Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

«Башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»

«Башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»

Элчилер Кудай тарапты ээлеп, Исанын бардык жолдоочуларына үлгү калтырган

Элчилер 5:12—6:7-аяттарга негизделди

1—3. а) Элчилерди эмне үчүн Синедриондун алдына алып барышкан жана алар эмнени тандашы керек болчу? б) Элчилердин Синедриондун коркутуп-үркүткөнүнө кантип жооп бергени бизди эмне үчүн кызыктырат?

 СИНЕДРИОНДУН мүчөлөрү ачууланып жатышат. Алардын алдында Исанын элчилери турат. Алар ал жакка эмне болуп барып калышкан? Синедриондун башчысы жана башкы дин кызматчы болгон Каяпа аларга: «Биз силерге Исанын атынан окутпагыла деп тыюу салбадык беле»,— деп корс сүйлөйт. Каары кайнаган Каяпа Исанын атын оозуна да алгысы келбей: «Силер болсо окууларыңарды бүт Иерусалимге жайылтып, анын өлүмүнө бизди күнөөлүү кылып көрсөткүңөр бар»,— дейт (Элч. 5:28). Анын ою белгилүү болчу. Каяпа: «Кабар айтканыңарды токтотпосоңор, көргүлүктү көрөсүңөр!» — дегиси келген.

2 Эми элчилер эмне кылат? Аларга кабар айтуу тапшырмасын Кудайдан бийлик алган Иса өзү берген (Мт. 28:18—20). Элчилер коркуп, кабар айтпай калабы? Же тайманбай кабар айта береби? Элчилер же Кудайга, же адамдарга баш ийүүнү тандашы керек болгон. Ошондо элчи Петир жалтанбай, башка элчилердин атынан чечкиндүү жооп берет.

3 Элчилердин Синедриондун коркутуп-үркүткөнүнө кантип жооп бергени биз үчүн да кызыктуу. Анткени бизге да кабар айтуу иши тапшырылган. Кудай тапшырган ал ишти аткарып жатып биз да каршылыкка дуушар болобуз (Мт. 10:22). Каршы чыккандар ишибизди чектегенге же тыюу салганга аракет кылышы мүмкүн. Андайда эмне кылабыз? Элчилердин Кудай тарапта бек турганын жана аларды Синедриондун алдына эмне үчүн алып барганын карап чыксак, көп нерсеге үйрөнөбүз a.

«Жахабанын периштеси түрмөнүн эшиктерин ачат» (Элчилер 5:12—21а)

4, 5. Каяпа менен садукейлер элчилерге эмне себептен көрө албастык кылган?

4 Синедрион кабар айтканга биринчи жолу тыюу салганда, Петир менен Жакандын эмне деп жооп бергенин эстесең. Алар: «Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз»,— дешкен (Элч. 4:20). Петир, Жакан жана башка элчилер тыюу салынгандан кийин да ибадатканада кабар айта беришкен. Алар оорулууларды айыктырып, жиндери кууп чыгарып, укмуштуудай кереметтерди жасашкан. Элчилер ал кереметтерди «Сулаймандын катар түркүктөрү» деп аталган жерде кылышкан. Ал ибадаткананын чыгыш тарабындагы бастырма сыяктуу жер болгон. Адатта, ал жерге көп жүйүттөр чогулчу. Адамдар атүгүл Петирдин көлөкөсүнөн эле айыгып жатышкан. Ооруларынан айыккандар Петир айткан жакшы кабарга да кулак кагышкан. Ошентип, «Мырзабызга ишенген эркек-аялдардын саны көбөйгөндөн көбөйө берген» (Элч. 5:12—15).

5 Каяпа менен садукейлер «көрө албастык кылып», элчилерди камакка алышкан. Каяпа ошол диний сектанын мүчөсү болчу (Элч. 5:17, 18). Алар эмне үчүн элчилерге жини келген? Анткени элчилер Исанын тирилгени жөнүндө кабар айткан. Ал эми садукейлер өлгөндөрдүн тирилерине ишенчү эмес. Андан тышкары, элчилер Исага ишенгендер гана куткарылат деп айтып жүрүшкөн. Садукейлер болсо эл Исаны башчы деп эсептей турган болсо, римдиктер аларды соо калтырбайт деп коркушкан (Жкн. 11:48). Мына ошол себептен алар элчилердин оозун баскысы келген.

6. Бүгүнкү күндө куугунтукталышыбызга негизинен кимдер себепкер жана эмне үчүн буга таң калбайбыз?

6 Бүгүнкү күндө да Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталышына негизинен диний жетекчилер себепкер. Алар кабар айтуу ишин токтотуш үчүн бийликтегилерди бизге каршы үгүттөшөт же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бизди каралашат. Буга таң калышыбыз керекпи? Жок. Анткени айткан кабарыбыз жалган диндин бетин ачат. Андан тышкары, жүрөгү таза адамдар Кудай жөнүндөгү чындыкты кабыл алып, Ыйык Китепке дал келбеген ырым-жырымдарды, каада-салттарды таштап, эркиндикке чыгып жатышат (Жкн. 8:32). Андыктан диний жетекчилердин айткан кабарыбызга кыжырданары айтпаса да түшүнүктүү.

7, 8. Периштенин буйругу элчилерге кандай таасир эткен жана биз эмне деп ойлонуп көрсөк болот?

7 Камакта сот өкүмүн күтүп отурганда элчилерге: «Ушу менен күнүбүз бүттү, эми душмандардын колунан азап чегип өлөт болушубуз керек»,— деген ойлор келсе керек (Мт. 24:9). Бирок түн ортосунда күтүлбөгөн бир окуя болот: «Жахабанын периштеси түрмөнүн эшиктерин ачат» (Элч. 5:19). Периште b аларга «ибадатканага барып», кабар «айта бергенге» буйрук берет (Элч. 5:20). Бул элчилерди туура иш кылып жатканына ынандырганы шексиз. Ошондой эле эч нерсеге карабай бекем турганга түрткү бергени күмөнсүз. Ошондуктан элчилер Кудайдын колдоосуна бекем ишенип, эч коркпой «эртең менен эрте ибадатканага кирип, элди окута башташкан» (Элч. 5:21).

8 Ар бирибиз: «Ушул сыяктуу жагдайга туш болсом, Кудайдын колдой турганына ишенип, тайманбай кабар айта беремби?» — деп ойлонуп көргөнүбүз маанилүү. «Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрүү» ишин периштелердин колдоосу менен аткарып жатканыбызды билгенибиз кайратыбыздан жазбай кабар айтканга жардам берет (Элч. 28:23; Аян 14:6, 7).

«Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек» (Элчилер 5:21б—33)

«Элчилерди Жогорку соттун залына алып киришти» (Элчилер 5:27)

9—11. Синедрион кабар айтканга тыюу салганда, элчилер эмне кылган жана алар бизге кандай үлгү калтырган?

9 Каяпа менен Синедриондун башка мүчөлөрү элчилердин көзүн тазаламакчы болуп, аларды алып келүүгө сакчыларды жөнөтөт. Бирок алар түрмөдө кандай окуя болгонун билген эмес. Сакчылар түрмөгө барса, анын «эшиктери бекем бекитилип, алдында сакчылар туруптур». Ал эми камакта отургандар жок экен. Муну көрүп алар аябай таң калат (Элч. 5:23). Элчилер болсо кайрадан ибадатканага барып, Синедрион тыюу салганына карабай, Исанын атынан күбөлөндүрө беришет. Ибадаткананын күзөт башчысы бул тууралуу билгенде элчилерди Синедрионго алып келиш үчүн сакчылары менен ибадатканага жетип барат.

10 Ушул бөлүмдүн башында кеп кылынгандай, каары кайнаган диний жетекчилер элчилерге кабар айтпашы керектигин түз эле айткан. Ошондо элчилер эмне кылган? Петир тайманбастан бардык элчилердин атынан: «Биз адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек»,— деген (Элч. 5:29). Ошентип алар Исанын чыныгы жолдоочуларынын баарына мыкты үлгү калтырган. Бийликтегилер Кудай талап кылган нерселерге тыюу салганда же Кудай тыюу салган нерселерди талап кылганда, аларга баш ийгенге милдеттүү эмеспиз. Андыктан «жогорку бийликтегилер» кабар айтпагыла дегенде, Кудай тапшырган ал ишти токтотпойбуз (Рим. 13:1). Биз Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат, ошол эле учурда эстүүлүк менен күбөлөндүрүүнүн жолдорун издей беребиз.

11 Элчилердин тайманбастыгы ансыз деле кыжырданып турган Синедриондун мүчөлөрүнүн ого бетер ачуусун келтирет. Ошондуктан алар «элчилерди өлтүрмөкчү болушат» (Элч. 5:33). Бул жолкусунда эр жүрөк, ынталуу ал жарчыларга өлүм жазасынан качып кутула албачудай көрүнөт. Бирок алар өздөрү күтпөгөн жол менен куткарылышат!

«Токтото албайсыңар» (Элчилер 5:34—42)

12, 13. а) Гамалеил соттун мүчөлөрүнө кандай кеңеш берген жана алар эмне кылган? б)  Элин коргош үчүн Жахаба эмне кылышы мүмкүн жана «адилдик үчүн азап чеккенге» туура келсе, эмнеден шектенбесек болот?

12 Синедриондун алдына Гамалеил c аттуу «элдин баары урматтаган Мыйзам окутуучу» чыгып сүйлөйт. Анын ошенткенине жана «элчилерди бир аз убакытка тышка чыгарып турууну буйруганына» караганда, ал Синедриондун кадыр-барктуу мүчөсү болгон көрүнөт (Элч. 5:34). Гамалеил соттун мүчөлөрүнө козголоң чыгарган айрым диний агымдар башчысы өлгөндөн кийин бат эле чачырап кеткенин мисал кылат. Анан сотторду Жол башчысы Иса жакында эле өлгөн элчилерге бир аз чыдап коюуга чакырат. Ал: «Буларды жайына койгула. Эгер окуусу же кылган иши адамдардыкы болсо, оңунан чыкпайт. Эгер Кудайдыкы болсо, анда токтото албайсыңар. Абайлагыла, Кудайдын өзүнө каршы чыгып калып жүрбөгүлө»,— дейт (Элч. 5:38, 39). Гамалеилдин сөзү жөндүү көрүнгөндүктөн, соттор анын айтканына көнөт. Анан элчилерди сабатып туруп, «Исанын атынан сүйлөгөнгө тыюу салып, коё беришет» (Элч. 5:40).

13 Бул окуядан көрүнүп тургандай, Жахаба элин коргош үчүн айрым учурларда Гамалеил сыяктуу кадыр-барктуу кишилерди колдонуп коюшу мүмкүн (Накыл 21:1). Ал ыйык руху аркылуу таасирдүү бийлик башчыларына, сотторго же мыйзам чыгаруучуларга өзүнүн эркине ылайык иш кылганга түрткү бериши ыктымал (Нек. 2:4—8). Бирок кээде «адилдик үчүн азап чегишибизге» жол бериши да мүмкүн. Андайда эки нерседен шектенбесек болот (1 Пет. 3:14). Биринчиден, Жахаба бизге туруштук бергенге сөзсүз күч берет (1 Кор. 10:13). Экинчиден, душмандар Кудайдын ишин эч качан «токтото албайт» (Ыш. 54:17).

14, 15. а) Элчилер кордук көргөнүнө кандай караган жана эмне үчүн? б) Жахабанын элинин кыйынчылыктарды кубаныч менен көтөрөрүн кайсы мисал көрсөтүп турат?

14 Элчилердин кордук көргөнүнө көңүлү чөгүп, ындыны сууп калганбы? Түк да. Алар «Жогорку соттон кубанып чыгып кетишкен» (Элч. 5:41). Эмне үчүн? Элчилер кордук көргөнүнө эмес, Жахабанын алдында кынтыксыз калганы үчүн, Исанын изи менен так басканы үчүн куугунтукталып жатканына кубанган (Мт. 5:11, 12).

15 Исанын 1-кылымдагы жолдоочуларындай болуп, биз да жакшы кабар айтканыбыз үчүн ар кандай кыйынчылыктарга кабылганда кубанычыбызды жоготпойбуз (1 Пет. 4:12—14). Албетте, азап чеккенибизге, куугунтукталганыбызга же түрмөгө камалганыбызга кубанбайбыз. Биз Жахабанын алдында кынтыксыздыгыбызды сактай алганыбызга кубанабыз. Тоталитардык режим учурунда ырайымсыз мамилеге чыдаган Хенрик Дорник аттуу ишенимдешибиздин окуясына токтололу. 1944-жылы августта бийликтегилер аны жана анын бир тууганын концлагерге жөнөтүшкөн. Душмандар алар тууралуу: «Буларды такыр көндүрө албайсың. Булар азап чексе, кайра жыргайт»,— деген. Дорник болсо мындай дейт: «Мен азап тартканыма эмес, мүңкүрөп калбай, Жахабанын алдында берилгендигимди сактап, кайраттуу болгонума сүйүнөм» (Жкп. 1:2—4).

Элчилердей болуп, биз да «үймө-үй кыдырып» кабар айтабыз

16. Элчилер кылдат күбөлөндүрүүгө чечкиндүү экенин кантип көрсөтүшкөн жана биз аларды кантип туурап жатабыз?

16 Бошотулгандан кийин элчилер дароо эле кабар айтканга киришкен. «Алар күн сайын элди ибадатканада жана үймө-үй кыдырып окутуп, Машаяк Иса жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялай беришкен» d (Элч. 5:42). Ооба, ал ынталуу жарчылар кылдат күбөлөндүрүүгө чечкиндүү болушкан. Алардын Исанын буйругуна баш ийип, кабарды үйлөрдү кыдырып айтканына көңүл бурсаң (Мт. 10:7, 11—14). Ошенткени үчүн алардын окуулары Иерусалимге кеңири жайылган. Бүгүн да Жахабанын Күбөлөрү, элчилердей болуп, үйдөн үйгө кабар айтышат. Аймагыбыздагы ар бир үйгө киргенде бир да кишини калтырбай кабар айткыбыз келерин көрсөтөбүз жана ар бир адамдын кабарды угушуна шарт түзөбүз. Үйдөн үйгө кабар айтканыбызга Жахаба батасын берип жатабы? Албетте! Соңуна чыгып бараткан азыркы дүйнөдө миллиондогон адамдар Падышалык жөнүндөгү кабарга кулак кагып жатат. Алардын көбү жакшы кабарды биринчи жолу Жахабанын Күбөлөрү алардын үйүнө барганда угушкан.

«Бул жооптуу ишке ошолорду дайындайлы» (Элчилер 6:1—6)

17—19. Жыйналыштын биримдигине доо кетире турган кандай көйгөй пайда болгон жана аны чечиш үчүн элчилер эмне кылган?

17 Жаңы уюшулган жыйналышта билинбеген, бирок коркунуч туудурган бир көйгөй пайда болгон. Чөмүлгөн жаңы шакирттердин көбү Кудай жөнүндө дагы көбүрөөк билиш үчүн Иерусалимде бир нече убакытка калган эле. Иерусалимде жашаган шакирттер аларды тамак-аш жана башка нерселер менен камсыз кылыш үчүн чын жүрөктөн акча тартуу кылган (Элч. 2:44—46; 4:34—37). Бирок ошол убакта абайлап чечилиши керек болгон бир маселе туулган: «күнүмдүк тамак-аш бөлүштүрүлгөндө», грекче сүйлөгөн жесирлер «өздөрүнө тиешелүүсүн албай калып жатышкан» (Элч. 6:1). Ал эми еврейче сүйлөгөн жесирлерге тийиштүү түрдө кам көрүлгөн. Сыягы, көйгөй улутчулдуктан улам келип чыккан. Бул жыйналыштын биримдигине чынында эле доо кетирмек.

18 Өсүп келаткан жыйналыштын жетектөөчү кеңеши катары кызмат кылган элчилер «тамак-аш бөлүштүрөбүз деп, «Кудайдын сөзүн окутканын» токтотуп койгону жакшы эмес экенин түшүнгөн (Элч. 6:2). Ошондуктан көйгөйдү чечиш үчүн шакирттерге бул «жооптуу ишке» «Кудайдын ыйык рухуна толгон, акылдуу, жакшы атка конгон 7 кишини тандоону» сунуш кылган (Элч. 6:3). Ал ишке жөндөмдүү кишилер керек болгон, себеби алар тамак-аш бөлүштүргөндөн тышкары, түшкөн акчаны бөлүштүргөнгө, азык-түлүк сатып алганга жана акчанын эсебин чыгарып турганга да жооптуу болушмак. Тандалган эркектердин аттары грекче болгондуктан, нааразы болгон жесирлер аларга оңой кайрыла алышкан көрүнөт. Элчилер ал жети эркекке берилген кепилдемени Кудайдан тиленип алып карап чыккандан кийин аларды ошол «жооптуу ишке» дайындашкан e.

19 Тамак-аш бөлүштүргөнгө дайындалган ал эркектер кабар айтуу милдетинен бошотулганбы? Жок. Мисалы, алардын арасында Степан да бар болчу. Аны башкалар кайраттуу, кабарды ынталуу айткан киши катары билишчү (Элч. 6:8—10). Жети эркектин арасында Филип да болгон. Ыйык Китепте анын «жакшы кабар таратуу» жагынан белгилүү болгону айтылат (Элч. 21:8). Мындан тандалган жети кишинин Падышалык тууралуу мурдагыдай эле ынталуу кабар айта беришкенин көрүүгө болот.

20. Бүгүнкү күндөгү Кудайдын эли элчилердин үлгүсүнө кантип карманып жатышат?

20 Бүгүнкү күндө Жахабанын эли элчилердин үлгүсүнө карманат. Жыйналыштагы жоопкерчиликтерди аркалай турган эркектердин Жахабадай ой жүгүртөрү жана жашоосунда ыйык рухтун жетегине баш иери айкын көрүнүп турушу керек. Ыйык Китептеги талаптарга жооп берген эркектер Жетектөөчү Кеңештин жетеги менен жыйналышка аксакал же кызмат жардамчысы болуп дайындалат f (1 Тим. 3:1—9, 12, 13). Талаптарга жооп берген ал эркектерди ыйык рух аркылуу дайындалды деп айтсак болот. Алар күжүрмөн эмгектенип, көп иштерди кылышат. Маселен, жардамга муктаж болгон кары ишенимдештерине ар кандай жолдор менен көмөк көрсөтөт (Жкп. 1:27). Айрымдары Падышалык залдарын курганга катышат, жыйындарды уюштурат же Ооруканалар менен байланышуу комитети менен кызматташат. Кызмат жардамчылары болсо аксакалдарга кайтаруучулук жана окутуу иштеринде кол кабыш кылат. Анткен менен бул иштерде жетекчиликти аксакалдар колго алат. Жоопкерчилик артылган эркектердин баары тең салмактуу болуп, жыйналыштагы жана уюмдагы башка иштерди уюштургандан тышкары, кабар айтуу ишине да жигердүү катышышы талап (1 Кор. 9:16).

«Кудайдын сөзү кеңири жайыла» берген (Элчилер 6:7)

21, 22. Жахаба жаңы уюшулган жыйналышка батасын бергенин кайдан билсек болот?

21 Жаңы уюшулган жыйналыштагы шакирттер ичтен чыккан көйгөйдү, сырттан келген куугунтукту Жахабанын жардамы менен жеңген. Жахабанын аларга батасын бергени айкын болгон. Ыйык Китепте мындай делет: «Кудайдын сөзү кеңири жайылып, Иерусалимдеги шакирттер көбөйгөндөн көбөйө берди. Дин кызматчылардын ичинен да көптөр Исанын жолун жолдой башташты» (Элч. 6:7). Бул жыйналыштын сан жагынан өскөнүн көрсөткөн Элчилер китебиндеги бир эле мисал (Элч. 9:31; 12:24; 16:5; 19:20; 28:31). Падышалык жөнүндөгү кабардын бүгүнкү күндө да кеңири таралып жатканын укканда абдан сүйүнөбүз.

22 Исанын жолдоочуларын жек көргөн 1-кылымдагы диний жетекчилер ошону менен эле тим болуп калган эмес. Шакирттерди алдыда дагы чоң сыноолор күтүп турган. Кийинки бөлүмдөн биле турганыбыздай, Степан катуу каршылыкка туш болгон.

b Бул — Элчилер китебиндеги «периште» деген сөз кездешкен аяттардын биринчиси. Негизи, бул китепте периште деген сөз 20дай жолу кездешет. Ага чейин Элчилер 1:10до периштелер «ак кийимчен» кишилер катары сүрөттөлгөн.

c « Гамалеил — кадыр-барктуу рабби» деген кутучаны кара.

d « „Үймө-үй“ кабар айтуу» деген кутучаны кара.

e Ал «жооптуу иш» олуттуу болгондуктан, тандалган эркектер аксакалдарга коюлган талаптарга жооп бериши керек болчу. Бирок Ыйык Китепте эркектердин жыйналышка аксакал же көзөмөлчү болуп качантан тартып дайындала баштаганы так айтылбайт.

f 1-кылымда Ыйык Китептеги принциптерди жакшы билген айрым эркектерге башкаларды аксакал кылып дайындаганга бийлик берилчү (Элч. 14:23; 1 Тим. 5:22; Тит 1:5). Бүгүнкү күндө Жетектөөчү Кеңеш райондук көзөмөлчүлөрдү дайындайт. Ал эми райондук көзөмөлчүлөр аксакалдар менен кызмат жардамчыларын дайындайт.