Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТИРКЕМЕ

Кандын фракциялары жана хирургиялык процедуралар

Кандын фракциялары жана хирургиялык процедуралар

Кандын фракциялары. Фракциялар кандын негизги төрт компонентинен: эритроциттерден, лейкоциттерден, тромбоциттерден жана плазмадан алынат. Мисалы, эритроциттердин курамында гемоглобин белогу болот. Кишинин же жаныбардын гемоглобининен бөлүнүп алынган заттар олуттуу анемия (аз кандуулук) менен ооруган же көп кан жоготкон бейтаптарды дарылоодо колдонулат.

90 пайызы суудан турган плазманын курамында көптөгөн гормондор, органикалык эмес туздар, ферменттер, азык заттар, алардын ичинде минералдык заттар жана кант бар. Ошондой эле анда кандын уюшуна өбөлгө түзгөн факторлор, оору менен күрөшүүчү антителолор жана альбумин сыяктуу белоктор да бар. Эгер адам кайсы бир ооруну жугузуп алуу коркунучуна кабылса, догдур ага иммунитети ошол ооруга туруштук бергендердин канынын плазмасынан алынган гамма-глобулинди ийне менен саюуну сунуш кылышы мүмкүн. Лейкоциттерден болсо интерферондор, интерлейкиндер деген фракциялар алынат. Алар айрым вирустук инфекциялар менен рак ооруларына каршы колдонулат.

Жахабанын Күбөлөрү кандын фракциялары колдонулган дарылоо ыкмаларына макул болушабы? Бул жөнүндө Ыйык Китепте майда-баратына чейин айтылбагандыктан, ар ким Кудайдын алдында өз абийирине жараша чечим чыгарышы керек. Кудайдын ысрайыл элине берген Мыйзамында тирүү жандын денесинен чыккан канды жерге «төгүп салуу» талап кылынгандыктан, айрымдар фракциялардын бардык түрүнөн баш тартышат (Мыйзам 12:22—24). Ал эми башкалары накта канды же анын негизги компоненттерин куйдуруудан баш тартышса да, кандын фракциялары колдонулган дарылоо ыкмаларына макул болушу мүмкүн. Анткени алар кандан алынган фракциялар ал кандын ээсинин өмүрүн билдирбей калат деп эсептеши ыктымал.

Кандын фракцияларына байланыштуу чечим чыгарарда төмөнкү суроолордун үстүнөн ой жүгүртүп көр: кандын бардык фракцияларынан баш тартуу ооруларга каршы күрөшүү үчүн колдонулган же кан агууну токтотуу үчүн кандын уюшуна жардам берген айрым медициналык препараттардан баш тартууну билдирерин түшүнүп жатамбы? Кандын айрым фракцияларын колдонууга эмне үчүн макул же макул эмес экенимди догдурга түшүндүрүп бере аламбы?

Хирургиялык процедуралар. Буларга гемодилюция жана реинфузия (канды үнөмдөө) кирет. Гемодилюция учурунда кан негизги нуктан бурдурулуп, көлөмүн көбөйтүүчү препараттар менен алмаштырылат да, кийин кайра бейтаптын организмине кайтарылат. Реинфузия учурунда болсо операция маалында кеткен кан чогултулуп, кайра организмге киргизилет. Башкача айтканда, жарааттагы же дене көңдөйүндөгү кан тазаланат же чыпкаланат да, кайрадан бейтаптын организмине кайтарылат. Мындай процедураларды ар кайсы догдур ар башкача жасашы мүмкүн. Ошондуктан Жахабанын кызматчысы өзүн дарылап жаткан догдурдун кандай ыкманы колдонорун билип алышы керек.

Буга байланыштуу чечим чыгарарда мындай деп ой жүгүртүп көр: канымдын бир бөлүгү денемден сыртка чыгарылып, атүгүл анын айлануусу убактылуу токтотулса, абийирим аны денемдин бөлүгү катары эсептөөгө, башкача айтканда, «төгүп салыш» керек болгон нерсе катары көрбөөгө жол береби? (Мыйзам 12:23, 24). Эгер процедура учурунда каным денемден бөлүнүп алынып, курамы өзгөртүлгөн соң кайра денеме кайтарылса, Ыйык Китепке ылайык үйрөтүлгөн абийирим жемелебейби? Өзүмдүн каным колдонулчу процедуралардын бардык түрүнөн баш тартканым анализге кан тапшыруудан, гемодиализден жана жасалма кан айлануудан да баш тартарымды билдирерин түшүнөмбү?

Кудайдын кызматчысы хирургиялык процедуранын учурунда канынын кандайча колдонулушуна жол берерин чечип алышы керек. Медициналык анализдер жана өзүнүн бир аз каны алынып, кандайдыр бир жол менен курамы өзгөртүлүп, кайра денесине кайтарыла турган дарылоо ыкмалары жөнүндө да ушуну айтууга болот.