Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

«Менин күбөлөрүм болосуңар»

«Менин күбөлөрүм болосуңар»

Исанын элчилерин кабар айтуу ишинде жетекчиликти колго алууга даярдашы

Элчилер 1:1—26-аяттарга негизделди

1—3. Иса элчилери менен кантип коштошкон жана бизде кандай суроолор туулат?

 ЭЛЧИЛЕР ушинтип эле баары бүтүп калышын каалаган эмес. Алар акыркы бир нече жумада көптөгөн өзгөчө окуяларга күбө болушкан. Исанын тирилиши алардын кайгысын чоң кубанычка айланткан. Иса 40 күн бою шакирттерине бир нече жолу көрүнүп, аларды окутуп-үйрөтүп, бекемдеп келген. Бүгүн болсо алар менен акыркы жолу жолугушууда.

2 Зайтун тоосунда турган элчилер Устатынын ар бир сөзүн кулагынан кыя өткөрбөй угуп жатышат. Иса сөзүн аяктагандан кийин колун көтөрүп аларга батасын берет. Бирок ошол убакыт элчилер үчүн көз ачып-жумганча эле өтүп кеткендей сезилет. Анан Иса жерден асманга көтөрүлө баштайт. Ошол тапта элчилери андан көзүн албай карап турушат. Иса барган сайын алыстап, карааны булуттардын арасынан көрүнбөй калат. Бирок элчилер көпкө чейин асманды карап тура беришет (Лк. 24:50; Элч. 1:9, 10).

3 Бул окуя Исанын элчилеринин жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн. Алар Устаты Иса Машаяк асманга кеткенден кийин эмне кылышкан? Исанын аларды өзү баштаган ишти улантууга даярдаганына эч күмөн санабасак болот. Иса шакирттерин маанилүү ишти аткарууга кантип даярдаган? Алар ал ишти кантип аткарышкан? Мунун Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочуларына кандай тиешеси бар? Элчилер китебинин биринчи бөлүмүнөн ушул суроолорго жооп алабыз.

«Көптөгөн төгүндөлгүс далилдер» (Элчилер 1:1—5)

4. Лука Элчилер китебин эмне деп баштаган?

4 Элчилер китебин Лука Теопил деген кишиге кайрылуу менен баштайт. Ал өзүнүн Инжилин да ошентип баштаган a. Элчилер китебин Лука Инжилинин уландысы деп айтса болот. Анткени Лука Элчилер китебин өзүнүн Инжилиндеги окуяларды корутундулоо менен баштаган. Болгону эле, бул китепте бир аз башка сөздөрдү колдонуп, айрым жаңы маалыматтарды кошкон.

5, 6. а) Исанын жолдоочулары ишенимин канткенде бекем сактай алышат? б) Биздин ишенимибиз «көптөгөн төгүндөлгүс далилдерге» негизделген деп эмне үчүн айта алабыз?

5 Исанын жолдоочулары ишенимин кантип бекем сактай алышат? Элчилер 1:3төн: «[Иса] өзүнүн тирүү экенин көптөгөн төгүндөлгүс далилдер менен көрсөттү»,— дегенди окуйбуз. «Төгүндөлгүс далилдер» деген сөз айкашын Ыйык Китепте «сүйүктүү... дарыгер» Лука гана колдонгон (Кол. 4:14). Адатта, бул сөз айкашы медициналык адабияттарда колдонулган жана далилдердин төгүндөлгүс, ишенүүгө татыктуу экенин билдирген. Иса дал ушундай далилдерди көрсөткөн. Ал жолдоочуларына бир нече жолу көрүнгөн: кээде бир же эки элчисине көрүнсө, айрым учурда бир эле маалда бүт элчилерине көрүнгөн. Дагы бир жолу ал 500дөн ашуун жолдоочусуна көрүнгөн (1 Кор. 15:3—6). Чынында эле, мындан артык төгүндөлгүс далил болбос!

6 Бүгүнкү күндө биздин ишенимибиз да ушундай «көптөгөн төгүндөлгүс далилдерге» негизделет. Исанын жерде жашаганына, күнөөлөрүбүз үчүн өлгөнүнө жана кайра тирилгенине далилдер барбы? Албетте, бар! Кудайдын ыйык руху менен жазылган Ыйык Китепте булардын баарын өз көзү менен көргөндөрдүн айткандары жазылган. Ал окуяларды кунт коюп изилдеп, билгендерибизди колдонсок, ишенимибизди арттыра алабыз. Төгүндөлгүс далилдерге негизделген чыныгы ишеним ишенчээктиктен айырмаланат. Чыныгы ишеним болбосо, түбөлүк өмүр ала албайбыз (Жкн. 3:16).

7. Окутуу жана кабар айтуу жагынан Иса шакирттерине кандай үлгү калтырган?

7 Иса элчилерине «Кудайдын Падышалыгына» байланыштуу айрым нерселерди да айтып берген. Мисалы, өзүнүн азап чегип өлөрү жөнүндөгү пайгамбарлыктарды түшүндүргөн (Лк. 24:13—32, 46, 47). Машаяк катары аткара турган ролун айтып берип жатканда Кудайдын Падышалыгына басым койгон. Себеби ал ошол Падышалыктын Кудай дайындаган Падышасы болчу. Иса жерде жүргөндө дайыма Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айткан. Анын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары да кабар айтканда ошого басым жасашат (Мт. 24:14; Лк. 4:43).

«Жердин учу-кыйырына чейин» (Элчилер 1:6—12)

8, 9. а) Исанын элчилери кайсы эки нерсе тууралуу жаңылыш ойдо болушкан? б) Иса элчилеринин жаңылыш оюн кантип тууралаган жана андан биз эмнени үйрөнө алабыз?

8 Элчилер Зайтун тоосунда чогулушканда Иса менен акыркы жолу көрүшүшкөн. Ошондо алар: «Мырзам, Ысрайылда падышалыкты азыр калыбына келтиресиңби?» — деп сурашкан (Элч. 1:6). Мындан алардын ошол убакка чейин эки нерсе тууралуу жаңылыш ойдо болушканын байкаса болот. Биринчиден, алар Кудайдын Падышалыгы кадимки Ысрайылдын үстүнөн башкарат деп ойлошкон. Экинчиден, алардын «азыр» деген сөзүнөн көрүнүп тургандай, убадаланган Падышалык ошол учурда бийлик жүргүзө баштайт деп күтүшкөн. Иса алардын ой жүгүртүүсүн кантип оңдогон?

9 Иса элчилеринин биринчи жаңылыш оюн тууралабай эле коюуну чечкен. Анткени аны алар көп өтпөй эле түшүнөрүн билген. Элчилер 10 күндөн кийин эле жаңы элдин — рухий Ысрайылдын — төрөлүшүнө күбө болушмак. Кудай кадимки Ысрайыл менен болгон мамилесин жакында биротоло үзмөк. Ал эми элчилеринин экинчи жаңылыш оюна байланыштуу Иса: «Силерге Атам белгилеген убакыт-мөөнөттөрдү билиштин зарылдыгы жок»,— деп жумшактык менен айткан (Элч. 1:7). Ооба, убакыт-мөөнөттөрдү белгилөө Жахабанын гана колунда. Иса жерде жүргөндө «ал күндү жана саатты» атүгүл өзү да билбей турганын, аны Атасы гана билерин айткан (Мт. 24:36). Бүгүнкү күндө Исанын жолдоочулары бул дүйнөнүн качан жок болорун ойлоп өтө эле тынчсыздана беришсе, өздөрүнө тиешеси жок нерсеге тынчсызданган болуп калат.

10. Исанын элчилеринен эмнеге үйрөнсөк болот жана эмне үчүн?

10 Биз Исанын элчилери жөнүндө туура эмес ойдо болуудан качышыбыз керек. Анткени алардын ишеними күчтүү болгон. Иса элчилеринин жаңылып жатканын айтканда, алар аны туура кабыл алып, момун экенин көрсөтүшкөн. Алардын түшүнүгү туура эмес болсо да, аны өзгөрткөнгө даяр болушкан. Иса жолдоочуларын бир нече ирет «сергек болууга» чакырган (Мт. 24:42; 25:13; 26:41). Ошон үчүн алар сергек туруп, Жахабанын жакында иш-аракет кыла турганын көрсөткөн белгилерге көңүл бурушкан. Биз да Исанын элчилеринен үлгү алышыбыз керек. Бул азыркы «акыркы күндөрдө» абдан маанилүү (2 Тим. 3:1—5).

11, 12. а) Иса жолдоочуларына кандай иш тапшырган? б) Исанын кабар айтуу иши жөнүндө сөз кылардан мурун ыйык рух жиберилерин айтканы эмне үчүн көңүлгө аларлык?

11 Иса элчилерине аларды биринчи кезекте эмне тынчсыздандырышы керектигин айткан. Ал: «Силерге Кудайдын ыйык руху берилгенде, күчкө толосуңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген (Элч. 1:8, шилт.). Исанын тирилиши жөнүндөгү кабар адегенде Иерусалимде, Иса өлүмгө кыйылган жерде, жарыяланмак. Ал жерден ал кабар бүткүл Жүйүт аймагына, андан соң Самарияга жана башка жерлерге тарамак.

12 Байкасаң, Иса ыйык рухтун жиберилери жөнүндөгү убадасын кайрадан айткандан кийин гана кабар айтуу иши жөнүндө сөз кылган. Элчилер китебинде «ыйык рух» деген сөз айкашы 40тан ашык жолу кездешет. Ооба, бул китепте Жахабанын эркин ыйык рухтун жардамысыз аткара албасыбыз айкын көрсөтүлөт. Андыктан дайыма ыйык рух сурап тиленгенибиз абдан маанилүү! (Лк. 11:13). Биз, өзгөчө, азыркы убакта ыйык рухтун жардамына муктажбыз.

13. Бүгүнкү күндө кабар айтуу иши канчалык кеңири кулач жаюуда жана биз ага эмне үчүн жан-дилден катышышыбыз керек?

13 Исанын элчилеринин убагындагы «жердин учу-кыйырына чейин» деген түшүнүк бүгүнкү күндө такыр башка мааниге ээ. Мурунку бөлүмдө баса белгиленгендей, Жахабанын Күбөлөрү бүгүнкү күндө жердин булуң-бурчунда жакшы кабар таратууда. Анткени алар Кудайдын ал кабарды баарынын угушун каалаарын билет (1 Тим. 2:3, 4). Адамдардын өмүрүн сактап кала турган ал ишке сен да жан-дилиң менен катышып жатасыңбы? Азыркы учурда мындан артык маңыздуу жана канааттануу тартуулаган иш жок! Аны аткара алышың үчүн Жахаба сага сөзсүз күч берет. Элчилер китебинен кабарды натыйжалуу айтыш үчүн кандай ыкмаларды колдонушубуз жана ал ишке кандай карашыбыз керектигине байланыштуу көп нерселерди биле алабыз.

14, 15. а) Периштелер Исанын кайтып келерине байланыштуу эмне дешкен жана алардын сөзү эмнени билдирген? (Шилтемени да кара.) б) Иса кандай мааниде «ошондой жол менен» кайтып келген?

14 Бул бөлүмдүн башында айтылгандай, Иса жерден асманга көтөрүлүп, анан көздөн кайым болгон. Бирок 11 элчи асмандан көзүн албай карап тура беришкен. Ошондо эки периште пайда болуп, аларга: «Галилеялыктар, эмнеге асманды карап турасыңар? Асманга алынып кеткен бул Иса силердин көзүңөрчө асманга кандай көтөрүлүп кетсе, кайра ошондой жол менен келет»,— дешкен (Элч. 1:11). Айрым диндер окуткандай, периштелер Исанын асманга кандай денеде көтөрүлсө, ошондой денеде кайтып келерин айтышты беле? Жок. Эмне үчүн минтип айта алабыз?

15 Периштелер Исанын кандай денеде эмес, кандай «жол менен» кайтып келерин айткан b. Иса кандай жол менен көтөрүлүп кеткен? Периштелер элчилерге сүйлөп жаткан учурда Иса эчак көздөн кайым болгон. Исанын жерден асманга, Атасына, көтөрүлүп баратканын ошол бир нече элчи эле көргөн. Машаяк кандай жол менен асманга көтөрүлсө, кайра «ошондой жол менен» кайтып келмек. Кийин, чынында эле, ошондой болгон. Бүгүн Исанын Падыша катары башкарып жатканын Кудайдын Сөзүндөгү так билимге ээ болгондор гана баамдай алышат (Лк. 17:20). Биз анын башкарып жатканын көрсөткөн белгилерди аңдашыбыз жана башкалар да убакыт аз калганын түшүнүшү үчүн аларга ошол белгилер жөнүндө айтышыбыз керек.

«Бул эки кишинин кимисин тандаганыңды... көрсөтө көр» (Элчилер 1:13—26)

16—18. а) Элчилер 1:13, 14төн Исанын жолдоочуларынын жыйналыштары жөнүндө эмнени билүүгө болот? б) Исанын энеси Мариям кандай үлгү калтырган? в) Жолугушууларыбыз биз үчүн эмне себептен маанилүү?

16 Иса асманга көтөрүлүп кеткенден кийин, элчилер «Иерусалимге аябай кубанып кайтып келишкен» (Лк. 24:52). Эми алар Исанын көрсөтмөлөрүнө кандай жооп кайтарат эле? Элчилер китебинин 1-бөлүмүнүн 13, 14-аяттарынан алардын үйдүн «үстүнкү бөлмөсүнө» чогулушканын жана жыйналыш жөнүндө айрым кызыктуу нерселерди билебиз. Палестинадагы үйлөрдүн, адатта, үстүнкү бөлмөсү боло турган. Ал бөлмөгө сырттагы тепкич менен чыгышчу. Чамасы, ушул аяттардагы үстүнкү бөлмө Элчилер 12:12де айтылган Марктын энесинин үйүнүн үстүнкү бөлмөсү болгон. Кандай болбосун, ал жер Исанын жолдоочуларына чогулганга ыңгайлуу жай болгон. Ал жерге кимдер чогулушкан жана эмне кылышкан?

17 Кызыктуусу, ал жерге элчилер эле же эркек кишилер эле чогулган эмес. Ал жерге аялдар да, анын ичинде Исанын энеси Мариям да барган. Ыйык Китептин ушул аятында Мариям жөнүндө акыркы жолу айтылат. Анын атакка умтулбастан, момун болгонунан, башка ишенимдештери менен бирге Кудайга сыйыныш үчүн чогулганынан үлгү алсак болот. Мариям Исанын көзү тирүүсүндө аны жолдобогон 4 уулунун убакыттын өтүшү менен Исанын жолдоочусу болгонуна абдан кубанса керек (Мт. 13:55; Жкн. 7:5). Иса өлүп, кайра тирилгенден кийин, алар оюн өзгөртүшкөн (1 Кор. 15:7).

18 Элчилердин ал жакка эмне үчүн чогулушканына да көңүл бурсаң. Алар «дайыма чогулуп, тиленип жүрүшкөн» (Элч. 1:14). Кудайга сыйыныш үчүн чогулуп туруу Исанын жолдоочулары үчүн абдан маанилүү болгон. Биз бири-бирибизди кубаттандырыш үчүн, Кудайдын көрсөтмөлөрүн жана кеңештерин угуш үчүн, эң негизгиси, ага биримдикте сыйыныш үчүн чогулабыз. Жыйналыштарда Кудайдан тиленгенибиз жана аны даңктап ырдаганыбыз Жахабага абдан жагымдуу. Бул өзүбүз үчүн да маанилүү. Келгиле, мындай ыйык жана рухий жактан сергиткен жыйналыштарыбызды эч качан калтырбайлы! (Евр. 10:24, 25).

19—21. а) Петирдин демилгени колго алганынан эмнени биле алабыз? б) Жүйүттүн ордуна эмне үчүн башка бирөө тандалышы керек болчу жана элчилердин аны кантип тандаганынан эмнеге үйрөнө алабыз?

19 1-кылымда жыйналышта бир орчундуу маселе туулган. Ошондо Петир демилгени колго алган (Элч. 1:15—26). Бир нече жума мурун Мырзасынан үч жолу баш тартканына карабай, Жахабанын Петирге ушундай жоопкерчиликтүү иш тапшырганын билүү кандай гана жубатат! (Мр. 14:72). Ооба, баарыбыз тең жаңылабыз. Бирок чын жүрөктөн өкүнсөк, Жахабанын «жакшылык кыларын» жана «кечиргенге даяр» экенин унутпашыбыз керек (Заб. 86:5).

20 Петир чыккынчы Жүйүттүн ордуна башка бирөө тандалышы керектигин түшүнгөн. Бирок ким тандалышы керек эле? Жүйүттүн ордуна Исанын көзү тирүүсүндө аны жолдогон жана анын тирилгенине күбө болгон киши тандалышы керек болчу (Элч. 1:21, 22). Бул Исанын убадасына ылайык болгон. Иса: «Силер.., менин жолумду жолдогондор, 12 тактыга отуруп, Ысрайылдын 12 уруусуна бийлик кылып, сот жүргүзөсүңөр»,— деген (Мт. 19:28). Ооба, Жахаба Исанын 12 элчисинин Жаңы Иерусалимдин пайдубалын түзгөн «12 таш» болушун ниет кылган көрүнөт (Аян 21:2, 14). Ошондуктан ал Петирге Забур 109:8деги: «Көзөмөлчүлүк милдети башкага берилсин»,— деген пайгамбарлыкта Жүйүт жөнүндө айтылганын түшүнүүгө жардам берген.

21 Жаңы элчи кантип тандалган? Элчилер өкчөмө таш ыргытышкан. Өкчөмө таш ыргытуу байыркы убакта кеңири колдонулган (Накыл 16:33). Ыйык Китепте өкчөмө таш тууралуу акыркы жолу ушул аятта айтылат. Сыягы, ыйык рух төгүлгөндөн кийин өкчөмө таш ыргытуунун зарылдыгы болбой калган. Элчилер эмне үчүн өкчөмө таш ыргытышкан? Алар: «Оо, Жахаба, сен ар бир адамдын жүрөгүн билесиң. Ошондуктан бул эки кишинин кимисин тандаганыңды... көрсөтө көр»,— деп тиленишкен (Элч. 1:23—25). Ооба, алар жаңы элчини Жахаба тандашын каалаган. Жүйүттүн ордуна Матий тандалган. Кыязы, Матий Иса кабар айтууга жөнөткөн 70 шакирттин бири болгон. Ошентип, ал «12 элчинин» катарына кошулган c (Элч. 6:2).

22, 23. Жетекчиликти колго алгандарга эмне үчүн баш ийишибиз керек?

22 Бул окуядан Кудайдын элинин арасында уюшкандыктын маанилүү экенин билүүгө болот. Ушул күнгө чейин жоопкерчиликтүү эркектер жыйналышта аксакал болуп дайындалып келишет. Кимдир бирөөнү ушундай кызматка дайындаарда аксакалдар Ыйык Китептеги аксакал болгусу келгендерге коюлган талаптарды талкуулап, Жахабадан ыйык руху аркылуу жетектешин суранышат. Ошондуктан андай эркектер ыйык рух аркылуу дайындалат деп айтсак болот. Эгер биз аларга баш ийип, жетекчилигине ылайык иш кылсак, жыйналыштагы биримдикке өбөлгө түзөбүз (Евр. 13:17).

Биз жетекчиликти колго алгандарга баш иебиз

23 Исанын 1-кылымдагы шакирттери анын тирилгенине күбө болуп, ишеними бекемделген жана уюштуруу иштери жүргүзүлүп, бекем түптөлүшкөн. Ошентип, алдыдагы окуяларга даяр болуп калышкан. Кийинки бөлүмдөн ошол окуялар тууралуу билебиз.

a Лука өзүнүн Инжилинде Теопилге: «Улуу урматтуу»,— деп кайрылган. Ошондон улам айрымдар Теопил кадыр-барктуу киши болгон жана ошол учурда Исанын жолдоочусу боло элек болгон деп эсептешет (Лк. 1:3). Бирок Элчилер китебинде Лука ага жөн эле: «Теопил»,— деп кайрылган. Айрым окумуштуулар Теопил Луканын Инжилин окугандан кийин Исанын жолдоочусу болгон деп божомолдошот. Ошондуктан Элчилер китебинде Лука Теопилге ишенимдеши катары атынан эле кайрылган деп айтышат.

b Ыйык Китептин бул аятында «ошондой түрдө» деген маанини берген грекче морфеʹ деген сөз эмес, «ошондой жол менен» деген маанини билдирген троʹпос деген сөз колдонулган.

c Кийин Пабыл «башка элдерге жиберилген элчи» болуп дайындалган. Бирок 12 элчинин катарына кирген эмес (Рим. 11:13; 1 Кор. 15:4—8). Ал Исанын көзү тирүү кезинде анын жолдоочусу болбогондуктан, ошол өзгөчө сыймыктуу жоопкерчилик берилген эмес.