7-БӨЛҮМ
«Иса тууралуу жакшы кабардын» таратылышы
Филип кабар айтуу жагынан мыкты үлгү калтырган
Элчилер 8:4—40-аяттарга негизделди
1, 2. Душмандар кабар айтуу ишин токтотуш үчүн эмне кылышкан жана мунун натыйжасы кандай болгон?
ИСАНЫН жолдоочулары катуу куугунтукка кабылат. Шабыл жыйналышка «ырайымсыздык менен» кысым көрсөтө баштайт (Элч. 8:3). Куугунтуктун айынан шакирттер башка жактарга качышат. Ошондо айрымдарга Шабылдын Исанын жолдоочуларын жер менен жексен кылам деген ою ишке ашчудай көрүнөт. Бирок Исанын жолдоочуларынын башка жерлерге чачырап кеткени жакшы натыйжага алып келген. Кандайча?
2 Алар барган жерлеринде «Кудайдын сөзүн жарыялай» башташкан (Элч. 8:4). Куугунтук жакшы кабардын жарыяланышына тоскоолдук кылбай эле, кайра анын кеңири жайылышына шарт түзүп койгон. Ошентип, душмандар өздөрү билбей эле, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабардын алыскы аймактарга жетишине өбөлгө түзүшкөн. Бул бөлүмдөн биле турганыбыздай, бүгүнкү күндө да ушундай болууда.
«Чачырап кеткен шакирттер» (Элчилер 8:4—8)
3. а) Филип деген ким болгон? б) Бир кезде Самарияда эмне үчүн кабар айтылган эмес, бирок Иса ал аймакка байланыштуу эмнени алдын ала айткан?
3 «Чачырап кеткен шакирттердин» арасында Филип да болгон a (Элч. 8:4; 53-беттеги « „Жакшы кабар тараткан“ Филип» деген кутучаны кара). Куугунтук башталганда ал Самарияга барган. Ал жакта жакшы кабар көпчүлүккө айтыла элек болчу. Анткени Иса бир жолу элчилерине: «Самариялыктардын бир да шаарына кирбегиле. Анын ордуна, жоголгон койлорго окшогон ысрайылдыктарга кайра-кайра баргыла»,— деп айткан (Мт. 10:5, 6). Бирок Иса Самарияда да кийин кабар айтыларын билген, себеби асманга көтөрүлөр алдында элчилерине: «Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин мен жөнүндө күбөлөндүрөсүңөр»,— деген (Элч. 1:8).
4. Самариялыктар Филиптин айткандарын кандай кабыл алышкан жана эмне үчүн?
4 Филип Самариянын «оргонго даяр болуп, бышып калганын» көргөн (Жкн. 4:35). Ал айткан кабар самариялыктарды таза аба сыяктуу сергиткен. Кандайча? Негизи, жүйүттөр самариялыктар менен сүйлөшчү эмес. Ал тургай көптөрү аларды жек көрүшчү. Ал эми жакшы кабар баарына тегиз айтылган жана ал фарисейлердин окууларынан аябай эле айырмаланган. Самариялыктар ушул кескин айырманы байкашкан. Филип бет карамалык кылбай, аларга жакшы кабарды бүт ынтасы менен жарыялаган. Мындан ага самариялыктарга карата бейкалыс көз карашта болгондордун таасир этпегени көрүнгөн. Мына ошондуктан самариялыктар Филиптин айткандарын «дит коюп угушкан» (Элч. 8:6).
5—7. Исанын жолдоочуларынын «чачырап кетиши» жакшы кабардын жайылышына шарт түзгөнүн кайсы окуялар көрсөтүп турат?
5 Бүгүнкү күндө да, 1-кылымдагыдай эле, куугунтуктун айынан кабар айтуу иши токтоп калган жок. Тескерисинче, ишенимдештерибизди башка жакка кетүүгө аргасыз кылгандар же түрмөгө камагандар Падышалык жөнүндөгү кабардын көптөргө жетишине шарт түзүшкөн. Мисалы, Экинчи дүйнөлүк согуш убагында нацисттик концлагерлерге камалса да, боордошторубуз ал жактагыларга кабар айтышкан. Ошол жерден Жахабанын Күбөлөрү менен таанышкан бир еврей мындай деген: «Алардын тайманбастыгын көрүп, алар ишенген нерселер Ыйык Жазмага негизделерине көзүм жетти. Ошон үчүн мен да Жахабанын Күбөсү болдум».
6 Кызыктуусу, куугунтуктагандардын өздөрү да жакшы кабарды кабыл алган учурлар болгон. Маселен, Франц Деш деген Жахабанын Күбөсү Гюзендеги (Австрия) концлагерге которулганда ал жерден ССтин офицери менен Ыйык Китепти изилдеген. Бир канча жылдан кийин алар жыйындан жолугушкан. Ошондо экөө тең Падышалыктын жарчысы экенин билгенде төбөсү көккө жете кубанышкан!
7 Исанын жолдоочулары куугунтуктун айынан башка өлкөгө кетүүгө аргасыз болгондо да ушу сыяктуу окуялар болгон. Айталы, 1970-жылдары Малавидеги жарчылар Мозамбикке качып барганда, жакшы кабар көптөргө жеткен. Кийинчерээк ал жакта да куугунтук башталган. Бирок жакшы кабар жарыялана берген. Ошол учур тууралуу Франсиску Коана мындай деп эскерет: «Кабар айтканыбыз үчүн айрымдарыбыз бир эмес, бир нече жолу камакка алынганбыз. Бирок көптөрдүн жакшы кабарга кулак кагып жатканын көргөндө Кудайдын, 1-кылымдагыдай эле, бизге да жардам берип жатканына ынанганбыз».
8. Согуш жана жумушсуздук сыяктуу кыйынчылыктар жакшы кабардын таралышына кандайча шарт түзүүдө?
8 Жакшы кабардын башка жерлерде кеңири жайылышына куугунтуктан башка да нерселер өбөлгө түзүп келет. Маселен, акыркы жылдары согуштун же жумушсуздуктун айынан көптөр башка өлкөлөргө көчүп кеткенге аргасыз болууда. Мунун аркасында аларга жакшы кабар укканга шарт түзүлүп жатат. Качкындарга өз эне тилинде кабар айтылышы үчүн атайын топтор түзүлүүдө. Сен да өз өлкөңдөгү «ар бир элден, улуттан, уруудан чыккан» жана «ар кандай тилдерде сүйлөгөн» адамдарга кабар айтканга аракет кылып жатасыңбы? (Аян 7:9).
«Мага да ушундай бийлик бергилечи» (Элчилер 8:9—25)
9. Симон ким болгон жана аны эмне таасирленткен?
9 Филип Самарияда көп керемет жасаган. Мисалы, шал болуп калгандарды айыктырган, атүгүл жиндерди кууп чыгарган (Элч. 8:6—8). Филиптин кереметтерин көрүп бир киши өзгөчө таасирленген. Ал сыйкырчылык кылган Симон деген киши болгон. Аны эл: «Бул кишиде Кудайдын кудуреттүү күчү бар»,— деп кадырлап-сыйлачу. Эми болсо Симон Филип жасаган кереметтерге күбө болуп, Кудайдын чыныгы күчүн көргөн. Ошентип, Исанын жолдоочусу болуп калган (Элч. 8:9—13). Бирок кийинчерээк Симондун ниети сыналган. Кандайча?
10. а) Петир менен Жакан Самарияда эмне кылышкан? б) Жаңы шакирттердин ыйык рух алышканын көргөндө Симон эмне кылган?
10 Элчилер Самариядагы өсүш жөнүндө укканда ал жакка Петир менен Жаканды жөнөтүшөт. (« Петир Падышалыктын „ачкычтарын“ колдонот» деген кутучаны кара.) Алар Самарияга барып, жаңы шакирттердин үстүнө колдорун койгондо, шакирттер ыйык рух алышат b. Муну көргөн Симон кызыгып калат да, элчилерге: «Мен колумду койгон кишилерге да Кудайдын ыйык руху берилиши үчүн, мага да ушундай бийлик бергилечи»,— дейт. Атүгүл ал жөндөмдүүлүктү сатып алам деген ойдо элчилерге акча сунуштайт (Элч. 8:14—19).
11. Петир Симонго эмне деген жана Симон аны кандай кабыл алган?
11 Ошондо Петир Симонду ачык эле айыптап: «Күмүшүң өзүң менен кошо жок болсун. Эмне, Кудайдын белегин акчага сатып алам деп ойлодуңбу?! Кудайдын алдында жүрөгүң бузук болгондуктан, бул ишке эч кандай тиешең жок, сага эч нерсе берилбейт»,— деген. Анан: «Ошондуктан арам ойлогонуң үчүн өкүнүп, Жахабага жалынып-жалбар. Мүмкүн, ал сени кечирер»,— деп айткан. Кыязы, Симон жаман деле киши болгон эмес. Болгону, ошол учурда эле туура эмес ой жүгүртүп алган. Ал туура иш кылууну каалаган, ошон үчүн элчилерге: «Айтканыңар башыма түшпөшү үчүн, мен үчүн Жахабадан тиленгилечи»,— деп жалбарган (Элч. 8:20—24).
12. «Симония» деген эмне жана ал христиан дүйнөсүндө канчалык кеңири жайылган?
12 Петирдин Симонду айыптаганы — Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары үчүн олуттуу эскертүү. «Симония» деген сөз ушул окуядан кийин келип чыккан. «Симония» чиркөөдөгү кызмат орундарын же диний наамдарды сатууну жана сатып алууну билдирет. Чындыктан четтеген христиан дүйнөсүнүн тарыхында бул кадимки эле көрүнүш болгон. «Британ энциклопедиясынын» тогузунчу басылышында мындай делет: «Папалардын кантип тандалганы жөнүндөгү тарыхты изилдеген студенттер бир да шайлоонун симониясыз өтпөгөнүн биле алышат. Көптөгөн папалар ушундай иштерди кылгандан уялышкан эмес. Аны жашырганга да аракет кылышкан эмес» («The Encyclopædia Britannica», 1878).
13. Исанын жолдоочулары канткенде симониядан алыс боло алышат?
13 Исанын жолдоочулары симониядан алыс болушу керек. Жыйналышта кандайдыр бир жоопкерчиликке ээ болуш үчүн дайындай ала турган эркектерге белек берүү же аларды ашкере мактоо туура эмес. Жооптуу милдеттерди аткаргандар болсо колунда бар ишенимдештерине өзгөчө мамиле кылып, жагынууга аракеттенбеши керек. Ушул эки иш-аракет тең симонияга жатат. Кудайдын бардык кызматчылары өздөрүн «кичүүдөй алып жүрүшү» жана Жахабаны күтүшү зарыл. Анткени кызматтын кайсы бир түрүнө Жахаба өзү дайындайт (Лк. 9:48). Кудайдын уюмунда «өзүнө даңк издегендерге» орун жок (Накыл 25:27).
«Окуганыңызды түшүнүп жатасызбы?» (Элчилер 8:26—40)
14, 15. а) Эфиопиялык эбнух деген ким болгон жана Филип ага каяктан жолуккан? б) Эфиопиялык төрө Филиптин айткандарын кандай кабыл алган жана аны сезимдерге алдырып эле чөмүлгөн эмес деп эмне үчүн айта алабыз? (Шилтемени кара.)
14 Жахабанын периштеси Филипке Иерусалимден Газага кеткен жолго барууну айтат. Балким, Филип: «Ал жакка эмне үчүн барышым керек?» — деп ойлонсо керек. Ал муну «Ышая пайгамбардын китебин окуп жаткан» эфиопиялык эбнухту же төрөнү жолуктурганда түшүнгөн. (57-беттеги « Кандай мааниде эбнух?» деген кутучаны кара.) Жахабанын руху Филипке ат арабага катарлаш басканга түрткү берет. Филип арабаны кууп жетип, эфиопиялык төрөдөн: «Окуганыңызды түшүнүп жатасызбы?» — деп сурайт. Төрө болсо: «Бирөө түшүндүрүп бербесе, кантип түшүнмөк элем?» — деп жооп берет (Элч. 8:26—31).
15 Эфиопиялык төрө Филиптен арабага отурууну суранат. Ошондо кызыктуу маек курулса керек. Башкалардай эле, эфиопиялык төрө Ышаянын пайгамбарлыгындагы «кой» же «кызматчы» деген сөздөрдүн кимге карата айтылганын билген эмес (Ыш. 53:1—12). Филип ага ошол пайгамбарлыкты Иса Машаяк аткарганын түшүндүрүп берген. Муну билгенде ал, б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында чөмүлгөн прозелиттердей болуп, эмне кылышы керектигин дароо түшүнгөн. Анан Филипке: «Мына суу, чөмүлүшүмө кандай тоскоолдук бар?» — деген. Ошентип, Филип аны сууга чөмүлткөн c. (« Сууга чөмүлүү» деген кутучаны кара.) Андан соң Филип жакшы кабарды таратыш үчүн Азотко жөнөгөн (Элч. 8:32—40).
16, 17. Периштелер кабар айтуу ишине кандайча катышууда?
16 Бүгүнкү күндө да Исанын жолдоочулары, Филиптей болуп, кабар айтуу ишине катышууда. Алар Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ар кандай жагдайларда, мисалы, бир жакка баратканда айтышат. Көп учурда алардын жүрөгү таза кишилерге жолугуп калганын жөн эле кокустук деп айтканга болбойт. Анткени Ыйык Китепте периштелердин биз менен кызматташып, жакшы кабарды «бардык улуттарга, урууларга, элдерге жана ар кандай тилде сүйлөгөн адамдарга» жеткиргенге жардам берери айтылат (Аян 14:6). Иса да периштелердин кабар айтуу ишинде бизди багыттаарын айткан. Ал үрөн менен отоо чөптөр жөнүндөгү мисалында оруп-жыюу маалындагы — дүйнөнүн акырындагы — «орокчулар» периштелерди билдирерин айткан. Алардын «мыйзамсыз иш кылгандар менен күнөөгө түрткөндөрдүн баарын чогултарын» да сөз кылган (Мт. 13:37—41). Ошол эле учурда Жахаба периштелерди Падышалыктын мурасчыларын жана «башка койлорду» билдирген «эбегейсиз көп адамдарды» чогултуш үчүн колдонмок (Аян 7:9; Жкн. 6:44, 65; 10:16).
17 Периштелердин кабар айтуу ишинде бизге багыт берерин Кудайдан жардам сурап кайрылган адамдардын окуялары далилдеп турат. Бир мисалга токтололу. Бир жолу эки жарчы кичинекей баланы ээрчитип кабарга чыккан. Түшкө жакын кызматын бүтүрүп, үйлөрүнө кетейин деп жатышканда, кичинекей бала дагы бир үйгө киребиз деп болбой коёт. Анан өзү эле чуркап барып эшикти тыкылдатып жиберет. Эшикти жаш келин ачат. Ошондо эки жарчы ал үйгө басып барып, аны менен сүйлөшүшөт. Көрсө, ошонун алдында эле ал келин кимдир бирөө келип Ыйык Китепти түшүндүрүп беришин Кудайдан суранган экен. Ошентип, ал келин изилдей баштаган.
18. Кызматыбызды эмне үчүн боло жүргөн нерсе катары көрбөшүбүз керек?
18 Сен Исанын жолдоочусу катары учурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде жүргүзүлүп жаткан кабар айтуу ишинде периштелер менен кызматташып жатасың. Бул — чоң сыймык. Аны боло жүргөн нерсе катары көрбө. Мындан ары да кызматка бүт күчүңдү жумшай бер. Ошентсең, «Иса тууралуу жакшы кабар» таратып, чоң кубанычка бөлөнөсүң! (Элч. 8:35).
a Бул жерде айтылган Филип элчи Филип эмес. Ал ушул китептин 5-бөлүмүндө айтылган «жакшы атка конгон 7 кишинин» бири болгон. Алар Иерусалимдеги грекче сүйлөгөн жесирлер менен еврейче сүйлөгөн жесирлерге күнүмдүк тамак-аш бөлүштүрүүгө дайындалган (Элч. 6:1—6).
b Сыягы, ошол убактагы жаңы шакирттер, адатта, чөмүлгөндө ыйык рух алышчу, тагыраак айтканда, ыйык рух менен майланышчу. Ошентип, алар Иса менен асманда падыша жана дин кызматчы болууга үмүттөнө алышчу (2 Кор. 1:21, 22; Аян 5:9, 10; 20:6). Бирок бул жолкусунда жаңы шакирттер ыйык рухту чөмүлгөндө эмес, Петир менен Жакан алардын үстүнө колдорун койгондо гана алышкан жана табияттан тыш жөндөмдүүлүктөргө ээ болушкан.
c Эфиопиялык төрө сезимге алдырып эле чөмүлүп алган эмес. Ал прозелит болгондуктан Жазманы, анын ичинде Машаякка байланыштуу пайгамбарлыктарды жакшы билген. Ошондуктан Исанын Жахабанын ой-ниетиндеги ролун түшүнгөндө чөмүлгөнгө даяр болгон.