9-БӨЛҮМ
Кудай «баарына бирдей карайт»
Башка улуттагыларга кабар айтыла баштайт
Элчилер 10:1—11:30-аяттарга негизделди
1—3. Петир кандай аян көргөн жана анын маанисин түшүнгөнүбүз эмне үчүн маанилүү?
КҮЗ мезгили. Б.з. 36-жылы. Петир Жапа деген шаардагы Симон деген кишинин үйүндө бир нече күндөн бери конок болуп жүрөт. Симон деңиз жээгине жакын жашайт жана тери иштетет. Ушундай иш менен алек болгондорду жүйүттөр таза эмес деп эсептегендиктен, алардын үйүнө токтобойт болчу a. Бирок Петир андай көз карашта эмес. Ошентсе да Жахаба баарына бирдей карай турганын Петирге дагы көбүрөөк түшүндүргүсү келет. Ушул себептен ага тиленип жатканда аян көрсөтөт.
2 Андай аянды көргөн жүйүттүн төбө чачы тик турмак. Петир асмандан дасторкон сыяктуу нерсенин түшүп келатканын көрөт. Анда Муса аркылуу берилген мыйзам боюнча таза эмес деп эсептелген жаныбарлар болот. Петир: «Буларды союп же»,— деген үндү угат. Ал: «Мен эч качан арам, таза эмес нерсе жеген эмесмин»,— деп жооп берет. Ошондо ага бир эмес, үч жолу: «Кудай адал кылган нерсени мындан ары арам дебе»,— деп айтылат (Элч. 10:14—16). Петир аянды түшүнө албай ойго батат. Бирок көп өтпөй эле маанисин түшүнөт.
3 Петир көргөн аян эмнени билдирген? Муну билгенибиз биз үчүн да маанилүү. Анткени андан Жахабанын адамдарга кандай карарын биле алабыз. Исанын чыныгы жолдоочулары катары биз адамдарга Жахабадай карашыбыз керек. Антмейин Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрө албайбыз. Эмесе, ошол аяндын маанисин билерден мурун ага чейин эмнелер болгонун карайлы.
Ал «Кудайдан дайыма жалынып тиленчү» (Элчилер 10:1—8)
4, 5. Корнелий деген ким болгон жана ал тиленип жатканда эмне болгон?
4 Жападан 50 километрдей алыс жайгашкан Кесария шаарындагы Корнелий деген киши да ошондон бир күн мурун аян алган. Петир муну билген эмес. Корнелий Рим аскеринде жүз башы болуп кызмат өтөгөн b. Ал «бүт үйүндөгүлөрү менен Кудайдан корккон динчил киши» болгонуна караганда жакшы үй-бүлө башчысы болгон. Корнелий башка улуттан болгон, бирок жүйүт динин кабыл алган прозелит болгон эмес. Ошентсе да колунда жок жүйүттөргө акча жагынан жардам берип, көп жакшылык кылган. Жүрөгү таза ал киши «Кудайдан дайыма жалынып тиленген» (Элч. 10:2).
5 Бир күнү Корнелий күндүзгү саат үчтөрдө Кудайдан тиленип жатканда аян көрөт. Ошондо периште ага: «Кудай дайыма тиленгениңди угуп, бей-бечараларга кайрымдуулук кылып жүргөнүңдү көз жаздымында калтырган жок»,— деп айтат (Элч. 10:4). Анан Корнелий периштенин айтканы боюнча Петирди чакыртат. Ошондо Корнелийге мурун жабык болгон «эшик» ачылып, бөтөн улуттагылардын арасынан биринчилерден болуп Машаяктын жолдоочусу болгонго мүмкүнчүлүк берилет.
6, 7. а) Кудай ал жөнүндө чындыкты билгиси келгендердин тилегин угарын көрсөткөн окуя айтып бер. б) Ушул сыяктуу окуялар эмнени көрсөтүп турат?
6 Кудай ал жөнүндө чындыкты билгиси келген жүрөгү таза адамдардын тилегин угабы? Бир окуяга токтотолу. Албаниядагы бир аялга Жахабанын Күбөсү балдарды тарбиялоого байланыштуу «Күзөт мунарасын» берген c. Ал аял ишенимдешибизге: «Мен жаңы эле Кудайдан кыздарымды тарбиялаганга жардам берчи деп тиленип жаткам. Сизди мага Кудай өзү жөнөтүптүр! Мага дал ушул нерсе керек болчу. Көргөн көзүмө ишене албай жатам»,— деп айткан. Ал аял да, кыздары да Ыйык Китепти изилдей баштаган. Кийин күйөөсү да кошулган.
7 Ушул сыяктуу окуялар дүйнөнүн булуң-бурчунда көп болот жана аларды кокусунан эле болуп кетти деп айтканга болбойт. Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Биринчиден, Жахаба аны издеген жүрөгү таза кишилердин тилегин угат (1 Пад. 8:41—43; Заб. 65:2). Экинчиден, кабар айтуу ишинде биз менен периштелер кызматташат (Аян 14:6, 7).
«Петир... ойго батып отурган» (Элчилер 10:9—23а)
8, 9. Кудай ыйык руху аркылуу Петирге эмнени ачып берген жана Петир эмне кылган?
8 Петир көргөн аянын түшүнө албай «ойго батып отурганда», Корнелий жиберген кишилер келип калат (Элч. 10:17). Петирдин арам деп эсептелген нерселерди жегенден 3 жолу баш тартканын эске алганда, ал жүйүт элинен болбогон кишинин үйүнө барабы? Кудай ага ыйык руху аркылуу эмне кылышы керектигин ачып берет. Ага: «Сени 3 киши издеп жүрөт. Ордуңан туруп, ылдый түш да, эч шектенбей алар менен жөнө, анткени аларды мен жибердим»,— деп айтылат (Элч. 10:19, 20). Дасторкон жөнүндөгү аян Петирди рухтун жетегине баш ийгенге даярдаганы шексиз.
9 Корнелий периштенин айтканы боюнча кишилерин жибергенин билгенде Петир аларды үйүнө киргизип, «коноктойт» (Элч. 10:23а). Ооба, ал Кудайдын эркин айкыныраак түшүнгөн соң, көз карашын өзгөртө баштаган.
10. Жахаба өз элин кантип жетектейт жана эмне деп ойлонуп көргөнүбүз абзел?
10 Бүгүнкү күнгө чейин Жахаба өз элине ой-ниетин акырындык менен ачып берип келет (Накыл 4:18). Ал ыйык руху аркылуу «ишенимдүү жана акылдуу кулду» жетектейт (Мт. 24:45). Мезгил-мезгили менен Ыйык Китептеги айрым окуулар такталат же уюмдагы айрым нерселер өзгөртүлөт. Андайда: «Бул жаңы өзгөрүүгө мен кандай карайм? Кудайдын рухунун жетегине баш иемби?» — деп ойлонуп көргөнүбүз абзел.
Петир «чөмүлгөнгө буйрук берет» (Элчилер 10:23б—48)
11, 12. Петир Кесарияга барганда эмне кылган жана эмнени түшүнгөн?
11 Аян көргөндүн эртеси күнү Петир 9 киши менен Кесарияга жөнөйт. Алар: Корнелий жиберген 3 киши жана жапалык 6 жүйүт ишенимдеши (Элч. 11:12). Корнелий болсо Петир келет деп «туугандары менен жакын досторун» чогултат. Чамасы, алардын баары башка улуттагы адамдар болгон (Элч. 10:24). Кесарияга келгенде Петир эч качан оюна келбеген нерсени кылат: сүннөткө отургузулбаган, бөтөн элден болгон кишинин үйүнүн босогосун аттайт! Петир аларга мындай дейт: «Силер жүйүттөрдүн башка улуттагы кишилердикине барганы же алар менен мамилелешкени жүйүт элинин мыйзамына каршы келерин жакшы билесиңер. Бирок Кудай мага эч кимди таза эмес же арам деп эсептебешим керектигин көрсөттү» (Элч. 10:28). Ошондо Петир ал жакка келгенге чейин көргөн аяндын кайсы бир тамак-ашты жегенге эле байланыштуу эмес экенин аңдаган. Башкача айтканда, «эч кимди [башка улуттагыларды да] таза эмес деп эсептебеши» керектигин түшүнгөн.
12 Петирди Кудайдын сөзүн угууга дилгир кишилер күтүп турган. Корнелий ага: «Эми бардыгыбыз, Жахаба Кудай сага эмнени айт деп буйруса, ошонун баарын угуш үчүн анын алдында турабыз»,— дейт (Элч. 10:33). Ушундай сөздөрдү укканда кандай сезимде болот элең? Ошондо Петир сөзүн мындай деп баштайт: «Кудайдын баарына бирдей караарына эми көзүм толук жетти. Кудайдан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, ага жагарын түшүндүм» (Элч. 10:34, 35). Ырас, Петир Жахабанын адамдардын расасына, улутуна же сырткы келбетине карабай турганын түшүнгөн. Анан аларга Исанын кызматы, өлүмү жана тирилгени жөнүндө айтып берген.
13, 14. а) Б.з. 36-жылы Корнелийдин жана башка улуттагылардын Исанын жолдоочусу болгону эмнени көрсөткөн? б) Кабар айтканда эмне кылбашыбыз керек?
13 «Петир ушуларды айтып жатканда» таң калыштуу бир нерсе болот: «башка улуттагыларга» ыйык рух түшөт (Элч. 10:44, 45). Ыйык Китептин бир да жеринде чөмүлгөнгө чейин ыйык рух берилгени айтылбайт. Петир ыйык рухтун түшкөнү Кудайдын аларды кабыл алганын көрсөткөн белги экенин түшүнгөн. Анан «[аны угуп турган бөтөн улуттан болгондордун баарына]... чөмүлгөнгө буйрук берген» (Элч. 10:48). Б.з. 36-жылы башка улуттагылардын Исанын жолдоочусу болгону Кудайдын жүйүт эли менен болгон өзгөчө мамилесин биротоло үзгөнүн көрсөткөн (Дан. 9:24—27). Ошондо Петир асман Падышалыгынын үчүнчү жана акыркы «ачкычын» колдонгон (Мт. 16:19). Бул бөтөн элдерге Исанын майланган жолдоочусу болгонго жол ачкан.
14 Биз, Падышалыктын жарчылары, «Кудай бардыгына тегиз карай» турганын билебиз (Рим. 2:11). Ал «ар кандай адамдардын... куткарылышын» каалайт (1 Тим. 2:4). Андыктан башкалардын сыртына карап, тон бычпашыбыз керек. Бизге Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кылдат күбөлөндүрүү тапшырмасы берилген. Бул адамдардын расасына, улутуна, сырткы көрүнүшүнө же туткан динине карабай — баарына кабар айтышыбыз керектигин билдирет.
Алар «Петирдин айткандарын туура көрүп... Кудайды даңкташты» (Элчилер 11:1—18)
15, 16. Айрым жүйүт шакирттер Петирди эмне деп айыпташкан жана Петир эмне деген?
15 Петир ушул окуяларды Иерусалимдеги шакирттерге айтып бергенге шашса керек. Бирок башка улуттагылардын «Кудайдын сөзүн... кабыл алганы» жөнүндөгү жаңылык ал барганга чейин эле жетип калган. Петир барганда, «сүннөткө отургузууну жактагандар аны айыптап» киришкен. Алар Петирдин «сүннөткө отургузулбагандардын үйүнө кирип, алар менен чогуу тамактанганына» нааразы болушкан (Элч. 11:1—3). Негизи, кеп башка улуттагылардын Исанын жолдоочусу болгонунда эмес болчу. Жүйүт шакирттер Жахабага жаккысы келгендер, Мусага берилген мыйзамга ылайык, сүннөткө отургузулушу керек деп талап кылышкан. Мындан көрүнүп тургандай, алардын айрымдарына Мыйзам күчүн жоготконун кабыл алуу кыйынга турган.
16 Буга Петир эмне деген? Элчилер 11:4—16-аяттарга ылайык, ал бул иш Кудайдын жетеги менен болгонун көрсөтүш үчүн 4 далил келтирген: 1) Кудайдын аян бериши (4—10-аяттар); 2) ыйык рух аркылуу буйрук бериши (11, 12-аят); 3) Корнелийге периштенин көрүнүшү (13, 14-аят); 4) башка улуттагыларга ыйык рухтун түшүшү (15, 16-аят). Ушуларды айткандан кийин Петир: «Эгер Кудай Мырзабыз Иса Машаякка ишенген бизге [жүйүттөргө] берген белегин [ыйык рухту] аларга да [башка улуттагыларга] берип жатса, Кудайга тоскоолдук кылгыдай мен киммин?» — деп сөзүн жыйынтыктаган (Элч. 11:17).
17, 18. а) Петирдин айткандарын уккандан кийин, жүйүт шакирттер эмне кылышы керек эле? б) Биримдикти сактоо эмне үчүн оңойго турбашы мүмкүн жана эмне деп ойлонуп көргөнүбүз маанилүү?
17 Петирдин айткандарын уккандан кийин жүйүт шакирттер эмне кылышат? Бейкалыс пикирден арылып, бөлөк улуттагы жаңы чөмүлгөн ишенимдештерин кабыл алабы? Элчилер китебинде мындай делет: «Ошондо тигилер [элчилер менен башка жүйүт шакирттер] Петирдин айткандарын туура көрүп: „Анда башка улуттагылар да өмүр алышы үчүн, Кудай аларга өкүнгөнгө мүмкүнчүлүк берген турбайбы“,— деп Кудайды даңкташты» (Элч. 11:18). Ооба, алардын көз карашын өзгөрткөнү жыйналыштын биримдигин чыңдаган.
18 Бүгүнкү күндө да биримдикти сактоо оңойго турбашы мүмкүн. Анткени Кудайдын эли «ар бир элден, улуттан, уруудан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» адамдардан чогулган (Аян 7:9). Көптөгөн жыйналыштар улуту, маданияты, тарбиясы ар башка кишилерден турат. Андыктан минтип ойлонуп көрүшүбүз керек: «Кимдир бирөөнү башкача болгону үчүн эле жаман көрө бербеймби? Өзүмдү, бул дүйнөдөгү адамдардай болуп, ишенимдештеримен жогору койбоймунбу? Мисалы, расага, улутка, урууга бөлбөймбү? Же улутум, маданиятым менен өтө эле сыймыктанбаймбы? Ушул сыяктуу сезимдерден толугу менен арылдымбы?» Башка улуттагылар Исанын жолдоочусу болгондон бир нече жыл өткөндөн кийин Петирдин (Кейфанын) кандай ката кетиргенин эстесең. Ал башкалардын таасирине алдырып, «сүннөткө отургузулбагандардан оолактап, бөлүнө баштаган». Ошондо Пабыл аны айыптаган (Гал. 2:11—14). Келгиле, биз да бейкалыстыктын тузагына түшүп калгандан сак бололу.
«Көп адамдар ишенип, Мырзабыздын жолун жолдой башташты» (Элчилер 11:19—26а)
19. Исанын Антиохиядагы жүйүт жолдоочулары кимдерге кабар айта баштаган жана жыйынтыгы кандай болгон?
19 Исанын жолдоочулары сүннөткө отургузулбаган башка улуттагы кишилерге кабар айта баштаганбы? Сириядагы Антиохияда d эмне болгонуна көңүл бурсаң. Ал шаарда жүйүттөр көп болчу. Бирок жүйүттөр менен башка элдердин ортосунда кастык жок болчу. Андыктан Антиохияда аларга кабар айтканга жакшы мүмкүнчүлүк болгон. Айрым жүйүт шакирттер дал ушул шаарда «грекче сүйлөгөндөргө» кабар айта баштаган (Элч. 11:20). Алар грекче сүйлөгөн жүйүттөргө эле эмес, башка улуттагыларга да кабар айтышкан. Жахаба батасын бергендиктен, «көп адамдар ишенип, Мырзабыздын жолун жолдой башташкан» (Элч. 11:21).
20, 21. Барнабанын момун экени эмнеден көрүнгөн жана канткенде биз да ошенте алабыз?
20 Антиохиялыктардын жакшы кабарга кулак кагып жатканын укканда, Иерусалимдеги шакирттер Барнабаны ошол жакка жөнөтөт. Кудайдын Сөзүнө суусагандар көп болгондуктан Барнаба өзү жалгыз жетишпей турганын түшүнсө керек. Ага ким жакшы жардам бере алмак? Албетте, башка элдерге элчи катары дайындалган Шабыл (Элч. 9:15; Рим. 1:5). Барнаба Шабылды атаандашы катары көрдү беле? Жок, ал момун болгондуктан Тарска Шабылды өзү издеп барып, Антиохияга алып келген. Экөө бир жыл бою ал жердеги жыйналыштагы ишенимдештерин бекемдешкен (Элч. 11:22—26а).
21 Момун экенибиз эмнеден көрүнөт? Момун киши алына жараша иш кылат. Ар кимибиздин күчүбүз, жөндөмүбүз ар башка. Маселен, айрымдар расмий эмес же үйдөн-үйгө кабарды жакшы айтышы, бирок кайра барып маекти уланта албай же изилдөө баштай албай кыйналышы мүмкүн. Эгер ушул жактардан жакшыргың келип жатса, башкаларга жардам сурап кайрыл. Ошентсең, кызматыңды натыйжалуураак аткарып, көп кубаныч ала аласың (1 Кор. 9:26).
«Жардам жөнөтөлү деп чечишти» (Элчилер 11:26б—30)
22, 23. Исанын Антиохиядагы жолдоочулары боордошторун жакшы көрөрүн кантип көрсөткөн жана бүгүн Кудайдын эли кантип көрсөтүүдө?
22 «Кудай жетектеп, шакирттер биринчи жолу Антиохияда Машаяктын жолдоочулары деп аталышкан» (Элч. 11:26б). Алардын ушинтип аталганы абдан ылайыктуу болгон жана Кудай муну туура көргөн. Анткени алар Машаякты туурап жашашкан. Исанын жүйүт жолдоочулары менен башка улуттан болгон жолдоочулары бири бирин жакшы көрүп кете алышканбы? Б.з. 46-жылдары ачарчылык башталганда эмне болгонун карап көрөлү e. Байыркы убакта камдап койгон тамагы, акчасы жок болгондуктан ачарчылык маалында кедей-кембагалдардын айласы куручу. Исанын Жүйүт аймагында жашаган жүйүт жолдоочуларынын көбү кедей тургандыктан ачарчылык маалында кыйналышкан. Муну билгенде Антиохиядагы боордоштору, анын ичинде бөтөн элден болгон шакирттер Жүйүт жериндеги ишенимдештерине «жардам жөнөтүшкөн» (Элч. 11:29). Ошентип, аларды чындап жакшы көрөрүн көрсөтүшкөн.
23 Кудайдын бүгүнкү күндөгү эли да так ушундай кылат. Биз башка өлкөдөгү же өз жерибиздеги ишенимдештерибиздин жардамга муктаж болуп жатканын билсек, сөзсүз көмөк көрсөтөбүз. Кайсы бир жерде катуу куюн, жер титирөө же цунами болуп кетсе, жергиликтүү филиалдын комитети дароо Кырсык болгондо жардам берүү комитеттерин уюштурат. Ушундай иштер ортобуздагы сүйүүнүн канчалык күчтүү экенин көрсөтөт (Жкн. 13:34, 35; 1 Жкн. 3:17).
24. Петир көргөн аяндын маанисине олуттуу караарыбызды кантип көрсөтөбүз?
24 Биз, Исанын чыныгы жолдоочулары, Петир Жапада көргөн аяндын маанисине олуттуу карайбыз. Биз сыйынган Кудай баарына бирдей карайт. Ал биздин да башкаларга расасына, улутуна, коомдо ээлеген абалына карабай, Падышалык жөнүндө кылдат күбөлөндүрүшүбүздү каалайт. Андыктан, келгиле, жакшы кабарды уккусу келгендердин баарына кабар айтканга бел байлайлы (Рим. 10:11—13).
a Айрым жүйүттөр тери иштеткендерди теңине алчу эмес. Себеби алар жаныбарлардын өлүгүн кармашчу жана терини жыдытыш үчүн иттин заңы сыяктуу жийиркеничтүү заттарды колдонушчу. Тери иштеткендерге ибадатканага барганга тыюу салынган жана алардын иштеген жери шаардан 20 метрден (50 чыканактан) кем эмес алыстыкта жайгашышы керек болчу. Балким, ушундан улам Симондун үйү «деңиздин жээгинде» жайгашкандыр (Элч. 10:6).
b « Корнелий жана Рим аскери» деген кутучаны кара.
c Ал макала «Балдарды тарбиялоо үчүн керектүү кеңештер» деп аталат («Күзөт мунарасы», 2006-жыл, 1-ноябрь, 4—7-беттер).
d 73-беттеги « Сириядагы Антиохия» деген кутучаны кара.
e Жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавий ошол «катуу ачарчылыктын» император Клавдий башкарган учурда болгонун жазган (б.з. 41—54-ж.).