Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-БӨЛҮМ

«Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзүп жүрдү»

«Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзүп жүрдү»

Натыйжалуу окутуунун сыры; бероялыктардын мыкты үлгүсү

Элчилер 17:1—15-аяттарга негизделди

1, 2. Тесалоникага кимдер баратышат жана алар эмнени ойлоп келатышат?

 РИМДИКТЕРДИН чыгаан куруучулары салган жол адыр тоолорду аралай өтөт. Жолдо карай анда-санда эшектердин кыйкырганы, таш жолдо бараткан арабалардын калдыр-шалдыры, жолоочулардын: соодагерлердин, жоокерлердин, усталардын кыжы-кужусу угулат. Ал жолдо Филипиден 130 километр алыс жайгашкан Тесалоника шаарына Пабыл, Сылас жана Тиметей да баратат. Пабыл менен Сыласка жол жүрүү өзүнчө эле азап. Анткени камчыдан калган жарааттары дагы деле айыга элек (Элч. 16:22, 23).

2 Ушунча узак жолду кантип оңой арытышат? Кызыктуу кеп салып. Пабыл менен Сылас Филипидеги түрмө сакчысы менен анын үй-бүлөсүнүн Кудайдын жолуна түшкөнүн айтып түгөтө албай келатышат. Ошондон кийин алар Кудайдын Сөзүн жарыялаганга ого бетер чечкиндүү болуп калышты. Бирок деңиз жээгинде жайгашкан Тесалоникага жакындап калганда, ал жактагы жүйүттөр кандай кабыл алат болду экен деген ой кылт дей түшөт. Филипиликтердей болуп ур-токмокко алышпайбы?

3. Пабылдан кайраттуу болуу жагынан эмнени үйрөнө алабыз?

3 Пабылды кандай ойлор басканын кийинчерээк тесалоникалыктарга жазган катынан билүүгө болот. Ал: «Өзүңөр билгендей, адегенде Филипиде азап чегип, кордук көргөнбүз, бирок Кудайыбыз жардам бергендиктен, кайраттанып, силерге анын жакшы кабарын катуу каршылыкка карабай жарыялаганбыз»,— деген (1 Тес. 2:2). Мындан көрүнүп тургандай, ал Филипиде болгон окуялардан улам Тесалоникага баратканда бир аз сарсанаа болгон көрүнөт. Сенде да ушундай болобу? Жакшы кабарды жарыялоо кээде кыйынга турабы? Пабыл Жахабанын аны бекемдеп, кайраттуу болгонго жардам берерине ишенген. Анын башынан өткөн окуяларды изилдесең, сен да Жахабага таяна аласың (1 Кор. 4:16).

«Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзүп жүрдү» (Элчилер 17:1—3)

4. Пабыл Тесалоникада үч жумадан көбүрөөк жүргөн деп эмне үчүн айта алабыз?

4 Элчилер китебинде Пабылдын Тесалоникада үч ишемби бою жүйүттөрдүн сыйына турган жайында кабар айтканы жазылат. Ал үч эле жума жүрдү беле? Сөзсүз деле андай эмес. Шаарга барганынан канча убакыттан кийин сыйынуу жайына барганын билбейбиз. Каттарынан көрүнүп тургандай, ал шериктери менен Тесалоникада жан багыш үчүн иштешкен (1 Тес. 2:9; 2 Тес. 3:7, 8). Ошондой эле Пабыл ал жакта жүргөндө Филипидеги ишенимдештери ага эки ирет жардам жөнөтүшкөн (Флп. 4:16). Демек, ал үч жумадан көбүрөөк жүрсө керек.

5. Пабыл элдин эмненин негизинде ишенишин каалаган?

5 Пабыл Жахабанын жардамы менен кайраттанган соң сыйынуу жайында чогулгандарга кабар айта баштаган. Бул туурасында мындай делет: «Пабыл адатынча... ал жердегилер менен үч дем алыш катары менен Ыйык Жазманын негизинде талкуу жүргүзүп жүрдү. Ал Машаяктын азап чегиши жана өлүп, кайра тирилиши керек болгонун түшүндүрүп, Ыйык Жазмадан далилдерди келтирип: „Мен силерге жарыялап жаткан Иса — ошол Машаяктын өзү“,— деп айтып жүрдү» (Элч. 17:2, 3). Көңүл бурсаң, Пабыл элдин сезимдердин негизинде эмес, ой жүгүртүп, далилдердин негизинде ишенишин каалаган. Пабыл ал жерге келгендердин Жазманы жакшы билерин, аны бедел тутарын билген. Бирок алар аны терең түшүнүшкөн эмес. Ошондуктан ал назареттик Исанын убадаланган Машаяк экенин көрсөтүш үчүн Жазманын негизинде талкуу жүргүзгөн, түшүндүргөн, далилдерди келтирген.

6. Иса Жазманын негизинде кантип талкуу жүргүзгөн жана жыйынтыгы кандай болгон?

6 Пабыл Исадан үлгү алган. Иса дайыма Жазманын негизинде окутчу. Алсак, ал жолдоочуларына Жазмада өзүнүн азап чегери, өлтүрүлөрү жана тирилтилери алдын ала жазылганын айтып берген (Мт. 16:21). Тирилгенден кийин болсо шакирттерине көрүнгөн. Ушунун өзү эле анын айткандары чындык экенине ынанганга жетиштүү болмок. Бирок Иса көрүнүп эле тим болгон эмес. Тирилгенден кийин айрым шакирттерине эмне дегени тууралуу Ыйык Китепте: «Мусанын жана башка бардык пайгамбарлардын сөздөрүнөн баштап, бүт Ыйык Жазмада өзү жөнүндө айтылгандарды түшүндүрүп берди»,— делет. Мунун жыйынтыгы кандай болгон? Шакирттер: «Жолдон биз менен сүйлөшүп, Ыйык Жазманы түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле»,— дешкен (Лк. 24:13, 27, 32).

7. Окууларыбызды Ыйык Китепке негиздегенибиз эмне үчүн маанилүү?

7 Кудайдын Сөзүндөгү кабар зор күчкө ээ (Евр. 4:12). Ошондуктан биз Исадай, Пабылдай жана башка элчилердей болуп, айткандарыбызды Кудайдын Сөзүнө негиздейбиз. Биз да Ыйык Китептин өзүнөн окуп берип, талкуу жүргүзөбүз, аяттардын маанисин түшүндүрөбүз жана айткандарыбыздын чындык экенин далилдейбиз. Анткени жакшы кабар биздики эмес, Кудайдыкы. Андыктан Ыйык Китептин өзүнөн окуп берсек, эл өзүбүздүн ойлорубузду эмес, Кудайдын ойлорун айтып жатканыбызды түшүнөт. Биз айткан кабардын Кудайдын Сөзүнө бекем негизделерин да эсибизден чыгарбашыбыз керек. Кудайдын Сөзү, чынында эле, ишенүүгө татыктуу. Бул, Пабылдай болуп, жакшы кабарды кайраттуулук менен жарыялоого түрткү бербейби?

«Алардын айрымдары... Исанын жолдоочусу болушкан» (Элчилер 17:4—9)

8—10. а) Тесалоникалыктар жакшы кабарды кандай кабыл алган? б) Эмне үчүн кээ бир жүйүттөрдүн Пабылга ичи күйгөн? в) Жүйүттөр кандай каршылык көрсөткөн?

8 Пабыл Тесалоникага келгенге чейин эле Исанын: «Кул кожоюнунан өйдө эмес. Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат. Эгер менин айткандарымды аткарышса, силердикин да аткарышат»,— деген сөздөрүнүн калетсиздигине ынанган (Жкн. 15:20). Ал Тесалоникага келгенде кабарды ар ким ар кандай кабыл алган: айрымдар Кудайдын сөзүн аткарганга ынтызар болсо, башкалары четке каккан. Кабыл алгандар тууралуу Лука мындай деп жазган: «Алардын айрымдары [жүйүттөр], ошондой эле Кудайга сыйынган көптөгөн гректер менен таасирдүү аялдар Исанын жолдоочусу болуп, Пабыл менен Сыласка кошулушту» (Элч. 17:4). Ошол жаңы шакирттер Жазманы түшүнгөнүнө абдан кубанышса керек.

9 Айрымдар Пабылдын сөзүн кубанып кабыл алса, башкалары тишин кайрашкан. Тесалоникадагы жүйүттөр Пабылдын сөзүнө «көптөгөн гректердин» ишенип калганына ичи күйгөн. Алар гректерди өз динине тарткысы келгендиктен, Еврей Жазмаларындагы окууларды үйрөтүп, ал гректерди менчиктеп алышкан. Ошондуктан жүйүттөргө Пабыл каратып туруп, болгондо да, сыйынуу жайдын өзүнөн гректерди тартып кеткендей сезилген. Буга алардын каарданганы айтпаса да түшүнүктүү.

«Жүйүттөр... Пабыл менен Сыласты сүрмө топтун алдына алып чыгыш үчүн... барышкан» (Элчилер 17:5).

10 Андан ары эмне болгонун Лука мындай деп баяндайт: «Жүйүттөр көрө албастык кылып, базар аянтындагы бекерпоздордун арасынан айрым кара ниет кишилерди чогултушту. Алар сүрмө топ болуп алып шаарга тополоң салышты. Анан Пабыл менен Сыласты сүрмө топтун алдына алып чыгыш үчүн Жасондун үйүнө кирип барышты. Бирок аларды таппай коюшкандыктан Жасон менен айрым шакирттерди шаар башкаруучуларына сүйрөп барышты да, кыйкырып: „Бүт жерге дүрбөлөң салган тиги экөө эми бул жакка да келишиптир. Жасон болсо аларды коноктоптур. Булардын баары Иса деген башка падыша бар деп айтып, императордун буйруктарына каршы чыгып жатышат“,— дешти» (Элч. 17:5—7). Сүрмө топтун каршылыгы Пабыл менен анын шериктерине кандай таасир эткен?

11. Жүйүттөр Пабылдарга кандай айып таккан жана кайсы мыйзамды аларга каршы колдонууну көздөшкөн? (Шилтемени кара.)

11 Сүрмө топ кимди болбосун сестентет. Анткени ал албууттана күр-шар аккан дарыядай башкарылгыс. Жүйүттөр Пабыл менен Сыластын көзүн тазалаш үчүн сүрмө топту колдонгон. Анан шаарга «тополоң салып», башкаруучуларды Пабыл менен Сыласка тагылган айыптын жөндүү экенине ынандырганга аракет кылышкан. Биринчиден, жүйүттөр Пабыл менен шериктери эч нерсе кылбаса деле, «бүт жерге дүрбөлөң салышты» деп күнөөлөшкөн. Экинчи айып андан да олуттуу болгон: Иса деген башка Падыша жөнүндө үгүт жүргүзүп, императордун мыйзамын бузуп жатышат деп айыпташкан a.

12. Исанын жолдоочуларына коюлган айыптын арты жаман болмок деп эмне үчүн айта алабыз?

12 Диний жетекчилер Исага да ушундай айып тагышканын эстесең. Алар Пилатка: «Бул киши элибизди бузуп,.. өзүн Машаякмын, падышамын деп атап жүрүптүр»,— дешкен (Лк. 23:2). Пилат, кыязы, император аны саткын деп ойлоп калат деп корккондуктан Исаны өлүмгө кыйган. Исанын Тесалоникадагы жолдоочуларына коюлган айыптын арты да ушундай жаман болуп калышы ыктымал эле. Бир эмгекте: «Алар өздөрүн чоң коркунучка дуушар кылышкан, себеби императорго чыккынчылык кылды деп шектүү табылгандар өлүмдөн качып кутула алган эмес»,— деп айтылган. Жүйүттөрдүн кара ниеттиги ишке ашты беле?

13, 14. а) Эмне үчүн сүрмө топ кабар айтуу ишин токтото алган эмес? б) Пабыл кантип эстүүлүк кылган жана биз андан кандай үлгү алабыз?

13 Сүрмө топ Тесалоникадагы кабар айтуу ишин токтото алган эмес. Эмне үчүн? Мунун бир себеби — жүйүттөр Пабыл менен Сыласты таппай калышкан. Ошондой эле алар башкаруучуларды Пабылдарга таккан айыптын негиздүү экенине ынандыра албай койгон көрүнөт. Шаар башкаруучулары Жасондон жана башка бир туугандардан «күрөөгө жетиштүү акча алышкандан кийин» аларды коё беришкен (Элч. 17:8, 9). Пабыл Исанын: «Жыландай сак, ошол эле учурда көгүчкөндөй куулук-шумдугу жок болгула»,— деген кеңешине ылайык, кабар айта бериш үчүн башка жерге кетип эстүүлүк кылган (Мт. 10:16). Ооба, ал тайманбас болгон, ошол эле учурда өмүрүн тобокелге салган эмес. Исанын жолдоочулары Пабылдан кандай үлгү алышат?

14 Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери да көп учурда сүрмө топту Жахабанын Күбөлөрүнө тукурушат. Алар ызы-чуу салып, Жахабанын Күбөлөрүн чыккынчылар деп айыптап, бийликтегилердин каарына калышын каалашат. 1-кылымдагыдай эле, куугунчулар ич күйдүлүктөн каршы чыгышат. Кандай болбосун, Исанын чыныгы жолдоочулары жаңжал чыгара турган жагдайлардан качышат. Биз бут тоскон жаалдуу, эпке-сөзгө келбеген адамдар менен талашып-тартышпайбыз, анын ордуна, сабырдуу болуп, абал тынчымайынча, ишибизди башка жакта уланта беребиз.

Алар «билим алганга дилгир адамдар эле» (Элчилер 17:10—15)

15. Бероялыктар жакшы кабарды кандай кабыл алышкан?

15 Тесалоникалык шакирттер коопсуздугу үчүн Пабыл менен Барнабанын 65 километрдей алыс жайгашкан Берояга жөнөтүп жиберишкен. Ал жактан Пабыл жүйүттөрдүн сыйына турган жайына барып, чогулгандарга кабар айткан. Ал Кудайдын Сөзүн ынтызарлык менен кабыл алгандарды жолуктурганына кандай гана кубанган! Лука бероялыктар жөнүндө мындай деп жазган: «Бероялыктар тесалоникалыктарга караганда билим алганга дилгир адамдар эле. Алар уккандарынын чын-төгүнүн текшериш үчүн Ыйык Жазманы күн сайын кылдат изилдеп, Кудайдын сөзүн жан-дили менен кабыл алышты» (Элч. 17:10, 11). Бул сөздөр тесалоникалыктардын жеңил ойлуу болгонун билдиреби? Түк да. Пабыл кийинчерээк аларга: «Силер бизден уккан Кудайдын сөзүн адамдын эмес, Кудайдын сөзүндөй кабыл алганыңар үчүн, ага дайыма ыраазычылык билдиребиз. Чынында эле, ал — Кудайдын сөзү; ал силерге таасир этип жатат»,— деп жазган (1 Тес. 2:13). Эмне үчүн бероялыктар билим алганга дилгир болгон?

16. Бероялыктар «билим алганга дилгир адамдар» болгон деп эмне үчүн айта алабыз?

16 Бероялыктар жаңы нерсени укса да, шек санап же сындап киришкен эмес. Ошол эле учурда ишенчээк да болушкан эмес. Алар адегенде Пабылдын айткандарын кунт коюп угуп, анан чын-төгүнүн текшериш үчүн Жазмага кайрылышкан. Ошондой эле Кудайдын Сөзүн ишемби күнү эле эмес, күн сайын казып изилдешкен. Муну «жан-дили менен» кылышкан. Алар жаңы нерселер тууралуу Ыйык Жазмада эмне делерин билиш үчүн убактысын арнашкан. Анан момун болуп, жашоосун өзгөртүшкөн. Ошентип, «көптөрү... Исанын жолун жолдой башташкан» (Элч. 17:12). Ошондуктан Луканын аларды «билим алганга дилгир адамдар» деп сыпаттаганы таң калыштуу эмес.

17. Бероялыктардын үлгүсү эмне үчүн мактоого татырлык жана чөмүлгөндөн кийин да канткенде алардын үлгүсүнө карманабыз?

17 Жакшы кабарды кабыл алган бероялыктар көз карашы кең адамдар катары Ыйык Китепке жазылып каларын билбесе керек. Алар Кудайдын Сөзүн Пабыл эңсегендей жана Жахаба каалагандай кабыл алышкан. Ишеними Ыйык Китептен бекем тамыр алышы үчүн, биз да адамдарды аны кылдат изилдегенге үндөйбүз. Ал эми чөмүлгөндөн кийин Кудайдын Сөзүн кылдат изилдегенди токтотуп коюшубуз керекпи? Жок. Жахаба жөнүндө билим алганга ынтызарлыгыбыз арта бериши, билимибизди шак эле колдонгонго умтулушубуз кажет. Ошондо Жахаба бизди калыптап, эркине ылайык жашаганга үйрөтөт (Ыш. 64:8). Мунун аркасында дайыма Кудайыбыздын керегине жараган, жүрөгүнө жаккан адамдардан боло алабыз.

18, 19. а) Пабыл Бероядан эмне үчүн кеткен жана анын тырышчаактыгынан эмнеге үйрөнө алабыз? б) Пабыл Бероядан кийин каякка барган жана кимдерге кабар айткан?

18 Пабыл Берояда көпкө кармалган эмес. Элчилер китебинен мындай дегенди окуйбуз: «Пабылдын Кудайдын сөзүн Берояда да жарыялаганын угушканда тесалоникалык жүйүттөр элди үгүттөп, ага каршы тукуруш үчүн ошол жакка барышты. Ошондо бир туугандар Пабылды дароо деңизди көздөй жөнөтүп жиберишти. Сылас менен Тиметей болсо ошол жерде калышты. Пабылды узатып чыккандар аны менен Афинге чейин барышты. Пабыл аларга Сылас менен Тиметейдин мүмкүн болушунча тезирээк келип калышы керектигин айтты. Анан алар кайра артка кайтышты» (Элч. 17:13—15). Жакшы кабарга каршы чыккандар Пабыл менен шериктеринин аркасынан сая түшүп алышкан. Аларды Тесалоникада куугунтуктаганы аз келгенсип, Берояга да кууп барып, ал жердин элин да дүрбөлөңгө салганга аракет кылышкан. Бирок мындан эч майнап чыккан эмес. Пабылдын аймагы чоң болгон, ошон үчүн башка жакка кетип калган. Жолубузду торогондордун ою ойрон болушу үчүн, биз да бел чечпей кабар айта беребиз!

19 Пабыл Тесалоникадагы жана Бероядагы жүйүттөргө кылдат кабар айткандын аркасында Кудайдын Сөзүн тайманбай жарыялап, анын негизинде талкуу жүргүзүүнүн канчалык маанилүү экенин түшүнгөн. Биз да ошентишибиз керек. Бероядан кеткенден кийин Пабыл Афинге барып, башка улуттагыларга кабар айткан. Аны эмнелер күтүп турган? Муну кийинки бөлүмдөн билебиз.

a Бир окумуштуунун айткандарына ылайык, Рим императору «жаңы падыша же падышалык туурасында, өзгөчө, императордун ордун баса турган же соттой турган падыша» келет деп кеп кылганга тыюу салган мыйзам чыгарган. Душмандар элчилердин кабары так ошол мыйзамды бузгандыкка жатат деп айыпташкан. 137-беттеги « Императорлор жана элчилер китеби» деген кутучаны кара.