер жана ар бир үй-бүлө кыйынчылыктарга туш болорун эске алганыңар оң. Элчи Пабыл үй-бүлө кургандардын «жашоосунда жаңы кыйынчылыктар пайда болорун» жазган (1 Корунттуктар 7:28). Атүгүл эң жакшы үй-бүлөлөрдө да кыйынчылыктар болбой койбойт. Андыктан кимдир бирөө менен баш кошкону жатсаңар, жакшы жар тандаганыңарга көзүңөр жеткидей болушу керек.

КИМ ЫЛАЙЫКТУУ ЖАР БОЛО АЛАТ?

9, 10. Жахабага сыйынбаган киши менен баш кошсок эмне болот?

9 Жар тандап жаткан киши Ыйык Китептеги: «Ишенимдеш эместер менен бир моюнтурукту кийбегиле»,— деген маанилүү принципти унутпашы керек (2 Корунттуктар 6:14). Бул принциптеги мисал айыл чарба турмушунан алынган. Дыйкан эч качан чоңдугу жана күчү жагынан бири-биринен кескин айырмаланган эки малды бир моюнтурукка кошпойт. Бул таш боордукка жатмак, себеби экөө тең кыйналып калат. Ошол өңдүү эле, Жахабага сыйынган киши менен сыйынбаган киши баш кошсо, көптөгөн кыйынчылыктарга кабылышы ыктымал. Ыйык Китепте бекеринен: «Ал адам Мырзабыздын жолдоочусу болушу керек»,— деп жазылган эмес (1 Корунттуктар 7:39).

10 Айрымдар жалгыздыктан кыйналгандан көрө, Жахабага сыйынбаган адам менен болсо деле, баш кошуп алганым оң деп ойлошот. Бирок Ыйык Китептеги кеңешке кулак какпай койгондор көбүнчө өздөрүн азапка салып, бактысыз болуп калышат. Жахабага сыйынгандыктан биз ага кызмат кылууну жашообузда эң маанилүү нерсе деп эсептейбиз. Эгер жашооңордо эң маанилүү деп эсептеген нерселериңерди жарыңар баркка албаса, кандай сезимде болмоксуңар? Ошондуктан көптөр Жахабаны жакшы көрбөгөн, ага кызмат кылбаган киши менен баш кошкондун ордуна, жалгыз бой жүргөндү артык көрүшөт. (Окугула: Забур 32:8.)

11. Өмүрлүк жарды канткенде туура тандай аласыңар?

11 Бирок бул Жахабага кызмат кылгандардын баары эле ылайыктуу жар боло алат дегенди билдирбейт. Эгер турмуш курууну ойлонуштуруп жатсаңар, өзүңөр чындап жактырган жана силерге чындап төп келген кишини тандагыла. Жашоодогу ой-тилегиңер бирдей болгон жана Кудайга кызмат кылууну биринчи орунга койгон адамга жолукмайынча күтө тургула. Ишенимдүү кулдун адабияттар аркылуу никеге байланыштуу берген пайдалуу кеңештерин окуп, ой жүгүрткүлө. (Окугула: Забур 119:105.)

12. Никеге байланыштуу салт жөнүндө Ыйык Китептен эмнени билүүгө болот?

12 Айрым элдерде салт боюнча баласына өмүрлүк жарды ата-энеси тандайт. Анткени ата-эне баласына ким ылайыктуу жар болорун жакшыраак билет деп эсептелет. Мындай салт Кудайдын байыркы убактагы кызматчыларында да болгон. Андыктан, эгер үй-бүлөңөр ушундай салтка ылайык иш кылууну туура көрсө, Ыйык Китептеги кеңештер ата-энеге адамдын кандай сапаттарына көңүл бурушу керектигин билүүгө жардам берет. Мисалы, Ыбрайым уулу Жакыпка колуктуну байлыгына же тегине эмес, Жахабаны жакшы көргөнүнө карап алып берген. (Башталыш 24:3, 67; 25-тиркемени карагыла.)

ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУГА КАНТИП ДАЯРДАНСА БОЛОТ?

13—15. а) Жигит жакшы күйөө болууга кантип даярдана алат? б) Кыз жакшы зайып болууга кантип даярдана алат?

13 Үй-бүлө курууга ниеттенип жатсаңар, чындап эле даяр экениңерге көзүңөр жетиши керек. Балким, даярмын деп ойлоп жаткандырсыңар. Ошентсе да чындап даяр болуу эмнени билдирерине токтололу. Бул маалымат силерди таң калтырышы мүмкүн.

Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди окуп, ой жүгүрткүлө

14 Ыйык Китепте аялдардын да, күйөөлөрдүн да өз милдеттери бар экени айтылат. Демек, кыз-жигиттин үй-бүлө курууга көргөн даярдыгы да ар башка болот. Мисалы, үйлөнгүсү келген жигиттин: «Үй-бүлөнүн башчысы болууга даярмынбы?» — деп ойлонуп көргөнү дурус. Жахаба эркектерден аялы менен бала-бакырасын багышын жана аларга жөлөк-таяк болушун талап кылат. Баарынан маанилүүсү, күйөөлөр үй-бүлөсү менен Кудайга сыйынууда жетекчиликти колго алууга тийиш. Ыйык Китепте үй-бүлөсүнө кам көрбөгөн кишинин «ишенбегендерден да жаман» экени айтылат (1 Тиметей 5:8). Андыктан үйлөнүүнү көздөп жүргөн жигиттин: «Сырттагы жумуштарыңды аткар, талаадагы иштериңди бүтүр. Андан соң үйүңдү кур»,— деген принципти кантип колдоно аларын ойлонуп көргөнү оң. Башкача айтканда, үйлөнөрдөн мурун ал Жахаба талап кылгандай күйөө боло аларына толук ынангыдай болушу керек (Накыл сөздөр 24:27).

15 Ал эми турмушка чыгууну ойлоп жүргөн кыз: «Зайыптын жана эненин милдеттерин мойнума алууга даярмынбы?» — деп ойлонуп көрүшү керек. Ыйык Китепте эстүү аялдын күйөөсү менен бала-чакасына кандай жолдор менен кам көрө алары жазылган (Накыл сөздөр 31:10—31). Бүгүнкү күндө керт башынын эле камын ойлогон зайыптар да, күйөөлөр да четтен саналат. Бирок Жахаба биринчи кезекте өмүрлүк жарыбыздын камын ойлошубузду каалайт.

16, 17. Үй-бүлө курууну ойлонуштуруп жүрсөңөр, эмне жөнүндө ойлонуп көрүшүңөр керек?

16 Ушул маанилүү кадамды жасаарда Ыйык Китепте күйөөлөр жана аялдар жөнүндө айтылган нерселер тууралуу ойлонуп көргүлө. Үй-бүлө башчысы болуу үйүндөгүлөрүн кол көтөрүп же басынтып кордосо болот дегенди билдирбейт. Жакшы башчы дайыма башкаларга мээримдүүлүк, боорукердик менен кам көргөн Иса Машаяктан үлгү алат (Эфестиктер 5:23). Ал эми кыз күйөөсүнүн чечимдерин колдоо, аны менен эриш-аркак кызматташуу деген эмнени билдирерин түшүнүшү керек (Римдиктер 7:2). Анын: «Жеткилең эмес кишиге баш ийүү мен үчүн кыйынга турбайбы?» — деп ойлонуп көргөнү дурус. Эгер ага көзү жетпесе, балким, азырынча турмушка чыкпай турганы жакшыдыр.

17 Күйөөлөр менен зайыптар өзүнүкүнөн мурда бири-биринин жыргалчылыгын көздөшү керек. (Окугула: Филипиликтер 2:4.) Элчи Пабыл: «Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын»,— деп жазган (Эфестиктер 5:21—33). Эркек да, аял да урмат-сыйга, сүйүүгө муктаж. Бирок үй-бүлө бактылуу болушу үчүн, күйөө аялынын аны урматтап-сыйлаарын, ал эми аял күйөөсүнүн аны сүйөрүн сезип турууга өзгөчө муктаж.

18. Сүйлөшүп жүргөн кыз-жигит эмнеден сак болушу керек?

18 Кыз менен жигит сүйлөшүп жүргөн кез бири-бирин жакшылап биле турган жагымдуу убак болушу керек. Ошондой эле өмүр бою ушу киши менен жашай алар-албасын аныктап, баарына чынчылдык менен баа бере турган убак. Андан сырткары, ошол убакыт аралыгында кыз-жигит өз ара пикирлешкенди үйрөнүшөт жана бири-биринин жүрөгүндө чындап эмне бар экенин билүүгө аракет кылышат. Мамилеси улам ынак болгон сайын, алардын бири-бирине тартыла баштаганы табигый нерсе. Бирок алардын адеп-ахлаксыздыкка жаткан кандайдыр бир иш кылып албаш үчүн үйлөнгөнгө чейин сак болуп, сезимдерин башкара билгени маанилүү. Чыныгы сүйүү аларга өзүн-өзү кармай билүүгө, ошондой эле бири-бири менен жана Жахаба менен болгон мамилесине доо кетире турган туура эмес иштерден качууга түрткү берет (1 Тесалоникалыктар 4:6).

Сүйлөшүп жүргөндө кыз-жигит бири-бири менен пикирлешкенди үйрөнөт

НИКЕ БЕКЕМ БОЛУШУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

19, 20. Кудайдын кызматчылары никеге кандай карашат?

19 Көптөгөн адабий чыгармалардын, тасмалардын соңунда эки жаш баш кошуп, шаан-шөкөттүү той өткөрүлүп, бактылуу жашап калышат. Бирок, чын-чынында, үйлөнүү үлпөтү турмуш жолунун башталышы гана. Жахаба жубайлардын ортосундагы мамиленин түбөлүккө сакталышын каалаган (Башталыш 2:24).

20 Тилекке каршы, бүгүн көптөр никени убактылуу эле нерсе катары көрүшөт. Баш кошуу да, ажырашуу да өтө эле оңой болуп калды. Айрымдар көйгөйлөр башталса эле, өмүрлүк жарын таштап, ажырашууга шашат. Бирок Ыйык Китептеги чыйратылган үч кат жип жөнүндөгү мисалды эстесеңер. Андай бышык жип канча күч келсе да оңой менен үзүлбөйт. Жахабадан жардам издесек, үй-бүлө да оңой менен бузулбайт. Иса пайгамбар: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деп айткан (Матай 19:6).

21. Жубайларга бири-бирин жакшы көрүүгө эмне жардам берет?

21 Баарыбыздын эле жакшы сапаттарыбыз, ошону менен бирге кемчиликтерибиз да бар. Негизи, башкалардын, өзгөчө өмүрлүк жарыбыздын, кемчиликтери шак эле байкалат. Бирок ошого эле көңүл топтой берсек, бактылуу боло албайбыз. Ал эми жакшы жактарына көңүл бурсак, бактылуу боло алабыз. Жеткилең эмес жубайыбызга ушундай мамиле кыла алабызбы? Албетте! Жахаба үчүн биздин бардык кемчилик-каталарыбыз айдан ачык, ошентсе да ал жакшы сапаттарыбызга көңүл топтойт. Эгер антпесе, кандай болот эле? Забурчу: «Эгер сен, Жах, күнөөлөргө көңүл бура берсең, оо, Жахаба, анда ким туруштук бере алат?» — деп жазган (Забур 130:3). Күйөө менен аялдын да Жахабадан үлгү алып, бири-биринин жакшы жактарын байкап, кечиримдүү болгону маанилүү. (Окугула: Колосалыктар 3:13.)

22, 23. Ыбрайым менен Саара жубайларга кандай үлгү калтырган?

22 Жылдар оошкон сайын, жубайлар бири-бирине ынак боло беришет. Алсак, Ыбрайым менен Саара чогуу бактылуу жана узак өмүр сүрүшкөн. Жахаба Ыбрайым пайгамбарга Ур шаарынан көчүшү керектигин айтканда, Саара 60тан ашып калса керек. Саарага жайлуу үйүн таштап, чатырда жашоо канчалык кыйын болгонун элестетсеңер. Бирок ал күйөөсү үчүн жакшы дос да, берилген өмүрлүк жар да болгон жана аны чын жүрөктөн урматтап-сыйлаган. Анын чечимдерин дайыма колдоп, алардын ишке ашышына чоң салым кошкон (Башталыш 18:12; 1 Петир 3:6).

23 Албетте, бактылуу жубайлардын деле ою дайыма эле төп келе бербейт. Бир жолу Ыбрайым пайгамбар аялынын оюна кошулбай койгондо, Жахаба: «Анын айтканын ук»,— деген. Ошондо Ыбрайым аялынын айтканын угуп, натыйжасы жакшы болгон (Башталыш 21:9—13). Андыктан жубайыңар экөөңөрдүн оюңар эки башка болуп жатса, капаланбагыла. Андай болгон күндө да, бул бири-бириңерди сүйүүгө жана урмат-сый менен мамиле кылууга тоскоолдук кылбайт.

Үй-бүлөлүк жашооңордо Кудайдын Сөзүндөгү кеңештерди башынан эле колдоно баштагыла

24. Канткенде Жахабанын даңкталышына шарт түзө турган үй-бүлө кура аласыңар?

24 Кудайдын элинин арасында бактылуу өмүр сүрүп келаткан миңдеген үй-бүлөлөр бар. Эгер үй-бүлө күтүүнү кааласаңар, өмүрлүк жарды тандоо жашооңордогу эң маанилүү чечимдердин бири экенин эч качан унутпагыла. Ушул чечимден бүтүндөй жашооңордун кандай болору көз каранды. Андыктан Жахабадан жардам беришин сурагыла. Ошондо өмүрлүк жарды туура тандап, үй-бүлөлүк жашоого жакшы даярданып, Жахабанын даңкталышына шарт түзө турган, сүйүү өкүм сүргөн бекем үй-бүлө кура аласыңар.