Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

Бул дүйнөгө таандык болбо

Бул дүйнөгө таандык болбо

«Бул дүйнөгө таандык [болбогула]» (ЖАКАН 15:19).

1. Жердеги жашоосунун акыркы түнү Иса эмнени баса белгилеген?

ЖЕРДЕГИ жашоосунун акыркы түнү Иса Машаяк шакирттеринин келечеги үчүн абдан тынчсызданган. Атүгүл бул тууралуу Атасынан: «Аларды дүйнөдөн алып кетишиңди эмес, кара өзгөйдөн коргошуңду өтүнөм. Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес»,— деп тиленген (Жакан 17:15, 16). Чын жүрөктөн чыккан бул өтүнүчү аркылуу Иса шакирттерин аябай жакшы көрөрүн, ошондой эле алардын айрымдарына мурунураак айткан сөздөрүнүн маанилүү экенин көрсөткөн. Ал аларга: «Бул дүйнөгө таандык [болбогула]»,— деген эле (Жакан 15:19). Мындан жолдоочуларынын бул дүйнөгө таандык болбогону Иса үчүн абдан маанилүү болгонун көрө алабыз.

2. Иса Машаяк сөз кылган «дүйнө» эмнени билдирет?

2 Иса сөз кылган «дүйнө» Кудайдан алыстаган жана Шайтанга баш ийип, ага мүнөздүү текебердик менен өзүмчүлдүктү чагылдырган адамзатты билдирет (Жакан 14:30; Эфестиктер 2:2; 1 Жакан 5:19). «[Бул] дүйнө менен дос болгон» адам Кудайга душман болуп калат (Жакып 4:4). Бирок Кудайдын сүйүүсүнөн айрылгысы келбегендер бул дүйнөдө жашап жатканына карабай кантип андан оолак боло алышат? Буга төмөнкү беш нерсе жардам берет: 1) Машаяк башкарган Падышалыкка берилгендикти сактап, дүйнөнүн саясий иштеринде бейтараптуу болуу; 2) дүйнөнүн рухуна каршы туруу; 3) кийимибиз жана сырткы көрүнүшүбүз менен уят-сыйыттуулукту чагылдыруу; 4) жөнөкөй жашоо жана 5) «Кудай берген бардык курал-жарактарды алуу».

БЕРИЛГЕНДИКТИ САКТАП, БЕЙТАРАПТУУ БОЛ

3. а) Жерде жүргөндө Иса Машаяк саясий иштерге кандай караган? б) Эмне үчүн Машаяктын майланган жолдоочуларын Падышалыктын элчилери деп атоого болот? (Шилтемени да кара.)

3 Иса Машаяк жерде жүргөндө саясий иштерге катышпастан, бүт көңүлүн Кудайдын Падышалыгы жөнүндө, келечекте өзү Падыша боло турган асмандагы өкмөт жөнүндө, кабар айтууга бурган (Даниел 7:13, 14; Лука 4:43; 17:20, 21). Ошондуктан ал Рим башкаруучусу Понтий Пилатка: «Менин падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес»,— деп айта алган (Жакан 18:36). Исадан үлгү алып, ишенимдүү жолдоочулары ага жана анын Падышалыгына берилгендик сактап, ошол Падышалык жөнүндө дүйнө жүзү боюнча жарыялап жатышат (Матай 24:14). Элчи Пабыл: «Биз Машаяктын атынан жиберилген Падышалыктын элчилерибиз. Машаяктын атынан жиберилгендер катары: „Кудай менен элдешкиле“,— деп суранабыз»,— деп жазган * (2 Корунттуктар 5:20).

4. Машаяктын чыныгы жолдоочуларынын баары Кудайдын Падышалыгына болгон берилгендигин кантип көрсөтүшүүдө? ( «Исанын алгачкы жолдоочуларынын бейтараптуулугу» деген кутучаны кара.)

4 Кайсы бир өлкөдө кызмат кылып жаткан элчи башка өлкөнүн же бийликтин өкүлү болгондуктан, ал өлкөнүн ички иштерине кийлигишпей, бейтараптуулукту сактайт. Бирок ал өзү өкүлү болгон мамлекеттин кызыкчылыктарын коргойт. «Асман жарандары» болгон Машаяктын майланган жолдоочулары тууралуу да ушуну айтууга болот (Филипиликтер 3:20). Падышалык жөнүндөгү кабарды ынталуу жарыялоо менен алар Машаяктын миллиондогон «башка койлоруна» «Кудай менен элдешүүгө» жардам беришти (Жакан 10:16; Матай 25:31—40). «Башка койлор» болсо Машаяктын майланган бир туугандарына колдоо көрсөтүп, анын өкүлдөрү катары кызмат кылышууда. Бул эки топ тең дүйнөнүн саясий иштерине кийлигишпей, бейтараптуулугун сактап, биримдүү отор катары Машаяк башкарган Падышалыкты колдоп жатышат. (Оку: Ышая 2:2—4.)

5. Исанын жолдоочулары Кудайдын байыркы элинен эмнеси менен айырмаланат жана муну эмнеден байкоого болот?

5 Иса Машаяктын жолдоочулары ага болгон берилгендигинен башка себептерден улам да бейтараптуулукту сакташат. Кудайдын бир эле жерде жашаган байыркы элинен айырмаланып, биз бүгүн дүйнөнүн чар тарабында жашайбыз жана эл аралык бир туугандыкты түзөбүз (Матай 28:19; 1 Петир 2:9). Ошондуктан кайсы бир саясий партияны колдосок, биримдигибизге коркунуч туулмак жана Падышалык жөнүндөгү кабарды таза абийир менен айта алмак эмеспиз (1 Корунттуктар 1:10). Андан тышкары, согуш учурунда ишенимдештерибиз менен согушуп, бири-бирибизди сүйүүгө карата берилген буйрукка каршы чыкмакпыз (Жакан 13:34, 35; 1 Жакан 3:10—12). Мына ушул себептен да Иса шакирттерине кылычты кынына салуу керектигин айткан. Атүгүл аларга душмандарын сүйүү зарыл экенин эскерткен (Матай 5:44; 26:52). ( «Бейтараптуулук сактап жатамбы?» деген кутучаны кара.)

6. Кудайга арналганың «падышага» жасаган мамилеңе кандай таасир этет?

6 Машаяктын чыныгы жолдоочулары катары биз өмүрүбүздү кайсы бир кишиге, уюмга же улутка эмес, Кудайга арнаганбыз. «Силер өзүңөргө таандык эмессиңер, анткени кымбат баага сатылып алынгансыңар»,— делет 1 Корунттуктар 6:19, 20да. Ошондуктан Исанын жолдоочулары «падышага тиешелүүнү падышага» беришсе да, маселен, аны урматтап, салык төлөп, ага кандайдыр бир деңгээлде баш ийишсе да, «Кудайга тиешелүүнү Кудайга беришет» (Марк 12:17; Римдиктер 13:1—7). Муну алар Кудайга сыйынышканы жана аны бүт жаны менен сүйүп, ага дайым тил алышканы менен көрсөтүшөт. Зарыл болсо, алар Кудай үчүн өз өмүрүн берүүгө да даяр (Лука 4:8; 10:27; оку: Элчилер 5:29; Римдиктер 14:8).

«ДҮЙНӨНҮН РУХУНА» КАРШЫ ТУР

7, 8. «Дүйнөнүн руху» деген эмне жана ал «тил албаган адамдарга» кантип «таасир этет»?

7 Кудайдын кызматчылары дүйнөнүн жаман рухуна каршы туруу менен да андан оолак болушат. Элчи Пабыл: «Биз дүйнөнүн рухун эмес, Кудайдан келген рухту алганбыз»,— деп жазган (1 Корунттуктар 2:12). Эфестиктерге жазган катында болсо: «Бир кезде силер бул дүйнө түзүлүшүнө мүнөздүү жол менен жүрчүсүңөр; абанын — азыр тил албаган адамдарга таасир этип жаткан рухтун — бийлигин колдонгон башкаруучунун эрки боюнча жашачусуңар»,— деген (Эфестиктер 2:2, 3).

8 Бул дүйнөнүн «абасы», башкача айтканда, руху — Кудайга тил албоого, дене кумары менен көз кумарын канааттандырууга түрткөн көзгө көрүнбөгөн күч (1 Жакан 2:16; 1 Тиметей 6:9, 10). Бул рухтун «бийлиги» күнөөгө баткан дененин каалоолорун козгогонунан, дайыма жана билинбей таасир эткенинен, аба сыяктуу бардык жерге тараганынан сезилет. Ал «тил албаган адамдарга таасир этип», акырындык менен аларда өзүмчүлдүк, текебердик, ач көздүк, баш ийбестик сыяктуу Кудайга жакпаган сапаттарды, көз карандысыз болуу каалоосун өрчүтөт *. Жөнөкөй сөз менен айтканда, дүйнөнүн руху адамдын жүрөгүндө Ибилиске мүнөздүү сапаттардын өсүшүнө себеп болот (Жакан 8:44; Элчилер 13:10; 1 Жакан 3:8, 10).

9. Дүйнөнүн руху акылыбыз менен жүрөгүбүзгө кандай жолдор менен таасир этиши мүмкүн?

9 Дүйнөнүн руху сенин да акылыңа жана жүрөгүңө тамырлап алышы мүмкүнбү? Эгер сак болбой, өзүң жол берип койсоң, бул толук мүмкүн. (Оку: Накыл сөздөр 4:23.) Көп учурда ал билинбей, мисалы, жакшы болуп көрүнгөн, бирок Жахабаны сүйбөгөн адамдар аркылуу таасир эте башташы ыктымал (Накыл сөздөр 13:20; 1 Корунттуктар 15:33). Ошондой эле ал жаман рухту терс таасир тийгизе турган адабияттар, Интернеттеги порнографиялык же чындыктан четтегендерге таандык сайттар, зыяндуу көңүл ачуулар, атаандашууга түрткөн спорт оюндары аркылуу, кыскасы, Шайтандын же анын дүйнөсүнүн ой жүгүртүүсүн чагылдырган бардык нерселер аркылуу сиңирип алышың мүмкүн.

10. Канткенде дүйнөнүн рухуна каршы тура алабыз?

10 Канткенде дүйнөнүн коркунучтуу рухуна каршы туруп, Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбайбыз? Ал үчүн Жахабанын рухий иш-чараларынан толук пайда алышыбыз, дайыма ыйык рух сурап тиленишибиз керек. Жахаба Ибилистен жана анын бийлиги астындагы бузулган дүйнөдөн алда канча күчтүү (1 Жакан 4:4). Андыктан ар убак тиленип, ага жакын болгонубуз кандай гана маанилүү!

СЫРТКЫ КӨРҮНҮШҮҢ МЕНЕН УЯТ-СЫЙЫТТУУЛУКТУ ЧАГЫЛДЫР

11. Дүйнөнүн руху кийинүү маданиятына кандай таасир этүүдө?

11 Адамдын кийими, сырткы көрүнүшү, тазалыкка болгон көз карашы ал жөнүндө көп нерсени айтып турат. Көптөгөн өлкөлөрдө кийинүү маданияты өтө эле төмөндөп кеткендиктен, бир телекомментатор жакында сойкуларга мүнөздүү кийим калбай кала тургандыгын айткан. Бир гезитте болсо атүгүл өспүрүм кыздардын да уят-сыйытты жыйыштырып коюп, денесин көбүрөөк көрсөтүп кийингенди жакшы көрүшөрү айтылган. Өзүн өзү сыйлоо сезимин эмес, козголоңчулдукту чагылдырган, шалбырап-шулбураган кийимдерди кийгендер да аз эмес.

12, 13. Кийимибиз менен сырткы көрүнүшүбүзгө байланыштуу кайсы принциптерге жетектелишибиз керек?

12 Жахабанын кызматчылары катары биз сырткы көрүнүшүбүздүн жагымдуу, башкача айтканда, тыкан, таза, жарашыктуу, жагдайга ылайык болушун каалайбыз. Сырткы көрүнүшүбүз дайыма «Кудайга сыйынарын ырастаган» эркек-аялдарга мүнөздүү «жакшы иштер менен» коштолгон уят-сыйыттуулукту жана акыл-эстүүлүктү чагылдырып турушу керек. Биз өзүбүзгө көңүл бурдурууга эмес, «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылабыз» (1 Тиметей 2:9, 10; Жүйүт 21). Ооба, өзүбүздү «жүрөктүн түпкүрүндө катылган» жана «Кудайдын көз алдында абдан баалуу эсептелген» жасалга менен «жасалгалоону» каалайбыз (1 Петир 3:3, 4).

13 Кийимибиз менен сырткы көрүнүшүбүз башкалардын чыныгы сыйынуу жөнүндөгү ой-пикирине таасир этерин унутпашыбыз керек. «Уят-сыйыттуулук» деп которулган грек сөзү адеп-ахлактыкка байланыштуу колдонулганда башкалардын ой-сезимдерин жогору баалоону, сыйлоону, терең урматтоону туюнтат. Ошондуктан биз башкалардын абийирин өз укуктарыбыздан жогору коюуга умтулабыз. Баарынан маанилүүсү, Жахабага, анын элине даңк алып келүүнү жана өзүбүздү «баарын Кудайды даңкташ үчүн кылган» кызматчылар катары көрсөтүүнү каалайбыз (1 Корунттуктар 4:9; 10:31; 2 Корунттуктар 6:3, 4; 7:1).

Сырткы көрүнүшүм Жахабаны даңктайбы?

14. Сырткы көрүнүшүбүзгө жана тазалыкка байланыштуу өзүбүзгө кандай суроолорду берип көргөнүбүз жакшы?

14 Кабар айтуу кызматында, жыйналышта өзүбүздү таза алып жүргөнүбүз, кийимибизге, сырткы көрүнүшүбүзгө көңүл бурганыбыз өзгөчө маанилүү. Төмөнкү суроолордун үстүнөн ойлонуп көр: «Сырткы көрүнүшүмдөн же өзүмдү таза алып жүрбөгөнүмдөн улам башкалардын көңүлүн ашыкча бурдурган жокмунбу? Жанымдагылар өздөрүн ыңгайсыз сезбейби? Кийинип-жасанууга байланышкан укугумду жыйналыштагы жоопкерчиликтерди аткара тургандарга коюлган талаптардан жогору койгон жокмунбу?» (Забур 68:6; Филипиликтер 4:5; 1 Петир 5:6).

15. Эмне себептен Ыйык Китепте кийимге, сырткы көрүнүшкө жана тазалыкка карата эрежелердин тизмеси берилген эмес?

15 Ыйык Китепте Кудайдын кызматчылары үчүн кийимге, сырткы көрүнүшкө, тазалыкка карата эрежелердин тизмеси берилген эмес. Жахаба тандоо эркиндигибиз менен ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүбүздү колдонушубузду каалайт. Ал биздин жетилген, Ыйык Китептеги принциптердин негизинде ой жүгүрткөн жана «колдонуу аркылуу акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырган» адамдардан болушубузга кызыкдар (Еврейлер 5:14). Баарынан маанилүүсү, ал биздин сүйүүгө — Кудайга жана жакыныбызга болгон сүйүүгө — жетектелишибизди каалайт. (Оку: Марк 12:30, 31.) Ушуларды эске алганда да, кийим тандоого жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу бизге көп эркиндик берилгени айкын. Муну Жахабанын элинин, кайсы жерде чогулбасын, жакшынакай кийинип, кубанычтуу жүргөнү далилдеп турат.

ЖӨНӨКӨЙ ЖАШООГО АРАКЕТ КЫЛ

16. Дүйнөнүн руху Исанын айткандарына кандайча каршы келет жана эмне деп ойлонуп көрүшүбүз керек?

16 Дүйнөнүн руху таасир эткендиктен, миллиондогон адамдар бактылуу болуу үчүн акчаң, мал-мүлкүң көп болуш керек деген ойго алданышат. Бирок Иса Машаяк: «Адамдын дүнүйөсү ашып-ташып турса да, колунда болгон мүлкү ага өмүр бере албайт»,— деген (Лука 12:15). Албетте, ал бизди турмуштун жыргалчылыгынан же өз муктаждыктарыбызга кам көрүүдөн таптакыр баш тартууга чакырган эмес. Ошентсе да рухий муктаждыгын сезгендер жана көзүн «бир эле нерсеге», тактап айтканда, рухий нерселерге багыттагандар өмүргө, чыныгы бакытка ээ болушарын айткан (Матай 5:3; 6:22, 23). Андыктан мындай деп ойлонуп көр: «Исанын айткандарына чындап ишенемби же „жалгандын атасына“ азгырылып жатамбы? (Жакан 8:44). Биринчи орунга койгон нерселерим, сүйлөгөн сөздөрүм, максаттарым жана өткөргөн жашоом эмнени көрсөтүп турат?» (Лука 6:45; 21:34—36; 2 Жакан 6).

17. Жөнөкөй жашоого аракет кылгандар кандай баталарды алып жатканын айтып бер.

17 Иса Машаяк: «Адамдын акылдуу экени адил иштеринен көрүнөт»,— деп айткан (Матай 11:19). Жөнөкөй жашоого аракет кылгандар алып жаткан баталардын айрымдарына гана токтололу. Мисалы, алар Падышалыктын иштерин аткаруудан күч-кубат алышат (Матай 11:29, 30). Ошондой эле ашыкча тынчсыздануудан, жан дүйнөнү жабыркаткан көптөгөн азап-кайгыдан алыс болушат. (Оку: 1 Тиметей 6:9, 10.) Жашоо үчүн эң зарыл нерселерге ыраазы болгондуктан алар үй-бүлөсү, ишенимдештери менен көбүрөөк убакыт өткөрүшөт жана уйкулары да таттуу болот (Насаатчы 5:12). Андан сырткары, дайыма башкаларга берүүдөн чоң кубаныч алышат (Элчилер 20:35). Жөнөкөй жашоого аракет кылгандар «үмүткө бай» келишет жана жан дүйнө бейкуттугуна ээ болуп, жашоодон канааттануу алышат (Римдиктер 15:13; Матай 6:31, 32). Булар, чынында эле, кандай чоң бата!

«КУДАЙ БЕРГЕН БАРДЫК КУРАЛ-ЖАРАКТАРДЫ АЛ»

18. Ыйык Китепте душманыбыз, анын ыкмалары жана биздин күрөшүбүз жөнүндө эмне делет?

18 Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбаганга аракет кылгандар аларды кубанычтан эле эмес, түбөлүк өмүрдөн да ажыраткысы келген Шайтандан сактай турган рухий коргоого ээ (1 Петир 5:8). Пабыл: «Биз адамдар менен эмес, асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр, өкмөттөр, бийликтер, бул караңгылыктын дүйнө башкаруучулары менен күрөшүп жатабыз»,— деген (Эфестиктер 6:12). «Күрөшүп жатабыз» деген сөз айкашы алыс жакта — коопсуз, жашыруун жерде — туруп алып согушуп жатканыбызды эмес, душманыбыз менен бет маңдай туруп кармашып жатканыбызды билдирет. Ал эми «өкмөттөр», «бийликтер», «дүйнө башкаруучулары» деген сөздөр рухий чөйрөдөгү күчтөрдүн бизге аябай уюшкандыкта жана максаттуу түрдө чабуул коюп жатканын көрсөтүп турат.

19. Рухий курал-жарактарга эмнелер кирерин айтып бер.

19 Мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү болгонуна жана алсыз экенибизге карабай, биз жеңишке жете алабыз. Канткенде? Ал үчүн «Кудай берген бардык курал-жарактарды алышыбыз» керек (Эфестиктер 6:13). Ал курал-жарактарга эмнелер кирери Эфестиктер 6:14—18-аяттарда төмөнкүдөй баяндалат: «Чындыкты курчанып, адилдик соотун кийип, тынчтык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоого болгон даярдуулукту бут кийим катары кийип, бекем тургула. Баарынан мурун, кара өзгөйдүн оттуу жебелерин өчүрө алышыңар үчүн чоң ишеним калканын алгыла. Ошондой эле куткарылуу туулгасы менен рухтун кылычын, башкача айтканда, Кудай сөзүн алгыла. Кудайга ар кандай тиленүү, жалынуу менен кайрылып, ар дайым рух менен тиленгиле».

20. Жагдайыбыз кадимки жоокердикинен эмнеси менен айырмаланат?

20 Бул рухий курал-жарактарды Кудай бергендиктен, аларды дайыма кийип жүрсөк, эч качан жабыр тартпайбыз. Согуш токтогон учурларда эс алууга мүмкүнчүлүгү болгон кадимки жоокерлерден айырмаланып, Кудайдын кызматчылары өмүр менен өлүм маселесин чече турган согушка тынбай катышып келишет. Ал согуш Кудай Шайтандын дүйнөсүн жок кылып, каардуу рухтардын баарын түпсүз туңгуюкка ыргытканда гана токтойт (Аян 12:17; 20:1—3). Ошондуктан алсыз жактарың же туура эмес каалоолоруң менен күрөшүп жатсаң, көңүлүңдү чөгөрбө, анткени Жахабанын алдында ишенимдүү бойдон калуу үчүн баарыбызга өзүбүздү «сабоого» туура келет (1 Корунттуктар 9:27). Ал эми эч кандай күрөш жүргүзбөй жатсак, анда тынчсызданышыбыз керек!

21. Эмне кылганда гана рухий согушта жеңүүчү боло алабыз?

21 Жеңишке өз күчүбүз менен жете албай турганыбыз да айкын. Ошондуктан Пабыл Жахабадан «ар дайым рух менен тиленишибиз» керектигин эскерткен. Ошол эле учурда биз Ыйык Китепти изилдөө аркылуу Жахабанын айткандарын угушубуз керек жана бул согушта жалгыз эмес экенибизди билип, жаныбыздагы «жоокерлер» менен пикирлешүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонгонубуз зарыл (Филемон 2; Еврейлер 10:24, 25). Булардын баарын ишенимдүүлүк менен аткаргандар жеңишке жеткенден сырткары, сыноо учурунда ишенимин чечкиндүүлүк менен коргой алышат.

ИШЕНИМИҢДИ КОРГООГО ДАЯР БОЛ

22, 23. а) Эмне үчүн ишенимибизди коргоого дайым даяр болушубуз керек жана эмне тууралуу ой жүгүртүп көргөнүбүз оң? б) Кийинки бөлүмдө эмне талкууланат?

22 Иса Машаяк: «Силер бул дүйнөгө таандык болбогондуктан... дүйнө силерди жек көрөт»,— деп айткан (Жакан 15:19). Ошол себептен анын жолдоочулары башкалардын алдында ишенимин жумшактык жана терең урмат-сый менен коргоого дайым даяр болушу абзел. (Оку: 1 Петир 3:15.) Андыктан мындай деп ой жүгүртүп көр: «Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү кээде жалпы эл карманган көз карашка карманбай турганын түшүнөмбү? Андай учурларда, оңой болбосо да, Ыйык Китепте жазылгандардын жана ишенимдүү кул берген көрсөтмөлөрдүн туура экенине шектенбеймби? (Матай 24:45; Жакан 17:17). Жахабанын көз алдында туура иш кылуу үчүн башкалардан айырмаланууга даяр эле болбостон, айырмаланганым үчүн сыймыктанамбы?» (Забур 34:2; Матай 10:32, 33).

23 Бирок бул дүйнөгө таандык болбоону каалагандар көп учурда анча байкала бербеген жолдор менен да сыналышат. Алсак, мурунураак айтылып кеткендей, Ибилис Жахабанын кызматчыларын дүйнөдөгү көңүл ачуулар аркылуу азгырууга умтулат. Абийирибиз булганбай турган, жан сергитерлик көңүл ачууларды тандоого эмне жардам берет? Бул кийинки бөлүмдө талкууланат.

^ 3-абз. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан тартып Иса жердеги майланган жолдоочуларынан турган жыйналыштын үстүнөн Падыша катары бийлик жүргүзө баштаган (Колосалыктар 1:13). Ал эми 1914-жылы «дүйнөнүн үстүнөн болгон падышалык бийликке» ээ болгон. Ошондуктан анын майланган жолдоочулары азыр ал башкарган Падышалыктын элчилери катары да кызмат кылышат (Аян 11:15).

^ 8-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Жазманын негизинде талкуулашуу» (ор.) деген китептин 389—393-беттерин кара.