Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

«Баргыла да... шакирт даярдагыла»

«Баргыла да... шакирт даярдагыла»

Элчилер китебине кириш сөз жана анда жазылгандардын биздин убак менен байланышы

1—6. Жахабанын Күбөлөрү кабар айтыш үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү колдонушат?

 ГАНАДАГЫ Ребекка деген бир жаш ишенимдешибиз мектебин кабар айткан аймагы катары эсептечү. Ал мектепке дайыма адабияттарды сала барчу. Тыныгуу учурунда мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, классташтарына кабар айтчу. Натыйжада ал айрым классташтары менен Ыйык Китепти изилдей баштаган.

2 Африканын чыгыш жээгинен орун алган Мадагаскар аралындагы эки пионер алыскы аймактарга кабар айтыш үчүн күндүн ысыгында 25 километрдей жөө басышчу. Алар ал жактагы көптөгөн кишилер менен Ыйык Китепти изилдешкен.

3 Парагвай жана Парана дарыяларынын жээктеринде жашаган элге кабар айтуу үчүн Парагвайдагы Жахабанын Күбөлөрү 15 өлкөдөн келген ишенимдештери менен бирге чоң кайык жасашкан. 45 тонналык ал кайыкка 12 киши баткан. Ошол кайык менен ал ынталуу жарчылар башка жол менен бара албаган аймактарга кабар айтышкан.

4 Четки Түндүктөгү (Аляска) боордошторубуз жайында, туристтер көп каттаган маалда, көбүрөөк кабар айтканга аракет кылышчу. Ошол мезгилде ал жакка ар кайсы улуттагы туристтер келчү. Жергиликтүү жарчылар аларга кабар айтыш үчүн кеме токтоочу жайда текчелерге ар кайсы тилдеги адабияттарды тизип коюшчу. Ал эми Четки Түндүктөгү алыс жайгашкан кыштактарга учак менен гана бара алышчу. Ал жакта жашаган: алеут, атабаск, цимшиян жана тлинкит элдерине жакшы кабарды ошентип жеткиришчү.

5 Техастагы (АКШ) Ларри аттуу кишинин өзгөчө аймагы бар болчу. Ал өзү жашаган карылар үйү эле. Кырсыкка учурап, майыптар коляскасында отуруп калса да, Ларри убактысын текке кетирген эмес. Ал башкаларга Кудайдын Падышалыгы жер үстүнөн башкара баштаганда кайрадан басам деген үмүтү жөнүндө айтып берчү (Ыш. 35:5, 6).

6 Мандалайдагы ишенимдештерибиз Мьянмага райондук жыйынга барыш үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучу пароход менен үч күн жол жүрүшкөн. Кабар айтууга ынтызар ал жарчылар жүргүнчүлөргө адабияттарды сунушташкан. Кайсы бир шаарга же кыштакка кыска убакытка токтошкондо, жарчылар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал жактагы элдерге адабият таратышкан. Алар адабият таратып келгиче, пароходго жаңы жүргүнчүлөр түшүшчү. Ошентип, алар да жакшы кабарды угушкан.

7. Жахабанын кызматчылары кандай жолдор менен кабар айтышат жана алардын көздөгөн максаты эмне?

7 Жогорудан көргөнүбүздөй, Жахабанын дүйнө жүзүндөгү ынталуу жарчылары «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрүп» жатышат (Элч. 28:23). Алар үйдөн үйгө, көчөдө, телефон аркылуу жана кат жазып кабар айтышат. Ошондой эле коомдук унааларда, сейил бактарда, жумушта болобу Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтыш үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонушат. Алардын кабар айтуу ыкмалары бири-бириникинен айырмаланса да, баары бир максатты — эл жүргөн жердин баарында жакшы кабарды таратууну — көздөшөт (Мт. 10:11).

8, 9. а) Жакшы кабардын дүйнө жүзүнө кеңири таралышын эмне үчүн керемет деп айтууга болот? б) Бизде кандай суроо пайда болот жана ага жооп алуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

8 Кымбаттуу окурман, балким, сен 235тен ашуун өлкөдө жана аймактарда ынталуу кабар айтып жаткан Падышалыктын жарчыларынын бирисиң. Эгер ошондой болсо, кабар айтуу ишинин болуп көрбөгөндөй кулач жайышына өз салымыңды кошуп жатасың. Чынында эле, жакшы кабардын дүйнө жүзүнө кеңири таралышын керемет деп айтууга болот. Анткени Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү кабар каршылыктарга, бийликтегилердин тыюу салганына жана катуу куугунтукка карабай, бардык улуттагы адамдарга кылдат күбөлөндүрүлүп жатат.

9 Ушундан улам: «Эмне үчүн бир да нерсе, атүгүл Шайтан тарабынан көрсөтүлгөн каршылыктар да Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын бүт дүйнө жүзүнө таралышына бөгөт коё албайт?» — деген суроо пайда болот. Бул суроого жооп алуу үчүн б.з. 1-кылымында болгон окуяларга кайрылышыбыз керек. Себеби Жахабанын Күбөлөрү бүгүнкү күндө аткарып жаткан иш 1-кылымда башталган.

Бүт дүйнөгө кулач жая турган иш

10. Иса жашоосунда эмнени биринчи орунга койгон жана ал эмнени жакшы түшүнгөн?

10 Жыйналыштын Негиздөөчүсү Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратууну жашоосунда биринчи орунга койгон. Ал бир жолу: «Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деген (Лк. 4:43). Бирок ал өзү баштаган ишти аягына жалгыз чыгара албасын түшүнгөн. Өлөрүнө аз калганда Иса жакшы кабардын «бүт элдерге» жарыяланарын алдын ала айткан (Мр. 13:10). Жакшы кабар кандайча жана ким аркылуу жарыяланмак?

«Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла» (Матай 28:19)

11. Иса шакирттерине кандай чоң иш тапшырган жана аларга кандай жардам көрсөтүлмөк?

11 Иса тирилгенден кийин өзүнүн шакирттерине чоң ишти тапшырып: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла. Асмандагы Атамды, анын Уулун, ыйык рухун кабыл алгандарды чөмүлдүргүлө, ошондой эле аларга силерге буйруганымдын баарын аткарганды үйрөткүлө. Бул дүйнөнүн акырына чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деген (Мт. 28:19, 20). Исанын: «Силер менен болом»,— деп айтканы кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишинде өзүнүн шакирттерине колдоо көрсөтөрүн билдирген. Алар анын колдоосуна муктаж болушмак. Анткени Иса алардын «бардык элдерге жек көрүндү болорун» айткан (Мт. 24:9). Шакирттерге андан башка да жардам көрсөтүлмөк. Алар жакшы кабарды «жердин учу-кыйырына чейин» күбөлөндүрө алышы үчүн Иса аларга ыйык рух берилерин убадалаган (Элч. 1:8).

12. Кандай суроолор туулушу мүмкүн жана аларга жооп алганыбыз эмне үчүн маанилүү?

12 Бизде мындай суроолор пайда болушу мүмкүн: «Исанын элчилери жана шакирттери өздөрүнө берилген тапшырмага канчалык олуттуу карашкан? Азыркыга салыштырмалуу Исанын 1-кылымдагы жолдоочулары аз болсо да, катуу куугунтукка карабай, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрө алышканбы? Иса аларга шакирт даярдоо ишин аткарууга чынында эле жардам бергенби? Жахаба аларды ыйык руху менен колдогонбу?» Ушул жана башка суроолорго Элчилер китебинен жооп ала алабыз. Бул суроолорго жооп алганыбыз эмне үчүн маанилүү? Анткени Иса өзү тапшырган иштин «дүйнөнүн акырына чейин» жүргүзүлөрүн айткан. Демек, ал иш Исанын бардык жолдоочуларына, анын ичинде дүйнөнүн соңунда жашап жаткан бизге да тиешелүү. Андыктан Элчилер китебинде жазылган тарыхый окуялар бизди кызыктырбай койбойт.

Элчилер китебине кириш сөз

13, 14. а) Элчилер китебин ким жазган жана ал маалыматты кайдан алган? б) Элчилер китебинде эмнелер жөнүндө айтылат?

13 Элчилер китебин ким жазган? Китептин өзүндө аны жазган кишинин аты айтылбайт. Ошентсе да китептин алгачкы сөздөрүнөн аны Лука Инжилин жазган киши жазганын билүүгө болот (Лк. 1:1—4; Элч. 1:1, 2). Андыктан байыртадан эле Элчилер китебин «сүйүктүү... дарыгер» жана тарыхчы Лука жазган деп айтылат (Кол. 4:14). Китепте, болжолу, 28 жылдын ичинде болуп өткөн окуялар камтылат. Алар — б.з. 33-жылы Исанын асманга көтөрүлгөнүнөн б.з. 61-жылдары Пабылдын Римге камакка алынганына чейинки окуялар. Луканын кээде «алар», кээде «биз» деген сөздөрдү колдонгонунан Элчилер китебиндеги окуялардын көпчүлүгүнө өзү да катышканын көрүүгө болот (Элч. 16:8—10; 20:5; 27:1). Баарын кылдат изилдеген Лука маалыматты Пабылдын, Барнабанын, Филиптин жана китепте жазылган башка адамдардын өздөрүнөн алган деп ишенимдүү түрдө айта алабыз.

14 Элчилер китебинде эмнелер жөнүндө айтылат? Лука өзүнүн Инжилинде Исанын сөздөрүн, кылган иштерин жазса, Элчилер китебинде Исанын жолдоочуларынын сөздөрү менен иштерин жазган. Бул китептен «билими жок карапайым» болушса да, абдан зор ишти аткарган кишилер жөнүндө окуй алабыз (Элч. 4:13). Рухтун жетеги менен жазылган ал китепте, негизинен, Исанын жолдоочуларынын жыйналышы кантип пайда болуп, кантип өскөнү, кабар айтканда кандай ыкмаларды колдонгону баяндалат (Элч. 4:31; 5:42). Элчилер китебинде жакшы кабарды таратууда ыйык рух кандай роль ойногону да көрсөтүлөт (Элч. 8:29, 39, 40; 13:1—3; 16:6; 18:24, 25). Андан сырткары, Ыйык Китептин темасы — Машаяк башкарган Падышалык аркылуу Кудайдын ысмынын ыйыкталышы  — баса белгиленет. Ошондой эле Падышалык жөнүндөгү кабардын катуу каршылыктарга карабай, кантип кулач жайганы айтылат (Элч. 8:12; 19:8; 28:30, 31).

15. Элчилер китебин изилдөөнүн аркасында кандай пайда алабыз?

15 Элчилер китебин изилдөөнүн аркасында жүрөгүбүз козголуп, ишенимибиз бекемделери шексиз! Исанын алгачкы жолдоочуларынын эр жүрөктүгү жана ынталуулугу жөнүндө ой жүгүртсөк, алардыкындай ишеним өрчүткөнгө түрткү алабыз. Бул бизге шакирт даярдоо тапшырмасын тийиштүү түрдө аткарууга жардам берет. Колуңдагы китеп Элчилер китебин кылдат изилдөөгө жардам берүү максатында чыгарылды.

Ыйык Китепти изилдегенге жардам берген курал

16. Бул китеп кандай үч максатты көздөйт?

16 Бул китептин негизги максаты эмне? Төмөнкү үч нерсени кылууга жардам берүү: 1) Жахабанын кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин ыйык руху менен колдоп жатканына болгон ишенимибизди бекемдөө; 2) Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларынын үлгүсүн изилдөөнүн аркасында кызматка болгон ынтабызды өстүрүү; 3) Жахабанын уюмуна жана кабар айтуу ишин, жыйналыштарды жетектеген көзөмөлчүлөргө мындан да көбүрөөк урмат көрсөтүүгө түрткү берүү.

17, 18. Бул китептин түзүлүшү кандай жана анын өздүк изилдөөдө жардам боло турган кандай пайдалуу жактары бар?

17 Бул китептин түзүлүшү кандай? Китеп 8 бөлүктөн турат. Ар бир бөлүктө Элчилер китебинен алынган үзүндү камтылат. Бөлүмдөрдүн максаты — Элчилер китебинин ар бир аятын талкуулоо эмес, андагы окуялардан эмнеге үйрөнө аларыбызды жана аларды кантип колдонсок болорун көрсөтүү. Ар бир бөлүмдүн башындагы кара тамга менен жазылган сөздөр ошол бөлүмдүн максатын ачып берет. Ал эми көрсөтүлгөн аяттар ал бөлүмдүн Элчилер китебинин кайсы бөлүмдөрүнө негизделгенин көрсөтөт.

18 Бул китептин өздүк изилдөөдө жардам боло турган дагы башка пайдалуу жактары бар. Алсак, Элчилер китебиндеги окуяларды чагылдырган сүрөттөр окуп-билгендериңди айкын элестеткенге, алар тууралуу ой жүгүрткөнгө жардам берет. Бөлүмдөрдө кошумча маалыматтар камтылган кутучалар да бар. Айрым кутучаларда ишенимин бек сактаган Ыйык Китептеги каармандардын өмүр баяны жазылган. Башкаларында Элчилер китебинде айтылган жерлер, окуялар, каада-салттар жана башка өзгөчөлүктөр жөнүндө кошумча маалымат берилет.

Сага тапшырылган аймакты иштетүүдө кабар айтуу шашылыш иш экенин эсиңден чыгарба

19. Маал-маалы менен кандай суроолор тууралуу ойлонуп турушубуз керек?

19 Бул адабият сага өзүңдү чынчылдык менен текшерүүгө жардам берет. Жарчы болгонуңа канча убакыт болбосун, жашооңдо биринчи орунда эмне турарын жана кабар айтуу ишине кандай караарыңды маал-маалы менен текшерип турганың маанилүү (2 Кор. 13:5). Ан үчүн мындай деп ойлонуп көр: «Кабар айтуу ишинин шашылыш түрдө аткарылышы керек экенин дайыма эстеп жүрөмбү? (1 Кор. 7:29—31). Айткандарыма өзүм бекем ишенерим көрүнүп турабы? Ынталуулук менен кабар айтамбы? (1 Тес. 1:5, 6). Кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине катышууга колуман келишинче аракет кыламбы?» (Кол. 3:23).

20, 21. Бизге тапшырылган иш эмне үчүн шашылыш түрдө аткарылышы зарыл жана биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

20 Бизге абдан маанилүү иш — кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши — тапшырылганын эч качан унутпайлы. Күн өткөн сайын бул дүйнөнүн акыры жакындап келатат. Андыктан кабар айтуу ишин шашылыш түрдө аткарышыбыз керек. Азыр көптөрдүн өмүрү кылдын учунда турат. Биз түбөлүк өмүргө жол ачкан кабарга карата жакшы ойдо болгон дагы канчалаган адамдар бар экенин билбейбиз (Элч. 13:48). Бирок кеч болуп кала электе аларга жардам берүүгө милдеттүүбүз (1 Тим. 4:16).

21 Андыктан 1-кылымдагы ынталуу жарчылардан үлгү алганыбыз абдан маанилүү. Бул китепти кылдат изилдөө сага кабарды ынталуулук жана тайманбастык менен айтууга түрткү берсин. Ошондой эле Кудайдын Падышалыгы жөнүндө мындан ары да «кылдат күбөлөндүрүүгө» болгон чечкиндүүлүгүңдү арттырсын (Элч. 28:23).