Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-БӨЛҮМ

«Македонияга кел»

«Македонияга кел»

Тапшырманы кабыл алсак жана куугунтукталганда кубанычты сактасак, мол бата алабыз

Элчилер 16:6—40-аяттарга негизделди

1—3. а) Ыйык рух Пабыл менен шериктерин кантип жетектеген? б) Бул бөлүмдөн эмнелерди карап чыгабыз?

 БИР ТОП аял Македониянын Филипи шаарынан чыгып, Гангита дарыясына келишет. Алар адатынча жээкке отуруп алып, Ысрайылдын Кудайына кайрылганда, тиленүүсү Жахабага жетет (2 Жылн. 16:9; Заб. 65:2).

2 Ал ортодо Пабыл, Сылас жана Тиметей Филипинин чыгыш тарабынан 800 километрден ашуун алыс жайгашкан Галатиянын түштүгүндөгү Листрадан жолго чыгышат. Бир нече күндөн кийин алар таш төшөлгөн негизги чоң жолго түшүп, батыштагы эл быкылдаган Асияга жөнөшөт. Үчөөнүн көздөгөнү — ошол жол аркылуу Эфеске жана башка шаарларга барып, Машаяк жөнүндө уга элек миңдеген адамдарга кабар айтуу. Бирок сапары баштала электе эле ыйык рух аларга тоскоолдук кылып, Асияда кабар айтууга тыюу салат. Мунун кандайча болгону белгисиз. Эмне үчүн ыйык рух алардын жолун бөгөгөн? Себеби Иса Кудайдын ыйык руху аркылуу Пабыл менен шериктерин Кичи Азия аркылуу Эгей деңизинен өтүп, Гангита дарыясына багыттагысы келген.

3 Исанын аларды Македонияга чейин жетектеп барганынан көп нерсени үйрөнө алабыз. Келгиле анда, Пабыл, болжолу, б.з. 49-жылы 2-миссионердик сапарга чыккандан кийинки айрым окуяларды карап чыгалы.

«Кудай бизди... чакырып жатат» (Элчилер 16:6—15)

4, 5. а) Пабыл шериктери менен Битинияга жакындап калганда эмне болгон? б) Шакирттер кандай бүтүмгө келишкен жана анын жыйынтыгы кандай болгон?

4 Ыйык рух Пабыл менен шериктерине Асияда кабар айтууга тыюу салганда, алар түндүктү көздөй Битиния аймагындагы шаарларга бет алышат. Ал шаарларга Фригия менен Галатия аймактарындагы эл бирин-серин жашаган айыл-кыштактарды аралап, кууш жолдор менен бир нече күн жол жүрүшөт. Бирок алар Битинияга жакындап калганда, Иса ыйык рух аркылуу ал жерлерде да кабар айтканга тыюу салат (Элч. 16:6, 7). Ошондо алар эмне кыларын билбей, башы маң болушса керек: эмне жөнүндө жана кантип кабар айтышты билишкен, бирок муну кайсы жерде кылса болорун билишкен эмес. Пабылдар каймана мааниде Асия аймагынын эшигин тыкылдатышкан, бирок ачылган эмес. Андан кийин Битиниянын эшигин тыкылдатышкан, анда да ачылган эмес. Ошентсе да Пабыл ачыла турган эшикти тапмайынча тыкылдата бергенге бел байлаган. Ошондо алар, бир караганда, акылга сыйбай турган бүтүмгө келишет: батышты көздөй, шаарларды кыя өтүп 550 километрдей жол жүрүшөт да, акыры, Троас аттуу порттуу шаарга келишет. Ал жерден Македонияга жөнөшмөк (Элч. 16:8). Пабыл Троастан үчүнчү эшикти тыкылдатат. Ошондо гана эшик ачылат!

5 Пабылдарга Троастан Инжилдердин бирин жазган Лука кошулган. Ал андан ары эмне болгонун мындай деп баяндайт: «Түн ичинде Пабыл аян алды. Аянда македониялык бир кишини көрдү. Ал: „Македонияга келип, бизге жардам бер“,— деп чакырып жатты. Пабыл аян алгандан кийин, Кудай бизди македониялыктарга жакшы кабар айтканга чакырып жатат деген жыйынтыкка келдик. Анан дароо ошол жакка барганга камына баштадык» a (Элч. 16:9, 10). Ооба, акыры, Пабыл каякка барса болорун түшүнгөн. Ал артка кайтпай, сапарын уланта бергенине кандай гана кубанган! Ошентип, төртөө дароо Македонияга кеме менен сүзүп кетишкен.

«Ошондуктан Троастан сүзүп чыктык» (Элчилер 16:11).

6, 7. а) Пабылдын сапарындагы окуялардан эмнени биле алабыз? б) Пабылдын окуясы бизге эмнеси менен пайдалуу?

6 Мындан эмнени биле алабыз? Көңүл бурсаңар, Пабыл Асияга бет алганда гана Кудай ыйык руху аркылуу кийлигишкен. Андан соң ал Битинияга жакындап калганда гана Иса кабар айтканга тыюу салган. Пабыл Троаска баргандан кийин гана Иса аны Македонияга багыттаган. Жыйналыштын башчысы Иса бүгүн да бизди ушундайча багытташы мүмкүн (Кол. 1:18). Балким, бир канча убакыттан бери пионер болгубуз же жарчылар керек болгон жерде кызмат кылгыбыз келип жүргөндүр. Бирок максатыбызга жетиш үчүн белгилүү бир кадамдарды жасай баштаганда гана Иса бизге Кудайдын ыйык руху аркылуу жетекчилик берет. Эмне үчүн? Бир мисалга токтололу: шопур машинесин жүргүзгөндө гана оңго же солго бура алат. Ошо сыңары, көбүрөөк кызмат кылыш үчүн чындап иш-аракет кыла баштаганыбызда гана Иса жетектейт.

7 Эгер аракетибизден дароо майнап чыкпасачы? Кудайдын руху жетектебей жатат деп көңүлүбүздү чөгөрүшүбүз керекпи? Жок. Пабыл да ийгиликке шак эле жеткен эмес. Ал эшик ачылмайынча, издене берген. Биз да туруктуу болуп, кызмат кылышыбызга «чоң мүмкүнчүлүк түзүлмөйүнчө» аракет кыла берсек, акыбети сөзсүз кайтат (1 Кор. 16:9).

8. а) Филипини сүрөттөп бергиле. б) Пабыл «тилене турган жайда» кабар айтканда кандай кубанычтуу окуя болгон?

8 Пабыл шериктери менен Македония аймагына барып, андан ары Филипиге жөнөйт. Ал шаардын тургундары Римдин жараны болгонуна абдан сыймыктанышчу. Ал жакта жашаган ардактуу эс алуудагы Рим жоокерлери үчүн Филипи колониясы чакан Римдей эле болгон. Ишемби күнү миссионерлер «эл чогулуп тилене турган жай бар болуш керек» b деген ойдо шаардан чыгып, кууш дарыянын жээгине барат. Жээктен Кудайга сыйыныш үчүн чогулган бир нече аялды жолуктуруп, кабар айтышат. Лидия өзгөчө маани берип угат. Ошондо Жахаба ага «Пабылдын сөздөрүн кабыл алганга жардам берет». Лидия уккандарына аябай таасирленип, үйүндөгүлөрү менен бирге чөмүлөт. Анан Пабылдарды үйүндө жашап турушун өтүнөт c (Элч. 16:13—15).

9. Бүгүнкү күндө көптөр Пабылды кантип туурашат жана кандай баталарды алып жатышат?

9 Лидия чөмүлгөндө Пабылдар кандай гана сүйүнгөн! Пабыл шериктери менен «Македонияга кел» деген чакырыкты кабыл алып, момун аялдардын тилегине жооп болуп Жахабанын керегине жарап беришкен. Ал буга абдан сүйүнсө керек. Бүгүн да көп бир туугандарыбыз — карылар, жаштар, бойдоктор, үй-бүлөлүүлөр — жарчыларга зар болгон жерлерге көчүп барууда. Албетте, кыйынчылыктар болбой койбойт. Бирок алардын Лидиядай болгон Ыйык Китептеги чындыкка суусаган адамдарды тапкандагы кубанычы бардык кыйынчылыктарын жаап кетет. Сен да ошондой жерге барыш үчүн жашооңдо бир нерселерди өзгөртө аласыңбы? Эгер ошентсең, алдыда сени мол бата күтүп турат. Борбордук Америкага көчүп барган 20 жаштагы Эрондун айткандарына көптөр толугу менен кошулат. Ал: «Чет өлкөдө кызмат кылгандын аркасында рухий жактан өсүп, Жахабага мурункудан да жакын болуп калдым. Кабар айтуу чынында эле керемет. Мен 8 кишиге Ыйык Китепти изилдегенге жардам берип жатам»,— дейт.

Канткенде бүгүн да «Македонияга кел» деген чакырыкты кабыл алган болобуз?

«Эл аларга каршы көтөрүлдү» (Элчилер 16:16—24)

10. Пабылдар туш болгон окуяларга жиндердин кандай катыштыгы болгон?

10 Шайтан жиндери менен бийлеген адамдардын кабарга кулак какканына каарданбай койгон эмес. Ошондуктан Пабылдар туш болгон окуяларга жиндердин да катыштыгы болгон. Бир күнү миссионерлер «эл чогулуп тилене турган жайга» баратышкан. Анан көз ачыктык кылып кожоюндарына көп киреше алып келген жин кирип алган бир кыз артынан ээрчип: «Бул кишилер — Эң Жогорку Кудайдын кулдары. Булар силерге куткарылыш үчүн эмне кылышыңар керектигин жарыялап жатышат»,— деп кыйкырат. Кыязы, жин кыздын айткандары менен Пабылдыкы бир эле Кудайдан экенин көрсөткүсү келгендиктен кызды кыйкырткан көрүнөт. Ошонун айынан эл Машаяктын чыныгы жолдоочуларын аныктай албай калмак. Бирок Пабыл жинди кууп чыкканда, кыз кыйкырбай калган (Элч. 16:16—18).

11. Пабыл жинди кууп чыгаргандан кийин кандай окуя болгон?

11 Кирешеден кол жууган кожоюндар буга абдан ачууланып, Пабыл менен Сыласты кармап алышат да, базар аянтындагы сот жүргүзгөн башкаруучуларга — Рим бийлигинин өкүлдөрүнө — сүйрөп барышат. Алар башчылардын улутчулдугун, мекенчилдигин ойготууну көздөп: «Бул жүйүттөр шаарыбызды дүрбөлөңгө түшүрүп, бизге, римдиктерге, кабыл алганга да, аткарганга да болбой турган каада-салттарды жарыялап жүрүшөт»,— дешет. Муну уккан базар аянтындагы «эл [Пабыл менен Сыласка] каршы көтөрүлөт, шаар башчылары болсо... таяк менен сабаганга буйрук беришет». Анан Пабыл менен Сыласты түрмөгө каматышат. Түрмө сакчысы ал экөөнү ички түрмөгө камап, буттарына кишен салып коёт (Элч. 16:19—24). Түрмөнүн эшиги жабылганда, ичин чылк караңгылык каптап, бирин бири көрбөй калат. Бирок Жахаба аларды көрүп турган (Заб. 139:12).

12. а) Машаяктын жолдоочулары куугунтукка кандай карашкан жана эмне үчүн? б) Шайтан менен таламдаштары Кудайдын элине каршы кандай ыкмаларды колдонушат?

12 Бир нече жыл мурун Иса жолдоочуларына: «Силерди да куугунтукташат»,— деген (Жкн. 15:20). Андыктан Пабыл менен шериктери Македониядан куугунтукка туш болушу мүмкүн экенин билишкен. Алар куугунтукка кабылганда аны Жахабага жакпай калганынын белгиси эмес, Шайтандын ачуусу келип жатканынын белгиси катары көрүшкөн. Бүгүн деле Шайтандын жин-перилери Филипиде колдонгон ыкмаларды колдонот. Бизге каршы чыккандардын айрымдары куугунтуктун отун тутантыш үчүн мектепте, жумушта биз жөнүндө жалган маалымат таратышат. Айрым өлкөлөрдө диний жетекчилер сот алдында бизге ар кандай жалган айыптарды тагышат, мындайча айтканда: «Булар элди дүрбөлөңгө салып, биз карманбаган „каада-салттарды“ жарыялап жүрүшөт»,— деген сыяктуу сөздөрдү айтышат. Айрым жерлерде ишенимдештерибиз сабалып, түрмөгө камалып келет. Бирок мунун баары Жахабанын көз жаздымында калбайт (1 Пет. 3:12).

«Дароо... чөмүлтүлдү» (Элчилер 16:25—34)

13. Түрмө сакчысы эмне үчүн: «Кудай куткарышы үчүн эмне кылышым керек?» — деп сураган?

13 Ошондон кийин Пабыл менен Сыласка өзүнө келиш үчүн убакыт талап кылынса керек. Анан түн ортосунда өздөрүн бир аз жакшыраак сезип калышканда экөө «Кудайдан тиленип, аны даңктап ырдашат». Бир маалда катуу жер титиреп, түрмөнүн пайдубалы солкулдап кетет. Түрмө сакчысы ойгонуп кетип, эшиктер ачык экенин көрөт да, түрмөдө отургандарды качып кетти деп ойлоп, жүрөгү болк дей түшөт. Ал бул үчүн жазаланарын билгендиктен «кылычын сууруп чыгып, өзүн өзү өлтүрмөкчү болот». Бирок Пабыл ага: «Өзүңө кол салба, баарыбыз бул жердебиз!» — деп кыйкырып жиберет. Калчылдаган сакчы: «Мырзалар, Кудай куткарышы үчүн эмне кылышым керек?» — деп сурайт. Аны Пабыл менен Сылас эмес, Иса гана куткара алмак. Андыктан алар: «Мырзабыз Исага ишен, ошондо... куткарыласың»,— дешет (Элч. 16:25—31).

14. а) Пабыл менен Сылас сакчыга кандай жакшылык кылышкан? б) Алар куугунтукка карабай кубанычын кемитпегени үчүн кандай бата алышкан?

14 Түрмө сакчысы бул суроону чын жүрөктөн бергенби? Пабыл мындан шек санаган эмес. Ал сакчы башка улуттан болгондуктан Жазманы билген эмес. Исанын жолдоочусу болушу үчүн Жазмадагы негизги окууларды билип, кабыл алышы керек болчу. Ошон үчүн Пабыл менен Сылас ага «Жахабанын сөзүн айтып беришкен». Алар берилип кетип, ооруган жерлерин унутуп калса керек. Бирок түрмө сакчысы экөөнүн далысындагы жарааттарды көрүп, жууп тазалайт. «Андан кийин дароо өзү да, үйүндөгүлөрү да чөмүлтүлөт». Ооба, Пабыл менен Сылас куугунтукка карабай кубанычын кемитпегени үчүн чоң бата алышкан! (Элч. 16:32—34).

15. а) Бүгүнкү күндө көптөр Пабыл менен Сыластан кандай үлгү алышат? б) Аймагыбыздагыларга эмне үчүн барып турушубуз керек?

15 Пабыл менен Сыласка окшоп, бүгүнкү күндөгү көптөгөн боордошторубуз ишеними үчүн түрмөдө отурса да, кабар айтып жатат. Мунун натыйжасы жакшы болуп жатат. Мисалы, ишибизге тыюу салынган бир өлкөдө бир кезде Жахабанын Күбөлөрүнүн 40 пайызы чындык тууралуу түрмөдөн угушкан (Ыш. 54:17). Түрмө сакчысынын жер титирегенден кийин гана жардам сураганын эстесең. Ошо сыңары, кабарды уккусу келбей жүргөн айрым адамдар жашоосун солкулдаткан кыйынчылыктан улам жакшы кабарга кулак кага башташы мүмкүн. Андыктан аймактагыларга бат-бат барып турсак, алар даяр болору менен Кудай жөнүндө билим бере алабыз.

«Эми эч кимге билгизбей бошотуп жибергени жатышабы?» (Элчилер 16:35—40)

16. Пабыл менен Сылас сабалган күндүн эртеси жагдай кантип өзгөргөн?

16 Пабыл менен Сылас сабалган күндүн эртеси эртең менен бийлик башчылары аларды түрмөдөн бошоткула деп буйрук беришет. Бирок Пабыл аларга: «Римдин жарандары болсок да, бизди сурак-соту жок эле элдин көзүнчө сабап, түрмөгө камап, эми эч кимге билгизбей бошотуп жибергени жатышабы? Жок, өздөрү келип бошотушсун!» — дейт. Бийлик башчылары ал экөөнүн Римдин жараны экенин билгенде «коркуп кетишет». Анткени алардын укугун бузушкан болчу d. Ошондо жагдай кыйла өзгөрөт. Алар шакирттерди эл алдында сабашкан эле, эми эл алдында кечирим сурашы керек болчу. Ошентип, башчылар Пабыл менен Сыластан Филипиден кетишин өтүнүшөт. Алар буга макул болушат, бирок кетер алдында жаңы шакирттерге жолугуп, дем-күч беришет. Ошондон кийин гана жолго чыгышат.

17. Пабыл жана Сылас куугунтукка чыдап, жаңы шакирттерге кандай үлгү калтырган?

17 Эгер Пабыл менен Сылас башында эле Римдин жараны экенин айтышса, сабалмак эместир (Элч. 22:25, 26). Бирок ошондой болсо, ал жактагы шакирттер Пабыл менен Сылас тууралуу «булар укугун пайдаланып Машаяк үчүн азап чеккенден кутулуп кетет турбайбы» деген ойдо калышмак. Бул Римдин жараны болбогон шакирттердин ишенимине кандай таасир этмек? Римдиктердин мыйзамы Рим жарандыгы жокторду коргогон эмес. Пабыл менен шериги адилетсиз жазага чыдап, жаңы ишенимдештерине Исанын жолдоочулары куугунтукка моюн сунбай, бек тура аларын үлгүсү менен көрсөтүшкөн. Андан тышкары, алар укугун коргоп, бийликтегилердин мыйзамга каршы иш кылганын эл алдында моюнга алышын талап кылышкан. Бул шакирттерди кийин жаман мамиледен сактамак жана ушул сыяктуу кыйынчылыктар болсо, өздөрүн мыйзамга таянып коргой алмак.

18. а) Аксакалдар Пабылдан кандай үлгү алышат? б) Жакшы кабарды таратуу укугун коргош үчүн эмнелерди кылабыз?

18 Биздин күндөрдөгү аксакалдар да жыйналыштагыларды үлгүсү менен жетектешет. Алардан эмнени талап кылса, өздөрү да аткарганга дилгир. Биз, Пабыл менен Сыластай болуп, укугубузду коргош үчүн мыйзамды кантип жана кайсы учурда колдонушту билишибиз керек. Кызмат кыла беришибиз үчүн, зарыл болсо, жергиликтүү, жогорку, атүгүл эл аралык сотторго кайрылабыз. Бирок максатыбыз коомдогу кайсы бир нерселерди өзгөртүү эмес. Биз, Пабыл Филипиде камакка алынганынан он жылдай өткөндөн кийин филипиликтерге жазгандай, «жакшы кабар таратуу укугун мыйзам боюнча коргогонго» умтулабыз (Флп. 1:7). Бирок соттордун чечими кандай болбосун, Пабыл менен Сыластай болуп, Кудайдын рухунун жетеги менен «жакшы кабар айтканга» чечкиндүүбүз (Элч. 16:10).

a 128-беттеги « Элчилер китебин жазган Лука» деген кутучаны кара.

b Филипиде аскер кызматчылары жашагандыктан, жүйүттөргө сыйына турган жай курганга тыюу салынган көрүнөт. Же, сыягы, ал жерде жүйүт эркектердин саны онго жеткен эмес, себеби андай жай куруш үчүн, жок дегенде, он эркек керек болчу.

c 132-беттеги « Кызгылт көк буюмдарды сатып соода кылган Лидия» деген кутучаны кара.

d Римдиктердин мыйзамы боюнча, Римдин жарандарын ишин териштирбей туруп эл алдында жазалоо укук бузгандыкка жаткан.