Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-БӨЛҮМ

«Кудай... аны издешин,.. табышын каалайт»

«Кудай... аны издешин,.. табышын каалайт»

Пабыл жалпылыкты издеген жана ылайыкташа билген

Элчилер 17:16—34-аяттарга негизделди

1—3. а) Пабыл Афинге барганда эмне үчүн кыжырданган? б) Анын үлгүсүн карап чыксак, эмнени үйрөнө алабыз?

 ПАБЫЛДЫН кыжыры кайнап турат. Ал Грециянын илим-билим гүлдөгөн Афин шаарында. Ал жерде кезинде Сократ, Платон, Аристотель аттуу философтор окууларын жайылтышкан. Афиндиктер өтө динчил келишет. Пабыл каякты карабасын, ибадатканалар, аянттар, көчөлөр буркандарга жык толгон. Анткени афиндиктер көп кудайларга сыйынышат. Пабыл чыныгы Кудай Жахабанын бурканга сыйынуучулукка кандай караарын жакшы билет (Чыг. 20:4, 5). Жахабага окшоп, анын да жек көргөнү — ошол.

2 Өзгөчө, агорадан, базар аянтынан, көргөндөрү Пабылдын төбө чачын тик тургузат. Анын түндүк-батыш тарабындагы кире бериште Гермес кудайынын айкелдери кыдырата тизилген. Базар аянтында болсо табына турган жерлер да бир далай. Ынталуу элчи Пабыл буркандарды туу туткан Афинде кантип кабар айтат болду экен? Сабырдуу болуп, угуучулары менен жалпылыкты издегенге умтулабы? Бирөө жарымга чыныгы Кудайды издеп тапканга жардам бере алабы?

3 Элчилер 17:22—31-аяттарга ылайык, Пабылдын Афиндин илим-билимдүүлөрүнө айткан сөздөрү — чечендиктин, сылык-сыпаалыктын жана кыраакылыктын мыкты үлгүсү. Анын үлгүсүн карап чыксак, ой жүгүрткөнгө түрткү бериш үчүн угуучулар менен жалпылыкты кантип тапсак болорун биле алабыз.

«Базар аянтында» (Элчилер 17:16—21)

4, 5. Пабыл Афиндин кайсы жеринде жана кандай адамдарга кабар айткан?

4 Пабыл 2-миссионердик сапарында болжолу б.з. 50-жылы Афинге барган a. Бероядан Сылас менен Тиметей келгиче, адатынча «сыйынуу жайындагы жүйүттөр менен... талкуу жүргүзгөн». Афинде жашаган бөтөн улуттагыларга кабар айтыш үчүн «базар аянтына» да барган (Элч. 17:17). Акрополдун түндүк-батышындагы Афин базар аянты 5 гектардай жерди ээлеген. Ал жер тек гана соода-сатыктын чордону эмес, эл чогулганды жакшы көргөн жер болчу. Бир эмгекке ылайык, базар аянты «шаардын экономикалык, саясий жана маданий борбору» болгон. Афиндиктер ал жерге чогулуп, асыл ойлорду айтып отурганды жактырар эле.

5 Пабыл жолуктурган кишилер карапайым кишилер эмес эле. Угуучуларынын арасында бири-бири менен атаандашкан философиялык окуунун жактоочулары эпикурчулар менен стоиктер болгон b. Эпикурчулар тиричилик кокустуктан пайда болгон деп ишенишчү. Алардын жашоого болгон көз карашын: «Кудайдан коркууга себеп жок; өлүмдөн коркконго кажет жок; жакшылыкка жетсе болот; жамандыкка чыдаса болот»,— деп корутундуласа болот. Ал эми стоиктер ой жүгүртүүнү, логиканы жакташкан жана Кудайды белгисиз бир күч көрүшчү. Эпикурчулар да, стоиктер да тирилүүгө ишенишчү эмес. Ал эки топтун философиялык көз карашы Пабыл жарыялап жүргөн баркы алда канча өйдө окууларга карама-каршы келген.

6, 7. Грек акылмандары Пабылдын айткандарына кандай карашкан жана бүгүнкү күндө жагдай кандай?

6 Грек акылмандары Пабылдын айткандарына кандай караган? Айрымдар аны «келжирек» деген (Элч. 17:18). Ал сөз түзмө-түз грекчеден «үрөн терүүчү» деп которулат. Буга байланыштуу бир эмгекте мындай делет: «Алгач бул сөз айкашы үрөн чокуп жеген кичинекей чымчыкка карата колдонулчу. Кийин базар аянтынан тамак-аштын калдыктарын, башка таштандыларды чогулткан кишилерге карата колдонула баштаган. Бара-бара ал сөз айкашы ар нерсе угуп алып, оозуна келгенди оттой берген кишиге карата колдонулуп калган». Демек, ошол илимди жактаган кишилер Пабылды көрүнгөндөн уккандарын тантырай берген бир түркөй көрүшкөн. Бирок Пабыл, ушул бөлүмдөн биле турганыбыздай, буга түк да шаабайын сууткан эмес.

7 Бүгүн деле ошондой. Айрымдар Жахабанын Күбөлөрүн Ыйык Китепке негизделген ишеними үчүн ар кандай сөздөрдү айтып мазакташат. Мисалы, мугалимдердин кээси тиричилик эволюция жолу менен пайда болгон, аны акылдуулар эле жакташат деп окутушат. Мындайча айтканда, эволюцияга ишенгендерди билими жок караңгы дешет. Эгер тиричилик кантип пайда болгону жөнүндө Ыйык Китепте эмне делерин көрсөтүп, Кудай бар экенин далилдеп берсек, бизди «келжиректердей» эле көрүшөт. Бирок буга көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз. Анын ордуна, жер бетиндеги тиричилик аң-сезимдүү Долбоорчу Жахабанын колунан бүткөнүн тайманбай далилдейбиз (Аян 4:11).

8. а) Айрымдар Пабылдын кабарын кандай кабыл алган? б) Афиндиктер Пабылды Ареопагга эмне үчүн алпарган? (142-беттеги шилтемени кара.)

8 Базар аянтында айрымдар Пабылдын айткандарын башкача кабыл алып: «Бул бөтөн жерликтердин кудайларынын жарчысы окшойт»,— дешкен (Элч. 17:18). Пабыл афиндиктерге чынында эле кайсы бир жаңы кудай жөнүндө айтты беле? Бул олуттуу маселе болгон. Анткени бир нече кылым мурун Сократка ушундай айып тагылгандыктан, соттолуп, өлүмгө кыйылган. Андыктан алардын Пабылды Ареопагга алып барып, эзели укпаган окууларын түшүндүрүп беришин талап кылганы таң калыштуу эмес c. Пабыл жакшы кабарды Ыйык Китепти билбеген кишилердин алдында кантип коргойт?

«Афиндиктер!.. кудайлардан көбүрөөк коркот окшойсуңар» (Элчилер 17:22, 23)

9—11. а) Пабыл жалпылыкты табыш үчүн эмне кылган? б) Пабылдан кандай үлгү алсак болот?

9 Пабылдын бурканга сыйынуучулукту көргөндө абдан кыжырданганын эстесең. Бирок ал ачууга алдырып, айыптап кирбестен, сабырдуулук кылган. Ал өтө сылыктык менен жалпылыкты издеп, афиндиктердин жүрөгүн козгогонго умтулган. «Афиндиктер! Байкашымча, башкаларга караганда силер кудайлардан көбүрөөк коркот окшойсуңар»,— деген ал (Элч. 17:22). Мындайча айтканда: «Силер абдан динчил экенсиңер»,— деген. Ооба, ал акылдуулук кылып, аларды Кудайга ишенгени үчүн мактаган. Себеби жалган динге ишенгендер деле жакшы кабарга кулак кагарын түшүнгөн. Өзү да бир кезде «билбестиктен жана чыныгы Кудайга ишенбегендиктен» жаман иштерди кылган (1 Тим. 1:13).

10 Пабыл жалпылыкты кантип издеген? Ал «Белгисиз Кудайга» деген жазуусу бар курмандык жайы алардын динчил экенин айкын көрсөтүп турарын баса белгилеген. Бир эмгекте: «Гректерде жана башка элдерде курмандык жайларын „белгисиз кудайларга“ багыштоо кеңири таралган. Анткени алар сыйынып жатканда кайсы бир кудайды унутуп, каарына калгандан коркушчу»,— делет. Ушундай курмандык жайын курганы афиндиктер өздөрү билбеген Кудай бар экенин моюнга алганын көрсөтүп турат. Пабыл ошол тууралуу сөз кылып, акырындык менен алардын көңүлүн жакшы кабарга бурган. Ал: «Мен силерге өзүңөр билбесеңер да сыйынып жүргөн ошол Кудай жөнүндө жарыялап жатам»,— деген (Элч. 17:23). Пабылдын сөздөрү жумшак, ошол эле учурда таасирдүү болгон. Айрымдар айыптагандай, Пабыл кайсы бир жаңы же чоочун кудай жөнүндө айткан эмес. Ал афиндиктерге өздөрү билбей эле сыйынып жүргөн белгисиз Кудай чыныгы Кудай экенин түшүндүргөн.

11 Кызматыбызда Пабылдан эмнени үйрөнө алабыз? Кыраакы болгонду. Мисалы, адамдын тагынып алган, үйүндө же короосунда илинип турган кайсы бир буюмдарынан динчил экенин байкасак болот. Биз: «Сиз Кудайга ишенген адам окшойсуз. Мен Кудай деген адамдар менен сүйлөшүп жүргөн элем»,— десек болот. Адамдын эмнеге ишенерин эске алсак, жалпылыкты таба алабыз. Башкаларды туткан динине карап, жаңылыш жыйынтык чыгаргыбыз келбейт. Анткени арабызда бир учурда жалган динге чын жүрөктөн карманып келген ишенимдештерибиз арбын.

Жалпылыкты издөөгө умтул

Кудай «ар бирибизге жакын» (Элчилер 17:24—28)

12. Пабыл угуучуларына кантип ылайыкташкан?

12 Пабыл жалпылыкты сөзүнүн башында эле издебестен, андан ары да афиндиктерге тааныш нерселерди кеп кылган. Ал алардын грек философиясын бедел тутарын жана Ыйык Жазманы жакшы билбей турганын билгендиктен ылайыкташып кеткен. Биринчиден, Жазмадагы аяттарды шилтеме кылбай эле өз сөзү менен айтып берген. Экинчиден, «биз» деген сөздү колдонуп, өзүн да угуучуларга кошуп сүйлөгөн. Үчүнчүдөн, айткандары чыгармаларында да кездешерин баса белгилеш үчүн грек адабиятынан алынган сөздөрдү айткан. Келгиле анда, Пабылдын күчтүү сөздөрүн талдап чыгалы. Ал афиндиктерге белгисиз болгон Кудай жөнүндө кандай маанилүү ойлорду ачып берген?

13. Пабыл ааламга байланыштуу эмне деген жана ал эмнени айткысы келген?

13 Ааламды Кудай жараткан. Пабыл: «Дүйнөнү жана андагынын баарын жараткан Кудай, асман-жердин Эгеси, адамдар курган ибадатканаларда жашабайт»,— деген d (Элч. 17:24). Ооба, аалам кокусунан жаралган эмес. Бар-жоктун баары чыныгы Кудайдын колунан бүткөн (Заб. 145:6). Ибадаткананын, ыйык жайдын, курмандык жайдын аркасында гана аздектелген Афина кудайынан же дагы башка кудайлардан айырмаланып, ааламдын Эгедери пенделер курган ибадатканаларда жашабайт (1 Пад. 8:27). Андыктан Пабыл: «Чыныгы Кудай кол менен курулган ибадатканадагы кол менен жасалган буркандан алда канча улук»,— деген ойду айткысы келген (Ыш. 40:18—26).

14. Кудай адамдардан көз каранды эмес экенин Пабыл кантип баса белгилеген?

14 Кудай адам баласынан көз каранды эмес. Бурканга табынгандар буркандары бир нерсеге муктаж болгонсуп, кычыраган кийим кийгизип, алдына кымбат баалуу белек тартуулап же тамак-аш, суусундук алып барышчу. Бирок Пабылды угуп турган грек философторунун айрымдары кудай адамдардан эчтеке үмүтөтпөйт деп эсептеген. Эгер ошондой болсо, алар Пабылдын Кудай жөнүндө: «Ал адам баласынан жардам күткүдөй, эч нерсеге муктаж эмес»,— дегенине кошулганы шексиз. Чынында эле, Жараткан Кудай адамдардын эч нерсесине зар эмес. Тескерисинче, ал адам баласына керек болгон бардык нерсени: өмүрдү, абаны, күнүн, жамгырын, түшүм алсын деп жерин берет (Элч. 17:25; Башт. 2:7). Ооба, баарын мол берген — Кудай. Ал бизден эмес, биз андан көз карандыбыз.

15. Өйдөсүнгөн афиндиктердин көз карашын Пабыл кантип тууралаган жана биз эмнени үйрөнө алабыз?

15 Адамдарды Кудай жараткан. Афиндиктер башка улуттардан өйдөсүнүп турган. Бирок улутту, расаны артык көрүү Ыйык Китепке каршы келет (Мыйз. 10:17). Пабыл бул көз караштын туура эместигин чебердеп, сылык-сыпаа түшүндүргөн. Анын: «[Кудай] бир кишиден бардык элдерди жараткан»,— деген сөздөрү угуучуларды ойго салганы күмөнсүз (Элч. 17:26). Ошондо ал Башталыш китебиндеги адамзаттын түпкү атасы Адам ата жөнүндө кеп кылган (Башт. 1:26—28). Бүт адамзат бир атадан тарагандыктан, бир улут же раса экинчисинен жогору турбайт. Пабылды угуп тургандар анын сөздөрүнө кошулбай коё алган эмес. Биз андан кандай маанилүү нерсеге үйрөнө алабыз? Кызматта акыл-эстүү, сылык болгонго умтулабыз. Ошол эле учурда көңүлдү оорутуп алабыз деп Ыйык Китепте жазылгандарды жымсалдабайбыз.

16. Жаратканыбыз адамдардын эмне кылышын каалайт?

16 Кудай адамдардын ага жакындашын каалайт. Пабылды угуп турган философтор адамзаттын эмне үчүн жаралганын далай жылдардан бери талкуулап келишсе да, муну купулга толгудай түшүндүрүп бере алган эмес. Ал эми Пабыл Кудайдын адамзатка карата ой-ниети тууралуу мындай деген: «Ал адамдардын аны издешин, көп күч-аракет жумшаганга туура келсе да, табышын каалайт. Бирок, чынында, ал ар бирибизге жакын» (Элч. 17:27). Ооба, афиндиктер белгисиз деп эсептеген Кудайга жакындай алышмак. Кудай аны чындап тапкысы жана билгиси келгендерден алыс эмес (Заб. 145:18). Белгилей кетчү нерсе, Пабыл «ар бирибизге» дегенде Кудайды «издеп» «табышы» керек болгон адамдарга өзүн да кошуп айткан.

17, 18. Эмне себептен адамдар Кудайга жакындоого умтулушу керек жана Пабылдан эмнеге үйрөнө алабыз?

17 Адамзат Кудайга жакындоого умтулушу керек. Пабыл айткандай, «биз анын аркасы менен жашап, анын аркасы менен кыймылдап, тирүү жүрөбүз». Айрым окумуштуулардын айтымында, Пабыл Эпимениддин, б.з.ч. 6-кылымда жашаган «афиндиктердин диний каада-салттарына зор салым кошкон» крит акынынын, сөздөрүн айткан. Ал Кудайга эмне үчүн жакындашыбыз керектигинин дагы бир себеби жөнүндө өздөрүнүн эле акындары: «Биз баарыбыз анын балдарыбыз»,— дегенин айткан (Элч. 17:28). Бүт адамзаттын түпкү атасы Адам атаны Кудай жараткандыктан, Кудай — баарыбыздын Атабыз. Андыктан ага жакындашыбыз керек. Пабыл алар сыйлаган акындарынын сөздөрүн айтып туура кылган. Бул аларга майдай жакса керек e. Пабылдай болуп, биз да айрым учурда тарых китептеринен, энциклопедиялардан жана башка беделдүү булактардан алынган сөздөрдү айтсак болот. Мисалы, айрым диний каада-салттардын же майрамдардын келип чыгышын түшүндүргөндө беделдүү булактарга кайрылсак, Жахабанын Күбөсү болбогондор мунун тууралыгына көзү жетет.

18 Ошентип, Пабыл Кудай жөнүндөгү негизги чындыктарды ачып бериш үчүн сөздөрдү кылдат тандап, кабарды угуучуларга ылайыкташтырган. Ал муну менен афиндиктерге эмне кылганга түрткү бергиси келген? Муну андан ары айткан сөздөрүнөн билүүгө болот.

«Бардык жерде адамдарга өкүнүшү керектигин жарыялап жатат» (Элчилер 17:29—31)

19, 20. а) Буркандарга сыйынуучулук акылсыздык экенин Пабыл кантип көрсөткөн? б) Пабылдын угуучулары эмне кылышы керек эле?

19 Пабыл угуучуларына иш-аракет кылганга түрткү берген. Ал грек чыгармаларынан келтирген цитатага кайрадан кайрылып: «Биз Кудайдын балдары болгондуктан аны алтынга, күмүшкө же ташка — адамдар элестетип, оюнан чыгарып жасаган нерсеге — окшош деп ойлобошубуз керек»,— деген (Элч. 17:29). Чынында эле, эгер адамдарды Кудай жаратса, анда канткенде ал адамдар жасаган буркандарга окшош болмок эле? Пабылдын бул жүйөлүү сөздөрү адамдар жасаган буркандарга сыйынуу жеткен акылсыздык экенин көрсөткөн (Заб. 115:4—8; Ыш. 44:9—20). Ал: «Биз... ойлобошубуз керек»,— деп өзүн кошуп айткандыктан, ойлору угуучуларына катуу тийген эмес.

20 Андан ары ал иш-аракет кылуунун зарыл экенин баса белгилеп: «Кудай мурун ушундай караңгылыкка [бурканга сыйынуучулук Кудайга жагат деп ойлоого] көз жумуп келген, бирок азыр бардык жерде адамдарга өкүнүшү керектигин жарыялап жатат»,— деген (Элч. 17:30). Айрымдары өкүнүш керектиги жөнүндө укканда аябай таң калса керек. Пабылдын күчтүү сөздөрүнөн афиндиктер өмүр бергени үчүн Кудайга милдеттүү экени жана анын алдында жооп берери так-даана көрүнгөн. Алар Кудайды издеп, ал жөнүндө чындыкты билип, алган билимине жараша жашоосун толугу менен өзгөртүшү керек эле. Ан үчүн бурканга сыйынуу күнөө экенин түшүнүп, ошонусун ташташы керек болчу.

21, 22. Пабыл сөзүн кандай күчтүү сөздөр менен жыйынтыктаган жана бул биз үчүн кандай мааниге ээ?

21 Пабыл сөзүн: «Ал [Кудай] өзү дайындаган киши аркылуу жер жүзүн адилеттик менен соттой турган күндү белгилеп койгон жана буга бардык адамдар ишениши үчүн, ошол кишини тирилтип кепилдик берген»,— деп аяктаган (Элч. 17:31). Сот күнү жакындап келаткандыктан чыныгы Кудайды издеп табуу кандай гана маанилүү! Пабыл дайындалган Соттун ким экенин айтпаса да, ал тууралуу кызыктуу бир нерсени: анын адам болуп жашаганын, өлгөнүн жана Кудай аны тирилткенин айткан.

22 Пабылдын корутунду сөздөрү биз үчүн да терең мааниге ээ. Биз Кудай дайындаган Соттун тирилтилген Иса Машаяк экенин билебиз (Жкн. 5:22). Сот күнү жакындап калганы жана анын миң жылга созулары да маалым (Аян 20:4, 6). Биз ал күндөн коркпойбуз. Анткени ошол учурда ишенимдүү адамдар кереметтүү баталарды алат. Жахаба Исаны тирилтип ааламдагы эң чоң керемет жасаган. Бул аркылуу биз үмүттөнгөн убадалардын сөзсүз ишке ашарына кепилдик берген.

«Кээ бирлери... Исанын жолдоочусу болушту» (Элчилер 17:32—34)

23. Пабылдын сөздөрүн афиндиктер кандай кабыл алган?

23 Пабылдын айткандарын ар ким ар кандай кабыл алган. Ал тирилүү жөнүндө айтканда, айрымдар аны «шылдыңдап күлүшкөн», башкалары болсо сылык эле: «Бул жөнүндө башка жолу угалы» — деп, кетип калышкан (Элч. 17:32). Бирок айрымдары кабыл алган. Алар тууралуу: «Кээ бирлери Пабыл менен кетип, Исанын жолдоочусу болушту. Алардын арасында Ареопагдагы соттун мүчөсү Дионис, Дамар деген аял жана башкалар бар эле»,— делет (Элч. 17:34). Бүгүн деле ошондой. Айрымдар шылдыңдашса, башкалары сылыктык менен четке кагышат. Бирок кабарды угуп, чындык жолуна түшкөндөр да жок эмес. Биз буга кубанбай койбойбуз.

24. Пабылдын Ареопагда кабар айтканынан эмнелерге үйрөнө алабыз?

24 Пабылдын Ареопагда кабар айтканынан көп нерсеге үйрөнсөк болот. Алсак, ойду логикалык жактан ырааттуу өрчүткөнгө, жүйөлүү далилдерди келтиргенге, угуучуларга ылайыкташа билгенге үйрөнө алабыз. Андан тышкары, жалган динге бекем кармангандар менен сүйлөшкөндө чыдамдуу болуп, сезимдерин эске алганга да үйрөнөбүз. Үлгү ала турган дагы бир маанилүү нерсе: угуучулардын көңүлүнө катуу тийип калат деп эле Ыйык Китепте жазылгандарды жымсалдабайбыз. Эгер Пабылды туурасак, мыкты окутуучу боло алабыз. Аксакалдар да окутуу жагынан жакшыра алат. Ушулардын аркасында башкаларга Кудайды издеп тапканга жардам бере алабыз (Элч. 17:27).

a 142-беттеги « Афин — байыркы дүйнөнүн маданий борбору» деген кутучаны кара.

b 144-беттеги « Эпикурчулар жана стоиктер» деген кутучаны кара.

c Ареопаг Акрополдун түндүк-батышында жайгашкан. Ал жерде афиндиктердин жогорку кеңеши чогула турган. «Ареопаг» деген сөз ошол кеңештин өзүн же ал кеңеш чогулган дөбөнү билдириши мүмкүн. Ошондуктан айрым окумуштуулар Пабылды ошол дөбөгө же ага жакын жайгашкан жерге алпарган десе, кээ бирлери башка жерге, балким, агорада чогулган кеңештин өзүнө алпарган деген ойдо.

d «Дүйнө» деп которулган косʹмос деген грек сөзү гректерде материалдык ааламга карата колдонулат. Алар менен жалпылыкты тапканга аракет кылган Пабыл ал сөздү ушул мааниде колдонгон деп божомолдосок болот.

e Пабыл стоиктердин акыны Араттын «Кубулуштар» деген астрономиялык поэмасынан цитата келтирген. Ушул сыяктуу сөздөр гректердин башка чыгармаларында, анын ичинде стоик акыны Клеанфтын «Зевске арналган гимн» деген чыгармасында да кездешет.