Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

Өмүрдү Кудай баалагандай баалайсыңарбы?

Өмүрдү Кудай баалагандай баалайсыңарбы?

«Өмүрдүн булагы сенде» (ЗАБУР 36:9).

1, 2. а) Жахаба бизге баа жеткис кандай белек берген? б) Бактылуу болушубуз үчүн дагы эмнелерди берген?

 ЖАХАБА ар бирибизге теңдешсиз белек — өмүр — берген (Башталыш 1:27). Ал бактылуу жашашыбызды каалайт. Андыктан, туура чечим чыгара алышыбыз үчүн, принциптерди берген. «Жакшы менен жаманды айырмалай билиш» үчүн аларды колдонушубуз керек (Еврейлер 5:14). Ошентсек, Жахабанын бизди тунук ой жүгүртүүгө үйрөтүшүнө жол берген болобуз. Анын принциптерине ылайык жашап, ошонун аркасында жашообуз жакшы жакка өзгөрүп жатканын байкаган сайын, алардын канчалык баалуу экенин түшүнө баштайбыз.

2 Жашоо деген татаал нерсе. Кээде кайсы бир нерсеге карата Ыйык Китепте эч нерсе айтылбаган жагдайлар болуп калат. Мисалы, кан колдонулган дарылоо ыкмасына байланыштуу чечим чыгарууга туура келиши мүмкүн. Андайда Жахаба батасын бере турган чечимди кантип чыгара алабыз? Ыйык Китепте Жахабанын өмүр менен канга карата көз карашын билгенге жардам берген принциптер бар. Эгер алардын маани-маңызын түшүнсөк, туура чечим чыгарып, абийирибизди таза сактай алабыз (Накыл сөздөр 2:6—11). Келгиле, ал принциптердин айрымдарын карап чыгалы.

КУДАЙДЫН ӨМҮР МЕНЕН КАНГА КАРАТА КӨЗ КАРАШЫ КАНДАЙ?

3, 4. а) Жахабанын канга карата көз карашын эмнеден билүүгө болот? б) Кан эмнени билдирет?

3 Ыйык Китепте кан өмүрдү билдиргендиктен ыйык деп эсептелет. Өмүр болсо Жахабанын көз алдында абдан баалуу. Кабыл инисин өлтүрүп салгандан кийин, Жахаба ага: «Жерден бир тууганыңдын каны мага боздоп жатат»,— деген (Башталыш 4:10). Бул аятта айтылган Абылдын каны анын өмүрүн билдирген. Кабыл анын канын төгүп, өмүрүнөн ажыраткан.

4 Нух пайгамбардын заманындагы Топон суудан кийин Кудай адам баласына эт жегенге уруксат берген. Ошону менен бирге: «Денени жаны менен — каны менен — кошо жебегиле»,— деген маанилүү көрсөтмө берген (Башталыш 9:4). Бул осуят Нух пайгамбардын бардык урпактарына, анын ичинде бизге да, тиешелүү. Ооба, кан Жахабанын көз алдында өмүрдү билдирет. Биз да канга карата ошондой көз карашта болушубуз кажет (Забур 36:9).

5, 6. Мусанын Мыйзамында Жахабанын өмүр менен канга карата көз карашы кандайча чагылдырылган?

5 Мусанын Мыйзамында Жахаба: «Кимдир бирөө... кандайдыр бир кан жесе, мен ал кишиге каарымды төгөм, аны элинин арасынан жок кылам. Тирүү жандыктардын өмүрү канда»,— деген (Лебилер 17:10, 11).

6 Мыйзамга ылайык, кимдир бирөө эт жеш үчүн мал сойсо, канын жерге төгүп салышы керек болчу. Бул малдын өмүрүн анын ээсине, Жараткан Жахабага, кайрып бергенге тете болгон (Мыйзам 12:16; Жезекиел 18:4). Бирок Жахаба ысрайылдыктардан мал сойгондо бир да тамчысын калтырбай канын тазалоону талап кылган эмес. Эгер малдын каны тийиштүү түрдө агызылса, этин таза абийир менен жей беришмек. Малдын канына кастарлап мамиле кылгандын аркасында алар өмүр берген Жахабага урмат көрсөтүшкөн. Андан тышкары, Мыйзамда ысрайылдыктарга малды күнөөсү кечирилиши үчүн курмандыкка чалуу осуят кылынган. (19, 20-тиркемелерди карагыла).

7. Дөөтү кандын баалуулугун түшүнгөнүн кантип көрсөткөн?

7 Кандын ыйык экенин Дөөтү пелиштиликтер менен согушканда болгон бир окуядан түшүнүүгө болот. Дөөтүнүн жигиттери мырзасынын суусап турганын көргөндө өмүрүн тобокелге салып, душмандын кошуунун аралап өтүп, суу алып келип беришкен. Анан мырзасына сунушканда, ал «Жахабанын алдында жерге төгүп салган». Анан: «Өз өмүрүн тобокелге салган кишилердин канын кантип ичмек элем? Жок, Жахаба, мен эч качан антпейм!» — деген. Ооба, Дөөтү өмүр менен кандын канчалык баалуу экенин жакшы түшүнгөн (2 Шемуел 23:15—17).

8, 9. Кудайдын кызматчылары бүгүнкү күндө канга кандай карашат?

8 1-кылымда Исанын жолдоочуларынан малды курмандыкка чалуу талап кылынбай калган. Ошентсе да алардан канга карата туура көз карашта болуу талап кылынган. «Канды колдонуудан... качкыла»,— деген мыйзам Жахаба Мусанын Мыйзамынын ичинен алардан карманууну талап кылган бир нече мыйзамдын бири болгон. Бул мыйзам бузуктукка, бурканга табынуучулукка байланыштуу мыйзамдардай эле орчундуу болгон (Элчилер 15:28, 29).

Кандын курамдык бөлүктөрүнө байланыштуу чечимимди кантип түшүндүрүп берет элем?

9 Бүгүнкү күн тууралуу эмне деп айтууга болот? Жахабанын кызматчылары катары биз анын өмүрдүн булагы экенин жана тирүү жандын баары ага таандык экенин жакшы билебиз. Кандын ыйык экенин жана анын өмүрдү билдирерин да түшүнөбүз. Андыктан кан колдонулган дарылоо ыкмаларына байланыштуу чечим чыгарарда Ыйык Китептеги принциптерди кылдат карап чыгышыбыз керек.

КАНДЫН МЕДИЦИНАДА КОЛДОНУЛУШУ

10, 11. а) Канды же кандын курамындагы негизги төрт затты куйдурууга карата Жахабанын Күбөлөрү кандай көз карашта? б) Кудайдын ар бир кызматчысы эмнени чечиши керек?

10 Жахабанын Күбөлөрү «канды колдонуудан... качуу» аны ичкенден же жегенден качуудан да көптү билдирерин түшүнүшөт. Бул кан куйдуруудан, донор болуп кан берүүдөн же кийин куйдуруу үчүн өз канын сактап коюудан баш тартууну билдирет. Ошондой эле бул өз ичине кандын курамындагы негизги төрт затты — эритроцитти, лейкоцитти, тромбоцитти жана плазманы — куйдуруудан баш тартууну да камтыйт.

11 Ушул төрт негизги заттан фракциялар — курамдык бөлүктөр — бөлүнүп алынат. Андай курамдык бөлүктөрдү колдонор-колдонбосун Кудайдын ар бир кызматчысы өзү чечиши керек. Бул бейтаптын өзүнүн каны колдонулган медициналык процедураларга да тиешелүү. Операция, текшерүү жана белгилүү бир терапия учурунда өзүнүн каны кандайча колдонуларын ар ким өзү чечиши керек. (21-тиркемени карагыла.)

12. а) Эмне себептен абийирибизге жараша чыгарган чечимдерибиз Жахаба үчүн маанилүү? б) Канткенде дарылоо ыкмасын тандоодо туура чечим чыгара алабыз?

12 Абийирибизге жараша чыгарган чечимдерибиз Жахаба үчүн маанилүүбү? Ооба. Анткени андай чечимдер жүрөгүбүздө эмне бар экенин ачыкка чыгарат. Жахаба ойлогон оюбузга, ниетибизге абдан кызыкдар. (Окугула: Накыл сөздөр 17:3; 24:12.) Андыктан кайсы бир дарылоо ыкмасын тандаарда Жахабадан жардам беришин сурап тиленип, ошол ыкма тууралуу көбүрөөк маалымат алганыбыз маанилүү. Андан соң Ыйык Китептин негизинде тарбияланган абийирибизге таянып чечим чыгарышыбыз керек. Башкалардан биздин ордубузда болсо кандай иш кыларын сурабашыбыз керек, башкалар да биздин чечимибизге таасир этүүгө аракет кылбашы керек. Анткени Кудайдын ар бир кызматчысы «өз жүгүн өзү көтөрөт» (Галатиялыктар 6:5; Римдиктер 14:12).

ЖАХАБАНЫН СҮЙҮҮСҮН ЧАГЫЛДЫРГАН МЫЙЗАМДАР

13. Жахабанын мыйзам-принциптеринен ал тууралуу эмнени биле алабыз?

13 Жахабанын талаптарынын баары биздин эле пайдабыз үчүн берилген. Алар анын бизди жакшы көрөрүн көрсөтүп турат (Забур 19:7—11). Бирок биз Жахабага анын осуяттары пайда алып келгени үчүн эле эмес, аны жакшы көргөндүктөн баш иебиз. Кан куйдуруудан баш тартууга Жахабага болгон сүйүүбүз түрткү берет (Элчилер 15:20). Кан куйдурбаганыбыз ден соолугубуз үчүн да коопсуз. Азыркы тапта көптөр кан куйдуруунун опурталдуу экенин, ал эми доктурлар кансыз дарылоо ыкмаларынын бейтаптын ден соолугу үчүн кыйла коопсуз экенин жакшы билип калышты. Ооба, Жахабанын мыйзам-принциптери анын акылман, мээримдүү экенинен кабар берип турат. (Окугула: Ышая 55:9; Жакан 14:21, 23).

14, 15. а) Өз элин коргош үчүн Жахаба кандай мыйзамдарды берген? б) Ал мыйзамдардын негизинде жаткан принциптерди кантип колдонсок болот?

14 Кудайдын өз элин ойлогону анын мыйзамдарынан көрүнүп турчу. Ал байыркы ысрайылдыктарга кырсыкты алдын алган мыйзамдарды берген. Алсак, бир мыйзамга ылайык, бирөө кулап кетпеши үчүн, үйдүн ээсинен үйүнүн үстүн айландыра тосуп коюу талап кылынган (Мыйзам 22:8). Малга байланыштуу да мыйзам бар болчу. Сүзөнөөк букасы бар киши, букасы башкаларды сүзүп же өлтүрүп койбошу үчүн, аны бош коё бербеши керек болчу (Чыгуу 21:28, 29). Эгер кимдир бирөө бул мыйзамдарга баш ийбей койгонунун кесепетинде башка бирөө өмүрүнөн айрылып калса, ал канга забын болмок.

15 Ушул мыйзамдар Жахабанын өмүрдү жогору баалаарын көрсөтүп турат. Бул өмүргө карата көз карашыбызга кандай таасир этиши керек? Биз үй-жайыбызга, унаабызга, аны кантип айдаганыбызга, кантип көңүл ачканыбызга тийиштүү көңүл бурушубуз керек. Айрымдар, бөтөнчө жаштар, тоо жүрөк болушат, ошондуктан кооптуу нерселерди этибарга албай, өмүрүн тобокелге салышат. Бирок Жахаба муну туура көрбөйт. Ал өзүбүздүн да, башкалардын да өмүрүн жогору баалашыбызды каалайт (Насаатчы 11:9, 10).

16. Жахаба бойдон алдырууга кандай карайт?

16 Жахабанын көз алдында ар бир адамдын өмүрү кымбат. Ал атүгүл курсакта жаткан баланын да өмүрүн баалайт. Мусанын Мыйзамында, эгер кимдир бирөө кокусунан боюнда бар аялга зыян келтирип, аялдын өзү болобу, курсактагы баласы болобу, өлүп калса, Жахаба аны киши өлтүргөнү үчүн жоопко тарткан. Атайын болбосо да адамдын өмүрү кыйылгандыктан, жан үчүн жан кыйылышы керек болчу. (Окугула: Чыгуу 21:22, 23.) Демек, Кудай төрөлө элек баланы тирүү адамдай көрөт. Анда ал, ушуну эске алганда, бойдон алдырууга кандай карайт? Жыл сайын миллиондогон ымыркайлардын бойдон алдырылып жатканын көргөндө кандай сезимде болот деп ойлойсуңар?

17. Жахабаны тааный электе боюнан алдыргандарды эмне жубатат?

17 Эгер аял Жахабанын көз карашын биле электе боюнан алдырган болсочу? Ал Жахабанын аны Иса Машаяктын курмандыгынын негизинде кечирерине эч шектенбесе болот (Лука 5:32; Эфестиктер 1:7). Мурда кылган ошондой күнөөсү үчүн чындап өкүнгөн аялдар өздөрүн жемелей бербеши керек. «Жахаба кайрымдуу жана ырайымдуу... Батыштан чыгыш канчалык алыс болсо, ал бизден кылмыштарыбызды ошончолук алыстаткан» (Забур 103:8—14).

ЖЕК КӨРҮҮ СЕЗИМИНЕН АРЫЛГЫЛА

18. Жек көрүү сезиминен арылыш үчүн эмне үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек?

18 Өмүрдү баалоо жүрөктөн башталат. Бул өз ичине башкаларга кылган мамилебизди камтыйт. Жакан: «Бир тууганын жек көргөн ар бир адам — киши өлтүргүч»,— деп жазган (1 Жакан 3:15). Бирөөнү жактырбаганыбыз жек көрүүгө айланып кеткенин өзүбүз байкабай калышыбыз мүмкүн. Ал эми жек көрүү сыйлабастыкка, жалаа жапканга, атүгүл жек көргөн адамдын өлүмүн тилеп калганга алып барышы мүмкүн. Башкаларга карата кандай ойдо экенибиз Жахабага беш колдой белгилүү (Лебилер 19:16; Мыйзам 19:18—21; Матай 5:22). Бирөөнү жек көрүп жатканыбызды байкасак, андай сезимден арылыш үчүн бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек (Жакып 1:14, 15; 4:1—3).

19. Өмүрдү баалаарыбызды дагы кантип көрсөтө алабыз?

19 Өмүрдү баалаарыбызды дагы кантип көрсөтө алабыз? Забур 11:5те Жахабанын «зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү... жек көрөрү» жазылган. Эгер зордук-зомбулук камтылган көңүл ачууну тандасак, зомбулукту жакшы көрөрүбүз айкын болот. Акылыбызды зулумдукту чагылдырган сөздөргө, ойлорго же элестерге толтуруунун зарылдыгы барбы? Андан көрө, акылыбызды таза жана жүрөктү тынчтыкка бөлөгөн ойлорго толтурганыбыз жакшы. (Окугула: Филипиликтер 4:8, 9.)

ӨМҮРДҮ БААЛАБАГАН УЮМДАРДЫ КОЛДОБОГУЛА

20—22. а) Жахаба Шайтан башкарган дүйнөгө кандай карайт? б) Жахабанын эли «бул дүйнөгө таандык» эмес экенин кантип көрсөтө алат?

20 Шайтандын дүйнөсү өмүрдү баалабайт. Жахаба муну киши өлтүргөнгө тете деп эсептейт. Кылымдар бою саясий күчтөр миллиондогондордун, анын ичинде Жахабага кызмат кылгандардын да, өлүмүнө себепкер болуп келүүдө. Ыйык Китепте андай күчтөр, башкача айтканда, өкмөттөр жаалдуу жырткычтар катары сүрөттөлгөн (Даниел 8:3, 4, 20—22; Аян 13:1, 2, 7, 8). Бүгүнкү күндө курал-жарак сатуу чоң бизнеске айланган. Адамдар өмүрдү кыя турган андай куралдарды сатып, чоң пайда көрүүдө. Азыр «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экени» айдан ачык (1 Жакан 5:19).

21 Бирок Исанын чыныгы жолдоочулары «бул дүйнөгө таандык» эмес. Алар саясатка, согуштарга катышпайт жана бейтараптуулук сакташат. Ошондой эле эч кимди өлтүрүшпөйт жана адамдардын өлүмүнө себепкер болгон уюмдардын бирин да колдошпойт (Жакан 15:19; 17:16). Куугунтукталышканда да зордук-зомбулук менен жооп кайтарышпайт. Себеби Иса Машаяк атүгүл душманыбызды сүйүшүбүз керектигин айткан (Матай 5:44; Римдиктер 12:17—21).

22 Дин да миллиондогондордун өлүмүнө себепкер болууда. Жалган диндин дүйнөлүк империясы Улуу Бабыл жөнүндө Ыйык Китепте: «Бул шаардан пайгамбарлардын, ыйыктардын жана жер жүзүндө өлтүрүлгөндөрдүн баарынын каны табылган»,— делет. Жахаба Кудай эмне үчүн «элим,.. андан чык» деген буйрук бергенин түшүнүп жатасыңарбы? Ооба, Жахабага сыйынгандар жалган динден оолак болушу керек (Аян 17:6; 18:2, 4, 24).

23. Улуу Бабылдан чыгуу деген эмнени билдирет?

23 Улуу Бабылдан чыгуу жалган дин менен болгон байланышты толугу менен үзүүнү билдирет. Мисалы, жалган диний уюмдун мүчөлөрүнүн тизмесинен чийилип салынганыбызга ынанышыбыз керек. Бирок ошону менен эле чектелбей, жалган диндин иштерин жек көрүп, четке какканыбыз кажет. Себеби жалган дин адеп-ахлаксыздыкка, саясатка аралашууга, ач көздүккө жол берип эле койбостон, андай нерселерди кош колдоп колдойт. (Окугула: Забур 97:10; Аян 18:7, 9, 11—17.) Ушунун айынан көптөгөн жылдардан бери миллиондогондордун каны төгүлүп келет.

24, 25. Кандайча Жахабаны таанып-билүү жан дүйнө тынчтыгына, таза абийирге ээ кылат?

24 Жахабаны таанып-билгенге чейин ар бирибиз кандайдыр бир жолдор менен Шайтандын дүйнөсүндөгү жаман иштерди колдоп келгенбиз. Бирок биз туура жолго түштүк. Кунга ишенип, өмүрүбүздү Кудайга арнадык. Бизге «Жахабадан жандандыра турган убактар келди». Кудайга жаккан иштерди кылып жатканыбызды билгендиктен, жан дүйнөбүзгө тынчтык орноп, абийирибиз тазарды (Элчилер 3:19; Ышая 1:18).

25 Бир учурда өмүрдү барктабаган уюмдун мүчөсү болуп келсек да, Жахаба кундун негизинде бизди кечирет. Азыр биз Жахаба берген өмүр белегин жогору баалайбыз. Ал ыраазычылыгыбызды башкаларга Жахаба жөнүндө билүүгө, Шайтандын дүйнөсүнөн чыгып, Жахаба менен ынак мамиле түзүүгө жардам берүү менен көрсөтө алабыз (2 Корунттуктар 6:1, 2).

ПАДЫШАЛЫК ЖӨНҮНДӨ ЖАР САЛГЫЛА

26—28. а) Жахаба Жезекиел пайгамбарга кандай өзгөчө иш тапшырган? б) Жахаба бизге эмнени тапшырган?

26 Байыркы Ысрайылда Жахаба Жезекиел пайгамбарга элге Иерусалимдин жакында таш-талканы чыгарын, аман калыш үчүн оңолуш керектигин эскертүүнү буйрук кылган. Эгер эскертпесе, Жахаба алардын каны үчүн аны жоопко тартмак (Жезекиел 33:7—9). Пайгамбар мааниси зор кабарды жарыялаш үчүн колунан келгендин баарын кылып, адамдын өмүрүн жогору баалаарын көрсөткөн.

27 Жахаба бизге да башкаларга жакында Шайтандын дүйнөсү түп-тамыры менен жок кылынарын эскертүүнү буйрук кылган. Ошондой эле аларга аны таанып-билүүгө, жаңы дүйнөгө аман өтүүгө жардам берүүнү тапшырган (Ышая 61:2; Матай 24:14). Андыктан бул кабарды жалпыга жарыялоого бүт күчүбүздү жумшоону каалайбыз. Ошондо биз да, элчи Пабылдай болуп: «Мен эч кимдин канына забын эмесмин, анткени силерге Кудайдын эркин толугу менен жарыялоодон баш тарткан жокмун»,— деп айта алабыз (Элчилер 20:26, 27).

28 Жашоодо биз таза болууга тийиш болгон башка тармактар да бар. Бул туурасында эмки макалада сөз жүрөт.