Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кириш сөз

Кириш сөз

Кымбаттуу окурман!

«Менин жолдоочум бол» (Марк 10:21). Иса Машаяк ушул сөздөрдү айтуу менен баарыбызды анын жолун жолдоого чакырат. Сен анын чакырыгын кабыл алдыңбы? ­Исанын изи менен басуу жашообузга терең таасир этет. Эмне үчүн?

Жахаба өзүнүн жалгыз Уулун жерге кун катары жиберген (Жакан 3:16). Кудайдын Уулу биз үчүн өз өмүрүн бергенден тышкары, кантип жашоо керектигин да көрсөткөн. Ал эмне иш кылбасын, бардык учурда Атасынын алдында актыгын сактап, аны кубанткан. Ошондой эле адамдар канткенде Кудайдын сапаттарын чагылдыра аларын көрсөткөн. Исанын сөздөрүнөн, кылган иштеринен ­Кудайдын жолдорун жана эркин айкын көрүүгө болот ­(Жакан 14:9).

Ыйык Китепте айтылгандай, биз Исанын «изи менен так жүрүшүбүз» үчүн, ал бизге «үлгү калтырган» (1 Петир 2:21). Эгер биз Жахабага жакындоону, жашообуздун маңыздуу болушун жана түбөлүк өмүргө алып баруучу жолдо дайыма жүргүбүз келсе, Машаяктын изи менен так жүрүшүбүз керек.

Ал үчүн Исанын жердеги жашоосу тууралуу көбүрөөк билишибиз зарыл. Ошол себептүү анын Ыйык Китепте баяндалган өмүр жолун кылдат изилдеп чыкканыбыз маанилүү. Исанын айткан сөздөрү, кылган иштери жана аны кантип туурасак болору жөнүндө ой жүгүртүү бизге анын изи менен жүрүү үчүн эмнелерди кылуу керектигин тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.

Ушул китептен алган билимиң сенин Исага жана Жахабага болгон сүйүүңдү арттыра берсин. Ошондой эле аларга болгон сүйүүң Исанын изи менен так жүрүп, Жахабанын жүрөгүн азыр жана түбөлүккө кубантууга түрткү берсин!

Басып чыгаргандар