Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-БӨЛҮМ

Шайтанга каршы тургула

Шайтанга каршы тургула

«Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат» (ЖАКЫП 4:7).

1, 2. Шайтанга жана жиндерге байланыштуу эмнени билишибиз керек?

 ЖАХАБА убада кылган жаңы дүйнөдө жашоо керемет болот. Ошондо, акыры, Кудай башында ниет кылгандай жашайбыз. Азыр болсо Шайтан менен анын жиндери бийлеп алган дүйнөдө жашап жатабыз (2 Корунттуктар 4:4). Биз аларды көрө албасак да, алар чынында эле бар жана бизден алда канча күчтүү.

2 Бул бөлүмдө канткенде Жахаба менен болгон жакын мамилени сактай аларыбызга жана Шайтандан коргоно аларыбызга токтолобуз. Жахаба бизге жардам берерин убада кылган. Бирок биз Шайтан менен жиндердин кандай айла-амалдарды колдонорун жана кантип кол саларын билишибиз керек.

«АРЫЛДАГАН АРСТАН СЫЯКТУУ»

3. Шайтан эмнени көздөйт?

3 Шайтан адамдарды Жахабага өзүнүн кызыкчылыгын ойлогондуктан эле сыйынышат жана кыйынчылык болгондо ага кызмат кылбай калышат деген. (Окугула: Аюп 2:4, 5.) Кимдир бирөө Жахабаны таанып-билүүнү каалап жатканын Шайтан менен жиндер сөзсүз байкашат жана тоскоолдук жаратууга аракет кылышат. Адамдын өз өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлгөнү алардын каарын кайнатат. Ыйык Китепте Шайтан Ибилис тууралуу: «Кимди жутуп жиберсем деп, арылдаган арстан сыяктуу жүрөт»,— деп жазылган (1 Петир 5:8). Ал Жахаба менен болгон мамилебизди бузууну көздөйт (Забур 7:1, 2; 2 Тиметей 3:12).

Өзүбүздү Жахабага арнаганда, Шайтандын каары кайнайт

4, 5. а) Шайтан эмне кыла албайт? б) Ага каршы туруу эмнени билдирет?

4 Бирок Шайтан менен анын жин-перилеринен коркпошубуз керек. Анткени Жахаба алардын бизге карата иш-аракетин чектеп койгон. Ал Исанын жолдоочуларынан турган «эбегейсиз көп адамдардын» «улуу алааматтан аман өтөрүн» убада кылган (Аян 7:9, 14). Шайтан аны болтурбай коё албайт, анткени Жахаба өз элин коргойт.

5 Дайыма Жахабага жакын болсок, аны менен болгон мамилебизди Шайтан буза албайт. Кудайдын Сөзү бизди: «Жахаба менен болсоңор, ал да силер менен болот»,— деп ынандырат. (2 Жылнаама 15:2; окугула: 1 Корунттуктар 10:13.) Байыркы учурдагы Абыл, Энох, Нух, Саара, Муса сыяктуу Жахабага берилген адамдар аны менен дайыма жакын мамиледе болгондуктан Шайтанга каршы тура алышкан (Еврейлер 11:4—40). Бул биздин да колубуздан келет. Ыйык Китепте: «Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— делет (Жакып 4:7).

«БИЗ... КҮРӨШҮП ЖАТАБЫЗ»

6. Шайтан бизге кантип кол салат?

6 Шайтан анын бизге карата иш-аракети чектелүү экенин билсе да, Кудай менен болгон мамилебизди муздатууга бүт күчүн жумшай берет. Бүгүнкү күндө ал бизге ар кандай жол менен кол салууда жана миңдеген жылдардан бери колдонуп келаткан амалдарын колдонууда. Ал кандай амалдар?

7. Шайтан Жахабанын элине эмне үчүн кол салууда?

7 Элчи Жакан «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экенин» жазган (1 Жакан 5:19). Бул дүйнөнү Шайтан башкарат. Анын Жахабанын элин да бийлеп алгысы бар (Микей 4:1; Жакан 15:19; Аян 12:12, 17). Убактысы аз калганын билгендиктен ал ар бирибизге катуу кысым көрсөтүп, Кудайга болгон берилгендигибизден жаздыруунун аракетин кылууда. Шайтан кээде түз эле кол салса, кээде билинбеген жол менен кол салат.

8. Исанын жолдоочуларынын ар бири эмнени түшүнүшү керек?

8 Эфестиктер 6:12де: «Биз... асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр... менен күрөшүп жатабыз»,— деп жазылган. Шайтан менен жиндерге каршы Исанын ар бир жолдоочусу жекече күрөшөт. Өмүрүн Жахабага арнагандардын баары ошондой согушка катышарын унутпашыбыз керек. Эфестиктерге жазган катында элчи Пабыл ишенимдештерин «бекем турууга» бир нече жолу үндөгөн (Эфестиктер 6:11, 13—15).

9. Шайтан менен жиндер бизди эмне кылууга аракет кылышат?

9 Шайтан менен жин-перилер бизди ар кандай жолдор менен алдоого аракеттенет. Шайтанга бир жолу каршы тура алганыбыз кийинкисинде да каршы тура аларыбызды билдирбейт. Ал бизге кандай кылтак ылайык болорун аныкташ үчүн алсыз жактарыбызды издейт. Бирок Ыйык Китепте анын айла-амалдары жөнүндө жазылгандыктан, анын кылтактарынан кача алабыз. (2 Корунттуктар 2:11; 31-тиркемени карагыла.) Андай кылтактардын бири — жиндер менен байланышуу.

ЖИНДЕРДЕН АЛЫС БОЛГУЛА

10. а) Жиндер менен байланышууга эмнелер кирет? б) Жахаба жиндер менен байланышууга кандай карайт?

10 Жиндер менен байланышуу өз ичине келечекти алдын ала айтуу, сыйкырчылык, дуба окутуу же арбактар менен сүйлөшүүгө аракет кылуу сыяктуу табияттан тыш нерселерди камтыйт. Ыйык Китепте жиндер менен байланышуу Жахаба үчүн жийиркеничтүү экени жана жиндер менен байланышып, ошол эле учурда Жахабага сыйына албай турганыбыз жазылган (Мыйзам 18:10—12; Аян 21:8). Андыктан жиндер менен байланышуунун бардык түрүнөн жаа бою качышыбыз керек (Римдиктер 12:9).

11. Табияттан тыш нерселерге кызыгуунун кесепети кандай болушу мүмкүн?

11 Табияттан тыш нерселерге кызыгарыбызды байкаса, Шайтанга бизди жиндер менен байланышууга азгыруу оңой болот. Кандай түрү болбосун, жиндер менен байланышуу Жахаба менен болгон мамилебизди бузат.

ШАЙТАН БИЗДИ АЛДООГО АРАКЕТТЕНЕТ

12. Шайтан биздин ой жүгүртүүбүзгө кантип таасир эткиси келет?

12 Шайтан адамдардын оюн бузуп, адаштырууга аракет кылат. Ал адамды аз-аздан шек санатып отуруп акырында адам «жакшыны жаман, жаманды жакшы» деп эсептеп калат (Ышая 5:20). Шайтан бизди Ыйык Китептеги кеңештердин эч кандай пайдасы жок жана Кудайдын нормалары боюнча эмес, өзүбүз каалагандай жашасак, бактылуураак болобуз дегенге ишендиргиси келет.

13. Шайтан шек санатууга кантип аракет кылат?

13 Шайтандын эң күчтүү амалдарынын бири — кайсы бир нерсеге шек санатуу. Ал бул ыкманы байыртан бери колдонуп келет. Эйден багында ал Обо энеден: «Чын эле Кудай силерге бактагы дарактардын баарынан эле жей бербешиңер керектигин айтты беле?» — деп сурап, анын жүрөгүнө шек саноонун үрөнүн сепкен (Башталыш 3:1). Аюп пайгамбардын күндөрүндө болсо Кудайга периштелердин көзүнчө: «Аюп Кудайдан бекеринен коркуп жүрүптүрбү?» — деген (Аюп 1:9). Ал эми Иса Машаяк чөмүлгөндөн кийин ага: «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, анда бул таштарга нанга айланууну буйрук кылчы»,— деп айткан (Матай 4:3).

14. Шайтан жиндер менен байланышууну кандай кылып көрсөтөт?

14 Шайтан бүгүнкү күндө да ошол ыкмасын колдонууда. Ал жиндер менен байланышуунун айрым түрлөрүн эч кандай зыяны жоктой көрсөтүп, адамдарды алардын чындап коркунучтуу экенине шектентүүдө. Ал тургай Исанын жолдоочуларынын айрымдары да ошондой коркунучту аңдабай калышкан (2 Корунттуктар 11:3). Анда кантип коргонсок болот? Шайтанга алданып калбаганыбызды кантип биле алабыз? Келгиле анда, эки жагдайда, көңүл ачуунун түрүн жана дарылануунун ыкмасын тандап жатканда, кандайча алданып калышыбыз мүмкүн экенин карап чыгалы.

ТАБИГЫЙ КААЛООЛОРУБУЗДУ ӨЗҮБҮЗГӨ КАРШЫ КОЛДОНОТ

15. Көңүл ачканда жиндер менен кантип байланышып калышыбыз мүмкүн?

15 Азыркы учурда жиндерге, сыйкырчылыкка жана табияттан тыш күчтөргө байланыштуу тасмалар, видеолор, телеберүүлөр, компьютердик оюндар, сайттар арбын. Көптөр мындай нерселерди зыяны жок көңүл ачуу катары эсептеп, жиндерге өзү менен байланышууга жол ачып жатканын билишпейт. Ошондой эле адамдар жиндер менен жылдыз төлгө, алакан ачуу, карталарды колдонуп төлгө тартуу сыяктуу нерселер аркылуу байланышып калышы мүмкүн. Шайтан андай нерселерди сырдуу, кызыктуу, көңүлдү ачкан нерсе катары көрсөтүп, коркунучтуу экенин жашырууга аракет кылат. Ал тургай кээ бирөөлөр: «Жеке өзүм жиндер менен байланышпасам болду да. Андай нерселерди көрсөм, эмне болмок эле?» — деп ойлошу мүмкүн. Бирок ошондой ойдо болуу эмне үчүн коркунучтуу? (1 Корунттуктар 10:12).

16. Сыйкырдуу күчтөргө байланыштуу көңүл ачуунун түрлөрүн эмне үчүн четке кагышыбыз керек?

16 Шайтан менен жиндер биздин оюбузду окуй албайт. Бирок жеке өзүбүз жана үй-бүлөбүз үчүн эмнени тандап жатканыбызга, анын ичинде көңүл ачуунун кандай түрүн тандаганыбызга байкоо салып, эмнени каалап жатканыбызды жана кандай ой жүгүртөрүбүздү билип коёт. Эгер дуба окутуу, көзү ачыктар, жин бийлеп алгандар, мастандар, кан соргучтар же ушу сыяктуу нерселер камтылган тасмаларды, музыканы же китептерди тандасак, Шайтан менен жиндер аларга кызыгып жатканыбызды билип, андан да көбүрөөк кызыктырганга аракет кылышы мүмкүн. (Окугула: Галатиялыктар 6:7.)

17. Шайтан ден соолугубуздун чың болушун каалаганыбыздан кантип пайдаланат?

17 Шайтан ден соолугубуздун чың болушун каалаарыбызды билип, ошондон да пайдаланат. Азыр көптөрдүн ден соолугу начар. Айрымдар дарылануунун ар кандай ыкмаларын колдонуп көрсө да майнап чыкпашы мүмкүн (Марк 5:25, 26). Ошол себептен айласы кетип, баарын кылууга даяр болуп калышат. Бирок Исанын жолдоочулары катары биз «сыйкырдуу күч» аралашкан дарылоо ыкмаларынан сак болушубуз кажет (Ышая 1:13).

Ооруп жатканда Жахабага үмүт арткыла

18. Исанын жолдоочулары дарылануунун кандай ыкмаларынан баш тартышат?

18 Байыркы Ысрайылда айрымдар «сыйкырдуу күчтү» колдонушчу. Жахаба аларга: «Алакан жайганыңарда, силерден көзүмдү жашырам. Көп тиленсеңер да, укпайм»,— деген (Ышая 1:15). Ойлоп көрсөңөр, Жахаба алардын атүгүл тиленүүсүн да укпай койгон. Биз, албетте, Жахаба менен болгон мамилебизди бузуп, өзгөчө ооруп калганда анын жардамынан куру калтыра турган ишти кылгыбыз келбейт (Забур 41:3). Андыктан дарылануу ыкмасынын жиндерге же табияттан тыш күчтөргө байланышы жок экенине көзүбүз жеткидей болушу керек (Матай 6:13). Эгер кандайдыр бир байланышы болсо, андан баш тартышыбыз кажет. (32-тиркемени карагыла.)

ЖИНДЕР ЖӨНҮНДӨГҮ ОКУЯЛАР

19. Көптөр Шайтандан эмнеден улам коркушат?

19 Кээ бирөөлөр Шайтан менен жиндерди ойдон чыгарылган деп эсептешсе, башкалар алардын бар экенине жеке жашоосунан ынанышкан. Алардан өтө коркуп, ырым-жырымдарга кул болгондор көп. Дагы бирөөлөр жиндердин адамдарга кылган коркунучтуу нерселери жөнүндө ар кандай окуяларды айтып, алардан коркуу сезимин жайылтууда. Көбүнчө адамдар андай окуяларды кулак түрө калып угуп, башкаларга айтканды жакшы көрүшөт. Натыйжада көптөр Шайтандан коркушат.

20. Кандайча Шайтандын калпын жайылтып калышыбыз мүмкүн?

20 Шайтан адамдардын андан коркушун каалайт (2 Тесалоникалыктар 2:9, 10). Ал — жеткен жалганчы. Шайтан жиндер менен байланышууга кызыгып жаткан адамдарга кантип таасир этишти жана аларды кайсы бир калпка кантип ишендиришти билет. Андай адамдар аларга көрүнгөндөй же угулгандай сезилген нерселерди айтып бериши мүмкүн. Ошондой окуялар ооздон оозго өткөн сайын, көбүртүп-жабыртыла берет. Биз адамдардын Шайтандан коркушуна шарт түзгөн андай окуяларды жайылтып Шайтанга жардам бергибиз келбейт (Жакан 8:44; 2 Тиметей 2:16).

21. Жиндер тууралуу окуялар жөнүндө сүйлөшкөндөн көрө, эмне жөнүндө сүйлөшкөнүбүз оң?

21 Эгер Жахабанын элинин арасынан кимдир бирөөнүн жашоосунда жиндерге байланышкан бир окуя болсо, башкаларды кызыктырыш үчүн эле айта бергени туура эмес болуп калмак. Жахабанын элине Шайтандан же жин-перилерден бир нерсе кылып салат деп коркуунун кереги жок. Андан көрө, Исага жана Жахабанын ага берген күчүнө көңүл топтогонубуз оң (Еврейлер 12:2). Иса пайгамбар шакирттеринин бүйүрүн кызытып, жиндер жөнүндө окуяларды айткан эмес. Ал бүт көңүлүн Падышалык жөнүндөгү кабарга жана «Кудайдын улуу иштерине» бурган (Элчилер 2:11; Лука 8:1; Римдиктер 1:11, 12).

22. Эмне кылууга чечкиндүүсүңөр?

22 Шайтандын максаты Жахаба менен болгон мамилебизди бузуу экенин эч качан унутпайлы. Ал максатына жетиш үчүн Шайтан колунан келгендин баарын кылат. Бирок биз анын айла-амалдарын билебиз жана жиндер менен байланышуунун бардык түрүн четке кагабыз. Биз Шайтандын ошондой чечкиндүүлүгүбүздү солгундатышына жол бербейбиз. (Окугула: Эфестиктер 4:27.) Ооба, эгер Шайтанга каршы турсак, анын кылтактарына түшпөйбүз жана Жахабанын канатынын астында коопсуз болобуз (Эфестиктер 6:11).