Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиркеме

Тиркеме

 1 ПРИНЦИПТЕР

Кудайдын мыйзамдары анын принциптерине негизделет. Ал принциптер — Ыйык Китепте камтылган негизги чындыктар. Алар Кудайдын ой жүгүртүүсүн, сезимдерин түшүнүүгө жардам берет. Принциптер жашоодо туура чечим чыгарууга жана туура иш кылууга көмөк болот. Алардын, айрыкча, Кудайдын белгилүү бир мыйзамдары жок жагдайларда жардамы чоң.

1-бөлүм, 8-абзац

 2 БАШ ИЙҮҮ

Жахабага баш ийүү анын айткандарын даярдуулук менен аткарууну билдирет. Жахаба ага аны сүйгөндүктөн баш ийишибизди каалайт (1 Жакан 5:3). Эгер биз аны сүйсөк жана ага таянсак, бардык жагдайларда анын кеңештерине ылайык иш кылабыз. Биз ага атүгүл кыйын болгон учурларда да баш иебиз. Жахабага баш ийүү өзүбүзгө эле пайдалуу. Анткени ал азыртадан эле жашообуз жакшы болушу үчүн эмне кылышты үйрөтүүдө жана келечекте мол бата аларыбызды убада кылууда (Ышая 48:17).

1-бөлүм, 10-абзац

 3 ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУ ЭРКИНДИГИ

Жахаба ар бир кишиге чечим чыгаруу эркиндигин, башкача айтканда, тандоо мүмкүнчүлүгүн берген. Ал бизди роботтой кылып жараткан эмес (Мыйзам 30:19; Жашыя 24:15). Биз эркиндигибизди туура чечим чыгарыш үчүн колдоно алабыз. Бирок сак болбосок, туура эмес чечимдерди чыгарып алышыбыз да мүмкүн. Чечим чыгаруу эркиндигине ээ болуу Жахабага берилгендик сактагыбыз келер-келбесибизди жана аны чындап жакшы көрөрүбүздү далилдегибиз келер-келбесин чечишибиз керектигин билдирет.

1-бөлүм, 12-абзац

 4 АДЕП-АХЛАК НОРМАЛАРЫ

Жахаба жүрүм-турумубузду, иш-аракетибизди жөнгө салып турган адеп-ахлак нормаларын, башкача айтканда, көрсөтмөлөрдү бекиткен. Ыйык Китептен ал кандай нормалар экенин жана алардын бактылуу болгонго кандайча жардам берерин билебиз (Накыл сөздөр 6:16—19; 1 Корунттуктар 6:9—11). Ал көрсөтмөлөр Кудайдын эмнени туура, эмнени туура эмес деп эсептээрин, ошондой эле канткенде мээримдүү, боорукер боло аларыбызды жана туура чечимдерди кантип чыгарса болорун билүүгө жардам берет. Бул дүйнөдөгү барган сайын төмөндөп бараткан нормалардан айырмаланып, Жахабанын нормалары эч качан өзгөрбөйт (Мыйзам 32:4—6; Малаки 3:6). Аларга кармануу кадимки ден соолугубузду да, жан дүйнөбүздү да ар кандай зыяндан коргойт.

1-бөлүм, 17-абзац

 5 АБИЙИР

Абийир — туураны туура эместен ажырата билүүгө жардам берген ички сезимибиз. Жахаба абийирди ар бир кишиге берген (Римдиктер 2:14, 15). Абийирибиз туура иштеши үчүн, аны Жахабанын адеп-ахлак нормаларынын негизинде тарбиялашыбыз керек. Ошондо абийирибиз Кудайга жаккан чечимдерди чыгарууга жардам берет (1 Петир 3:16). Абийирибиз туура эмес чечим чыгарарыбызда эскертет, ал эми туура эмес иш кылсак, жан дүйнөбүздү кыйнайт. Ал мокоп калышы мүмкүн, бирок Жахабанын жардамы менен аны курчута алабыз. Жакшы үйрөтүлгөн абийир жан дүйнө тынчтыгына жана өзүн-өзү сыйлоо сезимине ээ кылат.

2-бөлүм, 3-абзац

 6 КУДАЙДАН КОРКУУ

Кудайдан коркуу аны ушунчалык жакшы көргөндүктөн жана урматтагандыктан ага жакпаган ишти кылып алуудан коркууну билдирет. Кудайдан коркуу жакшы иш кылууга түрткү берип, жаман иш кылуудан качууга жардам берет (Забур 111:10). Ал Жахабанын ар бир насаатына кулак кагууга түрткү берет. Ошондой эле аны терең урматтагандыктан ага берген убадаларыбызга бек турабыз. Кудайдан коркуу кандай ой жүгүртөрүбүзгө, башкаларга кандай мамиле кыларыбызга жана күнүгө чыгарган чечимдерибизге таасир этет.

2-бөлүм, 9-абзац

 7 ӨКҮНҮҮ

Өкүнүү өз ичине туура эмес иш кылып алганы үчүн катуу кайгырууну камтыйт. Кудайды сүйгөндөр анын нормаларына каршы келген бир нерсе кылып алганын түшүнгөндө абдан капа болушат. Туура эмес иш кылып алганда Жахабадан Исанын курмандыгынын негизинде кечиришин сурап жалбарышыбыз керек (Матай 26:28; 1 Жакан 2:1, 2). Чын жүрөктөн өкүнүп, жаман иш кылганыбызды токтотсок, Жахабанын кечирерине шектенбесек болот. Мурун кылган туура эмес иштерибизди ойлоп өзүбүздү күнөөлүү сезе бербешибиз керек (Забур 103:10—14; 1 Жакан 1:9; 3:19—22). Каталарыбыздан сабак алууга, оюбузду оңдоого жана Жахабанын нормаларына ылайык жашоого бүт күчүбүздү жумшашыбыз кажет.

2-бөлүм, 18-абзац

 8 ЖЫЙНАЛЫШТАН ЧЫГАРУУ

Кимдир бирөө олуттуу күнөө кетирип, өкүнбөсө жана Жахабанын нормаларына ылайык жашагандан баш тартса, андан ары жыйналыштын мүчөсү боло албайт. Андай киши жыйналыштан чыгарылышы керек. Жыйналыштан чыгарылгандар менен мамилелешпешибиз, сүйлөшпөшүбүз керек (1 Корунттуктар 5:11; 2 Жакан 9—11). Жыйналыштан чыгаруу чарасы Жахабанын ысмын жана жыйналышты коргойт (1 Корунттуктар 5:6). Жыйналыштан чыгаруу тартипке салуу чарасы болуп да эсептелет. Ал чара күнөө кылган кишиге Жахабага кайрылып келиш үчүн өкүнүүгө жардам берет (Лука 15:17).

3-бөлүм, 19-абзац

 9 КӨРСӨТМӨ, ЖЕТЕКЧИЛИК, КЕҢЕШ

Жахаба бизди жакшы көрөт жана жардам бергиси келет. Андыктан ал Ыйык Китеп жана аны сүйгөн адамдар аркылуу бизди жетектеп, көрсөтмөлөрдү, кеңештерди берип турат. Жеткилең эмес болгондуктан анын жардамына аябай муктажбыз (Жеремия 17:9). Жахаба бизди жетектеш үчүн колдонгон адамдарды урматтап, насаатына кулак каксак, аны урматтаарыбызды, ага баш ийгибиз келерин көрсөтөбүз (Еврейлер 13:7).

4-бөлүм, 2-абзац

 10 ТЕКЕБЕРДИК ЖАНА МОМУНДУК

Жеткилең эмес болгондуктан баарыбыз өзүмчүл жана текебер болууга жакынбыз. Бирок Жахаба момун болушубузду каалайт. Канчалык алсыз пенде экенибизди көбүнчө өзүбүздү Жахабага салыштыра келгенде түшүнөбүз. Ошондо момундукка үйрөнө баштайбыз (Аюп 38:1—4). Момундуктун дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү бар. Ал өзүбүздү эмес, башкаларды жана алардын жыргалчылыгын көбүрөөк ойлогонго түрткү берет. Ал эми текебердиктен улам адам көбүнчө өзүн башкалардан артык көрө баштайт. Момун киши өзүнө чынчылдык менен баа берет жана күчтүү жактарын да, алсыз жактарын да билет. Ал каталарын моюнга алгандан коркпойт, кечирим сурайт жана сунуштар менен кеңештерди кабыл алат. Момун киши Жахабага таянат жана анын жетекчилигине ылайык иш кылат (1 Петир 5:5).

4-бөлүм, 4-абзац

 11 БИЙЛИК

Бийлик — бул буйрук берүүгө жана чечим чыгарууга болгон укук. Асмандагы, жердеги эң жогорку бийлик Жахабага таандык. Баарын жараткандыктан ал — ай-ааламдагы эң кубаттуу Кудай. Ал бийлигин дайыма башкаларга кам көрүүгө колдонот. Жахаба айрым адамдарга бизге кам көрүү жоопкерчилигин арткан. Мисалы, ата-энелердин, жыйналыш аксакалдарынын, өкмөттөрдүн үстүбүздөн кандайдыр бир деңгээлде бийлиги бар. Жахаба аларга баш ийишибизди каалайт (Римдиктер 13:1—5; 1 Тиметей 5:17). Бирок адамдардын мыйзамдары Кудайдыкына каршы келсе, адамдарга эмес, биринчи кезекте Кудайга баш ийишибиз керек (Элчилер 5:29). Жахаба колдонгон адамдардын бийлигине баш ийсек, Жахабага анын чечимдерин сыйлаарыбызды көрсөтөбүз.

4-бөлүм, 7-абзац

 12 АКСАКАЛДАР

Жахаба жыйналышка кам көрүш үчүн аксакалдарды, тажрыйбалуу ага-инилерди, колдонот (Мыйзам 1:13; Элчилер 20:28). Алар бизге Жахаба менен болгон мамилебизди бекем сактоого жана жыйналыштагы тынчтыкты сактап, ага уюшулгандыкта сыйынууга жардам беришет (1 Корунттуктар 14:33, 40). Ыйык рухтун жетеги менен аксакал болуп дайындалышы үчүн ага-инилер Ыйык Китептеги белгилүү бир талаптарга жооп бериши керек (1 Тиметей 3:1—7; Тит 1:5—9; 1 Петир 5:2, 3). Биз Кудайдын уюмуна ишенип, уюмду колдогондуктан аксакалдар менен даярдуулук менен кызматташабыз (Забур 138:6; Еврейлер 13:17).

4-бөлүм, 8-абзац

 13 ҮЙ-БҮЛӨ БАШЧЫСЫ

Жахаба ата-энелерге балдарына, үй-жайына кам көрүү жоопкерчилигин арткан. Бирок Ыйык Китепте үй-бүлө башчысы күйөө экени айтылат. Ал эми атасы жок үй-бүлөлөрдө үй-бүлө башчысы эне болуп калат. Үй-бүлө башчысынын милдетине үй-бүлөсүн тамак-аш, кийим, үй-жай менен камсыз кылуу кирет. Анын үйүндөгүлөрүнө Жахабага сыйынууга жардам бергени да маанилүү. Мисалы, ал алардын жыйналышка үзгүлтүксүз барып турушуна, кабар айтуу кызматына катышышына жана Ыйык Китепти чогуу изилдеп турушуна кам көрөт. Ал чечим чыгарууга да жооптуу. Ошондой эле орой, каардуу болбой, боорукер, акыл-эстүү болуп, Исадан үлгү алууга умтулат. Бул үйдө жагымдуу жагдай өкүм сүрүшүнө шарт түзөт. Ошондо үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүн коопсуз сезип, Жахаба менен мамилесин бекемдей бере алат.

4-бөлүм, 12-абзац

 14 ЖЕТЕКТӨӨЧҮ КЕҢЕШ

Жетектөөчү Кеңеш — Кудай өз элинин ишин жетектөөгө дайындаган, асманда жашоого үмүттөнгөн эркектердин тобу. 1-кылымда Жахаба жетектөөчү кеңеш аркылуу Исанын алгачкы жолдоочуларынын жыйналышын Жахабага сыйынууда жана кабар айтуу ишинде жетектеп турган (Элчилер 15:2). Бүгүнкү күндө Жетектөөчү Кеңеш катары кызмат кылган бир туугандардын тобу жетекчиликти колго алып, Кудайдын элин багыттап, көрсөтмөлөрдү берип, коргоп турат. Алар чечимдерди Кудайдын Сөзүнүн негизинде жана ыйык рухтун жардамы менен чыгарышат. Иса майланган бир туугандарынан турган ошол топту «ишенимдүү жана акылдуу кул» деп атаган (Матай 24:45—47).

4-бөлүм, 15-абзац

 15 БАШ КИЙИМ КИЙҮҮ

Кээде Исанын жолун жолдогон аялдарга жыйналышта адатта ага-инилер кылган иштерди кылууга туура келиши мүмкүн. Андайда алар Жахабанын тартибине урмат көрсөтүп, баш кийим кийип алышы керек. Бирок бул белгилүү бир жагдайларда гана талап кылынат. Мисалы, күйөөсүнүн көзүнчө же чөмүлгөн эркек бир тууган менен чогуу кимдир бирөө менен Ыйык Китепти изилдесе, башына бир нерсе кийип же салынып алганы маанилүү (1 Корунттуктар 11:11—15).

4-бөлүм, 17-абзац

 16 БЕЙТАРАПТУУЛУК

Бейтараптуу болуу саясий маселелерде кайсы бир тарапты ээлебешибиз керектигин билдирет (Жакан 17:16). Жахабанын эли анын Падышалыгын колдойт. Исадай болуп, биз дүйнөнүн иштеринде бейтараптуулук сактайбыз.

Жахаба бизге «өкмөткө жана бийликтерге баш ийүүнү» буйрук кылган (Тит 3:1, 2; Римдиктер 13:1—7). Бирок, Кудайдын мыйзамына ылайык, биз киши өлтүрбөшүбүз керек. Андыктан Исанын жолдоочусунун абийири ага согушка барууга жол бербейт. Анын аскер кызматынын ордуна жарандык кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүгү болсо, ошондой кылууга абийири жол берер-бербесин ойлонушу керек.

Жаратканыбыз болгондуктан, биз Жахабага гана сыйынабыз. Ошондуктан улуттук символдорду сыйласак да, желекке таазим этпейбиз жана улуттук гимн ырдабайбыз (Ышая 43:11; Даниел 3:1—30; 1 Корунттуктар 10:14). Ошондой эле ар бир Жахабанын Күбөсү саясий партияларга же талапкерге добуш бербөөнү өзү чечет. Себеби биз Кудайдын өкмөтүнүн тарабын ээлөөнү чечип койгонбуз (Матай 22:21; Жакан 15:19; 18:36).

5-бөлүм, 2-абзац

 17 ДҮЙНӨНҮН РУХУ

Дүйнө Шайтандын ой жүгүртүүсүн жайылтат. Андай ой жүгүртүү көбүнчө Жахабаны сүйбөгөндөрдүн жана анын нормаларын баркка албагандардын арасында үстөмдүк кылат (1 Жакан 5:19). Андай ой жүгүртүү жана анын натыйжасындагы иштер дүйнөнүн руху деп аталат (Эфестиктер 2:2). Жахабанын эли ал рухтун таасирине алдырбаганга аракет кылат (Эфестиктер 6:10—18). Биз Жахабанын жолунда жүрүүнү каалайбыз жана ал ой жүгүрткөндөй ой жүгүртүүгө бүт күчүбүздү жумшайбыз.

5-бөлүм, 7-абзац

 18 ЧЫНДЫКТАН ЧЕТТӨӨЧҮЛҮК

Чындыктан четтөөчүлүк — Ыйык Китептеги чындыкка каршы чыгуу. Чындыктан четтегендер Жахабага жана анын Падышалыгынын Падышасы катары дайындалган Исага каршы чыгышат жана башкаларды да өз тарабына өткөрүүгө аракет кылышат (Римдиктер 1:25). Алар Жахабага сыйынгандардын акылына шек саноонун үрөнүн себүүгө аракет кылат. Исанын алгачкы жолдоочуларынын жыйналышында айрымдар чындыктан четтеп кетишкен. Бүгүн да ошондойлор бар (2 Тесалоникалыктар 2:3). Жахабага берилгендер алар менен такыр байланышпайт. Биз кызыккандыктан улам же башкалардын кысымына алдыргандыктан улам алардын ой-толгоолорун окубайбыз жана укпайбыз. Биз Жахабага берилгендик сактап, ага гана сыйынабыз.

5-бөлүм, 9-абзац

 19 КҮНӨӨДӨН АРЫЛУУ

Мусанын Мыйзамына ылайык, ысрайыл эли Жахабадан күнөөлөрүн кечиришин өтүнүшү керек болчу. Алар ибадатканага барып, күнөөдөн арылуу курмандыгы катары дан, май жана жаныбарларды тартуу кылышчу. Бул ысрайылдыктардын Жахабанын аларды жалпы эл катары жана ар бирин өзүнчө алганда күнөөлөрүн кечирүүгө даяр экенин эсине салып турган. Кийинчерээк Иса күнөөлөрүбүздү жабыш үчүн өз өмүрүн бергенде күнөөдөн арылта турган курмандыктардын зарылдыгы болбой калган. Иса «бир эле жолу» биротоло жеткилең курмандык тартуулаган (Еврейлер 10:1, 4, 10).

7-бөлүм, 6-абзац

 20 ЖАНЫБАРЛАРДЫН ӨМҮРҮН БААЛОО

Мусанын Мыйзамында малды эт жеш үчүн сойгонго жол берилчү. Андан тышкары, Мыйзамда ысрайылдыктарга малды күнөөсү кечирилиши үчүн курмандыкка чалуу осуят кылынган (Лебилер 1:5, 6). Бирок Жахаба аларга жаныбарларга катаал мамиле кылууга эч качан уруксат берген эмес (Накыл сөздөр 12:10). Мыйзамда атүгүл жаныбарларга таш боор мамиле кылууга тыюу салган жол-жоболор бар болчу. Ысрайылдыктарга жаныбарларына тийиштүү кам көрүү буйрук кылынган (Мыйзам 22:6, 7).

7-бөлүм, 6-абзац

 21 КАНДЫН КУРАМДЫК БӨЛҮКТӨРҮ ЖАНА МЕДИЦИНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Кандын курамдык бөлүктөрү. Кан негизги төрт заттан — эритроцит, лейкоцит, тромбоцит жана плазмадан — турат. Ушул төрт зат фракцияларга, тактап айтканда, курамдык бөлүктөр деп аталган майда бөлүктөргө бөлүнөт *.

Исанын жолдоочулары накта канды же андагы төрт негизги затты, кайсынысы болбосун, куйдуруудан баш тартышат. Бирок алар кандын курамдык бөлүктөрүнөн да баш тартышы керекпи? Ыйык Китепте буга байланыштуу так эч нерсе айтылган эмес. Андыктан Исанын ар бир жолдоочусу Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирине таянып өзү чечим чыгарышы керек.

Айрымдары кандын бардык курамдык бөлүктөрүнөн баш тартууну туура көрүшөт. Алар буга Мыйзамда ысрайылдыктардан мал сойгондо бүт канын тазалап, «жерге... төгүп салуу» талап кылынганы негиз боло алат деп эсептешет (Мыйзам 12:22—24).

Кээ бирлери башкача чечим чыгарышат. Алардын абийири кандын айрым курамдык бөлүктөрүн кабыл алууга жол берет. Алар андай майда курамдык бөлүктөр кандан бөлүнүп алгандан кийин кайсы тирүү жандын канынан алынса, ошонун өмүрүн билдирбей калат деп эсептешет.

Кандын курамдык бөлүктөрүнө байланыштуу чечим чыгарууда төмөнкү суроолор тууралуу ойлонуп көргүлө:

  • Кандын бардык курамдык бөлүктөрүнөн баш тартканым оорулар менен күрөшө турган же кан агууну токтотууга жардам бере турган айрым дарылардан да баш тартышым керектигин билдирерин түшүнүп жатамбы?

  • Кандын курамдык бөлүктөрүнүн бирин же бир нечесин кабыл алууга эмне үчүн макул же макул эмес экенимди доктурга кантип түшүндүрүп берет элем?

Медициналык процедуралар. Исанын жолдоочулары катары биз донор болуп кан бербейбиз, ошондой эле операция учурунда өзүбүзгө колдонулушу үчүн каныбызды бир нече жума мурун алып сактап койбойбуз. Бирок бейтаптын өзүнүн каны колдонулган башка да процедуралар болот. Операция учурунда, текшерүү учурунда жана белгилүү бир терапия учурунда өзүнүн каны кандайча колдонуларын Исанын ар бир жолдоочусу өзү чечиши керек. Андай процедуралар учурунда бейтаптын каны бир канча убакытка анын организминен толугу менен бөлүнүп алынышы мүмкүн. (Көбүрөөк маалымат алыш үчүн: «Күзөт мунарасы», 2000-жыл, 1-ноябрь, 30, 31-бет.)

Мисалга гемодилюция деп аталган процедураны алалы. Ал процедурада так операциянын алдында бейтаптын өзүнүн каны алынып, ордуна кандын көлөмүн көбөйтүүчү суюктуктар куюлат. Анан операция учурунда же дароо андан кийин эле кайрадан бейтаптын өзүнө кайтарылат.

Дагы бир процедура реинфузия деп аталат. Андайда операция маалында кесилген жерден аккан кан чогултулат да, чыпкаланып, операция маалында же андан көп өтпөй бейтапка кайра кайтарылат.

Доктурлардын ушул процедураларды кылганы бири-бириникинен анча-мынча айырмаланышы ыктымал. Андыктан Исанын жолдоочусу кайсы бир хирургиялык процедурага, анализдерге же белгилүү бир терапияга макул болордон мурун анын каны кандайча колдонуларын так билиши керек.

Өзүңөрдүн каныңар колдонула турган медициналык процедураларга байланыштуу чечим чыгарарда төмөнкү суроолор жөнүндө ойлонуп көргүлө:

  • Эгер канымдын канча бир бөлүгү денемден чыгарылып, негизги нуктан бурдурулса жана атүгүл анын жүрүшү кайсы бир убакытка токтолуп калса, абийирим ал канды «жерге... төгүп салынышы» керек болгон нерседей көрбөй, дагы деле өзүмдүн бөлүгүм катары көрүүгө жол береби? (Мыйзам 12:23, 24)

  • Эгер кайсы бир медициналык процедура учурунда өзүмдүн канымдын канча бир бөлүгү денемден алынып, курамы өзгөртүлүп, кайрадан денеме кайтарылса, Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирим кыйнабайбы?

  • Өзүмдүн каным колдонулчу медициналык процедуралардын бардыгынан баш тартканым анализге кан тапшыруудан, гемодиализден же жасалма кан айлануудан да баш тартышым керектигин билдирерин түшүнөмбү?

Кандын курамдык бөлүктөрүнө жана өзүбүздүн каныбыз колдонула турган дарылоо ыкмаларына байланыштуу чечим чыгарарда Жахабадан жетектешин сурап тиленишибиз, андан соң баарын окуп-изилдеп көрүшүбүз керек (Жакып 1:5, 6). Андан кийин Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийирибизди эске алып чечим чыгарышыбыз зарыл. Башкалардан биздин ордубузда болсо эмне кылмактыгын сурабашыбыз да, ошондой эле башкалардын биздин кандай чечим чыгарарыбызга таасир этишине жол бербешибиз да керек (Римдиктер 14:12; Галатиялыктар 6:5).

7-бөлүм, 11-абзац

 22 АДЕП-АХЛАКТЫК ТАЗАЛЫК

Адеп-ахлактык жактан таза болуу жүрүм-турумубуздун, иштерибиздин Кудайдын алдында таза болушу керектигин билдирет. Адеп-ахлактык тазалык өз ичине ойлорубузду, сөздөрүбүздү, иштерибизди камтыйт. Жахаба жыныстык ыпыластыктын жана бузуктуктун бардык түрүнөн качууну буйрук кылган (Накыл сөздөр 1:10; 3:1). Биз жаман иш кылууга азгырык пайда болгонго чейин эле Жахабанын ыйык нормаларына карманабыз деп чечип алышыбыз керек. Ошондой эле тынымсыз тиленип, Кудайдан акылыбызды таза сактоого жардам сурашыбыз жана азгырыктарды четке кагууга чечкиндүү болушубуз керек (1 Корунттуктар 6:9, 10, 18; Эфестиктер 5:5).

8-бөлүм, 11-абзац

 23 УЯТСЫЗ ЖҮРҮМ-ТУРУМ ЖАНА ЫПЫЛАСТЫК

Уятсыз жүрүм-турум өз ичине адамдын сүйлөгөн сөзү же жүрүм-туруму менен Кудайдын нормаларын олуттуу түрдө бузганын жана уятсыз маанай чагылдырганын камтыйт. Андай киши Кудайдын мыйзамдарын такыр баркка албай турганын көрсөтөт. Кимдир бирөөнүн жүрүм-туруму уятсыз деп айыпталганда анын ишин укуктук комитет карайт. Ал эми ыпыластык күнөөнүн ар кандай түрлөрүн камтыйт. Жагдайдын олуттуулугуна жараша ыпыластыкка кирген айрым иштер жыйналышта укуктук комитет тарабынан каралышы керек болушу мүмкүн (Галатиялыктар 5:19—21; Эфестиктер 4:19; Көбүрөөк маалымат алыш үчүн: «Күзөт мунарасы», 2006-жыл, 15-июль, «Окурмандардын суроолору» (ор.)).

9-бөлүм, 7-абзац; 12-бөлүм, 10-абзац

 24 МАСТУРБАЦИЯ

Жахабанын ой-ниети боюнча, жыныстык мамиле — жубайлардын ортосундагы сүйүүнүн таза түрдө чагылдырылышы. Бирок адам мастурбация кылса, башкача айтканда, кумарын кандырыш үчүн жыныстык органдарын туура эмес жол менен колдонсо, жыныстык мамилени арамдаган болот. Бул адат адамдын Жахаба менен болгон мамилесине доо кетириши ыктымал. Ыпылас каалоолорду ойготушу жана адамдын жыныстык мамилеге карата көз карашын бурмалашы да мүмкүн (Колосалыктар 3:5). Кимдир бирөөнүн ушундай таза эмес адаты болсо жана андан арылуу кыйынга турса, ал багынбай күрөшө бериши керек (Забур 86:5; 1 Жакан 3:20). Силердин да ушундай адатыңар болсо, Жахабадан тиленип, жардам сурагыла. Акылды ыпылас ойлорго толтурган порнография сыяктуу нерселерден качкыла. Кудайдын жолундагы ата-энеңер менен же Кудайдын мыйзамдарын жогору баалаган жетилген досуңар менен сүйлөшкүлө (Накыл сөздөр 1:8, 9; 1 Тесалоникалыктар 5:14; Тит 2:3—5). Адеп-ахлак жактан таза болуш үчүн кылып жаткан аракетиңерди Жахабанын көрүп турарына жана баалаарына эч шектенбегиле (Забур 51:17; Ышая 1:18).

9-бөлүм, 9-абзац

 25 ПОЛИГАМИЯ

Кимдир бирөөнүн бирден көп жубайы болсо, бул полигамия деп аталат. Жахаба никенин бир эле эркек менен бир эле аялдын ортосундагы түзүлүш болушун ниет кылган. Байыркы Ысрайылда Кудай эркекке бир нече аял алууга жол берген. Бирок бул анын баштапкы ой-ниети болгон эмес. Азыр Жахаба өз элинин арасында полигамияга жол бербейт. Эркектин бир эле аялы, аялдын бир эле күйөөсү болушу керек (Матай 19:9; 1 Тиметей 3:2).

10-бөлүм, 12-абзац

 26 АЖЫРАШУУ ЖАНА ЭКИ БӨЛӨК ЖАШОО

Жахаба жубайлардын өмүр бою чогуу болушун ниет кылган (Башталыш 2:24; Малаки 2:15, 16; Матай 19:3—6; 1 Корунттуктар 7:39). Ал ажырашууга алардын бири ойноштукка барганда гана жол берет. Андайда Жахаба күнөөсүз тарапка ажырашар-ажырашпасын чечүүгө укук берет (Матай 19:9).

Кээде Исанын кээ бир жолдоочулары өмүрлүк жары менен, ал жыныстык адеп-ахлаксыздык кылбаса да, эки бөлөк жашоону чечишет (1 Корунттуктар 7:11). Төмөнкү жагдайларда Исанын жолдоочусу эки бөлөк жашоону чечиши мүмкүн:

  • Үй-бүлөсүн багуудан атайлап баш тартышы: Күйөөсү үй-бүлөсүн камсыз кылуудан баш тартып, акчасыз же тамак-ашсыз калтырган учурлар (1 Тиметей 5:8).

  • Катуу кордук көрсөтүшү: Өмүрлүк жары тарабынан ырайымсыз мамилеге туш болуп, ден соолугуна же өмүрүнө коркунуч туулган учурлар (Галатиялыктар 5:19—21).

  • Жахаба менен болгон мамилесине катуу коркунуч туудурушу: Өмүрлүк жары Жахабага кызмат кылууга такыр мүмкүнчүлүк бербей койгон учурлар (Элчилер 5:29).

11-бөлүм, 19-абзац

 27 МАКТОО ЖАНА БЕКЕМДӨӨ

Баарыбыз мактоого, бекемдөөгө муктажбыз (Накыл сөздөр 12:25; 16:24). Биз бири-бирибизди жакшы, жылуу сөзүбүз менен бекемдей алабыз. Бул туруктуу болууга, Жахабага оор кыйынчылыктарга карабай кызмат кыла бергенге жардам берет (Накыл сөздөр 12:18; Филипиликтер 2:1—4). Кимдир бирөөнүн көңүлү катуу чөгүп жатса, аны кунт коюп угуп, сезимдерин түшүнгөнгө аракет кылышыбыз керек. Ошондо аны эмне деп жубатышты же эмне кылып жардам беришти биле алабыз (Жакып 1:19). Эмнеге муктаж экенин чындап түшүнүш үчүн ишенимдештериңерди жакшы билүүнү максат кылып алгыла. Ошондо аларды бардык сооронучтун жана бекемдөөнүн булагы болгон жана чындап сергитип, күч-кубатка толтурган Жахабадан үмүттөнүүгө жардам бере аласыңар (2 Корунттуктар 1:3, 4; 1 Тесалоникалыктар 5:11).

12-бөлүм, 16-абзац

 28 ҮЙЛӨНҮҮ ҮЛПӨТҮ

Ыйык Китепте үйлөнүү үлпөтүнө байланыштуу так эрежелер жок. Ар кайсы жерлерде жергиликтүү салттар менен мыйзамдар ар кандай (Башталыш 24:67; Матай 1:24; 25:10; Лука 14:8). Үйлөнүү үлпөтүнүн маанилүү бир бөлүгү — баш кошкону жаткандардын Жахабанын алдында бири-бирине убада бергени. Көптөгөн жубайлар бири-бирине убада берип жатканда жана аксакал Ыйык Китептин негизинде баяндама айтканда үй-бүлөсүнүн, досторунун катышышын каалайт. Той өткөрөр-өткөрбөсүн, эгер өткөрө турган болсо, кантип өткөрөрүн болочок жубайлар өздөрү чечет (Лука 14:28; Жакан 2:1—11). Кандай чечим чыгарышпасын, бардык нерсенин Жахабага даңк алып келгидей болушуна кам көрүшү керек (Башталыш 2:18—24; Матай 19:5, 6). Ыйык Китептеги принциптер аларга туура чечим чыгарууга жардам берет (1 Жакан 2:16, 17). Эгер тойдо ичимдик коюуну чечишсе, тойдун жакшы көзөмөлгө алынарына ынанышы керек (Накыл сөздөр 20:1; Эфестиктер 5:18). Музыка же оюн-зооктор боло турган болсо, баары Жахабанын даңкталышына шарт түзгүдөй болушуна көзү жетиши кажет. Исанын жолун жолдогон кыз-жигит биринчи кезекте үйлөнүү үлпөтүнө эмес, Жахаба менен жана бири-бири менен болгон мамилесине көңүл топтошу керек (Накыл сөздөр 18:22; Көбүрөөк маалымат алыш үчүн: «Күзөт мунарасы», 2006-жыл, 1-ноябрь, 8—12, 17—21-б.; «Күзөт мунарасы», 2006-жыл, 15-октябрь, 28—31-б. (ор.)).

13-бөлүм, 17-абзац

 29 ТУУРА ЧЕЧИМДЕРДИ ЧЫГАРУУ

Биз Кудайдын Сөзүндөгү принциптерге негиздеп туура чечимдерди чыгаргыбыз келет. Мисалы, Жахабанын Күбөсүн Жахабага кызмат кылбаган жубайы майрам учурунда туугандар менен дасторкон үстүндө чогулууну сунуштап калды дейли. Андайда силер эмне кылат элеңер? Ал жакка барууга абийириңер жол берсе, жубайыңарга, эгер жалган динден тамыр алган ырым-жырымдар боло турган болсо, катышпай турганыңарды алдын ала түшүндүрүп коюшуңар керек. Башкалар мүдүрүлүп калар-калбасын да ойлонушуңар керек (1 Корунттуктар 8:9; 10:23, 24).

Же майрамга карата жетекчиңер силерге кошумча акча берүүнү туура көрүшү мүмкүн. Ал акчадан баш тартышыңар керекпи? Сөзсүз деле эмес. Алар-албасыңар көбүнесе жетекчиңердин анын ошол акчага кандай караарына байланыштуу болот. Маселен, ал акчаны бергенин майрамдын бир бөлүгү катары көрөбү? Же тек гана ыраазычылык билдирип жатабы? Акчаны алар-албасыңарды ушуларды жана башка нерселерди эске алып чечишиңер керек болот.

Дагы бир жагдайга токтололу. Кимдир бирөө майрам күнү белек тартуулап: «Майрамдабай турганыңды билем, ошентсе да бул белекти сага бергим келип жатат»,— десечи? Балким, ал тек гана жакшылык кылгысы келип жаткандыр. Бирок ал динге канчалык бекем карманар-карманбасыңарды же майрамга катышар-катышпасыңарды текшерип жаткандай сезилсечи? Ушуну эске алып, ал белекти алар-албасыңарды өзүңөр чечесиңер. Кандай чечим чыгарбайлы, баарыбыз абийирибиздин таза болушун жана Жахабага ишенимдүү болууну каалайбыз (Элчилер 23:1).

13-бөлүм, 21-абзац

 30 ИШКЕРДИК МАМИЛЕЛЕР ЖАНА СОТ ИШТЕРИ

Көп учурда келишпестиктер тынчтык жолу менен дароо чечилсе, күч албайт (Матай 5:23—26). Исанын бардык жолдоочулары биринчи кезекте Жахабанын даңкталышына, жыйналышта тынчтык сакталышына кызыкдар болушу керек (Жакан 13:34, 35; 1 Корунттуктар 13:4, 5).

Эгер Исанын жолдоочуларынын ортосунда ишкердик маселелерге байланыштуу келишпестик болсо, соттошууга чейин жеткирбей өз ара чечишип алышы керек. 1 Корунттуктар 6:1—8-аяттарда Пабылдын Исанын жолдоочуларынын соттошконуна байланыштуу кеңештери жазылган. Ишенимдешибизди сотко берүү Жахабанын да, жыйналыштын да аброюна терс таасир тийгизиши мүмкүн. Матай 18:15—17-аяттарда жалаа жабуу же алдамчылык сыяктуу олуттуу айыптоолорду кантип чечиши керектигинин үч жолу айтылган: 1) адегенде маселени өз ара чечүүгө аракет кылуу; 2) андан майнап чыкпаса, жыйналыштагы бир же эки жетилген бир туугандан жардам суроо; 3) андан кийин, эгер зарыл болсо, ишти аксакалдар кеңешине тапшыруу. Жагдай ушуга чейин өрчүп кетсе, аксакалдар Ыйык Китептеги принциптердин негизинде ошол ишке катыштыгы барлардын баарына маселени тынчтык жолу менен чечүүгө жардам беришет. Эгер кимдир бирөө Ыйык Китептеги нормаларга ылайык иш кылгысы келбесе, анда аксакалдарга укуктук чараларды көрүүгө туура келиши мүмкүн.

Бирок сотко барууну талап кылган жагдайлар, мисалы, ажырашууга, баланы тарбиялоо укугуна, алимент төлөөгө, камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга, банкроттукка же керээз катка байланыштуу маселелер да болуп калышы мүмкүн. Исанын жолдоочусу ушундай маселени колдон келишинче тынчтык жолу менен чечиш үчүн ушундай юридикалык чараларды колдонсо, Пабылдын кеңешине каршы иш кылган болбойт.

Зордуктоо, балдарды бузуу, уруп-сабоо, чоң уурулук, киши өлтүрүү сыяктуу олуттуу кылмыш кылынса, бул туурасында жергиликтүү бийликтегилерге билдирген Исанын жолдоочусу Пабылдын кеңешине каршы иш кылган болбойт.

14-бөлүм, 14-абзац

 31 ШАЙТАНДЫН АЙЛА-АМАЛДАРЫ

Эйденде болгон окуядан тартып Шайтан адамдарды адаштырууга аракет кылууда (Башталыш 3:1—6; Аян 12:9). Ал ой жүгүртүүбүздү буза ала турган болсо, жаман иш кылууга оңой эле түртө аларын билет (2 Корунттуктар 4:4; Жакып 1:14, 15). Өзүнүн ой жүгүртүүсүн кеңири жайылтыш үчүн жана ошондой ой жүгүртүүнү туурадай көрсөтүш үчүн саясатты, динди, соода-сатыкты, көңүл ачууну, билим алууну жана башка көптөгөн нерселерди колдонот (Жакан 14:30; 1 Жакан 5:19).

Шайтан адамдарды адаштырууга аз эле убакыт калганын жакшы билет. Ошондуктан мүмкүн болушунча көп адамдарды алдоого аракет кылат. Айрыкча Жахабага кызмат кылгандарды тузакка түшүрүүнү көздөйт (Аян 12:12). Сак болбосок, Шайтан ой жүгүртүүбүздү билгизбей бузушу мүмкүн (1 Корунттуктар 10:12). Мисалы, Жахаба жубайлардын өмүр бою бирге болушун каалайт (Матай 19:5, 6, 9). Анткен менен азыр көптөр никени каалаган учурда буза ала турган убактылуу нерсе катары көрүшөт. Көптөгөн тасмалар, телеберүүлөр да ушул көз караштын кеңири таралышына шарт түзүүдө. Андыктан бул дүйнөнүн никеге карата көз карашын жуктуруп алуудан сак болушубуз керек.

Көз карандысыздык рухун жайылтуу Шайтандын дагы бир айла-амалы болуп эсептелет (2 Тиметей 3:4). Абайлабасак, биз Жахаба дайындагандардын бийлигин урматтабай калышыбыз мүмкүн. Алсак, эркектер жыйналыштын аксакалдарынын жетекчилигине баш ийгиси келбей башташы мүмкүн (Еврейлер 12:5). Же аялдар Жахабанын үй-бүлөдө бекиткен башчылык тартибин баркка албай башташы ыктымал (1 Корунттуктар 11:3).

Шайтандын ой жүгүртүүбүзгө таасир этишине жол бербегенге чечкиндүү болушубуз керек. Анын ордуна, Жахабадай ойлонууга аракет кылышыбыз жана «асмандагы нерселер тууралуу ой жүгүртүшүбүз» керек (Колосалыктар 3:2; 2 Корунттуктар 2:11).

16-бөлүм, 9-абзац

 32 ДАРЫЛАНУУ

Ар бирибиз ден соолугубуздун чың болушун жана ооруп калганда колдон келишинче жакшы дарыланууну каалайбыз (Ышая 38:21; Марк 5:25, 26; Лука 10:34). Бүгүнкү күндө доктурлар жана башкалар дарылануунун көптөгөн ыкмаларын, жолдорун сунушташат. Дарылануунун ыкмасын тандаарда Ыйык Китептеги принциптерди карап чыгуу маанилүү. Биз Кудайдын Падышалыгынын тушунда гана биротоло айыгарыбызды билебиз. Андыктан ден соолугубузга өтө эле көп көңүл топтоп, Жахабага сыйынуубуз четте калып калышын каалабайбыз (Ышая 33:24; 1 Тиметей 4:16).

Биз дарылануунун жиндер менен байланыштуу болгон түрлөрүнөн бөтөнчө сак болушубуз керек (Мыйзам 18:10—12; Ышая 1:13). Андыктан кайсы бир дарыга же дарылануунун кайсы бир ыкмасына макул болордон мурун ал жөнүндө бүт баарын билип алышыбыз жана жиндер менен байланышы бар-жогун тактап алышыбыз керек (Накыл сөздөр 14:15). Шайтандын бизди жиндер менен байланыштуу нерселерге ириштиргиси келерин эч качан унутпашыбыз зарыл. Эгер кайсы бир ыкмадан шекшип жатсак, андан оолак эле болгонубуз оң (1 Петир 5:8).

16-бөлүм, 18-абзац

^ Айрым доктурлар кандын курамындагы төрт негизги затты курамдык бөлүктөр катары эсептеши мүмкүн. Ошондуктан аларга силердин жеке чечимиңер накта канды жана андагы негизги төрт затты, атап айтканда, эритроцитти, лейкоцитти, тромбоцитти жана плазманы куйдурбоого тиешелүү экенин түшүндүрүшүңөр керек болушу ыктымал.