Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-БӨЛҮМ

Нике — мээримдүү Кудайдын белеги

Нике — мээримдүү Кудайдын белеги

«Үч кат жип оңой менен үзүлбөйт» (НАСААТЧЫ 4:12).

1, 2. а) Жаңы үйлөнгөндөр жөнүндө кээде кандай ойлор келиши мүмкүн жана эмне үчүн? б) Бул бөлүмдө кайсы суроолорду талкуулайбыз?

ҮЙЛӨНҮҮ тоюна барганды жакшы көрөсүңбү? Көптөр жакшы көрөт, анткени бул чоң кубаныч тартуулайт. Үйлөнүп жаткандардын кийген кийими кимди болбосун суктандырат. Кыз-күйөө кубанычка толуп, жүздөрү нурданып турат! Бул күнү алар таттуу кыялдарга батып, келечекке үмүт менен карашат.

2 Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө нике түзүлүшү кыйроого учурап жатат. Жаңы үйлөнгөндөрдүн жашоосунда баары жакшы болот деп үмүттөнсөк да, кээде: «Бул үй-бүлө бактылуу болор бекен? Өмүр бою чогуу болушат болду бекен?» — деген ойлор келбей койбойт. Бул суроолордун жообу кандай болору Кудайдын никеге карата берген кеңештерине жубайлардын канчалык ишеним артып, аларды иш жүзүндө колдонгонунан көз каранды. (Оку: Накыл сөздөр 3:5, 6.) Ошол кеңештерге кармануу аларга Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берет. Бул бөлүмдө Ыйык Китептин негизинде төмөнкү төрт суроого жооп алабыз: турмуш курууга эмне себеп болушу керек? Үй-бүлө курганы жатсаң, сага ким ылайыктуу жар боло алат? Никеге кантип даярдана аласың? Жубайлардын бактылуу болушуна эмне жардам берет?

ТУРМУШ КУРУУГА ЭМНЕ СЕБЕП БОЛУШУ КЕРЕК?

3. Эмне үчүн жүйөсүз себептерден улам үй-бүлө куруу акылдуулукка жатпайт?

3 Кээ бирөөлөр бактылуу болуу үчүн сөзсүз үй-бүлө куруш керек, өмүрлүк жар тапмайын жашоонун кызыгы жок деп ойлошот. Бул — жаңылыш ой. Алсак, Иса Машаяк үй-бүлө күткөн эмес. Ал бойдоктуктун белек экенин көрсөтүп: «Ким бойдок калгысы келсе, бойдок калсын»,— деген (Матай 19:11, 12). Элчи Пабыл да бойдоктуктун артыкчылыктары тууралуу сөз кылган (1 Корунттуктар 7:32—38). Бирок Иса да, Пабыл да буга байланыштуу эч кандай эреже бекиткен эмес. Чынында, «турмуш курууга... тыюу салуу» «жиндердин окууларынын» бири болуп саналат (1 Тиметей 4:1—3). Анткен менен бойдоктук Жахабага алаксыбай кызмат кылууга шарт түзөт. Ошондуктан жүйөсүз себептерден улам, мисалы, курбу-курдаштар кысым көрсөткөндүктөн эле үй-бүлө куруу акылдуулукка жатпайт.

4. Жакшы нике бала тарбиялоого кандай негиз салат?

4 Анда турмуш курууга жүйөлүү себептер барбы? Бар. Анткени нике да мээримдүү Кудайдын белеги болуп саналат. (Оку: Башталыш 2:18.) Андыктан анын белгилүү бир артыкчылыктары бар жана ал көптөгөн баталардын булагы боло алат. Мисалы, жакшы нике — үй-бүлөлүк турмуш үчүн эң сонун пайдубал. Балдар ата-эненин сүйүүсүнө, тарбиясына, жетекчилигине муктаж болгондуктан, андай нике балдардын жакшы чөйрөдө чоңоюшуна шарт түзөт (Забур 127:3; Эфестиктер 6:1—4). Бирок бала тарбиялоо турмуш куруу үчүн жалгыз себеп эмес.

5, 6. а) Насаатчы 4:9—12-аяттарга ылайык, жакын достуктун кандай пайдасы бар? б) Канткенде нике үч кат жиптей болот?

5 Ушул бөлүмдүн башында келтирилген негизги аятты ага чейинки аяттар менен бирге карап көрөлү: «Жалгыз болгонго караганда, экөө болгон жакшы. Анткени алар өз эмгегинин үзүрүн көрөт. Бири жыгылса, экинчиси тургузат. Бирок жыгылса тургузары жок адам кантет? Эгерде экөө чогуу жатса, бири-бирин жылытат. Ал эми жалгыз адам кантип жылына алат? Эгер жалгыз адамды кимдир бирөө жеңип баратса, экөөлөп ага каршы тура алышат. Ошондой эле үч кат жип оңой менен үзүлбөйт» (Насаатчы 4:9—12).

6 Негизи, бул аяттарда достуктун баалуулугу баса белгиленүүдө. Жубайлар да эң жакын достордон болуп саналат. Бул аяттарда көрсөтүлгөндөй, мындай достуктан жубайлар жардам, сооронуч, коргонуч таба алышат. Нике өз ичине эки адамдын шериктигинен да көп нерсени камтыса, абдан бекем болот. Эки катталган жип оңой эле үзүлүп калышы мүмкүн, ал эми үч катталган жип алда канча бышык болот. Жубайлар баарынан мурда Жахабага жагууга умтулуп, ага берилгендигин сакташса, никеси үч катталган жип сыяктуу бекем болот.

7, 8. а) Жыныстык каалоолор менен күрөшүп жаткан бойдокторго Пабыл кандай кеңеш берген? б) Ыйык Китепте никеге байланыштуу кандай тең салмактуу көз караш камтылган?

7 Ошондой эле жыныстык каалоолорду никеде гана туура жол менен канааттандырууга болот. Андыктан никеде тургандардын жыныстык мамилесин ырахаттануунун булагы десе болот (Накыл сөздөр 5:18). Бойдок кыз-жигиттер, Ыйык Китепке ылайык, «өтө эле жаш болбосо» да, жыныстык каалоолор менен дагы деле күрөшүп жүрүшү мүмкүн. Андай каалоолор ооздукталбаса, ыпылас же адепсиз жүрүм-турумга алып барышы мүмкүн. Пабыл рухтун жетеги менен бойдокторго: «Кармана алышпаса, турмуш курушсун, анткени кумар отуна өрттөнгөндөн көрө, турмуш курганы оң»,— деп кеңеш берген (1 Корунттуктар 7:9, 36; Жакып 1:15).

8 Турмуш курууга эмне себеп болбосун, тең салмактуу көз карашта болуу маанилүү. Пабыл айткандай, турмуш кургандардын «жашоосунда жаңы кыйынчылыктар пайда болот» (1 Корунттуктар 7:28). Никедегилер бойдоктор туш болбой турган кыйынчылыктарга туш болушат. Анткен менен сен үй-бүлө курууну чечсең, кийин никеңде кыйынчылыктардын азыраак болуп, кубанычтуу учурлардын көбүрөөк болушуна кантип кам көрө аласың? Мунун бир жолу — акылдуулук менен жар тандоо.

КИМ ЫЛАЙЫКТУУ ЖАР БОЛО АЛАТ?

9, 10. а) Ишенимдеш эместер менен баш кошуу кесепеттүү экенин Пабыл кантип көрсөткөн? б) Кудайдын турмуш курууга байланыштуу кеңешине кулак какпоонун натыйжасы көбүнчө кандай болот?

9 Пабыл рухтун жетеги менен: «Ишенимдеш эместер менен бир моюнтурукту кийбегиле»,— деп жазып, өмүрлүк жар тандоодо колдонуш керек болгон маанилүү принципти баса белгилеген (2 Корунттуктар 6:14). Анын моюнтурук жөнүндөгү мисалы айыл-чарба турмушунан алынган. Эгер чоңдугу, күчү жагынан кескин айырмаланган эки малды бир моюнтурукка кошуп койсо, экөө тең кыйналат. Анын сыңарындай, Жахабага сыйынган адамдын ага сыйынбаган адам менен никеге туруп, бир моюнтурукка кошулганы көптөгөн кыйынчылыктарга алып барат. Жубайлардын бири Жахабанын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулса, бирок экинчиси буга кызыкдар болбосо, алардын мүдөө-максаттары бири-бириникине дал келбей, көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн. Ошондуктан Пабыл ишенимдештерин «Мырзабыздын жолдоочусу болгондор» менен гана баш кошууга үндөгөн (1 Корунттуктар 7:39).

10 Кээде бойдок бир туугандар жалгыздыктан кыйналгандан көрө, ишенимдеш эмес бирөө менен болсо да баш кошуп алган жакшы деген жыйынтыкка келиши ыктымал. Айрымдар Ыйык Китептеги кеңештерге кулак какпай, Жахабага кызмат кылбагандар менен турмуш курууну чечишет. Мындай чечимдин натыйжасы көп учурда кесепеттүү болот. Көп өтпөй алар жубайлары менен жашоодогу эң маанилүү нерселерди бөлүшө албасын түшүнүшөт. Ушундан улам бойдок кезиндегисинен да катуу жалгызсырашы мүмкүн. Бактыга жараша, миңдеген бойдок Күбөлөр Кудайдын кеңештерине ишеним артып, аларга бекем карманышат. (Оку: Забур 32:8.) Алар качандыр бир убакта турмуш курууга үмүттөнүшсө да, өмүрлүк жарды Жахабанын кызматчыларынын арасынан тапмайын бойдок калууну туура көрүшөт.

11. Өмүрлүк жарды туура тандоого эмне жардам берет? ( «Болочок түгөйүмдүн кайсы жактарына көңүл бурушум керек?» деген кутучаны да кара.)

11 Албетте, Жахабанын кызматчыларынын баары эле ылайыктуу жар боло бербейт. Үй-бүлө курууну ойлонуп жүрсөң, мүнөзү менен рухий максаттары сеникине дал келген, Кудайды чындап сүйгөн бирөөнү изде. Ишенимдүү кул бул темада көптөгөн макалаларды чыгарган. Аларды тиленүү менен изилдеп, бул маанилүү чечимди чыгарууда Ыйык Китептеги кеңештерге ылайык иш кылганың акылдуулукка жатат *. (Оку: Забур 119:105.)

12. Көптөгөн өлкөлөрдө никелешүүгө байланышкан кандай салт кеңири тараган жана бул жагынан Ыйык Китептеги кайсы мисал жетекчилик боло алат?

12 Көп өлкөлөрдө балдарына өмүрлүк жарды, салт боюнча, ата-энелер тандайт. Ал жактарда мындай маанилүү чечим чыгарууга ата-энелердин акылы, тажрыйбасы көбүрөөк деп эсептелет. Байыркы убактагыдай эле, кудалашуу көп учурда жакшы натыйжа берет. Бүгүнкү күндө балдарын ушундай жол менен үйлөндүргүсү келген ата-энелер Ыскакка колукту таап келүүгө өз кулун жиберген Ыбрайым пайгамбардан үлгү ала алышат. Ал болочок кудаларынын байлыгына, коомдо ээлеген абалына кызыккан эмес. Уулу Ыскакка колуктуну Жахабага сыйынгандардын арасынан табыш үчүн ал чечкиндүү иш-аракет кылган * (Башталыш 24:3, 67).

БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУГА КАНТИП ДАЯРДАНА АЛАСЫҢ?

13—15. а) Үйлөнөйүн деп жүргөн жигит Накыл сөздөр 24:27деги принципти кантип колдонсо болот? б) Турмуш курууга ниеттенип жүргөн кыз никеге даярдануу үчүн эмне кыла алат?

13 Эгер үй-бүлө курууга ниеттенип жатсаң: «Мен буга чын эле даярмынбы?» — деп ойлонуп көргөнүң оң. Бул суроонун жообу сенин сүйүүгө, жыныстык мамилеге, шериктикке же бала тарбиялоого байланыштуу пикириңен эле көз каранды эмес. Болочок жубайлардын ар бири никеде пайда боло турган милдеттери жөнүндө ойлонушу керек.

14 Өмүрлүк жар издеп жаткан жигит: «Сырттагы жумуштарыңды аткар, талаадагы иштериңди бүтүр. Андан соң үйүңдү кур»,— деген принциптин үстүнөн жакшылап ойлонушу керек (Накыл сөздөр 24:27). Бул аятта эмне баса белгиленүүдө? Байыркы убакта үйүн «курууну», тактап айтканда, үй-бүлө күтүүнү каалаган эркек адегенде: «Аялыма, ошондой эле кийин балалуу болуп калсам, балдарыма кам көрүүгө, жөлөк-таяк болууга даярмынбы?» — деп ойлонуп көрүшү керек болчу. Адегенде ал талаада иштеп, мээнет кылууга тийиш эле. Бул принципти колдонуу азыр да маанилүү. Үйлөнгүсү келген эркек жоопкерчиликтерди аркалоого даяр болушу зарыл. Алты саны аман болсо, ал иштеши керек. Ыйык Китепте үй-бүлөсүнүн материалдык, эмоциялык жана рухий муктаждыктарына кам көрбөгөн киши ишенбегендерден да жаман экени көрсөтүлөт. (Оку: 1 Тиметей 5:8.)

15 Турмушка чыгууну чечкен кыз да чоң жоопкерчиликтерди аткарууга даяр болушу керек. Ыйык Китепте аялга күйөөсүнө жардам берүүдө жана үй иштерин аткарууда керек болгон мактоого татырлык айрым шык-жөндөмдөр, сапаттар тууралуу айтылат (Накыл сөздөр 31:10—31). Жоопкерчиликтерди аткарууга даярданбай турмуш курууга шашкандар өзүмчүлдүк кылышат, анткени болочок жарына кантип кам көрө аларын ойлошпойт. Бирок, андан да маанилүүсү, үй-бүлө курууну ойлоп жүргөндөр никеге рухий жактан даяр болушу керек.

16, 17. Үй-бүлө курууга даярданып жаткандар Ыйык Китептеги кайсы принциптердин үстүнөн ой жүгүртүшү керек?

16 Никеге даярдык көрүүгө Кудайдын аял менен күйөөгө кандай ролдорду бергени жөнүндө ой жүгүртүү да кирет. Жахабага кызмат кылган эркек үй-бүлө башчысы болуу эмнени билдирерин билиши керек. Бул роль анын зөөкүр болушуна жол бербейт. Тескерисинче, ал башчылык кылууда Иса Машаяктан үлгү алууга тийиш (Эфестиктер 5:23). Ошо сыяктуу эле, чындык жолундагы аял да өзүнө кандай татыктуу роль ыйгарылганын түшүнүшү керек. Ал күйөөсүнүн «мыйзамына» баш ийүүгө даярбы? (Римдиктер 7:2). Негизи, аял ага чейин эле Жахабанын жана Машаяктын мыйзамынын бийлиги астында болот (Галатиялыктар 6:2). Ал эми болочок күйөөсүнүн мыйзамы башка мыйзам болуп саналат. Ал жеткилең эмес бирөөнүн бийлигине баш ийип, ага колдоо көрсөтө алабы? Эгер бул оңойго турбачудай көрүнсө, анын күйөөгө тийбей эле койгону жакшы.

17 Андан тышкары, ар бир түгөй жарынын өзгөчө муктаждыктарына кам көрүүгө даяр болушу керек. (Оку: Филипиликтер 2:4.) Пабыл: «Ар бириңер аялыңарды өзүңөрдү сүйгөндөй сүйгүлө, аял болсо күйөөсүн терең урматтасын»,— деп жазган. Ал Кудайдын рухунун жетеги менен күйөөсү аялынын аны терең урматтаарын, ал эми аялы күйөөсүнүн аны сүйөрүн сезүүгө муктаж экенин түшүнгөн (Эфестиктер 5:21—33).

Сүйлөшүп жүргөндөр жалгыз калбаганга чара көрүү менен акылдуулук кылышат

18. Сүйлөшүп жүргөндөр эмне үчүн өздөрүн башкара билиши керек?

18 Демек, сүйлөшүп жүргөн убак көңүл ача турган эле убак эмес. Ал кез кыз-жигиттин бири-бирине кандай мамиле жасоо керектигин үйрөнүшүнө, баш кошуунун акылдуулукка жатар-жатпасын түшүнүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле ал убакта алардын өзүн өзү башкара билгени маанилүү. Анткени бири-бирине тартылып, никеде тургандарга гана жол берилген нерселерди кылуу азгырыгы абдан күчтүү болушу мүмкүн. Андай сезимдердин пайда болушу — табигый нерсе. Бирок бири-бирин чындап сүйгөндөр болочок жарынын рухийлигине зыян келтире турган иштерди кылуудан качышат (1 Тесалоникалыктар 4:6). Эгер сен бирөө менен сүйлөшүп жүрсөң, өзүңдү башкара билүүгө үйрөн. Бул сага, турмуш курсаң да, курбасаң да, өмүр бою пайда алып келет.

НИКЕ ТҮЙҮНҮ БЕКЕМ БОЛУШУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛА АЛАСЫҢ?

19, 20. Кудайдын кызматчысынын никеге карата көз карашы дүйнөдөгү көп адамдардыкынан кандайча айырмаланышы керек? Мисал менен түшүндүр.

19 Болочок жубайлар никесинин бекем болушун кааласа, ага олуттуу карашы керек. Адатта, адабий чыгармаларда жана кинолордо кыз-жигит үйлөнүп, баары жакшы болуп бүтөт. Муну бардык адамдар эңсейт. Бирок турмушта нике бир нерсенин аягы эмес, башталышы — Жахаба узак убакытка негиздеген шериктиктин башталышы — болуп саналат (Башталыш 2:24). Тилекке каршы, азыркы дүйнөдө көпчүлүктүн көз карашы андай эмес. Кээ бир маданияттарда нике эки жиптин түйүнүнө салыштырылат. Бирок бул никеге байланыштуу кеңири тараган туура эмес көз карашты чагылдырып турат. Кандайча? Ал көз караш боюнча, эки жипти бекем кылып түйүп коюу мүмкүн болгону менен, аны каалаган учурда оңой эле чечип койсо болот.

20 Азыр көптөр никени убактылуу нерседей көрүшөт. Өз муктаждыктарын канааттандырууну көздөп, алар көп ойлонбой эле баш кошуп алышат, ал эми кыйын болуп баратса, ажырашып кетүүгө даяр. Бирок Ыйык Китепте никенин «үч кат жипке» салыштырылганын эстесең. Жел кемелердин аркан-жиптери оңой менен жешилбегидей, катуу бороон-чапкында да үзүлбөгүдөй жасалып, абдан бышык келет. Ошо сыяктуу эле, нике бекем болгудай түзүлгөн. Иса пайгамбардын: «Кудай кошконду адам ажыратпасын»,— деп айтканын эстесең (Матай 19:6). Турмуш кура турган болсоң, никеге карата сен да ушундай көз карашта болушуң керек. Бул милдеттемени жүк катары көрүш керекпи? Жок.

21. Жубайлар бири-бирине карата кандай көз караш сакташы керек жана бул жагынан аларга эмне жардам берет?

21 Жубайлардын бири-бирине карата туура көз караш сактаганы маанилүү. Эгер экөө тең бири-биринин жакшы жактарын көрө билсе, жумшаган күч-аракеттерин бааласа, анда алардын никеси кубаныч менен сергитүүнүн булагы болот. Бирок жеткилең эмес өмүрлүк жарга карата дайыма оң көз карашта болуу мүмкүн эместей көрүнөбү? Жахаба биздин кемчиликтерибизди көрүп турат, ошентсе да анын бизге оң көз караш менен караарына үмүттөнөбүз. Забурчу: «Эгер сен, Жах, күнөөлөргө көңүл бура берсең, оо, Жахаба, анда ким туруштук бере алат?» — деген (Забур 130:3). Жубайлар да бири-бирине карата ушундай оң көз карашта болуп, кечиримдүү болушу керек. (Оку: Колосалыктар 3:13.)

22, 23. Ыбрайым пайгамбар менен Саара бүгүнкү күндөгү жубайларга кандай үлгү калтырышкан?

22 Жылдар оошкон сайын, нике көбүрөөк бата менен коштолушу мүмкүн. Ыйык Китепте карып калган Ыбрайым пайгамбар менен зайыбы Сааранын жашоосу тууралуу айтылат. Алар деле башынан көп кыйынчылыктарды өткөргөн. 60тардагы Саара гүлдөгөн Ур шаарындагы ыңгайлуу үйүн таштап, калган өмүрүн чатырда жашап өткөргөн. Албетте, бул оңойго турган эмес. Ошентсе да ал күйөөсүнө баш ийип, ага чыныгы жардамчы, толуктоочу болуп, урмат көрсөтүү менен анын чечимдеринин орундалышына салым кошкон. Анын баш ийүүсү жасалма болгон эмес. Саара ичинен да күйөөсүн «мырзам» деп атаган (Башталыш 18:12; 1 Петир 3:6). Ооба, ал аны чын жүрөктөн урматтаган.

23 Албетте, бул алардын көз карашы дайыма эле бири-бириникине төп келе бергенин билдирбейт. Бир жолу Сааранын сөздөрүнө «Ыбрайым абдан капаланган». Ошого карабай ал, Кудайдын айтканына баш ийип, аялынын сөзүн уккан. Натыйжада анын үй-бүлөсүнө бата тийген (Башталыш 21:9—13). Бүгүнкү күндөгү жубайлар, ондогон жылдар бою чогуу жашап келаткандар да, Ыбрайым менен Саарадан көп нерсеге үйрөнө алышат.

24. Кандай нике Жахаба Кудайды даңктайт жана эмне үчүн?

24 Жахабанын элинин арасында миңдеген бактылуу үй-бүлөлөр бар. Ал үй-бүлөлөрдө аялы күйөөсүн терең урматтайт, ал эми күйөөсү аялын сүйөт, сыйлайт жана экөө тең Жахабанын эркин аткарууну биринчи орунга коюуга умтулушат. Эгер сен турмуш курууну чечсең, өмүрлүк жарды акылмандык менен тандоого, никеге жакшы даярдык көрүүгө жана Жахаба Кудайды даңктагыдай, тынчтык менен сүйүү өкүм сүргүдөй үй-бүлө курууга умтул. Ошондо нике түйүнүңдүн сага Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого жардам берери күмөнсүз.

^ 11-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» китебинин 2-бөлүмүн кара.

^ 12-абз. Кээ бир ишенимдүү уруу башчыларынын эки же андан көп аялы болгон. Жахаба уруу башчылары менен ысрайылдыктардын бир нече аял алышына жол берген. Ал көп аял алуучулукту негиздеген эмес, ошентсе да аны жөнгө салган. Бирок Жахабанын кызматчылары анын учурда көп аял алууга жол бербей турганын билишет (Матай 19:9; 1 Тиметей 3:2).