Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

Бардык жагынан чынчыл болгула

Бардык жагынан чынчыл болгула

«Бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз» (ЕВРЕЙЛЕР 13:18).

1, 2. Кыйын болсо да чынчыл болгонго аракет кылганыбызды көргөндө Жахаба кандай сезимде болот?

 БИР бала мектептен үйүнө келатып жолдон бир капчык акча таап алат. Анан эмне кылат? Өзүнө алып алса деле болмок. Бирок ал аны ээсине кайтарып берет. Апасы муну укканда абдан сыймыктанат.

2 Ата-энелердин көбү баласынын чынчылдыгына абдан сүйүнөт. Биздин асмандагы Атабыз Жахаба «чындыктын Кудайы» болгондуктан чынчылдыгыбызды көргөндө ал да кубанат (Забур 31:5). Биз ага жаккандай иштерди кылууну жана «бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз» (Еврейлер 13:18). Келгиле анда, жашообуздун кайсы төрт тармагында чынчыл болуу кыйынга турарына токтололу. Андан соң кыйын жагдайларда да чынчыл болуунун айрым пайдалуу жактарын карап чыгабыз.

ӨЗҮБҮЗГӨ КАРАТА ЧЫНЧЫЛ БОЛУУ

3—5. а) Эмне себептен өзүбүзгө карата чынчыл болбой калышыбыз ыктымал? б) Өзүбүзгө карата чынчыл болгонго эмне жардам берет?

3 Башкалар менен мамилелешкенде чынчыл болуш үчүн адегенде өзүбүзгө карата чынчыл болушубуз керек. Бул дайыма эле оңойго турбайт. Мисалы, 1-кылымда Лаодикия шаарындагы жыйналыштагылар Кудайга жаккандай сыйынып жатабыз деп өздөрүн өздөрү алдашкан (Аян 3:17). Биз да өзүбүздүн чынында кандай адам экенибизди билбей, жаңылыш ойдо болушубуз мүмкүн.

4 Жакып: «Ким Кудайга туура сыйынып жатам деп ойлоп, бирок тилин ооздуктабаса, ал өзүн өзү алдап жатат; анын сыйынуусу пайдасыз»,— деген (Жакып 1:26). Жакшы иштерди кылсак эле, жүрөк ооруткан, какшыктаган сөздөрүбүзгө же калп айтканыбызга Кудай көңүл деле бурбайт деп ойлосок, өзүбүздү алдаган болобуз. Канткенде өзүбүздү алдабайбыз?

5 Күзгүгө каранганыбызда сырткы көрүнүшүбүздү көрөбүз. Ал эми Ыйык Китепти окуганда ички дүйнөбүздү көрө алабыз. Ыйык Китеп бизге күчтүү да, алсыз да жактарыбызды билгенге жардам берет. Ошонун аркасында оюбузду, ишибизди, сүйлөгөн сөзүбүздү текшерип, кайсы жактан оңолушубуз керектигин түшүнөбүз. (Окугула: Жакып 1:23—25.) Бирок кемчиликтерибизди моюнга албасак, оңоло албайбыз. Андыктан өзүбүзгө карата чынчыл болуш үчүн Ыйык Китепти окушубуз керек (Жеремиянын ыйы 3:40; Акай 1:5). Өзүбүздүн кандай киши экенибизди билүүгө Жахабадан тиленүү да жардам берет. Андан өзүбүздү текшергенге жана жетишпеген жактарыбызды аныктап, жакшырганга жардам беришин сурасак болот (Забур 139:23, 24). «Жахаба арамзадан жийиркенет, ал эми чынчыл адамдар менен жакын мамиледе болот»,— деген сөздөрдү эсибизден чыгарбашыбыз керек (Накыл сөздөр 3:32).

ҮЙ-БҮЛӨДӨ

6. Эмне үчүн жубайлар бири-бирине карата чынчыл болушу керек?

6 Чынчыл болуу үй-бүлөдө абдан маанилүү. Күйөө менен зайып бири-бирине калп айтпай, ачык пикирлешсе, жүрөгү тынч болот жана бири-бирине чындап ишенишет. Бирок үй-бүлөдө чынчыл болуу ушуну эле билдирбейт. Мисалы, үй-бүлөлүү киши порнография көрсө, башка бирөө менен флирт кылса же жашыруун түрдө мамиле түзсө, бул чынчылдыкка жатпайт. Забурчунун эмне деп жазганына көңүл бурсаңар, ал: «Жалганчылар менен бирге отурган эмесмин, өздөрүнүн ким экенин жашыргандарга кошулган эмесмин»,— деген (Забур 26:4). Эгер өмүрлүк жарыңарга карата атүгүл оюңарда да чынчыл эмес болсоңор, бул никеңерге зыянын тийгизбей койбойт.

Никеңерге терс таасир эте турган нерселерди дароо четке каккыла

7, 8. Балдарга чынчылдыктын маанилүүлүгүн түшүндүрүүдө Ыйык Китепти кантип колдонсок болот?

7 Балдар да чынчыл болуунун маанилүүлүгүн жакшы түшүнүшү керек. Ата-энелер Ыйык Китепти колдонуп аларды чынчылдыкка үйрөтө алышат. Ыйык Китепте уурулук кылган Ахан, акча алыш үчүн калп айткан Гехази, акча уурдап жүргөн жана кийин Исаны 30 күмүш тыйынга сатып жиберген Жүйүт сыяктуу чынчыл эмес кишилер жөнүндө жазылган (Жашыя 6:17—19; 7:11—25; 2 Падышалар 5:14—16, 20—27; Матай 26:14, 15; Жакан 12:6).

8 Ыйык Китепте чынчылдык жагынан мыкты үлгү көрсөткөн кишилер жөнүндө да жазылган. Алсак, балдарын таап алган акчаны ээсине кайтарып берүүгө үндөгөн Жакып, Кудайга берген убадасын аткарган Иптах менен кызы, оор учурларда да чынчылдыгынан жазбаган Иса тууралуу окуй алабыз (Башталыш 43:12; Бийлер 11:30—40; Жакан 18:3—11). Ушундай адамдардын үлгүсү балдарга чынчылдыктын маанилүүлүгүн түшүнгөнгө жардам берет.

9. Ата-эненин чынчылдыгы балдарга кандай таасир этет?

9 Ата-энелер үчүн: «Эмнеге башкаларды үйрөтүп, өзүң үйрөнбөйсүң? „Уурдаба“,— деп насаат айтасың да, эмнеге өзүң уурдайсың?» — деген принципти эске алуу абдан маанилүү (Римдиктер 2:21). Балдар ата-энесинин айткан сөзү менен кылган иши кайчы келип жатканын дароо байкашат. Эгер балдарыбыздан чынчылдыкты талап кылып, өзүбүз чынчыл болбосок, алар бизди түшүнбөй башы маң болот. Балдар ата-энесинин, атүгүл майда-чүйдө иштерде болсо да, калп айтып жатканын байкашса, өздөрү да ошенте башташы мүмкүн. (Окугула: Лука 16:10.) Ал эми ата-энесинин чынчылдыгын көрүп чоңоюшса, кийин балалуу болушканда өздөрү да чынчыл ата-энелерден боло алышат (Накыл сөздөр 22:6; Эфестиктер 6:4).

ЖЫЙНАЛЫШТА

10. Жыйналыштагылар менен сүйлөшкөндө кантип чынчыл боло алабыз?

10 Биз ишенимдештерибизге карата да чынчыл болушубуз керек. Жыйналыштагы бир туугандардын арасында кээде кээ бир сөздөр ушакка, ал тургай жалаага айланып кетиши мүмкүн. Маселен, кимдир бирөөнүн сөзүн чын-төгүнүн билбей туруп башкаларга айтсак, калпты жайылткан болобуз. Андыктан тилибизди тыя билгенибиз жакшы (Накыл сөздөр 10:19). Чынчыл болуу уккан-билген же ойлогон нерсебиздин баарын эле айта беришибиз керектигин билдирбейт. Айтайын деп жаткан нерсебиз чын болсо да, биздин ишибиз эмес болушу же аны айтуунун зарылдыгы жок болушу, же аны айтуу боорукердикке жатпашы мүмкүн (1 Тесалоникалыктар 4:11). Айрымдар орой сүйлөп туруп: «Мен чынын айттым да»,— деп актанышы ыктымал. Бирок Жахабанын кызматчылары катары биз дайыма жылуу-жумшак сүйлөгүбүз жана боорукер болгубуз келет. (Окугула: Колосалыктар 4:6.)

11, 12. а) Күнөө кылган киши чынчыл болбосо, кандайча жагдайын оордотуп алат? б)  Досубуз олуттуу күнөө кылса, эмне деп ойлогондон сак болушубуз керек жана эмне үчүн? в) Жахабанын уюмуна карата канткенде чынчыл боло алабыз?

11 Жахаба аксакалдарды жыйналыштагыларга жардам бериш үчүн дайындаган. Алар менен сүйлөшкөндө чынчыл болсок, жүгүн жеңилдетебиз. Кандайча? Мисалы, ооруп калып, доктурга барсаңар, ооруңардын айрым белгилерин жашырат белеңер? Эгер ошентсеңер, ал силерге кантип жардам берет? Анын сыңарындай, олуттуу күнөө кетирсек, аны жашырбай, аксакалдарга барып чынын айтышыбыз керек (Забур 12:2; Элчилер 5:1—11). Эми башка жагдайды алалы. Эгер досуңардын олуттуу күнөө кылганын билип калсаңар, эмне кыласыңар? (Лебилер 5:1) «Ал менин досум да, мен муну эч кимге айтпашым керек»,— дейсиңерби? Же аксакалдар ага Жахаба менен болгон мамилесин калыбына келтирип, бекемдөөгө жардам бериши үчүн дайындалганын эстейсиңерби? (Еврейлер 13:17; Жакып 5:14, 15).

12 Жахабанын уюмуна карата да чынчыл болгонубуз, алсак, кызмат отчёту сыяктуу нерселерди толтурганда чынчыл болгонубуз маанилүү. Андан тышкары, пионер болгонго же дагы башка кызматты аткарууга арыз толтурганда чынчыл болушубуз зарыл. (Окугула: Накыл сөздөр 6:16—19.)

13. Ишенимдештерибиз менен жүргүзгөн ишкердик маселелерде канткенде чынчыл болобуз?

13 Кудайдын кызматчылары ишкердик маселелерди Кудайга сыйынуу менен аралаштырбашы керек. Мисалы, Падышалык залында же кызматта жүргөндө өз ишибизди жүргүзбөйбүз. Жыйналыштагыларды өз пайдабыз үчүн колдонбойбуз. Ишенимдештерибизди жумушка алсак, эмгек акысын макулдашканыбызга ылайык жана убагында төлөп турушубуз, мыйзам талап кылган жеңилдиктердин баарын беришибиз керек. Буга медициналык камсыздоо же өргүү күндөрүн төлөп берүү кириши мүмкүн (1 Тиметей 5:18; Жакып 5:1—4). Ал эми ишенимдешибиздин кол алдында иштесек, андан өзгөчө мамилени күтпөшүбүз кажет (Эфестиктер 6:5—8). Канча саат иштешибиз талап кылынса, ошончо иштейбиз, кандай жумуш кылышыбыз керек болсо, ошону кылабыз (2 Тесалоникалыктар 3:10).

14. Ишенимдештер чогуу иш баштаарда эмне кылышы керек?

14 Ал эми ишенимдештерибиз менен чогуу кандайдыр бир иш баштасакчы? Андай иштер акча салууну же насыя алууну талап кылышы мүмкүн. Андайда Ыйык Китептеги бир принципти колдонуу акылдуулукка жатат: макулдашканыңардын баары кагаз жүзүндө болсун! Мисалы, бир жолу Жеремия пайгамбар жер сатып алганда эки нускада документ толтуруп, бир нускасына күбөлөргө кол койдуруп, кийин керек болгондо колдонуш үчүн экөөнүн тең сакталышына кам көргөн. (Жеремия 32:9—12; Башталыш 23:16—20-аяттарды да карагыла.) Айрымдар кагаз жүзүндө макулдашуу бир туугандардын бири-бирине ишенбегенин көрсөтөт деп ойлошот. Бирок, чынында, бул көптөгөн түшүнбөстүктөрдү, нааразычылыктарды, келишпестиктерди алдын алат. Атүгүл ишкердик маселелерде да жыйналыштын тынчтыгы ишкердик алака-мамиледен алда канча маанилүү экендигин унутпашыбыз зарыл. (1 Корунттуктар 6:1—8; 30-тиркемени карагыла.)

БАШКА ЖАГДАЙЛАРДА

15. Жахаба бизнес чөйрөсүндөгү алдамчылыкка кандай карайт?

15 Биз баары менен, анын ичинде Жахабанын Күбөсү эместер менен да, чынчыл болушубуз керек. Чынчыл болгонубуз Жахаба үчүн абдан маанилүү. «Так эмес тараза Жахаба үчүн жийиркеничтүү, ал эми салмагы туура тараза ташы ага жагымдуу» (Накыл сөздөр 11:1; 20:10, 23). Байыркы убакта соода-сатык иштеринде тараза кеңири колдонулчу. Айрым соодагерлер кардарларын алдап, макулдашкандан кем беришчү же тийиштүүдөн көбүрөөк акча төлөтүп алышчу. Бүгүнкү күндө да бизнес жүргүзүүдө алдамчылык кеңири жайылган. Жахаба алдамчылыкты мурун кандай жек көрсө, бүгүн да ошондой эле жек көрөт.

16, 17. Алдамчылыктын кеңири жайылган кандай түрлөрүнөн качышыбыз керек?

16 Чынчылдыгыбыз сыналышы мүмкүн болгон жагдайларга баарыбыз эле туш болобуз. Андай жагдайларга, мисалы, жумушка орношууга байланыштуу документтерди, мамлекеттик кагаздарды толтуруу же мектептеги сынактар кирет. Көптөр калп айтуунун, апыртып сүйлөөнүн же туура эмес маалымат берүүнүн жаман деле жери жок деп ойлошот. Бирок биз буга таң калбайбыз. Себеби Ыйык Китепте акыркы күндөрү көптөрдүн «өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн,.. жакшылык кылгысы келбеген» адамдардан болору жазылган (2 Тиметей 3:1—5).

17 Кээде чынчыл эмес адамдар жыргап жашап жаткандай сезилиши мүмкүн (Забур 73:1—8). Ал эми Исанын жолдоочулары чынчыл болгону үчүн жумуштан чыгып калышы, акча жагынан кыйналышы же жумуштан жаман мамилеге туш болушу ыктымал. Бирок чынчыл болуунун акыбети кайтпай койбойт. Кандайча?

ЧЫНЧЫЛ БОЛУУНУН ПАЙДАСЫ

18. Жакшы абройго ээ болуунун кандай пайдасы бар?

18 Азыркы учурда чынчыл, ишеничтүү кишилер сейрек кездешет. Андай аброй баа жеткис нерсе. Ар бирибизде ошондой абройго ээ болгонго мүмкүнчүлүк бар (Микей 7:2). Чынчыл болгонуңар үчүн айрымдар силерди шылдыңдашы, акылсыз кишидей көрүшү мүмкүн. Бирок чынчылдыгыңарды баалап, ишеним арткандар да болбойт койбойт. Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча чынчыл адамдар катары белгилүү болгондуктан, кээ бирөөлөр биринчи кезекте аларды жумушка алууну каалашат. Ошондой эле айрым жумушчуларды алдамчылыктан улам жумуштан бошотушса, Жахабанын Күбөлөрүн жумушта калтырышат.

Жакшы жумушчу болсок, Жахаба даңкталат

19. Чынчылдыгыңар Жахаба менен болгон достугуңарга кандай таасир этет?

19 Бардык жагынан чынчыл болсоңор, абийириңер таза, жан дүйнөңөр тынч болот. Ошонун аркасында ар бирибиз элчи Пабылдай болуп: «Биз абийирибиздин таза экенине бекем ишенебиз»,— деп айта алабыз (Еврейлер 13:18). Андан да маанилүүсү, бардык жагынан чынчыл болгонго жумшаган аракетибизди Жахаба Кудайыбыз көрөт жана жогору баалайт. (Окугула: Забур 15:1, 2; Накыл сөздөр 22:1.)