Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

Жыйналыштан чыгарылгандарга кандай мамиле кылышыбыз керек?

Жыйналыштан чыгарылгандарга кандай мамиле кылышыбыз керек?

Жакын адамыбыз же досубуз күнөөсү үчүн өкүнбөй, жыйналыштан чыгарылганда, абдан кайгырабыз. Ыйык Китептеги мындай жагдайга карата берилген жетекчиликке баш иер-ийбесибизден Кудайды канчалык сүйөрүбүз, анын бул чарасын канчалык берилгендик менен колдоорубуз көрүнөт *. Эмесе, буга байланыштуу айрым суроолорду карап көрөлү.

Жыйналыштан чыгарылгандарга кандай мамиле кылышыбыз керек? Ыйык Китепте: «Ким бир тууган деп аталганы менен, бузуктук кылып жүрсө же ач көз болсо, же бурканга табынса, же аракеч, же талап-тоноочу болсо же башкаларга тил тийгизсе, аны менен мындан ары мамилелешпегиле, атүгүл бирге отуруп тамактанбагыла»,— деп айтылган (1 Корунттуктар 5:11). Ошондой эле «Машаяктын окуусу боюнча жашабагандар» тууралуу: «Аны үйүңөргө киргизбегиле, аны менен саламдашпагыла. Анткени аны менен саламдашкан адам анын жаман иштерине ортоктош болот»,— делген (2 Жакан 9—11). Биз жыйналыштан чыгарылгандар менен рухий темада да, башка темада да сүйлөшпөйбүз. 1982-жылдын 1-мартындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 17-бетинде: «Жөн гана учурашып коюу кимдир бирөө менен сүйлөшүүгө, атүгүл достошууга алып бара турган биринчи кадам болушу мүмкүн. Жыйналыштан чыгарылган адамга карата ушундай биринчи кадамды жасоону каалайт белек?» — деп жазылган.

Алар менен таптакыр мамилелешпешибиз керекпи? Ооба. Мунун бир нече себеби бар: 1) Бул Кудайга жана анын Сөзүнө болгон берилгендигибизди айгинелейт. Биз ыңгайлуу болгондо эле эмес, кыйын учурда да Жахабага баш иебиз. Кудайга болгон сүйүү бизге анын бардык осуяттарын аткарууга түрткү берет, анткени биз анын адилеттүү, мээримдүү Кудай экенин жана мыйзамдары бизге чоң пайда алып келерин билебиз (Ышая 48:17; 1 Жакан 5:3). 2) Өкүнбөгөн күнөөкөрдөн алыс болуу бизди да, жыйналыштын калган мүчөлөрүн да рухий жана адеп-ахлак жактан булгануудан сактайт, ошондой эле жыйналышка сөз тийбешине өбөлгө түзөт (1 Корунттуктар 5:6, 7). 3) Ыйык Китептеги принциптерге бекем карманганыбыз күнөөкөрдүн өзүнө да пайда алып келиши мүмкүн. Укуктук комитет чыгарган чечимди колдоо менен биз аксакалдардын жардамын буга чейин баалабай келген күнөөкөрдүн жүрөгүн козгошубуз ыктымал. Жакшы көргөн адамдары менен болгон мамилесинен айрылганы ага «акылына келип», күнөөсүнүн олуттуу экенин түшүнүүгө жана Жахабага кайрылып келүү үчүн тийиштүү кадамдарды жасоого жардам бериши мүмкүн (Лука 15:17).

Жакын адамыбыз жыйналыштан чыгарылса, эмне кылышыбыз керек? Андай учурда үй-бүлөбүздөгү ынак мамиледен улам Жахабанын мыйзамдарына болгон берилгендигибиз сыналышы мүмкүн. Жыйналыштан чыгарылган жакын адамыбызга кандай мамиле кылышыбыз керек? Бул китепте буга байланышкан ар бир жагдайды талкуулоо мүмкүн болбосо да, негизги экөөнө токтолуп өтөлү.

Айрым учурларда жыйналыштан чыгарылган адам андан ары да үйүндөгүлөрү менен чогуу жашай бериши мүмкүн. Анын жыйналыштан чыгарылганы үй-бүлөсүндөгүлөрү менен болгон мамилесин үзгөнүн билдирбегендиктен, алар үйүндөгү күндөлүк иштерди мурдагыдай эле чогуу аткара бериши ыктымал. Бирок анын туура эмес жолду тандаганы чындык жолундагы жакындары менен болгон рухий байланышын үзгөнүн көрсөтөт. Ошондуктан Кудайга берилген үй-бүлө мүчөлөрү андан ары аны менен рухий темада пикирлешпейт. Мисалы, үй-бүлө Ыйык Китепти чогуу изилдеп жатканда, жыйналыштан чыгарылган адам алар менен чогуу отурса да, талкууга катыша албайт. Бирок эгер ал жашы жете элек бала болсо, ата-энеси аны мурдагыдай эле окутуп-тарбиялоого милдеттүү. Андыктан мээримдүү ата-эне жыйналыштан чыгарылган баласы менен Ыйык Китепти изилдөөнү чечиши мүмкүн * (Накыл сөздөр 6:20—22; 29:17).

Ал эми башка учурда жыйналыштан чыгарылган киши үй-бүлөсүнөн бөлөк жашашы мүмкүн. Кээде үй-бүлөлүк иштерден улам аны менен байланышууга туура келсе да, андай мамилени мүмкүн болушунча азайтуу керек. Жыйналыштан чыгарылган жакын адамы бөлөк үйдө жашаса, Кудайдын ишенимдүү кызматчысы аны менен байланышууга шылтоо издебейт. Тескерисинче, Жахабага жана анын уюмуна болгон берилгендиги ага жыйналыштан чыгаруу чарасына байланышкан Ыйык Китептеги көрсөтмөлөргө бекем карманууга түрткү берет. Муну менен ал күнөө кылган кишинин жыргалчылыгын ойлоорун көрсөтүп, ага тартипке салуу чарасынан пайда алууга жардам бериши мүмкүн * (Еврейлер 12:11).

^ 1-абз. Бул жердеги принциптер жыйналыштан баш тарткандарга карата да колдонулат.

^ 2-абз. Жыйналыштан чыгарылган, бирок ата-энеси менен чогуу жашап жаткан жашы жете элек балдар жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Күзөт мунарасынын» төмөнкү сандарын кара: 2001-ж., 1-октябрь, 27, 28-б.; 1989-ж., 15-сентябрь, 17-б., ор.

^ 3-абз. Жыйналыштан чыгарылган жакын адамыбызга кандай мамиле кылуу керектигине байланышкан Ыйык Китептеги кеңештер төмөнкү адабияттарда кененирээк талкууланган: «Күзөт мунарасы», 1988-ж., 15-сентябрь, 18—23-б., ор.; «Падышалык кызматыбыз», 2002-ж., август, 3-б.