Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-БӨЛҮМ

Тойдун эртеси

Тойдун эртеси

«Сүйүү эч качан жок болбойт» (1 КОРУНТТУКТАР 13:8).

1, 2. Жубайлардын ортосунда кыйынчылыктар пайда болсо, баары бүттү дегенди билдиреби? Түшүндүргүлө.

 НИКЕ — бул Кудайдын белеги. Ал да адамга бакыт тартуулайт. Анткен менен ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн кыйынчылыктары болот. Атүгүл кээде алар эч качан түгөнбөчүдөй сезилет. Жубайлардын мамилеси да баштагыдай ысык болбой калышы мүмкүн.

2 Үй-бүлөдө кээде көйгөйлөр болот. Буга таң калбашыбыз керек. Бул иштин баары бүттү дегенди билдирбейт. Анткени ал тургай олуттуу кыйынчылыктарга туш болгон жубайлар да мамилесин оңдоп, нике түйүнүн бекемдей алышкан. Аларга эмне жардам берген?

КУДАЙГА ЖАНА БИРИ-БИРИҢЕРГЕ ЖАКЫНДАГЫЛА

3, 4. Кээде жубайлардын ортосунда эмне болушу мүмкүн?

3 Нике ою, көз карашы, жактырган жана жактырбаган нерсеси бири-бириникинен айырмаланган эки адамды бириктирет. Ошондой эле алардын тек жайы, маданияты эки башка болушу мүмкүн. Андыктан бири-бирин жакшы билип, жакшы түшүнүп калышы үчүн, убакыт жана күч-аракет талап кылынат.

4 Бирок убакыттын өтүшү менен жубайлардын ар бири өз түйшүгү менен болуп, бири-биринен алыстап, күйөөсү-аялы деген аты эле болбосо, кошуналардай эле болуп калышы мүмкүн. Аларга кайрадан ынак болгонго эмне жардам берет?

Ыйык Китептеги кеңештер — үй-бүлөлүк бакыттын ачкычы

5. а) Жубайыңарга жакындоого кайсы кеңеш жардам берет? б) Еврейлер 13:4кө ылайык, никеге карата кандай көз карашта болушубуз керек?

5 Жахаба жубайларга ага жана бири-бирине жакындоого жардам берген мыкты кеңеш берген (Забур 25:4; Ышая 48:17, 18). Ал: «Баары никени баалашсын»,— деп айткан (Еврейлер 13:4). Адатта, бир нерсени бааласак, аны абдан кымбат, асыл нерсе катары көрүп, көздүн карегиндей сактайбыз. Аны кадимки нерседей көрбөйбүз. Жахаба никеге карата мына так ушундай көз карашта болушубузду каалайт.

ЖАХАБАНЫ СҮЙҮҮ МАМИЛЕҢЕРДИ БЕКЕМДЕЙТ

6. Матай 19:4—6-аяттардан Жахабанын никеге карата көз карашы жөнүндө эмнени биле алабыз?

6 Эң алгачкы никени Жахаба негиздеген. Анын уулу Иса мындай деген: «Жараткандын эң башында адамдарды эркек-аял кылып жаратып: „Ошондуктан эркек ата-энесин калтырып, аялы менен биригет да, экөө бир дене болот“,— деп айтканын окуган жок белеңер? Ошентип, эми алар — эки эмес, бир дене. Андыктан Кудай кошконду адам ажыратпасын» (Матай 19:4—6). Жахаба никенин түбөлүккө созулушун башынан эле ниет кылган. Ал үй-бүлөлөрдүн ынак жана бактылуу болуп, жашоонун рахатын бирге көрүшүн каалаган.

7. Жубайлар никесин кантип бекемдей алышат?

7 Азыркы тапта жубайлар болуп көрбөгөндөй стресске, кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Айрым учурларда андай кыйынчылыктар абдан чоң болгондуктан, алар жашап кете аларына көзү жетпей, багынып беришет. Бирок Жахабанын никеге кандай караарын түшүнүү кыйын кезеңде чоң жардам болот (1 Жакан 5:3).

8, 9. а) Жахабанын жетекчилигине өзгөчө кайсы учурларда баш ийишибиз керек? б) Никени жогору баалай турганыбызды кантип көрсөтө алабыз?

8 Жахаба дайыма туура багыт берет. Жогоруда айтылгандай, ал «баары никени баалашсын» деген кеңеш берген (Еврейлер 13:4; Насаатчы 5:4). Атүгүл оор учурларда да анын кеңештерине ылайык иш кылсак, өзүбүзгө эле жакшы болот (1 Тесалоникалыктар 1:3; Еврейлер 6:10).

9 Үй-бүлөбүздү жогору баалагандыктан аны буза турган иштерди кылуудан же сөздөрдү айтуудан качабыз. Анын ордуна, өмүрлөшүбүз менен болгон мамилебизди бекемдегенге бүт күчүбүздү жумшайбыз. Аны кантип кыла алабыз?

НИКЕНИ БААЛААРЫҢАР СӨЗҮҢӨР МЕНЕН ИШИҢЕРДЕН КӨРҮНҮП ТУРСУН

10, 11. а) Кээ бир үй-бүлөлөрдө кандай олуттуу көйгөй болот? б) Жубайыбыз менен кантип сүйлөшкөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

10 Адамдын жүрөгүн оңой эле оорутуп койсо болот. Албетте, Иса Машаяктын жолдоочулары эч качан жубайына кол көтөрбөшү же денесине кандайдыр бир залака келтирбеши керек. Бирок кээде айткан сөзүбүз бычактай тийиши мүмкүн. Бир зайып: «Күйөөм мени сөз менен жей берет. Бети-башым көк-ала болбогону менен, анын „жөн эле жүк болуп жүрөсүң“, „эч нерсеге жарабаган бир байкушсуң“ деген сыяктуу заар сөздөрү жаныма батып кетет»,— дейт. Бир күйөө болсо аялынын чучукка жеткен сөздөрдү айтып, аны дайыма басынта берерин айтат. Ал: «Анын мени кантип тилдээрин айтканга да оозум барбайт. Аялым менен сүйлөшө албаганымдын, кечке чейин иштегенимдин себеби ушунда. Үйгө баргандан көрө, жумушта кулак-мээм тынч жүрө бергеним жакшы»,— дейт. Көкөйдөн кеткис так калтырган сөздөр, заар тил бүгүнкү күндө үй-бүлөлөрдө кеңири жайылган.

11 Жубайлардын бири-бирине айткан суук сөздөрү оңой менен эрибеген муз болуп жүрөктө калып калат. Жахаба, албетте, андай болушун каалабайт. Бирок кээде өзүбүз байкабай эле өмүрлүк жарыбыздын жүрөгүн оорутуп алышыбыз мүмкүн. Балким, өзүңөргө ага жакшы эле мамиле кылып жатканыңардай сезилеттир. Бирок анын ою кандай? Ага да ошондой сезилеби? Эгер сөзүңөр ага катуу тийип жатса, оңолууга аракет кыласыңарбы? (Галатиялыктар 5:15; окугула: Эфестиктер 4:31.)

12. Үй-бүлөлүү кишинин Жахаба менен болгон мамилесине эмне таасир этиши мүмкүн?

12 Өмүрлүк жарыбыз менен элдин көзүнчө болобу, өзүнчө болобу, кантип сүйлөшкөнүбүз Жахаба үчүн баары бир эмес. (Окугула: 1 Петир 3:7.) Жакып 1:26да: «Ким Кудайга туура сыйынып жатам деп ойлоп, бирок тилин ооздуктабаса, ал өзүн өзү алдап жатат; анын сыйынуусу пайдасыз»,— деп эскертилген.

13. Жубайыңардын көңүлүн дагы кантип оорутуп алышыңар мүмкүн?

13 Жубайлар бири-биринин сезимин дагы башка жактардан эске алышы керек. Мисалы, башка бирөөгө көп убакыт бөлө баштасаңар, жубайыңар өзүн кандай сезет? Ал кишиге убакыт бөлгөнүңөрдүн жөндүү себеби деле бардыр, балким, кызматка чогуу чыккандырсыңар же кандайдыр бир жардам көрсөткөндүрсүңөр. Бирок ошондон улам жубайыңар өзүн жаман сезбейби? Бир аял: «Жолдошумдун жыйналышыбыздагы башка бир аялга өтө көп убакыт бөлүп, көңүл буруп жатканын көргөндө аябай жаман болом, өзүмдү тебеленгендей сезем»,— деген.

14. а) Башталыш 2:24төн кайсы негизги чындыкты билүүгө болот? б) Эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек?

14 Исанын жолдоочулары катары ар бирибиздин ата-энебиздин, жыйналышыбыздагы бир туугандардын алдында кандайдыр бир милдеттерибиз бар. Анткен менен үй-бүлө кургандан кийин адам биринчи кезекте өмүрлүк жарынын алдында милдеттүү болуп калат. Жахаба эркектин «аялы менен бириге тургандыгын» айткан (Башталыш 2:24). Демек, жубайыбыздын сезимдери биз үчүн абдан маанилүү болушу керек. Андыктан: «Жубайыма ал муктаж болгон жана татыктуу болгон нерсени беремби: ага жетиштүү көңүл буруп, убакыт бөлөмбү, сүйүүдөн өксүткөн жокмунбу?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек.

15. Үй-бүлөсү барлар жубайынан башка бирөөгө жакын болуудан эмне үчүн сак болушу кажет?

15 Эгер жубайыбыздан башка бирөөгө жакын боло баштасак, сезимдер сууп, никебизге коркунуч туулат. Ал адамга көңүлүбүз байланып, махабат сезимин өрчүтө башташыбыз ыктымал (Матай 5:28). Андай сезимдер күчөп отуруп, никебизди булгап коё турган ишке барышыбыз мүмкүн.

«НИКЕ ТӨШӨГҮ БУЛГАНБАСЫН»

16. Ыйык Китепте никеге байланыштуу кандай буйрук жазылган?

16 «Баары никени баалашсын» деген сөздөрдөн кийин Ыйык Китепте андан ары: «Нике төшөгү булганбасын, анткени бузуктук же ойноштук кылып жүргөндөрдү Кудай соттойт»,— деп жазылган (Еврейлер 13:4). «Нике төшөгү» деген сөз айкашы күйөөсү менен аялынын ортосундагы жыныстык мамилени билдирет (Накыл сөздөр 5:18). Андай мамилеге канткенде тийиштүү урмат көрсөтүп, аны булгабайбыз?

17. а) Көптөр ойноштукка кандай карашат? б) Жахабага сыйынгандар ойноштукка кандай карашы керек?

17 Бүгүнкү күндө кээ бирөөлөр жарынын көзүнө чөп салуунун жаман жери жок деп ойлошот. Бирок биз андай көз караштын таасирине алдырбашыбыз керек. Жахаба бузуктукту, ойноштукту жек көрөрүн так-даана билдирген. (Окугула: Римдиктер 12:9; Еврейлер 10:31; 12:29.) Эгер жарыбыздан башка бирөө менен жыныстык мамиледе болсок, никебизди булгаган болобуз. Жахабанын нормаларын баркка албай, аны менен болгон мамилебизге доо кетирип алабыз. Ошондуктан ойноштукка алып бара турган атүгүл эң алгачкы кадамды жасоодон сак болушубуз керек. Бул өз ичине башка бирөөнү ойлоп кумарлануудан да сак болууну камтыйт (Аюп 31:1).

18. а) Ойноштуктун жалган кудайларга сыйынуу менен кандай окшоштугу бар? б) Жахаба ойноштукка кандай карайт?

18 Байыркы Ысрайылда Мусанын Мыйзамы боюнча ойноштук, жалган кудайларга сыйынуудай эле, олуттуу күнөө болгон. Ал эки күнөө үчүн тең адам өлүм жазасына тартылган (Лебилер 20:2, 10). Ойноштуктун жалган кудайларга сыйынуу менен кандай окшоштугу болгон? Эгер ысрайылдыктардын бири жалган кудайларга сыйынып кетсе, Жахабага берилгендигин сактабай, антын бузган болмок. Ал эми ойноштук кылган болсо, өмүрлүк жарына берилгендигин сактабай, антын бузган болмок. (Чыгуу 19:5, 6; Мыйзам 5:9; окугула: Малаки 2:14.) Демек, Жахабанын ойноштукту абдан олуттуу күнөө деп эсептегени айдан ачык.

19. Ойноштук кылбайбыз деп чечкиндүү болууга эмне жардам берет?

19 Ал эми бүгүнкү күн жөнүндө эмне деп айтууга болот? Биз азыр Мусанын Мыйзамы боюнча жашабасак да, Жахабанын ойноштукка карата ою өзгөргөн жок. Андыктан, эч качан жалган кудайга сыйынбай турганыбыздай эле, жубайыбызга карата да эч качан ишенимсиздик кылбайбыз (Забур 51:1, 4; Колосалыктар 3:5). Эгер андай ишке бара турган болсок, никебизди да, Жахаба Кудайыбызды да урматтабаган болобуз. (26-тиркемени карагыла.)

НИКЕҢЕРДИ КАНТИП БЕКЕМДЕЙ АЛАСЫҢАР?

20. Акылмандык никени бекемдегенге кандайча жардам берет?

20 Никеңерди кантип бекемдей аласыңар? Кудайдын Сөзүндө: «Үй акылмандык менен курулат, кыраакылык менен бекемделет»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 24:3). Үйдүн ичи суук, аңгырап бош болушу же жылуу, жайлуу, коопсуз болушу мүмкүн. Нике тууралуу да ушуну айтууга болот. Акылдуу киши никесине эч нерсе коркунуч туудурбашына, жары менен болгон мамилесинин ынак, бекем, жагымдуу болушуна кам көрөт.

21. Билим никени кандайча бекемдейт?

21 Ошондой «үй» тууралуу Ыйык Китепте андан ары: «Бөлмөлөр ар кандай баалуу, сонун буюмдарга билим менен толтурулат»,— делет (Накыл сөздөр 24:4). Ыйык Китепте камтылган кеп-кеңештер жубайыңар менен болгон мамилеңерди бекемдөөгө түрткү берет (Римдиктер 12:2; Филипиликтер 1:9). Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды чогуу окуп, талкуулагыла жана билгендериңерди кантип иш жүзүндө колдонсоңор болорун ойлонгула. Бири-бириңерди сүйөрүңөрдү, урматтаарыңарды көрсөтүүнүн, жакшылык кылуунун жолдорун издегиле, бири-бириңерге кам көргүлө. Жахабадан никеңерди бекемдегенге, жарыңардын купулуна толгон адам болгонго жардам беришин сурап тиленгиле (Накыл сөздөр 15:16, 17; 1 Петир 1:7).

Үй-бүлөлүк сыйынууда Жахабанын жетекчилигин издегиле

22. Эмне үчүн өмүрлүк жарыбызды сүйүшүбүз, урматташыбыз жана жогору баалашыбыз керек?

22 Өмүрлүк жарыбызды сүйүш үчүн, урматташ үчүн жана дайыма жогору баалаш үчүн колубуздан келгендин баарын кылышыбыз керек. Ошондо жубайыбыз менен болгон мамилебиз бекем, ысык болот. Баарынан маанилүүсү, Жахабанын жүрөгүн кубанткан болобуз (Забур 147:11; Римдиктер 12:10).