Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

Эмне үчүн бийликти урматтоо керек?

Эмне үчүн бийликти урматтоо керек?

«Бардык адамдарды урматтагыла, бир туугандарыңардын баарын сүйгүлө, Кудайдан корккула, падышага урмат көрсөткүлө» (1 ПЕТИР 2:17).

1, 2. а) Кимдин көрсөтмөлөрүнө баш ийишибиз керек? б) Бул бөлүмдө кайсы суроолорго токтолобуз?

 БАЛА кезде ата-энеңер силер каалабаган нерсени кылууну суранган учурлар эсиңердеби? Аларды жакшы көрсөңөр да, тил алыш керектигин билсеңер да, баш ийүү дайыма эле оңой болбосо керек, чынбы?

2 Биз асмандагы Атабыз Жахабанын бизди сүйөрүн жакшы билебиз. Ал бизге кам көрүп, жашоодон рахат алышыбыз үчүн керектүү нерсенин баарын берүүдө. Мындан тышкары, биздин эле жыргалчылыгыбыз үчүн багыттап, жетектеп турат. Ан үчүн кээде Жахаба адамдарды да колдонот. Андыктан Жахаба колдонгон бийликти урматташыбыз керек (Накыл сөздөр 24:21). Бирок эмне үчүн кээде кандайдыр бир көрсөтмөгө баш ийүү кыйын? Эмне үчүн Жахаба көрсөтмөлөргө баш ийүүнү талап кылат? Анын бийлигин урматтаарыбызды кантип көрсөтө алабыз? (9-тиркемени карагыла.)

ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЙЫН?

3, 4. Адамдар кантип жеткилең эмес болуп калышкан? Башкалардын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү эмне үчүн кыйынга турушу мүмкүн?

3 Адамдар табиятынан эле баш ийбегенге жакын келет. Буга Адам ата менен Обо эне себепкер. Жеткилең болуп жаратылса да, алар Кудайдын бийлигине каршы чыгып, жеткилең эмес болуп калышкан. Ошондон бери бардык адамдар жеткилең эмес болуп төрөлөт. Жахабанын жана башка адамдардын көрсөтмөлөрүнө баш ийүү кыйын болгонунун бир себеби дал ошол жеткилең эместигибизде. Мындан тышкары, бизди жетектеш үчүн Жахаба колдонгон адамдар да жеткилең эмес (Башталыш 2:15—17; 3:1—7; Забур 51:5; Римдиктер 5:12).

4 Жеткилең эмес болгондуктан баарыбыз текебер болууга жакынбыз. Ал эми текебердик кеңешти кабыл алууга тоскоол кылат. Маселен, байыркы Ысрайылда Жахаба Муса пайгамбарды элди жетектегенге дайындаган. Бирок көп жыл бою Жахабага сыйынып келген Корак текеберденип кеткендиктен Муса пайгамбарды такыр урматтабай калган. Андан айырмаланып, бүтүндөй элди жетектесе да, Муса бой көтөргөн эмес. Ал Ыйык Китепте ошол учурдагы эң момун адам деп сыпатталган. Бирок Корак ага баш ийгиси келген эмес. Атүгүл бир топ кишини өзү менен бирге ага каршы чыгууга үндөгөн. Ал кишилер жана Корак эмне болду эле? Алардын баары өмүрүнөн айрылган (Сандар 12:3; 16:1—3, 31—35). Ыйык Китепте текебер болуунун кесепеттүү экенин көрсөткөн дагы көп мисалдар камтылган. (2 Жылнаама 26:16—21; 10-тиркемени карагыла.)

5. Айрымдар бийлигин кантип кыянат колдонушкан?

5 «Бийлик адамды бузат» деген сөздү уккандырсыңар. Тарыхта бийлигин кыянат колдонгондор көп эле болгон. (Окугула: Насаатчы 8:9.) Алсак, Жахаба Шабулду Ысрайылга падыша болууга тандаганда, ал абдан жөнөкөй, момун киши болчу. Бирок кийинчерээк жүрөгүндө текебердик менен ичи тарлыктын тамыр алышына жол берип койгондуктан бейкүнөө адамды, Дөөтүнү, куугунтуктай баштаган (1 Шемуел 9:20, 21; 10:20—22; 18:7—11). Кийин падышалык такка Дөөтү отурган. Ал Ысрайылдагы эң жакшы падышалардын бири болгон. Анткен менен анын да бийлигин кыянат колдонгон учурлары болгон. Мисалы, бир жолу Урийдин аялы Батшеба менен ойноштук кылып, анан күнөөсүн жаап-жашырыш үчүн Урийди кандуу согушка жөнөтүп өлтүрткөн (2 Шемуел 11:1—17).

ЖАХАБАНЫН БИЙЛИГИН ЭМНЕ ҮЧҮН УРМАТТАШЫБЫЗ КЕРЕК?

6, 7. а) Жахабага болгон сүйүүбүз эмне кылууга түрткү берет? б) Оңой болбогон учурларда да Жахабага баш ийүүгө Исанын үлгүсү кандайча жардам берет?

6 Биз Жахабанын көрсөтмөлөрүнө аны сүйгөндүктөн баш иебиз. Андан артык көргөн эч кимибиз, эч нерсебиз болбогондуктан биз аны кубандыргыбыз келет. (Окугула: Накыл сөздөр 27:11; Марк 12:29, 30.) Түпкү ата-энебиз Эйден багында жашаган кезден бери эле Шайтан адамдардын Жахабанын бийлигинин тууралыгына шектенишин көксөп келет. Ал Жахабанын бизге эмне кылышыбыз керектигин айтууга укугу жок деп ойлошубузду каалайт. Бирок бул андай эмес. Биз Ыйык Китептеги: «Кудуреттүү Кудайыбыз Жахаба, сен даңкталууга, урматталууга татыктуусуң, анткени баарын сен жараткансың»,— деген сөздөргө толук кошулабыз (Аян 4:11).

7 Кичинекей кезде, каалабасаңар да, ата-энеңердин тилин алууга үйрөнсөңөр керек. Ошо сыяктуу эле, бизге да Жахабага баш ийүү кээде оңойго турбайт. Бирок Жахабаны сүйгөндүктөн жана урматтагандыктан ага баш ийүүгө бүт күчүбүздү жумшайбыз. Бул жагынан Иса Машаяк мыкты үлгү калтырган. Ал, абдан кыйын же ыңгайсыз болуп жатса да, дайыма Жахабанын эркин аткарган. Ошондуктан Атасына: «Мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деп айта алган. (Лука 22:42; 11-тиркемени карагыла.)

8. Жахаба бизди кандай жолдор менен жетектейт? (« Кеңешке кулак каккыла» деген кутучаны карагыла.)

8 Бүгүнкү күндө Жахаба бизди ар кандай жолдор менен жетектейт. Мисалы, ал Ыйык Китепти берген. Ошондой эле ал бизди жыйналыштагы аксакалдар аркылуу да жетектейт. Жахаба колдонуп жаткан адамдарды урматтасак, анын бийлигин урматтаган болобуз. Ал эми алардын жардамын четке каксак, Жахабанын өзүн четке каккан болобуз. Ысрайылдыктар учурунда Муса пайгамбарды тоготпой коюшканда, Жахаба буга абдан олуттуу караган. Ал алардын ошондой мамилесин анын өзүнө каршы чыккандай кабыл алган. (Сандар 14:26, 27; 12-тиркемени карагыла.)

9. Кандайча сүйүү баш ийүүгө түрткү берет?

9 Бийликти урматтасак, ишенимдештерибизди да сүйөрүбүздү көрсөтөбүз. Мындай жагдайды элестетсеңер. Адатта, табигый кырсык болгондо, куткаруучулар мүмкүн болушунча көбүрөөк кишини өлүмдөн сактап калыш үчүн чогуу-чаран иш жүргүзүшөт. Иши натыйжалуу болушу үчүн, кимдир бирөө аларды уюштурушу жана топтогу ар бир киши анын айтканын угушу керек. Бирок кимдир бирөө укпай, өзү каалаганды кыла берсе эмне болот? Ниети канчалык таза болбосун, андай кишинин тил албастыгынын айынан кыйынчылыктар пайда болушу, ал тургай тобундагы башка куткаруучулар жапа чегип калышы ыктымал. Анын сыңарындай, Жахабанын жетегине жана ал бийлик бергендердин айткандарына кулак какпасак, башкалар зыян тартып калышы мүмкүн. Ал эми Жахабага баш ийсек, ишенимдештерибизди сүйөрүбүздү жана Жахаба бекиткен тартипти колдой турганыбызды көрсөтөбүз (1 Корунттуктар 12:14, 25, 26).

10, 11. Кайсы суроолорду карайбыз?

10 Жахабанын айткандарына кулак салуу өзүбүзгө эле пайдалуу. Эгер үй-бүлөдөгү, жыйналыштагы бийликти, ошондой эле өкмөттөрдүн бийлигин урматтасак, бизге эле жакшы болот (Мыйзам 5:16; Римдиктер 13:4; Эфестиктер 6:2, 3; Еврейлер 13:17).

11 Жахабанын башкаларды урматташыбызды эмне үчүн каалаарын түшүнсөк, муну кылуу жеңил болот. Эмесе, жашообуздун үч тармагында урмат-сыйды кантип көрсөтө аларыбызга кененирээк токтололу.

ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ БИЙЛИК

12. Күйөөлөр бийликти урматтаарын кантип көрсөтүшөт?

12 Үй-бүлөнү Жахаба жараткан. Ал үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө өзүнчө милдет арткан. Эгер ар бири Жахабанын андан эмнени талап кыларын түшүнсө, үй-бүлө бекем болуп, баары бактылуу болот (1 Корунттуктар 14:33). Жахаба үй-бүлөдө башчылык милдетти эркекке тапшырган. Ал эркектерден жубайына, балдарына кам көрүшүн, аларды жакшы көрүп, жетектеп турушун күтөт. Ошондуктан ар бир эркек үй-бүлөсүнө кандай кам көрүп жатканы үчүн Жахабанын алдында жооп берет. Жахабага сыйынган эркектер боорукер, мээримдүү болушат жана үй-бүлөсүнө Машаяк жыйналышка мамиле кылгандай мамиле кылышат. Ошенткенде гана Жахабаны урматтап-сыйлай турганын көрсөтүшөт. (Эфестиктер 5:23;13-тиркемени карагыла.)

Үй-бүлөсүнө кам көргөн эркектер Иса Машаяктан үлгү алган болушат

13. Зайыптар күйөөсүн урматтаарын кантип көрсөтө алышат?

13 Жахабага сыйынган аялдар да үй-бүлөдө маанилүү жана ардактуу милдетти аткарышат. Алар үй-бүлө башчысынын милдетин аткарууга бүт күчүн жумшаган күйөөлөрүн колдоп турушат. Күйөөлөрү менен чогуу балдарга таалим-тарбия беришет жана аларга бийликти урматтоону өзүнүн үлгүсү менен үйрөтүшөт (Накыл сөздөр 1:8). Андай зайыптар күйөөсүн урматташат жана анын чечимин колдошот. Атүгүл күйөөсүнүн оюна кошулбаган учурда да, өз оюн ага жылуу-жумшак, урмат-сый менен билдирет. Албетте, жолдошу Жахабага сыйынбаган аялдар башка кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Бирок алар күйөөсүнө сүйүү жана урмат-сый менен мамиле кыла берсе, бир күнү ал да Жахабага жакындап, ага сыйына башташы мүмкүн. (Окугула: 1 Петир 3:1.)

14. Балдар бийликти урматтаарын кантип көрсөтө алышат?

14 Балдар Жахабанын көз алдында абдан баалуу. Алар кимдир бирөөнүн аларды коргошуна жана жетектеп турушуна өзгөчө муктаж. Андыктан ата-энесине тил алган балдар ата-энесин кубантат. Андан да маанилүүсү, аларга тил алуу менен балдар Жахабага баш иерин көрсөтүп, аны да кубантышат (Накыл сөздөр 10:1). Өкүнүчтүүсү, көптөгөн балдарды атасы же энеси жалгыз чоңойтот. Андайда чоңдорго да, балдарга да кыйын. Бирок балдар аларды жалгыз тарбиялап жаткан атасына же апасына тил алса, үй-бүлөнүн жашоосу алда канча жакшы болот. Азыр бир да жеткилең үй-бүлө жок болсо да, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү Жахабанын көрсөтмөлөрүнө баш ийсе, көбүрөөк бактылуу болот. Ошондой эле үй-бүлөнүн негиздөөчүсү Жахабага даңк алып келет (Эфестиктер 3:14, 15).

ЖЫЙНАЛЫШТАГЫ БИЙЛИК

15. Жыйналыштагы бийликти урматтаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

15 Жахаба бизди жыйналыш аркылуу жетектейт. Ал жыйналышка бийлик жүргүзүүнү толугу менен Исага тапшырган (Колосалыктар 1:18). Иса болсо Кудайдын кызматчыларына кам көрүүгө «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындаган (Матай 24:45—47). Бүгүнкү күндө «ишенимдүү жана акылдуу кул» болуп Жетектөөчү Кеңеш эсептелет. Ишенимибиз күчтүү бойдон калышы үчүн, Жетектөөчү Кеңеш бизди керектүү нерсе менен өз учурунда камсыз кылууда. Дүйнө жүзү боюнча жыйналыштарды аксакалдар, кызмат жардамчылары, райондук көзөмөлчүлөр колдоп турушат. Жетектөөчү Кеңеш аларга көрсөтмөлөрдү берип турат. Ал бир туугандардын баары бизге кам көрүүгө жооптуу. Алар ошол жоопкерчилигин кантип аткарып жатканы үчүн Жахабанын алдында жооп беришет. Ошондуктан аларды урматтаганыбыз — Жахабаны урматтаганыбыз. (Окугула: 1 Тесалоникалыктар 5:12; Еврейлер 13:17; 14-тиркемени карагыла.)

16. Аксакалдар менен кызмат жардамчылары ыйык рухтун жардамы менен дайындалат деп эмне үчүн айта алабыз?

16 Аксакалдар менен кызмат жардамчылары жыйналыштагыларга биримдигин жана Кудайга болгон берилгендигин сактоого жардам беришет. Албетте, алар да, биз сыяктуу эле, жеткилең эмес адамдар. Ошондуктан: «Алар кантип дайындалат?» — деген суроо туулат. Алар Ыйык Китепте жазылган талаптарга жооп бериши керек (1 Тиметей 3:1—7, 12; Тит 1:5—9). Жахаба өзүнүн ыйык рухун колдонуп Ыйык Китепти жазгандарга ошол талаптарды түшүндүрүп жазууга жардам берген. Андан тышкары, аксакалдар кимди аксакал же кызмат жардамчысы кылып дайындоо керектигин талкуулап жатканда Жахабадан ыйык рух сурап тиленишет. Ошондуктан жыйналыштар Жахаба менен Иса Машаяктын көзөмөлү астында экенине эч шектенбесек болот (Элчилер 20:28). Жыйналышка кам көрүүгө дайындалган эркектер, чынында эле, Кудайдын белеги (Эфестиктер 4:8).

17. Аял киши бийликти урматтаарын кантип көрсөтөт?

17 Кээде жыйналышта кайсы бир милдетти аткара турган аксакал же кызмат жардамчысы жок болуп калат. Андайда ал милдетти чөмүлгөн башка эркектер аткарат. Бирок андай эркектер да жок болуп калса, ал милдетти аял киши аткарышы керек болот. Ошондой болуп калса, аял киши башына бир нерсе кийип же салынып алышы керек (1 Корунттуктар 11:3—10). Муну менен ал үй-бүлөдө болобу, жыйналышта болобу, Жахабанын башчылыкка карата бекиткен тартибин урматтаарын көрсөтөт. (15-тиркемени карагыла.)

МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК

18, 19. а) Римдиктер 13:1—7-аяттардан эмнени билүүгө болот? б) Бийликтегилерди урматтаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

18 Бүгүнкү күндө Жахаба өкмөттөргө кандайдыр бир деңгээлде бийлик бергендиктен, алардын бийлигин урматтоого тийишпиз. Анткени өкмөттөр өлкөлөрдү, коомдорду уюштурат жана алардын ишин жөнгө салып, элди тейлөө кызматтарынын аткарылышына кам көрөт. Жахабанын кызматчылары Римдиктер 13:1—7-аяттардагы көрсөтмөлөргө баш ийишет. (Аяттарды окугула.) Биз «жогорку бийликтерди» урматтайбыз жана жашаган өлкөбүздүн мыйзамына баш иебиз. Ал мыйзамдар үй-бүлөбүзгө, жумушубузга, мүлкүбүзгө тиешелүү болушу мүмкүн. Алсак, салык төлөйбүз жана өкмөт талап кылган документтерди толтурабыз. Бирок өкмөттөгүлөр Кудайдын мыйзамына каршы келген ишти кылууну талап кылса, эмне кылабыз? Петир: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деген (Элчилер 5:28, 29).

19 Эгер бизге сот же милиция кызматкерлери сыяктуу мамлекеттик кызматкерлер менен сүйлөшүүгө туура келсе, аларга дайыма урмат көрсөтүшүбүз керек. Жаштар мугалимдерди жана мектептеги башка кызматкерлерди сыйлашы кажет. Жумуштан болсо, атүгүл башка кесиптештерибиз урматтабаса да, башчыбызды урматтоого тийишпиз. Ошентсек, элчи Пабылдан үлгү алган болобуз. Ал кыйын болгон учурда да бийликтегилерди урматтап-сыйлаган (Элчилер 26:2, 25). Биз башкаларды, бизге жакшы мамиле кылбаса да, дайыма урматтай билишибиз керек. (Окугула: Римдиктер 12:17, 18; 1 Петир 3:15).

20, 21. Башкаларды урматтаганыбыздын натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

20 Дүйнө жүзү боюнча адамдардын ортосунда барган сайын сыйлабастык күч алууда. Бирок Жахабанын кызматчылары тууралуу минтип айтууга болбойт. Биз ар бир адам урмат-сыйга татыктуу деп эсептейбиз жана элчи Петирдин: «Бардык адамдарды урматтагыла»,— деп айтканына ылайык иш кылабыз (1 Петир 2:17). Башкаларды сыйласак, бул эч качан көз жаздымда калбайт. Иса пайгамбар: «Башкалар жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташы үчүн, силердин да жарыгыңар алардын алдында жаркырап турсун»,— деп айткан (Матай 5:16).

21 Эгер башкаларды сыйлаарыбыз үйдөн, жыйналыштан жана жашообуздун башка тармактарынан көрүнүп турса, бул башкаларга Жахаба жөнүндө көбүрөөк билүүгө түрткү бериши мүмкүн. Башкаларга урмат көрсөткөнүбүз — Жахабанын өзүнө урмат көрсөткөнүбүз. Муну менен Жахабаны кубандырабыз жана аны жакшы көрөрүбүздү далилдейбиз.