Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-БӨЛҮМ

Эмгегиңер кубаныч тартууласын

Эмгегиңер кубаныч тартууласын

«Ар бир адам... эмгегинин үзүрүн көрүшү керек» (НАСААТЧЫ 3:13).

1—3. а) Көптөр өзүнүн жумушуна кандай карайт? б) Бул бөлүмдө кайсы суроолорду карап чыгабыз?

 БААРЫ эле өзүн жана үй-бүлөсүн багыш үчүн оор эмгектенет. Бирок көптөргө өзүнүн жумушу жакпайт. Айрымдар болсо жумушка аргасыздан барышат. Эгер силердин да жагдайыңар ушундай болсо, жумуш кубаныч тартуулашы үчүн эмне кылса болот? Канткенде жумушуңарга карата туура көз карашта болосуңар?

2 Жахаба: «Ар бир адам ичип-жеп, эмгегинин үзүрүн көрүшү керек... Бул — Кудайдын белеги»,— деген (Насаатчы 3:13). Адамда эмгектенүүгө болгон муктаждык да, каалоо да бар. Жахаба бизди ушундай кылып жараткан. Ал кылган ишибиздин бизге кубаныч тартуулашын каалайт. (Окугула: Насаатчы 2:24; 5:18.)

3 Ишибиз өзүбүзгө кубаныч тартуулашы үчүн эмне кылсак болот? Исанын жолдоочулары кандай жумуштарда иштебеши керек? Жумуш менен Кудайга сыйынууну кантип тең салмакташтыра алабыз? Биз кыла ала турган эң маанилүү иш кайсы?

ЭҢ УЛУУ ЭМГЕКЧИЛЕР

4, 5. Жахаба эмгекке кандай карайт?

4 Жахаба Кудай өзү да эмгекти сүйөт. Башталыш 1:1де: «Башында Кудай асман менен жерди жаратты»,— делет. Кудай жерди жана андагы нерселерди жаратып бүткөндөн кийин «бардыгы эң сонун» болгонун айткан (Башталыш 1:31). Ооба, Жаратканыбыз кылган ишин көрүп ыраазы болгон (1 Тиметей 1:11).

5 Жахаба эмгектенгенин эч качан токтоткон эмес жана токтотпойт. Иса ал тууралуу: «Атам ушу кезге чейин эмгектенип келатат»,— деген (Жакан 5:17). Биз Жахабанын кереметтүү иштеринин баарын биле албасак да, айрымдарын билебиз. Маселен, ал Падышалыктын бир бөлүгү катары Уулу Иса Машаяк менен кошо башкара тургандарды тандап келүүдө (2 Корунттуктар 5:17). Ошондой эле адамзатка кам көрүп, жетекчилик берип келатат. Дүйнө жүзү боюнча жүрүп жаткан кабар айтуу ишинин натыйжасында миллиондогондор Жахабаны таанып-билип, бейиште түбөлүк жашоо үмүтүнө ээ болууда (Жакан 6:44; Римдиктер 6:23).

6, 7. Исанын эмгекчилдиги эмнеден көрүнгөн?

6 Атасына окшоп, Иса да эмгекти сүйөт. Жерге келгенге чейин ал Атасынын жанында «чебер уста» болуп, асман менен жердеги нерселердин баарын жаратканга жардам берген (Накыл сөздөр 8:22—31; Колосалыктар 1:15—17). Жерде жүргөндө да дайыма оор эмгектенген. Өспүрүм кезинде, сыягы, эмерек жасап, үй куруп, жыгач устачылыкка үйрөнгөн. Ал өзүнүн ишин мыкты билгендиктен «жыгач уста» катары белгилүү болгон (Марк 6:3).

7 Бирок жерде жүргөндө Исанын эң негизги иши жакшы кабар таратуу жана элге Жахаба Кудай жөнүндө айтып окутуу болчу. Бул ишти аткарууга анын үч жарым жылы эле бар болгондуктан ал эртеден кечке ошол иш менен алек болгон (Лука 21:37, 38; Жакан 3:2). Мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарга кабарды жеткириш үчүн чаң жолдор менен жөө жүрүп, жүздөгөн чакырымдарды басып өткөн (Лука 8:1).

8, 9. Исага кылган иши эмне үчүн канааттануу тартуулаган?

8 Иса пайгамбар үчүн Кудайдын ишин аткаруу тамактай эле маанилүү болгон. Ал иш ага күч-кубат берип турган. Ал кабар айтуу ишин бүт дитин коюп аткаргандыктан тамак ичкенге да убактысы болбой калган күндөр болгон (Жакан 4:31—38). Иса ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып башкаларга Атасын таанып-билгенге жардам берчү. Ошондуктан Жахабага: «Мага тапшырган ишиңди аягына чыгаруу менен мен сени жер үстүндө даңктадым»,— деп айта алган (Жакан 17:4).

9 Ооба, Жахаба да, Иса Машаяк да эмгекти сүйүшөт. Эмгеги аларга кубаныч менен канааттануу тартуулайт. Биз да Кудайдан үлгү алууну жана Иса Машаяктын «изи менен так жүрүүнү» каалайбыз (Эфестиктер 5:1; 1 Петир 2:21). Мына ошондуктан эмне иш кылбайлы бүт дитибизди коюп аткарууга аракет кылабыз.

ЖУМУШУБУЗГА КАНДАЙ КАРАШЫБЫЗ КЕРЕК?

10, 11. Жумушка карата туура маанайда болууга эмне жардам берет?

10 Жахабанын эли катары биз өзүбүзгө жана үй-бүлөбүзгө кам көрүш үчүн талыкпай эмгектенебиз. Албетте, баарыбыз эле жумушубузду жакшы көргүбүз келет, бирок бул кыйынга турушу мүмкүн. Анда жумушубуздан канааттануу алуу үчүн эмне кылсак болот?

Туура маанай сактасак, кандай жумуш болбосун көбүрөөк кубаныч тартуулайт

11 Туура маанайда болгула. Иштеген жерибизди же жумуш убактысын өзгөртө албашыбыз мүмкүн, анткен менен маанайыбызды өзгөртө алабыз. Буга Жахаба бизден эмнени күтөрүн түшүнүү жардам берет. Мисалы, ал үй-бүлө башчыларынын үй-бүлөсүнүн муктаждыктарына кам көрүш үчүн бүт күч-аракетин жумшашын күтөт. Ыйык Китепте өз үй-бүлөсүнө кам көрбөгөн киши тууралуу: «Андай адам ишенбегендерден да жаман»,— деп жазылган (1 Тиметей 5:8). Эгер үй-бүлө башчысы болсоңор, үй-бүлөңөргө кам көрүш үчүн бардык аракетиңерди кылып жатканыңар шексиз. Жумушуңар жагабы-жакпайбы, анын аркасында үй-бүлөңөргө кам көрүп жатасыңар. Бул болсо Жахабага жагат.

12. Эмгекчил жана чынчыл болуунун кандай пайдасы бар?

12 Эмгекчил жана чынчыл болгула. Бул сапаттар жумушуңардан канааттануу алганга жардам берет (Накыл сөздөр 12:24; 22:29). Андан сырткары, жумуш берүүчүңөр силерге ишеним артат. Жумуш берүүчүлөр чынчыл жумушчуларды баалашат, анткени алар жумуштагы нерселерди, жумуш убактысын жана акча уурдашпайт (Эфестиктер 4:28). Эң маанилүүсү, күжүрмөн эмгектенгениңерди жана чынчылдыгыңарды Жахаба көрүп турат. Сүйүкүү Кудайыңарга жаккандай иш кылып жатканыңарды билгендиктен абийириңер да таза болот (Еврейлер 13:18; Колосалыктар 3:22—24).

13. Чынчылдыгыңар башкаларга дагы кандай таасир этиши мүмкүн?

13 Жумуштагы жүрүм-турумуңар Кудайды даңктай аларын унутпагыла. Бул да бизге жумушубузга карата туура маанайда болгонго жардам берет (Тит 2:9, 10). Атүгүл жүрүм-турумубузду көрүп, кесиптештерибиздин бири Ыйык Китепти изилдей башташы ыктымал. (Окугула: Накыл сөздөр 27:11; 1 Петир 2:12).

ЖУМУШ ТАНДОО

14—16. Жумуш тандап жатканда эмнелерди эске алышыбыз керек?

14 Ыйык Китепте Иса Машаяктын жолдоочуларына кайсы жумуш ылайык келер-келбеси көрсөтүлгөн тизме берилген эмес. Бирок анда жумушка байланыштуу туура чечим чыгарганга жардам берген принциптер камтылган (Накыл сөздөр 2:6). Ошол принциптерди колдонуп төмөнкү суроолор тууралуу ойлонуп көрсөк болот.

Жахабанын нормалары бузулбай турган жумуш издегиле

15 Бул жумушта Жахаба туура эмес деп эсептеген нерселерди кылуу талап кылынбайбы? Жахаба Кудайыбыз уурулук, жалган сүйлөө сыяктуу нерселерди жек көрөрүн билебиз (Чыгуу 20:4; Элчилер 15:29; Эфестиктер 4:28; Аян 21:8). Ошондуктан Жахабанын нормаларына туура келбеген жумушта иштегенден сак болушубуз кажет. (Окугула: 1 Жакан 5:3.)

16 Бул жумушта иштесем, Жахаба айыптаган иштерди колдогон же ошондой иштерге үндөгөн болуп калбаймынбы? Мисалы, бойдон алдырган клиниканын кабылдамасында иштегенге жумуш чыгып жатат дейли. Кабылдамада иштөөнүн жаман деле жери жок. Бирок биз Жахабанын бойдон алдырууга кандай караарын жакшы билебиз. Андай жумушта иштесеңер, бойдон алдырууга түздөн-түз катышпасаңар да, Жахабанын көз алдында туура эмес деп эсептелген ишке аралашып калгандай болуп, өзүңөрдү күнөөлүү сезбейсиңерби? (Чыгуу 21:22—24).

17. Кудайга жаккандай чечим чыгарганга эмне жардам берет?

17 Ыйык Китептеги принциптерди колдонуунун аркасында, Еврейлер 5:14тө айтылгандай, ар бирибиз «колдонуу аркылуу акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырган» адамдардан боло алабыз. «Бул жумушка макул болсом, башкалар мүдүрүлбөйбү? Жубайым менен балдарымды калтырып, башка өлкөгө кеткенге туура келбейби? Бул аларга кандай таасир этет?» — деп ойлонуп көргүлө.

«ЭМНЕ МААНИЛҮҮРӨӨК ЭКЕНИН БААМДАГЫЛА»

18. Кудайга сыйынууну жашообузда биринчи орунга коюу эмне үчүн оңой эмес?

18 Азыркы «өзгөчө оор мезгилде» Жахабага сыйынууну жашообузда биринчи орунга коюу оңой-олтоң иштерден эмес (2 Тиметей 3:1). Жумуш табуу жана жумуш ордубузду сактап калуу абдан кыйын. Албетте, үй-бүлөбүзгө кам көрүшүбүз керек дечи, бирок биз Кудайга сыйынуу эң биринчи орунда туруш керектигин жакшы билебиз. Ошондуктан материалдык нерселердин жашообузда биринчи орунду ээлеп алышына жол бербейбиз (1 Тиметей 6:9, 10). Анда канткенде «эмне маанилүүрөөк экенин баамдап», ошол эле учурда үй-бүлөбүзгө да кам көрө алабыз? (Филипиликтер 1:10).

19. Жахабага таянуу жумушка тең салмактуу караганга кандайча жардам берет?

19 Жахабага толугу менен таянгыла. (Окугула: Накыл сөздөр 3:5, 6.) Жахаба эмнеге муктаж экенибизди эң сонун билет жана бизге кам көрөт (Забур 37:25; 1 Петир 5:7). Ыйык Китепте: «Колуңарда болгонуна ыраазы болуп, акчаны сүйүүдөн алыс болгула. Анткени Кудай: „Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм“,— деп айткан»,— деп жазылган (Еврейлер 13:5). Жахаба үй-бүлөбүздү кантип багышты ойлоп сарсанаа боло беришибизди каалабайт. Ал өз элине кам көрө аларын дайыма далилдеп келет (Матай 6:25—32). Андыктан жумушка байланыштуу жагдайыбыз кандай болбосун, дайыма Ыйык Китепти окуп-изилдейбиз, жакшы кабар таратабыз, жыйналыштарды калтырбайбыз (Матай 24:14; Еврейлер 10:24, 25).

20. Канткенде дайыма жөнөкөй жашайбыз?

20 Көзүңөр бир эле нерсеге багытталсын. (Окугула: Матай 6:22, 23.) Бул Жахабага кызмат кылууга көңүл топтой алыш үчүн жөнөкөй жашоону билдирет. Биз акчага, майкөл-сүткөл жашоого, жаңы чыккан электрондук каражаттарга Кудай менен болгон мамилебизге караганда көбүрөөк маани бере баштасак, туура эмес болуп каларын жакшы билебиз. Жашообузда биринчи орунда турушу керек болгон нерсени биринчи орунга койгонго эмне жардам берет? Мүмкүн болушунча карыз албаганга аракет кылгыла. Буга чейин карыз алган болсоңор, андан кутулууну же, жок дегенде, кантип азайтса болорун жакшылап ойлонуштургула. Сак болбосок, материалдык нерселер көп убактыбызды, күчүбүздү алып, тиленгенге, Ыйык Китеп окуганга, кабар айтканга убакыт таппай калышыбыз ыктымал. Бирок биз материалдык нерселердин жашообузду татаалдантышына жол бергендин ордуна, «ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз» болгонуна топук кылганды үйрөнгүбүз келет (1 Тиметей 6:8). Жагдайыбыз кандай болбосун, мезгил-мезгили менен Жахабага дагы көбүрөөк кызмат кыла алар-албасыбызды текшерип турганыбыз жакшы.

21. Жашообузда биринчи орунда эмне турарын эмне үчүн чечип алышыбыз керек?

21 Эмне маанилүү экендигин аныктап алгыла. Убактыбызды, күчүбүздү жана материалдык нерселерибизди акылдуулук менен колдонушубуз керек. Эгер сак болбосок, убактыбыз билим алуу же акча сыяктуу анча маанилүү эмес нерселерге короп кетет. Иса пайгамбар: «Биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издегиле»,— деп айткан (Матай 6:33). Күнүмдүк турмуштагы чечимдерибиз, адаттарыбыз, күнүмдүк иштерибиз, алдыга койгон максаттарыбыз — ушунун баары жүрөгүбүздү эмне көбүрөөк ээлерин көрсөтүп турат.

ЭҢ МААНИЛҮҮ ИШ

22, 23. а) Биз аткарчу эң маанилүү иш кайсы? б) Жумушубуздан канааттануу алууга эмне жардам берет?

22 Биз кыла ала турган эң маанилүү иш — Жахабага кызмат кылуу жана жакшы кабар таратуу (Матай 24:14; 28:19, 20). Иса пайгамбарга окшоп, биз да бул ишти бүт күчүбүздү жумшап аткаргыбыз келет. Айрымдар жарчыларга муктаждык чоң жерлерге көчүп барууда. Башкалар болсо бөтөн тилде сүйлөгөндөргө кабар айтыш үчүн тил үйрөнүп жатышат. Ушундай бир туугандар менен бул тууралуу сүйлөшүп көргүлө. Алар силерге жашоосу маңыздуураак, өздөрү бактылуураак болуп калганын айтып беришет. (Окугула: Накыл сөздөр 10:22).

Жахабага кызмат кылуу — биз аткара ала турган эң маанилүү иш

23 Азыркы учурда көбүбүз үй-бүлөбүздү эң зарыл нерселер менен камсыз кылыш үчүн эле көп убакыт иштейбиз, ал тургай бир нече жумушта иштешибиз мүмкүн. Жахаба үй-бүлөбүзгө кам көрүш үчүн кылып жаткан бардык аракетибизди көрүп турат жана абдан баалайт. Эмесе, кандай жумушта иштебейли, талыкпай эмгектенген Жахаба менен Исадан үлгү ала берели. Ошондой эле эң маанилүү ишибиз Жахабага кызмат кылуу жана анын Падышалыгы тууралуу кабар айтуу экенин эсибизден чыгарбайлы. Ал ишти аткаруу бизге чыныгы кубаныч тартуулайт.