Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮМ

«Ортолорунда чоң пикир келишпестик пайда болду»

«Ортолорунда чоң пикир келишпестик пайда болду»

Жетектөөчү кеңеш сүннөткө отургузууга байланыштуу маселени карайт

Элчилер 15:1—12-аяттарга негизделди

1—3. а) 1-кылымдагы жыйналыштын биримдигине эмне коркунуч туудурган? б) Элчилер китебиндеги билдирүүнү карап чыкканыбыз эмнеси менен пайдалуу?

 ПАБЫЛ менен Барнаба жаңы эле 1-миссионердик сапардан Сириядагы Антиохия шаарына кайтып келди. Алар Жахабанын «башка элдердин ага ишенишине кантип жол ачканын» айтып түгөтө албай жатат (Элч. 14:26, 27). Антиохияга келсе, ал жакта да жакшы кабар кеңири жайылып, башка улуттагы көп адамдар Исаны жолдой баштаптыр (Элч. 11:20—26).

2 Бул кабар Жүйүт жерине да жетет. Бирок Исанын ал жактагы жүйүт жолдоочулары кубанбай эле, башка улуттан болгон ишенимдештеринин сүннөткө отургузулушун талап кылат. Ушундан улам: «Анда бири бирибизге кандай мамиле кылышыбыз керек? Жүйүт эместер Муса пайгамбар аркылуу берилген Мыйзамга карманышы керекпи?» — деген суроолор туулат. Ошонун айынан чоң пикир келишпестиктер пайда болуп, шакирттердин биримдигине коркунуч туулат. Эми бул маселе кантип чечилет?

3 Элчилер китебиндеги бул билдирүүнү карап чыкканыбыз көп жагынан пайдалуу болот. Бул бизге биримдикти буза турган маселе туулганда акылдуулук менен иш кылганга жардам берет.

«Сүннөткө отургузулбасаңар...» (Элчилер 15:1)

4. Исанын айрым жүйүт жолдоочулары эмнени жактаган жана кандай суроо көтөрүлгөн?

4 Лука: «Жүйүт жеринен кээ бирлер Сириядагы Антиохияга барып, шакирттерди: „Мусанын Мыйзамы боюнча сүннөткө отургузулбасаңар, куткарылбайсыңар“,— деп окута башташты»,— деп жазган (Элч. 15:1). Жүйүт жеринен келген ошол кишилердин Исаны жолдогонго чейин фарисей болгон-болбогону белгисиз. Кыязы, алар Мыйзамды катуу жактаган жүйүт сектасынын таасирине алдыргандардан болсо керек. Алар Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдардын атынан сүйлөгөн көрүнөт (Элч. 15:23, 24). Ошол кезде Кудай элчи Петир аркылуу сүннөткө отургузулбаган башка улуттагыларды Исанын жолдоочуларынын жыйналышына кабыл алганына 13 жыл болгон. Анда эмне үчүн алар бөлөк улуттагылардан сүннөткө отургузулууну талап кыла берген? a (Элч. 10:24—29, 44—48).

5, 6. а) Исанын жүйүт жолдоочулары сүннөткө отургузууну эмне үчүн талап кылышы мүмкүн эле? б) Сүннөткө отургузуу келишими Ыбрайым менен түзүлгөн келишимге кирди беле? Түшүндүр. (Шилтемени кара.)

5 Буга ар кандай себептер болгон көрүнөт. Алардын бири сүннөткө отургузууну Жахаба өзү буйруган жана бул аны менен болгон өзгөчө мамиленин белгиси болгон. Кудай сүннөткө отургузууну Ыбрайымдын убагында киргизген b. Кийин ал Мыйзамдын ажырагыс бөлүгү болуп калган (Леб. 12:2, 3). Мусанын мыйзамына ылайык, бөтөн жерликтерге, сүннөткө отургузулбаса, пасах тамагын жегенге жана ушул сыяктуу иш-чараларга катышканга тыюу салынган (Чыг. 12:43, 44, 48, 49). Жүйүттөр сүннөткө отургузулбаган кишини таза эмес жана жийиркеничтүү деп эсептешчү (Ыш. 52:1).

6 Андыктан буга Жахаба карагандай караш үчүн жүйүт шакирттерден ишеним жана момундук талап кылынган. Мыйзам келишими жаңы келишим менен алмаштырылгандыктан, кимдир бирөө жүйүт болсо эле, Кудайдын элинин мүчөсү болуп калмак эмес. Эми ан үчүн ал Исаны Машаяк деп кабыл алып, Кудайга башка улуттагы ишенимдештери менен чогуу сыйына башташы керек болчу (Жер. 31:31—33; Лк. 22:20). Ушундай кылыш үчүн жүйүттөрдүн арасында жашаган жүйүт шакирттер кайраттуу болушу зарыл эле.

7. Жүйүт жеринен келген «кээ бир» шакирттер эмнени түшүнгөн эмес?

7 Албетте, Кудайдын талаптары өзгөргөн эмес. Буга Муса пайгамбар аркылуу берилген мыйзамдагы негизги принциптердин жаңы келишимде да камтылганы далил (Мт. 22:36—40). Кийинчерээк Пабыл сүннөткө отургузуу жөнүндө: «Чыныгы жүйүт — бул дили жүйүт адам. Чыныгы сүннөт жазуу түрүндөгү мыйзамга ылайык сүннөткө отургузулууну эмес, Кудайдын ыйык руху аркылуу каймана мааниде жүрөктүн сүннөттөлгөнүн билдирет»,— деп жазган (Рим. 2:29; Мыйз. 10:16). Жүйүт жеринен келген «кээ бир» шакирттер ушуну түшүнбөгөндүктөн, Кудай сүннөткө отургузууну жойгон эмес деп ырасташкан. Алар оюн өзгөртөт беле?

«Талашып-тартышып,.. чоң пикир келишпестик пайда болду» (Элчилер 15:2)

8. Антиохиядагылар сүннөткө отургузууга байланыштуу маселени чечиш үчүн эмне себептен жетектөөчү кеңешке кайрылган?

8 Лука андан ары мындай деп баяндаган: «Алар [Жүйүт жеринен келгендер] Пабыл жана Барнаба менен талашып-тартышып, ортолорунда чоң пикир келишпестик пайда болду. Ошондуктан ал жактагы шакирттер ал экөөнү жана башка шакирттерди ушул иш боюнча Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдарга жиберели деп чечишти» c (Элч. 15:2). Эки тарап тең өзүнүкүн бербей, талашып-тартышкандыктан «ортолорунда чоң пикир келишпестик пайда болгон». Баары бир пикирге келип, жыйналышта биримдик, тынчтык болушу үчүн, Антиохиядагы аксакалдар Пабыл менен Барнабаны «Иерусалимдеги элчилер менен аксакалдарга» — жетектөөчү кеңешке — жөнөткөн. Ал аксакалдардан эмнеге үйрөнсөк болот?

Айрымдар: «Алардан [башка улуттагылардан] Мусанын Мыйзамын аткарууну талап кылыш керек»,— дешкен

9, 10. Антиохиядагы аксакалдар жана Пабыл менен Барнаба бизге кандай үлгү калтырган?

9 Биз да, алардай болуп, Жахабанын уюмуна ишенишибиз керек. Белгилей кетчү нерсе, Антиохиядагы аксакалдар жетектөөчү кеңештегилердин баары жүйүттөр экенин билген. Ошентсе да алар жетектөөчү кеңештин сүннөткө отургузууга байланыштуу маселени Жазмага ылайык чечип береринен шектенишкен эмес. Эмне үчүн? Алар Жахабанын ал иштин чечилишин ыйык руху жана жыйналыштын Башчысы Иса Машаяк аркылуу жетектээрине ишенген (Мт. 28:18, 20; Эф. 1:22, 23). Олуттуу маселелер көтөрүлгөндө, биз да Антиохиядагы аксакалдарды туурап, Кудайдын уюмуна жана майлангандардан турган Жетектөөчү Кеңешке ишеним арталы (Мт. 24:45).

10 Биз үйрөнө турган дагы бир нерсе: момун жана чыдамкай болушубуз керек. Алсак, Пабыл менен Барнаба башка улуттагыларга кабар айтканга ыйык рух аркылуу дайындалса да, сүннөткө отургузулууга байланыштуу маселени өздөрү эле Антиохияда чечип койгон эмес (Элч. 13:2, 3). Андан тышкары, Пабыл кийин жаздагандай, «[Иерусалимге] аян алгандыктан» барган (Гал. 2:2). Бүгүнкү күндө да жыйналыштын биримдигин ыдырата турган маселелер көтөрүлгөндө, аксакалдар чыдамдуу жана момун болгонго аракет кылат. Алар талашып-тартышып, өзүнүкүнө туруп албай, Жахабанын көз карашын түшүнгөнгө умтулушат. Ан үчүн Ыйык Китепти жана ишенимдүү кул берген көрсөтмөлөрдү изилдешет (Флп. 2:2, 3).

11, 12. Жахабаны күткөнүбүз эмне үчүн маанилүү?

11 Кээде Жахаба кайсы бир нерсени ачып бергенге чейин күткөнгө туура келет. Буга сүннөткө отургузууга байланыштуу маселени мисал кылса болот. Жахаба башка улуттагылардын сүннөткө отургузулбай эле койсо болорун Корнелий ыйык рух менен майлангандан 13 жыл өткөндөн кийин баарына айкын кылган. Ал эмне үчүн ушунча көп убакыт күткөн? Кыязы, Кудай жүрөгү таза жүйүттөргө ошондой чоң өзгөрүүнү кабыл алганга жетиштүү убакыт бергиси келген. Анткени аларга 1900 жылдан бери күчүндө болуп келаткан сүннөткө отургузууга байланыштуу келишимдин жоюлуп кетишин кабыл алыш оңой болмок эмес. Анын үстүнө, алар Ыбрайымды да кадырлап-сыйлачу (Жкн. 16:12).

12 Асмандагы Атабыздын бизге ага окшоп ой жүгүрткөнгө сүйүүсү менен үйрөтүп, чыдамкайлык менен калыптап жатканына кандай гана ыраазыбыз! Ал муну биздин пайдабыз үчүн эле кылат (Ыш. 48:17, 18; 64:8). Андыктан, келгиле, текеберденип, меники туура деп туруп албайлы же уюм кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизсе же окууларыбыз жаңыча түшүндүрүлсө, эч качан сындабайлы (Нас. 7:8). Эгер өзүбүздөн ушу сыяктуу нерселерди байкасак, тиленип алып, Элчилер 15-бөлүмдөгү принциптерди кантип колдонсок болорун ойлонуп көрөлү d.

13. Канткенде Жахабадай чыдамдуу боло алабыз?

13 Биз менен изилдегендер жалган дин менен байланышы бар окууларды же каада-салттарды таштай албай жүрсө, чыдамдуу болушубуз керек. Андайда Кудайдын ыйык руху алардын жүрөгүнө таасир этиши үчүн убакыт керек болушу мүмкүн экенин эске алышыбыз зарыл (1 Кор. 3:6, 7). Ошондой эле алар үчүн тилене беришибиз абзел. Жахабанын өз убагы келгенде аларга кантип жардам берсек болорун көрсөтөрүнөн шектенбесек болот (1 Жкн. 5:14).

Алар бекемдээрлик окуяларды «төкпөй-чачпай айтып берди» (Элчилер 15:3—5)

14, 15. а) Антиохиядагылар Пабыл менен анын шериктерине кантип урмат көрсөткөн? б) Пабыл менен шериктери ишенимдештерин кантип бекемдеген?

14 Лука баянын: «Бир нече аралыкка чейин аларды жыйналыштагылар коштоп барышты. Андан ары өздөрү Финикия менен Самарияны аралай жол жүрүштү. Ал жактагы боордошторуна башка улуттагылардын Кудайдын жолуна түшкөнү жөнүндө төкпөй-чачпай айтып берип, баарын абдан кубандырышты»,— деп улаган (Элч. 15:3). Антиохиядагы жыйналыштагылар Пабыл менен Барнабаны жана шериктерин бир далай жерге чейин узатып барган. Муну менен аларды жакшы көрөрүн, сыйлаарын, Кудайдын алар менен болушун каалаарын көрсөтүшкөн. Алар бизге мыкты үлгү калтырган! Сен да ишенимдештериңе, өзгөчө, «насаат айтып, окутуп-үйрөткөнгө бүт күчүн жумшап жаткан» аксакалдарга урмат көрсөтөсүңбү? (1 Тим. 5:17).

15 Пабыл, Барнаба жана шериктери Иерусалимге баратып, Финикия менен Самариядагы боордошторун абдан бекемдешкен. Аларга башка улуттагылардын Машаякты жолдой баштаганын «төкпөй-чачпай» айтып беришкен. Ал шаарларда, кыязы, Степан өлтүрүлгөндөн кийин качып барган жүйүт шакирттер да болгон. Биз да бүгүн Жахабанын шакирт даярдоо ишине кантип батасын берип жатканын укканда бекемделебиз. Андай окуялар, өзгөчө, башынан кыйынчылыктарды кечирип жаткандарды бекемдейт. Ал окуяларды, өмүр баяндарды жыйналыштардан, жыйындардан, адабияттарыбыздан же jw.org сайтынан угуп же көрө аласың. Андыктан аларга маани бербей койбо. Анткени алар кубанычыңды арттырат.

16. Сүннөткө отургузуу олуттуу маселеге айланганын эмне көрсөтүп турат?

16 Акыры, Пабыл жана шериктери 550 километрдей жол жүрүп, көздөгөн жерине жетет. Андан ары эмне болгонун Лука мындай деп жазган: «Иерусалимге барышканда, элчилер, аксакалдар жана жыйналыштагылардын баары аларды жылуу тосуп алышты. Алар болсо Кудайдын жардамы менен кандай көп иштерди кылганын айтып беришти» (Элч. 15:4). Бирок аларды укканда «мурун фарисейлердин сектасында болгон айрым шакирттер» ордуларынан туруп: «Башка улуттан болгон шакирттер сөзсүз сүннөткө отургузулушу керек, алардан Мусанын Мыйзамын аткарууну талап кылыш керек»,— дешкен (Элч. 15:5). Мындан көрүнүп тургандай, Исанын башка улуттан болгон жолдоочуларын сүннөткө отургузууга байланыштуу суроо тез аранын ичинде чечилиши керек болгон олуттуу маселеге айланган.

«Элчилер менен аксакалдар... чогулушту» (Элчилер 15:6—12)

17. Иерусалимдеги жетектөөчү кеңешке кимдер кирген жана алардын арасында эмне үчүн аксакалдар да болгон?

17 Накыл сөздөр 13:10до: «Кеңеш сурагандарга акылмандык таандык»,— делет. Бул аяттагы принципке ылайык, «элчилер менен аксакалдар бул маселени [сүннөткө байланыштуу маселени] караганы чогулушат» (Элч. 15:6). «Элчилер менен аксакалдар», бүгүнкү күндөгү Жетектөөчү Кеңеш сыяктуу, ошол учурдагы бардык жыйналыштарды жетектеген. Элчилердин арасында эмне үчүн «аксакалдар» да болгон? Элчи Жакыптын өлтүрүлгөнүн, ал эми элчи Петирдин бир нече убакка чейин камакта болгонун эстесең. Башка элчилер да ушу сыяктуу жагдайларга туш болушу мүмкүн болчу. Андыктан Кудайдын элин жетектей турган, рухий жактан жетилген майланган эркектердин болгону маанилүү болгон.

18, 19. Петир эмне деген жана чогулгандар кандай жыйынтыкка келиши керек эле?

18 Лука сөзүн минтип улайт: «Көпкө созулган кызуу талкуудан кийин, Петир ордунан туруп: „Бир туугандарым, башка элдер менден жакшы кабарды угуп, Кудайга ишениши үчүн, Кудай башында араңардан мени тандап алганын жакшы билесиңер. Жүрөктөгүнү билген Кудай бизге берген ыйык рухун аларга да берип, аларды кабыл алганын далилдеди. Ал бизге да, аларга да бирдей карай турганын көрсөтүп, жүрөктөрүн ишениминин аркасында тазалады...“— деди» (Элч. 15:7—9). Бир эмгекке ылайык, 7-аяттагы «кызуу талкуу» деп которулган грек сөзү «суроо берүү» жана «иликтөө» деген маанини билдирет. Сыягы, элчилер менен аксакалдардын ар кимиси ар кандай ойдо болсо да, ойлорун ачык айтып, маселени ар тараптан карашкан.

19 Петирдин сөздөрүн укканда чогулгандардын баары б.з. 36-жылы болгон окуяны эстешкен. Ошондо башка улуттан болгон Корнелий менен үйүндөгүлөрү, сүннөткө отургузулбаса да, ыйык рух менен майланган. Эгер Жахаба өзү жүйүт эместерди жүйүттөрдөй эле кабыл алып жатса, анда адамдардын башка улуттагыларды жеригенге акысы бар беле? Анын үстүнө, адам Мусанын мыйзамына карманганда эмес, Машаякка ишенгенде гана адил болот (Гал. 2:16).

20. Сүннөткө отургузулууну жактагандар кандайча «Кудайга каршы чыгышкан»?

20 Кудайдын айткандарынын жана ыйык рухтун жетегинин негизинде Петир сөзүн мындай деп жыйынтыктаган: «Анда эмнеге силер шакирттердин мойнуна ата-бабаларыбыз да, өзүбүз да көтөрө албаган оор жүктү артып, Кудайга каршы чыгып жатасыңар? Биздей болуп, алар деле Мырзабыз Исанын ырайым кылганынын аркасында куткарылат деп ишенебиз» (Элч. 15:10, 11). Ооба, сүннөткө отургузууну жактагандар «Кудайга каршы чыгышкан», башкача айтканда, «Кудайдын чыдамдуулугун сынашкан». Себеби алар башка улуттагылардан аткарууну талап кылган мыйзамды өздөрү толугу менен аткара албаганы үчүн өлүм жазасына татыктуу болгон (Гал. 3:10). Андыктан жүйүттөр Кудайдын аларды Иса аркылуу өлүмдөн куткарганына ыраазы болушу керек эле.

21. Барнаба менен Пабылдын айткандары маселенин чечилишине кандайча өбөлгө түзгөн?

21 Петирдин сөздөрү күчтүү таасир эткендиктен,«ал жердегилердин баары тынчтанып, Барнаба менен Пабылды уга баштаган». «Экөө Кудайдын аларга башка элдердин арасында көптөгөн керемет-жышаандарды көрсөткөнгө жардам бергенин айтып берген» (Элч. 15:12). Эми бардык далилдерди карап чыккандан кийин элчилер менен аксакалдар сүннөткө отургузууга байланыштуу маселени Кудайдын эркине ылайык чече алмак.

22—24. а) Бүгүнкү күндөгү Жетектөөчү Кеңеш 1-кылымдагы жетектөөчү кеңештин үлгүсүнө кантип карманат? б) Аксакалдар Жахабанын бийлигин урматтаарын кантип көрсөтүшөт?

22 Бүгүнкү күндө да Жетектөөчү Кеңеш кеңешмеге чогулганда Кудайдан жетек издеп, Ыйык Китепке кайрылат жана ыйык рух сурап жалындуу тиленет (Заб. 119:105; Мт. 7:7—11). Тиленип, алдын ала ойлоно алышы үчүн алардын ар бири карала турган маселелердин тизмесин алдын ала алат (Накыл 15:28). Кеңешме учурунда алар ойлорун ээн-эркин ортого салат, ошол эле учурда бири бирине урмат-сый менен мамиле кылат. Ошондой эле Ыйык Китепке көп кайрылышат.

23 Аксакалдар аларды туурашы керек. Эгер алар кандайдыр бир олуттуу маселени чече албай калса, аны жергиликтүү филиалга же анын өкүлү болгон райондук көзөмөлчүгө жөнөтүшөт. Ал эми филиал, зарыл болсо, ал маселени Жетектөөчү Кеңешке жөнөтүшү мүмкүн.

24 Ооба, Жахаба уюм берген көрсөтмөлөргө баш ийгендерге жана момун, ишенимдүү, чыдамдуу кызматчыларына батасын берет. Ал эми Кудайдын батасы, кийинки бөлүмдөн биле турганыбыздай, жыйналыштын тынчтыгына, биримдигине жана рухий жактан гүлдөшүнө шарт түзөт.

a 103-беттеги « Жалган шакирттердин окуулары» деген кутучаны кара.

b Сүннөткө отургузуу келишими Ыбрайым менен түзүлгөн келишимге кирген эмес. Ыбрайым менен түзүлгөн келишим бүгүнкү күндө да күчүндө. Ал келишим б.з.ч. 1943-жылы Ыбрайым (ошол кезде Ыбрам) Канаан жерине баратып, Эфрат дарыясынан өткөндө күчүнө кирген. Ошондо ал 75 жашта болчу. Ал эми сүннөткө отургузуу келишими кийинчерээк, б.з.ч. 1919-жылы, Ыбрайым 99 жашка чыкканда түзүлгөн (Башт. 12:1—8; 17:1, 9—14; Гал. 3:17).

c Исанын Тит аттуу грек жолдоочусу, кыязы, Иерусалимге жөнөтүлгөндөрдүн арасында болгон. Кийин ал Пабылдын жакын шериги жана өкүлү болуп калган (Гал. 2:1; Тит 1:4). Ал башка улуттан болсо да, ыйык рух менен майланганы Кудайдын сүннөткө отургузууну талап кылбай турганын көрсөткөн (Гал. 2:3).

d 105-беттеги « Окууларыбыз Ыйык Китепке негизделет» деген кутучаны кара.