Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-БӨЛҮМ

«Сүйлөй бер, багынба»

«Сүйлөй бер, багынба»

Пабыл иштеп жан баккан, бирок кызматын биринчи орунга койгон

Элчилер 18:1—22-аяттарга негизделди

1—3. Пабыл Корунтка эмне үчүн келген жана кандай кыйынчылыктарга дуушар болгон?

 Б.З. 50-ЖЫЛЫНЫН аягы. Элчи Пабыл соода-сатык өркүндөгөн, гректер, римдиктер, жүйүттөр көп жашаган Корунт шаарында a. Пабыл ал жерге соода кылыш үчүн же жумуш табыш үчүн келген жок. Ал Корунтка абдан маанилүү себеп менен — Кудайдын Падышалыгы жөнүндө күбөлөндүрүш үчүн — келген. Бирок ага жашаганга үй, жан багыш үчүн жумуш керек. Анткени ал эч кимге жүк болуп, башкалардын ал тууралуу бирөөнүн эсебинен жашап жүрөт деп ойлошун каалабайт. Пабыл эмне кылат?

2 Ал чатыр жасаганды жакшы билет. Бул оңой иштерден эмес. Бирок Пабыл жан багыш үчүн кара жумуштан качпайт. Жашоо кызуу жүргөн шаарда Пабыл жумуш, жашаганга жай таба алабы? Бул кыйын болсо да, ал эң негизги ишин — кызматын — көңүлүнүн борборунда сактайт.

3 Пабыл Корунт шаарында бир нече убакытка калып калат. Анын кызматы жемиштүү болот. Аймагыбызда Падышалык жөнүндө кылдат күбөлөндүргөнгө байланыштуу Пабылдын Корунттагы кызматынан эмнеге үйрөнсөк болот?

«Алар чатыр жасашчу» (Элчилер 18:1—4)

4, 5. а) Пабыл Корунтта кимдикинде жашаган жана эмне иш кылган? б) Пабыл чатыр жасаганды кайдан үйрөнгөн?

4 Пабыл Корунтка келгенинен бир нече убакыт өткөндөн кийин жүйүт элинен болгон Акила менен Прискила (же Приска) деген меймандос жубайларды жолуктурат. Алар император Клавдий «жүйүттөрдүн баарына Римден чыгып кетүүнү буйрук кылгандыктан», Корунтка көчүп келишкен болчу (Элч. 18:1, 2). Ал түгөйлөр Пабылды үйүнө алгандан тышкары, жумуш да таап беришет. Элчилер китебинен: «Жасаган иши бирдей болгондуктан, чогуу жашап, чогуу иштеп жүрдү. Алар чатыр жасашчу»,— дегенди окуйбуз (Элч. 18:3). Пабыл Корунттан кеткенге чейин ошол пейили кенен жубайлардын үйүндө жашап турган. Кыязы, ошол убакта Ыйык Китепке кирген айрым каттарды жазган b.

5 «Гамалеилдин өзүнөн билим алган» Пабыл эмне себептен чатыр жасаганды да үйрөнгөн? (Элч. 22:3). 1-кылымдагы жүйүттөр балдары билим алса да, аларга кайсы бир өнөрдү үйрөткөндү кадырды түшүргөн иш катары карашкан эмес. Киликиянын Тарс шаарынан болгон Пабыл чатыр жасаганды жаштайынан эле үйрөнсө керек. Анткени Киликия чатыр жасоодо колдонулчу киликиум деген кездемени чыгарганы менен белгилүү болгон. Чатырды кантип жасашчу? Ан үчүн кездемесин токушчу же даяр кездемени бычып, тигишчү. Кандай болбосун, анын убарасы көп болгон.

6, 7. а) Пабыл жумушуна кандай караган жана Акила менен Прискиланын да ошенткенин эмнеден көрсөк болот? б) Исанын жолдоочулары Пабылды, Акила менен Прискиланы кантип туурашат?

6 Пабыл үчүн чатыр жасоо башкы орунду ээлеген эмес. Ал нан таап жеш үчүн эле иштеген. Пабыл кабарды «акысыз» тараткан (2 Кор. 11:7). Ал эми Акила менен Прискила ал жумушка кандай караган? Исанын жолдоочулары катары буга Пабылдыкындай эле көз карашта болгону шексиз. Муну жумушун таштап, б.з. 52-жылы Пабыл менен Корунттан Эфеске көчүп барганынан көрүүгө болот. Эфесте алардын үйүндө жыйналыш өткөрүлчү (1 Кор. 16:19). Кийинчерээк алар Римге кайтып барышкан, анан кайра Эфеске барышкан. Ал ынталуу жубайлар Падышалыктын ишин биринчи орунга коюп, башкаларга кызмат кылганга даяр болушкан. Алардын кызматына «башка элдердин арасындагы жыйналыштардын баары» бекеринен ыраазы болгон эмес (Рим. 16:3—5; 2 Тим. 4:19).

7 Бүгүн да Исанын жолдоочулары Пабылдан, Акила менен Прискиладан үлгү алышат. Ынталуу жарчылар чыгымдарын өздөрү жабыш үчүн күжүрмөн эмгектенишет (1 Тес. 2:9). Көптөгөн толук убакыт кызмат кылган жарчылар өздөрүн камсыз кылыш үчүн жарым күндүк жумушта же жылдын кайсы бир мезгилинде иштешет. Бирок алардын негизги иши — кабар айтуу иши. Акила менен Прискиладай болуп, көптөгөн меймандос ишенимдештерибиз райондук көзөмөлчүлөрдү конокко алышат. «Дайыма меймандос болгула»,— деген чакырыкка ылайык иш кылгандар мунун абдан кубат берип, сергите турганын жакшы билишет (Рим. 12:13).

«Көптөгөн корунттуктар... ишенишкен» (Элчилер 18:5—8)

8, 9. Жүйүттөр Пабылды куугунтуктаганда ал эмне кылган жана андан кийин кайсы жерде кабар айткан?

8 Пабылдын кызматта өзүн камсыз кылыш үчүн эле иштегени Сылас менен Тиметей Македониядан боордошторунун марттык менен берген белектерин алып келгенде айкын болгон (2 Кор. 11:9). Алар келгенден кийин эле «Пабыл бүт убактысын Кудайдын сөзүн жарыялаганга арнаган» (Элч. 18:5). Бирок жүйүттөр анын жолун торогонго аракет кылышкан. Алар өмүрүн куткарып кала турган Машаяк жөнүндөгү кабарды четке какканда, Пабыл кийимин силкип: «Өз каныңар өз мойнуңарда. Мен күнөөлүү эмесмин. Эми башка элдерге барам»,— деген. Муну менен алардын чечими үчүн жооптуу эмес экенин билдирген (Элч. 18:6; Жез. 3:18, 19).

9 Пабыл андан ары кайсы жерде кабар айткан? Ал Корунтта кабар айтканын улантыш үчүн жүйүт динин кабыл алган Титус Жуст ага үйүн берген. Анын үйү сыйына турган жайга туташып турчу. Андыктан Пабыл ал жактан чыгып, Титустун үйүнө барган (Элч. 18:7). Корунтта анын жашаган жери — Акила менен Прискиланын үйү болсо, кабар айткан жери — Титустун үйү болчу.

10. Пабылдын жүйүттөргө да кабар айтканга чечкиндүү болгонун эмне көрсөтүп турат?

10 Пабылдын: «Эми башка элдерге барам»,— деген сөздөрү анын бардык жүйүттөргө жана жүйүт динин кабыл алгандарга, атүгүл уга тургандарына да кабар айткандан баш тартканын билдирди беле? Албетте, жок. Маселен, «сыйынуу жайынын башчысы Криспос бүт үйүндөгүлөрү менен Мырзабызга ишенип калган». Ошондой эле сыйынуу жайына келгендердин көпчүлүгү Криспоско кошулуп, кабарды кабыл алса керек. Анткени Ыйык Китепте: «Кабарды уккан көптөгөн корунттуктар да ишенип, чөмүлтүлүштү»,— делет (Элч. 18:8). Ошентип, Титус Жусттун үйүндө Корунттагы жаңы жыйналыш өткөрүлө баштаган. Эгер Лука окуяларды өзүнө мүнөздүү стилде (хронологиялык тартипте) жазса, жүйүттөр же жүйүт динин кабыл алгандар Пабыл кийимин силкип салгандан кийин чөмүлтүлсө керек. Мындан элчи Пабылдын ийилчээк болгону айкын көрүнүп турат.

11. Жахабанын Күбөлөрү христиан динин туткандарга кабар айтканда Пабылды кантип туурашат?

11 Көптөгөн өлкөлөрдө христиан чиркөөлөрү арбын. Алар христиан динин туткандарга күчтүү таасир этет. Айрым өлкөлөрдө жана аралдарда христиан миссионерлери көптөрдү динине тартыш үчүн катуу күч жумшап келишет. Христиан атагандар, 1-кылымдагы Корунттагы жүйүттөрдөй болуп, көп учурда каада-салттарга бекем карманышат. Бирок биз, Пабылга окшоп, ушундай адамдар менен жалпылыкты издегенге умтулабыз. Алар менен Ыйык Китеп жөнүндө билгендеринин негизинде маек курабыз. Алар бизге каршы чыкса да же диний жетекчилери бизди куугунтуктаса да, үмүтүбүздү үзбөйбүз. Анткени арасында «Кудайга ынталуу кызмат кылган», «бирок Кудай жөнүндө так билими жок» момун адамдар болушу мүмкүн. Биз аларды табышыбыз керек (Рим. 10:2).

«Бул шаарда мага ишене турган дагы көп киши бар» (Элчилер 18:9—17)

12. Иса Пабылды аян аркылуу эмнеге ынандырган?

12 Пабыл Корунтта кызматын андан ары улантсамбы же жокпу деп түпөйүлдөнсө керек. Бирок Иса ага түн ичинде келип, аян аркылуу: «Коркпо, сүйлөй бер, багынба, анткени мен сенин жаныңдамын. Эч ким сага кол салып, зыян келтирбейт, себеби бул шаарда мага ишене турган дагы көп киши бар»,— дегенде, ал кызматын улантышы керектигин түшүнгөн (Элч. 18:9, 10). Ошондо Пабыл кандай гана бекемделген! Иса аны коргой турганына жана ал шаарда татыктуу адамдар көп экенине өзү ынандырган. Пабыл ошондон кийин кандай иш-аракет кылган? Элчилер китебинде: «Пабыл ал жерде 1 жыл 6 ай болуп, Кудайдын сөзүн жарыялап, окутуп жүрдү»,— делет (Элч. 18:11).

13. Сот жүргүзүлчү жерге жакындап калганда Пабыл эмнени эстесе керек, бирок жакшылыктан үмүтүн үзбөгөнгө кандай негиз бар эле?

13 Корунтта жүргөнүнө бир жылдай болуп калганда Пабыл Исанын коргооруна дагы бир жолу ынанган. «Жүйүттөр биригип алып, Пабылга каршы чыгып», аны бема деп аталган «сот жүргүзүлчү жерге алып барышкан» (Элч. 18:12). Айрымдардын айтымында, көгүш жана ак мрамор таштарынан кооздолуп, жерден бийигирээк орнотулган сот жүргүзүлчү жер Корунттагы базар аянтына жакын жерден орун алган. Ал жер көп элди батыргыдай кенен болчу. Археологиялык табылгалардан улам бема сыйынуу жайына жана Жусттун үйүнө жакын жайгашкан деп божомолдоого болот. Ошол жерге жакындап келатканда Пабыл Иса жөнүндө кабар айтканы үчүн таш бараңга алынган Степанды эстесе керек. Анткени ал бир кезде өзү да «Степанды өлтүрүп жаткандарды колдогон» болчу (Элч. 8:1). Пабыл да ошентип өлтүрүлөт беле? Жок, анткени Иса ага: «Эч ким сага... зыян келтирбейт»,— деп убада берген (Элч. 18:10).

«Аларды сот жүргүзүлчү жерден кууп жиберди» (Элчилер 18:16).

14, 15. а) Жүйүттөр Пабылды эмне деп айыпташкан жана эмне себептен Галион Пабылдын ишин караган эмес? б) Состен кандай окуяга кабылган жана мунун натыйжасы кандай болгон көрүнөт?

14 Пабыл сот жүргүзүлчү жерге келгенде эмне болгон? Ал жерди Ахая аймагынын акими, римдик философ Сенеканын бир тууган агасы Галион башкарган. Жүйүттөр Пабылды: «Бул киши башкаларды Кудайга мыйзамга каршы келген жол менен сыйынганга үндөп жатат»,— деп айыпташкан (Элч. 18:13). Жүйүттөрдүн айтымында, Пабыл элди мыйзамсыз түрдө башка динге үгүттөп жаткан. Бирок Галион Пабылдын «кандайдыр бир жаман иш же оор кылмыш» жасабаганын түшүнгөн (Элч. 18:14). Андыктан жүйүттөрдүн талаш-тартышына аралашкысы келген эмес. Ошон үчүн Пабыл өзүн коргоп ооз ачкыча эле, Галион ишти жаап койгон. Ошондо Пабылды айыптагандардын каары кайнап, ачуусун жүйүттөрдүн сыйынуу жайынын башчысы Состенден (кыязы, ал Криспостон кийин башчы болуп дайындалган) чыгарышкан. Аны «кармап алып, сот жүргүзүлчү жердин алдында сабап салышкан» (Элч. 18:17).

15 Жүйүттөр Состенди сабап жатканда, Галион эмне үчүн кийлигишкен эмес? Балким, ал Пабылга каршы чыккандардын башында Состен тургандыктан, тиешесин алып жатат деп ойлогон. Бирок Состендин буга тиешеси болгон эмес. Кандай болбосун, ошол окуянын аягы жакшы болуп бүтсө керек. Ошондон бир нече жыл өткөндөн кийин Пабыл Корунттагы жыйналышка жазган 1-катында Состен аттуу бир ишенимдеши тууралуу кеп кылган (1 Кор. 1:1, 2). Ал Корунтта токмок жеген баягы Состен беле? Ошондой болсо, ал ошол кейиштүү окуядан кийин чындык жолуна түшкөн деп айтууга болот.

16. Исанын: «Сүйлөй бер, багынба, анткени мен сенин жаныңдамын»,— деген сөздөрү кызматыбызга кандай таасир этет?

16 Иса Пабылды: «Коркпо, сүйлөй бер, багынба, анткени мен сенин жаныңдамын»,— деп жүйүттөр анын кабарын четке каккандан кийин ынандырганын эстесең (Элч. 18:9, 10). Биз да бул сөздөрдү, өзгөчө, кабарыбызды четке кагышканда эсибизге бек сакташыбыз керек. Жахаба адамдын жүрөгүн көрүп турарын жана пейили ак адамдарды өзүнө жакындатарын эч качан унутпа (1 Шем. 16:7; Жкн. 6:44). Бул бизге жигердүү кызмат кылганга түрткү бербейби? Күн сайын жүздөгөндөр, жыл сайын миңдегендер чөмүлтүлүүдө. «Бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деген буйрукка баш ийгендерди Иса: «Бул дүйнөнүн акырына чейин, мен ар дайым силер менен болом»,— деп ынандырат (Мт. 28:19, 20).

«Жахаба кааласа,..» (Элчилер 18:18—22)

17, 18. Пабыл Эфеске баратканда эмне тууралуу ой жүгүртсө керек?

17 Галион Пабылга болушкандан кийин, Корунттагы жаңы жыйналыш тынч күндөрдү өткөрүп калганбы? Муну так билбейбиз. Кандай болбосун, Пабыл Корунтта «дагы бир канча убакытка» калган. Б.з. 52-жылы жазында Пабыл Корунттун чыгышынан 11 километрдей алыс жайгашкан Кенхирея портунан Сирияга сүзүп кетейин деп чечкен. Бирок кеткенге чейин «Кудайга берген антына байланыштуу... чачын кырктырган» c (Элч. 18:18). Андан кийин Акила менен Прискиланы алып, Эгей деңизи аркылуу Кичи Азиядагы Эфеске сапар тарткан.

18 Пабыл Эфеске баратканда Корунтта өткөргөн күндөрү тууралуу ойлонсо керек. Ал далай сонун күндөрдү өткөрүп, чоң кубанычка бөлөнгөн. Анын 18 айлык кызматы абдан жемиштүү болгон. Алсак, Корунтта алгачкы жыйналыш уюшулуп, Жусттун үйүндө өткөрүлө баштаган. Жуст, Криспос, анын үй-бүлөсү жана башка көптөгөн адамдар Машаякты жолдой башташкан. Пабыл аларды жанындай жакшы көрүп калган, анткени Исанын жолдоочусу болгонго жардам берген. Кийин корунттуктарга кат жазганда аларды «кепилдеме каттарга» салыштырган. Биз да чындык жолуна түшкөнгө жардам бергендерге ынак болуп калабыз. Ооба, алар биз үчүн «кепилдеме каттардай» болуп калат. Аларды көргөндө абдан кубанабыз! (2 Кор. 3:1—3).

19, 20. Эфеске жеткенде Пабыл эмне кылган жана рухий максаттарга умтулууда андан кандай үлгү алсак болот?

19 Пабыл Эфеске жеткенде дароо кабар айта баштаган. Ал «сыйынуу жайына барып», «жүйүттөр менен Ыйык Жазмада жазылгандар жөнүндө талкуу жүргүзгөн» (Элч. 18:19). Бул жолкусунда Пабыл Эфесте бир аз эле жүргөн. Эфестиктер андан көбүрөөк убакытка калышын суранышканда, «ал макул болбой» койгон. Алар менен коштошуп жатып Пабыл: «Жахаба кааласа, кайра келем»,— деген (Элч. 18:20, 21). Ал Эфесте дагы көп адамдар чындыкты угушу керектигин түшүнгөн. Ошондуктан кайра кайтып келүүнү ниет кылган. Бирок баарын Жахабанын колуна тапшырган. Бул биз үчүн кандай сонун үлгү! Алдыбызга койгон рухий максаттарга жетиш үчүн иш-аракет кылышыбыз керек. Бирок ар дайым Жахабага таянып, анын эркине ылайык иш кылууга умтулушубуз зарыл (Жкп. 4:15).

20 Пабыл Акила менен Прискиланы Эфеске калтырып, өзү болсо Кесарияга сүзүп кеткен. «Ал жерден Иерусалимге барып», ишенимдештери менен жолуккан (Элч. 18:22). Андан кийин өзү көп токтогон Сириядагы Антиохияга жөнөп кеткен. Ошентип, анын 2-миссионердик сапары ийгиликтүү аяктаган. Акыркы миссионердик сапарында ал кандай окуяларга туш болгон?

a 149-беттеги « Корунт — эки деңиздин мырзасы» деген кутучаны кара.

c 152-беттеги « Пабылдын анты» деген кутучаны кара.