Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

Исанын жолдоочусу болуу деген эмнени билдирет?

Исанын жолдоочусу болуу деген эмнени билдирет?

«Түбөлүк өмүрдү мурастоо үчүн эмне кылышым керек?»

1, 2. Ар бир адам кандай сонун нерсеге чакырылууда жана өзүбүзгө кандай суроо берип көрсөк болот?

СЕНИН кандайдыр бир аземге же кубанычтуу кечеге чакырылган учуруң болду беле? Балким, жакын адамдарыңдын үйлөнүү тоюна чакырылганың эсиңе түшөттүр. Же жакшы жумушка чакырылган күнүңдү ойлойттурсуң. Ошондой учурларда абдан кубанып, чакырылганыңа сыймыктанганың шексиз. Бирок сен алардан да сонун нерсеге чакырылдың. Ага ар бирибиз чакырылдык. Ошол чакырыкты кабыл алар-албасыбыз жашообузга таасир этет. Анткени ал жашообуздагы эң маанилүү чечим болуп эсептелет.

2 Ал эмне болгон чакырык экенин билгиң келеби? Ал кудурети күчтүү Кудайдын тун Уулу Иса Машаяктын өзүнөн келген чакырык. Бул тууралуу Ыйык Китепте жазылган. Марк 10:21ден Исанын: «Менин жолдоочум бол»,— деген сөздөрүн окуйбуз. Ооба, Иса ар бир адамды өзүнүн жолдоочусу болууга чакырып жатат. Андыктан өзүбүзгө: «Бул чакырыкка мен кандай жооп кайтарам?» — деген суроо бергенибиз дурус. Бир караганда, суроонун жообу айкын. Мындай чакырыктан ким эле баш тартсын? Бирок баш тарткандар көп. Эмне үчүн?

3, 4. а) Түбөлүк өмүргө жетүү үчүн эмне кылуу керектигин сураган жигитте башкаларды көз арттырган кандай нерселер болгон? б) Иса ошол бай жигиттин кандай жакшы сапаттарын көрө билген?

3 Келгиле, мындан 2000 жылдай мурун мындай чакырыкты Исанын өзүнөн уккан кишинин мисалын карап көрөлү. Ал кадыр-барктуу киши болгон. Анда башкаларды суктандырып, атүгүл көз арттырган, бери дегенде эле, үч нерсе болгон: жаштык, байлык жана бийлик. Ыйык Китепте анын жаш, «абдан бай» жана «башчы» болгону айтылат (Матай 19:20; Лука 18:18, 23). Бирок баарынан да маанилүүсү, ал Улуу Окутуучу жөнүндө уккан жана уккандары ага аябай жаккан.

4 Исанын күндөрүндө көптөгөн башчылар Исага тийиштүү түрдө сый-урмат көрсөтүшчү эмес (Жакан 7:48; 12:42). Ал эми ошол башчы алардан айырмаланган. Ыйык Китепте: «Иса жолго чыкканда, жанына бир киши чуркап келди да, алдына тизелеп: „Жакшы Устат, түбөлүк өмүрдү мурастоо үчүн эмне кылышым керек?“ — деп сурады»,— делет (Марк 10:17). Байкасаң, ал карапайым, жакыр кишилердей болуп, Исага элдин көзүнчө чуркап келген. Мындан анын Иса менен сүйлөшкүсү келгени көрүнүп турат. Ал чуркап эле келбестен, Исага урмат көрсөтүп, алдына чөгөлөгөн. Ооба, ал момун болгон жана рухий муктаждыгын сезе билген. Иса аныкындай жакшы сапаттарды жогору баалаган (Матай 5:3; 18:4). Андыктан Исанын ага «жакшы көрүү менен» мамиле кылганы таң калыштуу эмес (Марк 10:21). Иса ошол жигиттин суроосуна эмне деп жооп берген?

Теңдешсиз чакырык

5. Иса бай жигитке эмне деп жооп берген жана ал аткарышы керек болгон «бир нерсе» кедей болуу керек дегенди билдирбей турганын кайдан билебиз? (Шилтемени кара.)

5 Иса түбөлүк жашаш үчүн эмне кылуу керектигин Атасы байыркы заманда эле жаздырып койгонун айткан. Иса Машаяк жигиттин көңүлүн Ыйык Жазмага бурганда, ал Мусанын мыйзамына так карманып жашап келатканын айткан. Иса абдан кыраакы болгондуктан, анын ички дүйнөсүн көрө алган (Жакан 2:25). Ал ошол башчынын Кудай менен болгон мамилесине тоскоолдук кылган бир көйгөйү бар экенин байкаган. Ошол себептен ага: «Аткарышың керек болгон дагы бир нерсе бар»,— деген. Ошол «бир нерсе» эмне эле? Иса ага: «Колуңда болгондун баарын сатып, кедей-кембагалдарга таратып бер»,— деп айткан (Марк 10:21). Иса Машаяк Кудайга кызмат кылуу үчүн адам сөзсүз кедей болушу керек деген ойду айткысы келгенби? Жок *. Ал абдан маанилүү бир нерсени ачып берген.

6. Иса бай жигитти эмне кылууга чакырган жана анын иш-аракетинен ал жөнүндө эмнени биле алабыз?

6 Иса бай жигитке жетишпей жаткан «бир нерсе» эмне экенин түшүндүрүү үчүн ага: «Менин жолдоочум бол»,— деген. Элестетсеңер, Эң Жогорку Кудайдын Уулу ошол жигит менен бетме-бет сүйлөшүп, аны жолдоочусу болууга чакырган. Ошондой эле Иса: «Асманда казынаң болот»,— деп ага эң сонун сыйлык убада кылган. Бай жигит Исанын чакырыгын кабыл алды беле? Инжилде мындай делет: «Муну укканда ал капаланып, көңүлү чөккөн бойдон кетип калды, анткени анын мал-мүлкү абдан көп эле» (Марк 10:21, 22). Ошентип, жигит Исанын сөзүн укканда, анын жүрөгүндө эмне бар экени айкын болгон. Ооба, бай жигит Исанын ошондой деп жооп берерин күткөн эмес. Анын жүрөгүн адамдардын алдында кадыр-баркка, бийликке ээ кыла турган байлык ээлеп алган эле. Өкүнүчтүүсү, анын байлыкка болгон сүйүүсү Машаякка болгон сүйүүсүнөн күчтүүрөөк болгон. Ал, Иса айткандай, «бир нерсе» кылыш керек болчу, тактап айтканда, өзүнүн керт башын ойлобостон, Исаны жана Жахабаны чын жүрөктөн сүйүшү керек эле. Жигиттин жүрөгүндө мындай сүйүү болбогондуктан, ал Исанын чакырыгын кабыл алган эмес. Анын мисалынын сага тиешеси бар деп ойлойсуңбу?

7. Исанын чакырыгы бизге да тиешелүү деп эмне үчүн айта алабыз?

7 Иса өзүнүн жолдоочусу болууга ошол эле жигитти чакырган эмес жана ал саналуу гана адамдарды чакырбайт. Ал: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе... менин жолумду жолдосун»,— деген (Лука 9:23). Көңүл бурсаңар, Исаны «ээрчигиси келгендердин» баары анын жолдоочусу боло алат. Кудай ошондой жүрөгү таза адамдарды Уулуна жакындатат (Жакан 6:44). Исанын чакырыгы байларга же кедейлерге же кайсы бир улуттун өкүлдөрүнө же анын убагында жашаган адамдарга эле эмес, ар улуттагы бардык адамдарга тиешелүү. Андыктан Исанын: «Менин жолдоочум бол»,— деген чакырыгы сага да тиешелүү. Исанын жолдоочусу болууга эмне үчүн дилгир болушуң керек? Машаяктын жолдоочусу болуу деген эмнени билдирет?

Эмне үчүн Машаяктын жолдоочусу болуу керек?

8. Адамдар эмнеге муктаж жана эмне үчүн?

8 Бизге жакшы жетекчи керек экенин эч кимибиз тана албайбыз. Бирок буга баары эле кошула бербейт, ошентсе да адамдар жакшы жетекчиге муктаж. Жеремия пайгамбар Кудайдын руху менен: «Теңир, мен адамдын жолу өзүнүн эркинде эмес экенин, өзүнүн бутуна багыт берүү бара жаткандын бийлигинде эмес экенин билем»,— деп төгүндөлгүс чындыкты айткан (Жеремия 10:23). Адам баласынын өзүн өзү башкарууга жөндөмү да, укугу да жок. Чынында эле, тарых тастыктап тургандай, адамдардын башкаруусу ийгиликке алып келген эмес (Насаатчы 8:9). Исанын күндөрүндөгү жетекчилер элди басынтып, кордоп, туура жолдон адаштырышкан. Иса элди бекеринен «койчусу жок койлорго» салыштырган эмес (Марк 6:34). Бүгүнкү күндөгү абал жөнүндө да дал ушуну айтууга болот. Андыктан биз ишенимге жана сый-урматка татый турган жетекчиге муктажбыз. Исаны ошондой жетекчи деп айта алабызбы? Ооба. Мунун бир нече себебин карап көрөлү.

9. Иса башка жетекчилерден эмнеси менен айырмаланат?

9 Биринчиден, Исаны Жахаба Кудай өзү тандаган. Ал эми дүйнөдөгү жетекчилерди өздөрүнө окшогон эле жеткилеңсиз, бат эле алданып кала турган жана жаңылыштык кетире турган адамдар тандашат. Иса менен ал жетекчилердин айырмасы асман менен жердей. Муну анын наамы эле айтып турат. Алсак, «Машаяк» деген сөз «Майланган» дегенди билдирет. Иса, чынында эле, ааламдын Эгедери тарабынан майланган, тактап айтканда, өзгөчө кызматка дайындалган. Жахаба Кудай өзүнүн Уулу жөнүндө: «Мына, менин тандап алган кызматчым, менин сүйүктүүм! Мен аны колдойм. Ага өзүмдүн рухумду берем»,— деген (Матай 12:18). Арийне, бизге кандай жетекчи керек экенин Жараткан Кудайдан башка эч ким жакшы билбейт. Жахабанын акылмандыгы чексиз болгондуктан, ал тандаган Жетекчиге ишенүүгө бизде көптөгөн себептер бар (Накыл сөздөр 3:5, 6).

10. Иса эмне үчүн эң мыкты үлгү боло алат?

10 Экинчиден, Иса бизге жеткилең, мыкты үлгү калтырган. Жакшы жетекчи адамдар суктанып, туурагысы келгидей сапаттарга ээ. Ошондой эле ал өзүнүн үлгүсү менен башкаларга жакшы адам болууга түрткү берет. Сен жетекчиде кандай сапаттар болушу керек деп ойлойсуң? Эр жүрөктүкпү? Акылмандыкпы? Боорукердикпи? Же кыйынчылыктарда туруктуулук көрсөтө билгендикпи? Исанын жердеги жашоосун окуп-изилдөө аркылуу анын ушул жана башка эң сонун сапаттары тууралуу биле аласың. Асмандагы Атасынын бейнеси болгон Иса Машаяк Кудайдын бардык сапаттарын толук чагылдырган. Ал бардык жагынан төп келишкен адам болгон. Андыктан анын сезимдерин көрсөткөнүнөн, ар бир сөзүнөн, ар бир ишинен үлгү алсак болот. Ыйык Китепте ал тууралуу: «Анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган»,— деп жазылган (1 Петир 2:21).

11. Иса «жакшы койчу» экенин кантип далилдеген?

11 Үчүнчүдөн, Машаяк: «Мен жакшы койчумун»,— деген сөзүнө ылайык жашаган (Жакан 10:14). Исанын каймана мааниде айткан ушул сөздөрү байыркы заманда жашаган адамдарга түшүнүктүү болгон. Адатта, койчу короосундагы койлорго кам көрүү үчүн көп күч-аракет жумшай турган. «Жакшы койчу» койлорунун коопсуздугун өзүнүкүнөн жогору койгон. Мисалы, Исанын чоң аталарынан болгон Дөөтү жаш кезинде далай жолу өмүрүн тобокелге салып, койлорун жырткычтардан аман алып калган (1 Шемуел 17:34—36). Ал эми Иса жолдоочуларынын жыргалчылыгы үчүн андан да көптү кылган. Ал алар үчүн өз өмүрүн берген (Жакан 10:15). Исадай болуп, башкалар үчүн өз өмүрүн аябаган кайсы жетекчини билесиң?

12, 13. а) Койчу менен койлор кандайча бири-бирин жакшы билишет? б) Сен эмне себептен Жакшы Койчунун жетеги астында жүрүүнү каалайсың?

12 Исанын «жакшы койчу» экенин дагы башка нерселерден көрүүгө болот. Ал: «Мен койлорумду билем, алар да мени билет»,— деп айткан (Жакан 10:15). Келгиле, Исанын ушул сөздөрү жөнүндө ойлонуп көрөлү. Бир караган кишиге койлор бири биринен эч айырмаланбагандай көрүнөт. Бирок койчу ар бир коюн жакшы тааныйт. Ал кайсы кою жакында туурун, кичинекей козулардын кайсынысын көтөрүп жүрүү керек экенин, ошондой эле кайсы кою ооруп жатканын жакшы билет. Койлор да ээсин жакшы таанышат. Алар ээсинин үнүн жазбай таанып, башка койчунун үнү менен адаштырышпайт. Башка жакка багыт алып бараткан койлор ээсинин кыйкырыгын укканда багытын дароо өзгөртүшөт. Ошондой эле алар ээси каякка айдаса, ошол жакка басышат. Ал эми койчу койлорун каякка жайышты билет. Ал аларды оттуу, суусу таза жана коопсуз жерлерге жаят. Койлор, ээси аларды кайтарып жүргөндө, өздөрүн коопсуз сезишет (22-забур).

13 Сен да койлорун жакшы көргөн койчудай болгон жетекчинин болушун каалайсыңбы? Жакшы Койчу Иса өзүнүн жолдоочуларына так ушундай кам көрөт. Ал сага азыр да, келечекте да бактылуу болуп, маңыздуу жашоо өткөрүүгө жетекчилик берерин убадалайт (Жакан 10:10, 11; Аян 7:16, 17). Андыктан Машаякты жолдоо деген эмнени билдирерин жакшы билүү зарыл.

Машаяктын жолдоочусу болуу деген эмнени билдирет?

14, 15. Исанын жолдоочусу болуш үчүн өзүн Исанын жолдоочусу деп эсептөө же Исаны сүйөм деп айтып коюу эмне үчүн жетишсиз?

14 Жүз миллиондогон кишилер Исанын чакырыгын кабыл алдык деп ойлошот жана өздөрүн Исанын жолдоочулары деп эсептешет. Алар ата-энеси чөмүлдүргөн чиркөөгө таандык болушу мүмкүн. Же Исаны сүйөбүз деп, аны өздөрүнүн Куткаруучусу деп эсептеши ыктымал. Алар ошентишсе эле Машаяктын жолдоочусу болуп калышабы? Исанын: «Менин жолдоочум бол»,— деген чакырыгы ушуну эле билдиреби? Жок, Машаяктын жолдоочусу болуу деген мындан да көптү билдирет.

15 Келгиле, христиан дүйнөсүн — тургундарынын көпчүлүгү өздөрүн Исанын жолдоочулары деп атаган өлкөлөрдө жашаган адамдарды — карап көрөлү. Алар Исанын окутууларына ылайык жашашабы? Алар жашаган өлкөлөрдө жек көрүүчүлүк, кысым көрсөтүү, кылмыштуулук жана адилетсиздик өкүм сүрүп жаткан жокпу? Индиялык көрүнүктүү жетекчи Мохандас Ганди: «Эч ким адамзат үчүн Иса кылгандан да көптү кылган эмес. Негизинен, христиан дининин эч жаман жери жок»,— деген. Анан: «Кеп силерде, христиан динин туткандар, анткени силер өзүңөрдүн окууларыңарга ылайык жашабайсыңар»,— деп кошумчалаган.

16, 17. Исанын жолдоочусу аталымыш болуп жүргөндөргө көпчүлүк учурда эмне жетишпейт жана Исанын чыныгы жолдоочулары эмнеси менен айырмаланышат?

16 Исанын айткандарына ылайык, анын жолдоочулары сөздөрү же өздөрүн кандай атагандыгы менен эмес, эң негизгиси, кылган иштери менен белгилүү болушу керек. Иса: «Мага: „Мырзам, Мырзам“,— деп кайрылгандардын баары эле асман падышалыгына кире бербейт, асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана кирет»,— деген (Матай 7:21). Эмне үчүн Исаны Мырза дегендердин көбү Кудайдын эркин аткарышпайт? Башында кеп кылынган бай жигитти эстесең. Исанын жолдоочусу аталымыш болуп жүргөндөргө көп учурда, ошол жигитке окшоп, «бир нерсе» жетишпейт. Тактап айтканда, аларда Исага жана аны жиберген Кудайга болгон сүйүү жок.

17 Кандайча? Алар Исаны сүйөбүз деп ырасташкан жокпу? Ооба, ырасташууда. Бирок Исаны жана Жахабаны сүйүү жөн гана ооздун жели эмес. Анткени Иса: «Ким мени сүйсө, ал менин сөздөрүмдү аткарат»,— деген (Жакан 14:23). Ошондой эле ал өзүн койчуга салыштырып: «Менин койлорум үнүмө кулак салышат. Мен аларды билем, алар мени ээрчишет»,— деп да айткан (Жакан 10:27). Ырас, Машаякты сүйөрүбүздү сөздөрүбүз же сезимдерибиз менен эле эмес, биринчи кезекте иштерибиз менен көрсөтүшүбүз керек.

18, 19. а) Иса жөнүндөгү билим бизге кандай таасир этиши керек? б) Бул китеп кандай максатта чыгарылды жана өзүн көптөн бери Машаяктын жолдоочусумун деп ойлогондорго кандай пайда алып келет?

18 Биздин кылган иштерибизден жүрөгүбүздүн кандай экени көрүнөт. Андыктан жүрөгүбүздүн кандай экенине көңүл бурушубуз керек. Иса: «Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сен жөнүндө жана сен жиберген Иса Машаяк жөнүндө билим алуу зарыл»,— деп айткан (Жакан 17:3). Арийне, Иса жөнүндө так билим алуу жана билгендерибиз тууралуу ой жүгүртүү жүрөгүбүзгө таасир этет. Натыйжада ага болгон сүйүүбүз артып, аны жолдоого болгон каалообуз өсөт.

19 Бул китеп так ушул максатта чыгарылды. Китептин максаты — Исанын жашоосу жана кызматы жөнүндө жалпы жонунан маалымат берүү эле эмес, анын жолун жолдоо үчүн эмне кылуу керектигин айкын көрсөтүү *. Ошондой эле Ыйык Жазмага күзгүгө карангандай каранып: «Мен Исанын чыныгы жолдоочусумунбу?» — деген суроонун үстүнөн ой жүгүртүүгө түрткү берүү үчүн караштырылган (Жакып 1:23—25). Балким, сен ушул убакка чейин өзүңдү Жакшы Койчунун жетеги астында жүрөм деп ойлоп келгендирсиң. Бирок жакшырышыбыз керек болгон жактар да бар экенине кошулат чыгарсың. Ыйык Китепте: «Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүңөрдү текшерип, өзүңөрдү сынап тургула»,— деген чакырык камтылган (2 Корунттуктар 13:5). Андыктан Жахаба өзү дайындаган Жакшы Койчунун жетеги астында жүрүүгө жана өзүбүздү текшерип турууга бүт күчүбүздү жумшашыбыз зарыл.

20. Кийинки бөлүмдөн эмнени карап чыгабыз?

20 Ушул китепти изилдөө сенин Исага жана Жахабага болгон сүйүүңдү арттырууга жардам берет деп ишенебиз. Эгер жүрөгүңдө ушундай сүйүү болсо, азыркы соңуна чыгып бараткан дүйнөдө жан дүйнө тынчтыгына ээ болуп, жашоодон канааттануу аласың. Андан тышкары, Жакшы Койчуну бизге жетекчи кылып дайындаганы үчүн Жахабаны түбөлүк даңктай аласың. Андыктан Машаяк жөнүндө так билим алышыбыз керек. Кийинки бөлүмдөн Исанын Жахабанын ой-ниетиндеги ролун карап чыгабыз.

^ 5-абз. Иса аны жолдой турган ар бир кишиден колунда болгон нерселеринен баш тартууну талап кылган эмес. Ал байларга Кудайдын Падышалыгына кирүү канчалык кыйын болорун айтса да: «Кудай үчүн баары мүмкүн»,— деп кошумчалаган (Марк 10:23, 27). Ооба, бай кишилердин айрымдары Исанын жолдоочусу болушкан. Байлыкты туура колдонууга байланыштуу кеңештер жыйналыштан берилсе да, алардан колундагысынын баарын кедей-кембагалдарга таратып берүү талап кылынган эмес (1 Тиметей 6:17).

^ 19-абз. Исанын жашоосу жана кызматы тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган, окуялар хронологиялык тартипте баяндалган «Тарыхтагы эң улуу адам» деген китепти карагыла.