«Менин жолдоочум бол»

Бул китепте Исанын жашоосу, кызматы майда-чүйдөсүнө чейин каралбайт. Андан Исанын жолун канткенде тагыраак жолдой аларыбызды билебиз.

Кириш сөз

Бул китеп сага Исага, Жахабага болгон сүйүүңдү арттыра берсин. Аларга болгон сүйүүң Исанын изи менен так жүрүп, Жахабанын жүрөгүн азыр жана түбөлүккө кубантууга түрткү берсин!

1-БӨЛҮМ

Исанын жолдоочусу болуу деген эмнени билдирет?

Исанын жолдоочусу болуу чынында эмнени билдирет?

2-БӨЛҮМ

«Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»

Кудайга Иса аркылуу гана жакындаса болот. Иса Кудайдын ой-ниетинде абдан маанилүү роль ыйгарылган.

3-БӨЛҮМ

«Менин... жүрөгүм момун»

Иса жерге келгенден тартып асманга кеткенге чейин момундук көрсөткөн.

4-БӨЛҮМ

«Мына, Жүйүт уруусунан чыккан Арстан»

Иса арстандыкындай эр жүрөктүктү үч нерседе: чындыкты коргоодо, адилеттикти жактоодо жана каршылыктарга туруштук берүүдө көрсөткөн.

5-БӨЛҮМ

«Акылмандык менен билимдин бүт кенчи жашырылган»

Иса теңдешсиз акылмандыкты сөздөрү менен эле эмес, иштери менен да көрсөткөн.

6-БӨЛҮМ

«Тил алчаактыкка үйрөнгөн»

Кудайдын жеткилең Уулу кандайча «тил алчаактыкка үйрөнгөн» жана «жеткилеңдикке жеткирилген»?

7-БӨЛҮМ

«Туруктуулук менен чыдаган Иса жөнүндө терең ойлонгула»

Иса туруктуулуктун эң сонун үлгүсүн калтырган. Ага туруктуу болууга эмне жардам берген? Аны кантип туурасак болот?

8-БӨЛҮМ

«Мен ошол үчүн жиберилгем»

Кабар айтууга Исага эмне түрткү берген? Эмне жөнүндө кабар айткан? Кызматына карата кандай көз карашта болгон? Ушул суроолордун жообун окуп көрүңүз.

9-БӨЛҮМ

«Баргыла да... шакирт даярдагыла»

Шакирт даярдоо ишине катышсак, Исанын чыныгы жолдоочусу болуу деген эмнени билдирерин айкын түшүнөрүбүздү көрсөтөбүз.

10-БӨЛҮМ

«Жазылган»

Башкаларга Ыйык Китептеги чындыктарды айтууда Кудайдын Сөзүнөн цитата келтирүү, аны коргоо жана түшүндүрүү менен Исаны туураган болобуз.

11-БӨЛҮМ

«Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»

Иса колдонгон окутуу ыкмалардын үчөө тууралуу жана аны бул жагынан кантип туурай аларыбыз жөнүндө окуп көрүңүз.

12-БӨЛҮМ

«Ал мисалсыз сүйлөчү эмес»

Ыйык Китепте Исанын эмне себептен мисалдардын жардамы менен окутканынын эки негизги себеби айтылат.

13-БӨЛҮМ

«Атамды жакшы көрөм»

Жахабага болгон күчтүү сүйүү өрчүтүүдө Исадан эмнелерге үйрөнө алабыз?

14-БӨЛҮМ

Исанын «жанына көп эл келди»

Исаны дайыма калың эл, анын ичинде балдар тегеректеп жүрчү. Ага эмне себептен башкалар тартылып турушчу?

15-БӨЛҮМ

«Боору ооруду»

Башкаларга боорукердик көрсөтүүдө эмне үчүн Исаны туураганыбыз маанилүү?

16-БӨЛҮМ

«Иса... аларды акырына чейин сүйдү»

Иса элчилерин жакшы көрөрүн көп жолу далилдеген. Биз аны бул жагынан кантип туурай алабыз?

17-БӨЛҮМ

«Аныкынан өткөн сүйүү жок»

Канткенде Исаныкындай жан аябастык менен сүйүү көрсөтө алабыз?

18-БӨЛҮМ

«Мындан ары да менин артымдан ээрчи»

Исанын куткаруу курмандыгына ишенип, анын артынан дайыма ээрчисек, таза абийирге жана жаркын үмүткө ээ болобуз.