Сүрөттөрдүн индекси
Мукаба: Пабыл, Табита, Галион, Лука, ибадаткананы кайтарган сакчы жана элчилер, садукей, Кесарияга алынып бараткан Пабыл. Үн күчөткүчү бар машине менен күбөлөндүрүү.
1 Лука чынжырланган Пабылды коштоп жүк ташуучу кеме менен Римге баратат.
2, 3 Жетектөөчү Кеңештин мүчөлөрү Ж. Барр менен Т. Ярач дүйнөнүн картасын карап турат.
11 Иса Галилеядагы тоодо 11 ишенимдүү элчисине жана башка жолдоочуларына тапшырма берип жатат.
14 Элчилер асманга көтөрүлүп бараткан Исаны карап турат.
20 Шакирттер Элүүнчү күн майрамына келгендерге алардын тилинде кабар айтып жатышат.
36 Элчилер ачууланган Каяпанын алдында турушат. Синедриондун кол алдындагы сакчылар аларды камакка алганга даяр турушат.
44 Төмөндө: Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин америкалык чалгынчылар деп жалаа жабылган Жахабанын Күбөлөрү чыгыш Германиядагы сот алдында турушат («Neue Berliner Illustrierte», 1950-жыл, 3-октябрь).
46 Степан Синедриондун алдында турат. Сол тарабында бай садукейлер, оң тарабында каада-салттарга бекем карманган фарисейлер отурат.
54 Жаңы шакиртке колун коюп жаткан Петир; капчык кармап турган Шымон.
75 Петир менен анын шериктери Корнелийдин үйүнө кирип баратат. Корнелийдин сол ийининде жүз башы экенин көрсөткөн жабуу бар.
83 Петир периштени ээрчип баратат. Ал, сыягы, Антония чебинде камакта жаткан.
84 Төмөндө: Монреалдын жанындагы сүрмө топ. Квебек, 1945-жыл («Weekend Magazine» 1956-жыл, июль).
91 Антиохиядагылар (Писидия) Пабыл менен Барнабаны кууп чыгып жатышат. Арт жагында, кыязы, б.з. 1-кылымынын башында курулган көпүрө сымал суу өткөргүч.
94 Пабыл менен Барнаба листралыктарга аларга сыйынбашы керектигин айтып жатышат. Курмандык чалуу шаан-шөкөт жана музыка менен коштолчу.
100 Жогоруда: Сылас менен Жүйүт Антиохиядагы (Сирия) жыйналышты бекемдеп жатат (Элч. 15:30—32). Төмөндө: Угандадагы жыйналышта баяндама айтып жаткан райондук көзөмөлчү.
107 Иерусалимдеги жыйналыштагылар менчик үйдө чогулуп жатышат.
124 Пабыл менен Тиметей римдиктердин жүк ташуучу кемеси менен сапар тартып баратат. Алыста маяк көрүнүп турат.
139 Пабыл менен Сылас сүрмө топтон качып баратат.
155 Галион Пабылдын айыптоочуларын таратып жатат. Галион үстүнө анын абалын көрсөткөн кызгылт көк түстөгү жазы сызыгы бар ак кийимин, бутуна колцеин кийип турат.
158 Димитир Эфестеги зер буюмдарды саткан күмүш усталарга кайрылып жатат. Артемиданын күмүштөн жасалган ибадатканалары сувенир катары сатылчу.
171 Пабыл шериктери менен кемеге отурганы жатат. Ары жакта б.з.ч. 1-кылымда салынган эстелик көрсөтүлгөн.
180 Төмөндө: 1940-жылдары Канадада адабияттарды колдонууга тыюу салынган маалда адабияттарды жашыруун алып бараткан жаш ишенимдешибиз. (Сахналаштырылган сүрөт.)
182 Пабыл аксакалдардын чечимине макул болуп жатат. Арт жагында тартууларды жеткирүүгө жардам берген Тиметей менен Лука отурат.
190 Пабылдын жээни Антония чебинде Клавдий Лусий менен сүйлөшүп жатат. Кыязы, Пабыл ошол жакта камакта отурган. Терезеден Ироддун ибадатканасы көрүнүп турат.
206 Пабыл жүк ташуучу кемеде чарчап-чаалыккан жүргүнчүлөр менен чогуу тиленип жатат.
222 Римдик жоокерге чынжырланган Пабыл Римди карап турат.
КЫСКАЧА МААЛЫМАТ:
Садукейлер жана фарисейлер
Феликс
Поркий Фест
Ирод Агрипа II