Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

«Баргыла да... шакирт даярдагыла»

«Баргыла да... шакирт даярдагыла»

Дыйкан түшүм жыйноого жетишпей жатса, эмне кылат?

1—3. а) Талаасы мол түшүм берген дыйкан эмне кылат? б) Б.з. 33-жылы Иса кандай жагдайга туш болгон жана эмне кылган?

ДЫЙКАН бир ишти ойлоп, башы маң. Бир нече ай мурун ал жер айдап, үрөн сепкен эле. Анан аны сугарып, жакшы караганынын аркасында буудайдын жаш майсаны чыгып, андан соң баш алып, машагы данга толуп, быша баштайт. Муну көргөн дыйкан кубанат. Акыры, маңдай терин агызып жумшаган күч-аракетинин акыбети кайтып, түшүм аябагандай мол болот. Бирок аны кантип жалгыз жыйнап аларын ойлоп тынчсызданат. Анан ал жумушчуларды жалдоону чечет да, аларды дароо талаасына жөнөтөт. Андайда убакытты создуктурбай, түшүмдү тез арада жыйнап албасаң, эмгегиң текке кетет.

2 Б.з. 33-жылы жазында Иса дал ушундай жагдайга туш болгон. Жерде кызмат кылып жүргөн кезинде ал чындыктын үрөнүн сепкен. Көп өтпөй түшүмдү оруп-жыюу маалы келип жеткен. Түшүм аябай мол эле: көптөгөн ак ниет адамдарга шакирт болууга жардам бериш керек болчу (Жакан 4:35—38). Иса ошондо эмне кылган? Ал асманга көтөрүлөр алдында Галилея тоосунда шакирттерине көбүрөөк жумушчуларды табууга байланыштуу мындай тапшырма берген: «Баргыла да, бардык элдерден шакирт даярдагыла... Аларды... чөмүлдүргүлө, ошондой эле силерге буйруганымдын баарын аткарууга үйрөткүлө» (Матай 28:19, 20).

3 Ушул тапшырмадан Исанын чыныгы жолдоочусу болуу деген эмнени билдирерин көрүүгө болот. Келгиле эмесе, буга байланыштуу үч суроону карап көрөлү: Иса эмне себептен шакирттерине көбүрөөк жумушчуларды табууга байланыштуу тапшырма берген? Аларды кантип үйрөткөн? Ал тапшырманын бизге кандай тиешеси бар?

Эмне үчүн көбүрөөк жумушчулар керек болгон?

4, 5. Эмне себептен Иса баштаган ишин аягына чыгара алмак эмес жана ал асманга кеткенде анын ишин кимдер улантмак?

4 Иса б.з. 29-жылы кызматын баштаганда ал ишти өзү жалгыз бүтүрө албай турганын түшүнгөн. Үч жарым жылдын ичинде ал чектелүү эле аймакты кыдырып, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды салыштырмалуу аз эле адамдарга айта алмак. Ал, негизинен, «Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлоруна» — жүйүттөр менен алардын динин кабыл алгандарга — кабар айткан (Матай 15:24). Бирок ал «жоголгон койлорду» миңдеген квадрат километрди ээлеген Ысрайылдын ар кайсы жерлеринен табышы керек болчу. Анын үстүнө, жакшы кабар бара-бара дүйнө жүзү боюнча таратылышы керек эле (Матай 13:38; 24:14).

5 Иса жердеги жашоосу аяктагандан кийин да аябагандай көп иш аткарылышы керек экенин билген. Ал өзүнүн он бир ишенимдүү элчисине: «Силерге чындыкты айтып коёюн, ким мага ишенсе, мен жасаган иштерди ал да жасай алат. Атүгүл андан да чоң иштерди жасайт, анткени мен Атама баратам»,— деген (Жакан 14:12). Кудайдын Уулу асманга кеткенде, элчилеринен тышкары, анын келечектеги бардык шакирттери кабар айтуу жана окутуу ишин алдыга илгерилетишмек (Жакан 17:20). Ооба, Иса айткандай, алар ал жасагандан да «чоң иштерди жасашмак». Кандайча?

6, 7. а) Кандайча Исанын жолдоочулары Иса жасагандан да «чоң иштерди жасашмак»? б) Исанын бизге арткан ишенимин канткенде актайбыз?

6 Биринчиден, Исанын жолдоочуларынын кабар айта турган аймагы алда канча чоңураак болмок. Алар бүгүн Иса кабар айткан аймактарда эле эмес, жердин учу-кыйырына чейин кабар айтышууда. Экинчиден, алар көбүрөөк адамдарга кабар айтышмак. Иса асманга кеткенден кийин анын жолдоочуларынын чакан тобуна кыска убакыттын ичинде эле миңдеген кишилер кошулган (Элчилер 2:41; 4:4). Бүгүнкү күндө болсо Исанын жолдоочулары миллиондоп саналат жана алардын катарына жыл сайын жүз миңдеген жаңы шакирттер кошулууда. Үчүнчүдөн, алар кабарды көбүрөөк убакыт бою, биздин күндөргө чейин, айтышмак. Иса жерде үч жарым жыл эле кабар айткан болсо, анын шакирттери кабар айтуу ишин дээрлик 2000 жылдан бери жүргүзүп келатышат.

7 Иса жолдоочуларына өзү жасагандан да «чоң иштерди жасашарын» айтуу менен аларга ишенерин көрсөткөн. Ал жолдоочуларына өзү үчүн абдан маанилүү болгон ишти аткарууну, «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды» жарыялоону, ишенип тапшырган (Лука 4:43). Иса жолдоочуларынын ал тапшырманы ишенимдүүлүк менен аткарарына толук ишенген. Бул бизге кандай таасир этиши керек? Исанын бизге арткан ишенимин актагыбыз келсе, кызматка ынталуулук менен, жан-дилибиз менен катышабыз. Исанын ишеним артканы биз үчүн кандай чоң сыймык! (Лука 13:24).

Кабар айтуу ишине үйрөтүлүшкөн

Сүйүү бизге бардык жерде кабар айтууга түрткү берет

8, 9. Иса кызмат кылуу жагынан кандай үлгү көрсөткөн жана биз аны кантип туурай алабыз?

8 Иса шакирттерин кызматка жакшы үйрөткөн. Ал биринчи кезекте аларга мыкты үлгү көрсөткөн (Лука 6:40). Мурунку бөлүмдө анын кызматка кандай караганын талкуулаганбыз. Азыр болсо Исаны кабар айтууда коштоп жүргөн шакирттери тууралуу ойлонуп көрөлү. Алар Исанын адамдарды кезиктирген жерлердин баарында: деңиз жээгинде, тоодо, шаарларда, базарларда, үйлөрдө кабар айтканына күбө болушкан (Матай 5:1, 2; Лука 5:1—3; 8:1; 19:5, 6). Алар анын таң эртеден баштап түн киргенге чейин жанын аябай кызмат кылганын көрүшкөн. Кабар айтуу Иса үчүн жөн гана бош убакта алек болгон жакшы көргөн иш эмес болчу (Лука 21:37, 38; Жакан 5:17). Шакирттер Исанын ал ишке адамдарды чындап сүйгөндүктөн катышып жатканын байкашкан. Алар анын жүзүнөн адамдарга боору ооруганын көрүшсө керек (Марк 6:34). Исанын үлгүсү шакирттерине кандай таасир эткен деп ойлойсуң? Сага кандай таасир этмек?

9 Исанын жолдоочулары катары биз кызматта аны туурайбыз. Исага окшоп, «толук күбөлөндүрүү» берүү үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонобуз (Элчилер 10:42). Адамдарга үйлөрүнө барып кабар айтабыз (Элчилер 5:42). Аларды үйлөрүнөн жолуктуруу үчүн, зарыл болсо, күн тартибибизди өзгөртөбүз. Ошондой эле көчөлөрдө, сейил бактарда, дүкөндөрдө, ишкер аймактарда акыл-эстүүлүк менен кабар айтабыз. Кызматка олуттуу карагандыктан дайыма көп «эмгектенип, күч жумшайбыз» (1 Тиметей 4:10). Сүйүү бизге ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, адамдарга кайсы жерде болбосун жана кайсы убакта болбосун, кабар айтууга түрткү берет (1 Тесалоникалыктар 2:8).

«Жетимиш шакирти кубанычтуу кайтып келген»

10—12. Кабарга жиберерде Иса шакирттерин кандай маанилүү нерселерге үйрөткөн?

10 Иса шакирттерин кабар айтууга айкын көрсөтмөлөрдү берүү менен да үйрөткөн. Кызматка он эки элчисин, кийинчерээк жетимиш шакиртин жиберерде Иса аларды кабар айтууга кылдат даярдаган (Матай 10:1—15; Лука 10:1—12). Анын натыйжасында, Лука 10:17де айтылгандай, «жетимиш шакирти кубанычтуу кайтып келген». Келгиле, Исанын аларга ошол убактагы жүйүттөрдүн салтын эске алуу менен берген көрсөтмөлөрүнүн экөөнөн эмнеге үйрөнө аларыбызды карап көрөлү.

11 Иса шакирттерин Жахабага таянууга үйрөткөн. Ал аларга: «Жолго деп бел капчыгыңарга алтын, күмүш же жез тыйын салбагыла. Ошондой эле азык салынган баштыгыңарды, эки ички кийим, кошумча сандал же таяк албагыла, себеби эмгектенген адам ичип-жегенге татыктуу»,— деген (Матай 10:9, 10). Ал кезде жолго чыкканда, адатта, акча салынган бел капчык, бир-эки түгөй сандал жана тамак-аш салынган баштык алып алышчу *. Шакирттерине андай нерселерге тынчсызданбоону айтуу менен Иса: «Толугу менен Жахабага таянгыла, ал силерге кам көрөт»,— дегиси келген. Жахаба аларга жакшы кабарды кабыл алган меймандос келген ысрайылдыктар аркылуу кам көрмөк (Лука 22:35).

12 Иса шакирттерин анча маанилүү эмес иштерге алаксыбоого да үйрөткөн. Ал: «Жолдон эч ким менен кучакташып учурашпагыла»,— деген (Лука 10:4). Иса шакирттерине суз, кош көңүл болушу керектигин айтты беле? Албетте, жок. Учурашуу байыркы убакта жөн эле саламдашып коюудан да көптү камтычу. Адатта, учурашуу көптөгөн маданият эрежелери жана узакка созулган маек менен коштолчу. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу мындай деген: «Чыгышта адамдар, бизден айырмаланып, учурашканда башын ийкеп же кол алышып эле тим болушчу эмес. Алар бир нече жолу кучакташып, ийилип, атүгүл жүз түмөндөп жыгылышчу. Мунун баарына көп убакыт кетчү». Шакирттерине учурашпоону айтуу менен Иса: «Убактыңарды туура пайдалангыла, анткени кабар шашылыш түрдө айтылышы керек»,— дегиси келген *.

13. Исанын шакирттерине берген көрсөтмөлөрүн биз да аткарып жатканыбызды кантип көрсөтөбүз?

13 Исанын шакирттерине берген көрсөтмөлөрүн биз да аткарабыз. Алсак, кызматыбызды аткарууда Жахабага толугу менен таянабыз (Накыл сөздөр 3:5, 6). «Мындан ары да биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын... издей» берсек, Ал бизди эң керектүү нерселер менен сөзсүз камсыз кылат (Матай 6:33). Дүйнө жүзүндөгү толук убакытта кызмат кылган ишенимдештерибиз Жахабанын өзүнүн кызматчыларын оор учурларда да калтырбасына өз тажрыйбаларынан улам ынанышууда (Забур 36:25). Ошондой эле биз алаксыта турган ар кандай нерселерден качабыз. Сак болбосок, бул дүйнө түзүлүшү бизди кызматыбыздан оңой эле алаксытып кетиши мүмкүн (Лука 21:34—36). Бирок азыр алаксый турган убак эмес. Адамдардын өмүрү кылдын учунда тургандыктан, кабарды шашылыш түрдө айтышыбыз керек (Римдиктер 10:13—15). Муну эсибизден чыгарбасак, кызматка жумшай турган убактыбызды жана күчүбүздү анча маанилүү эмес иштерге коротпойбуз. Келгиле, убакыттын аз экенин, түшүм болсо көп экенин унутпайлы! (Матай 9:37, 38).

Бизге да тиешеси бар тапшырма

14. Исанын Матай 28:18—20-аяттардагы сөздөрү анын бардык жолдоочуларына тиешелүү экенин эмнеден көрүүгө болот? (Шилтемени да кара.)

14 Тирилтилгенден кийин Иса жолдоочуларына: «Баргыла да... шакирт даярдагыла»,— деп айтуу менен аларга чоң жоопкерчилик арткан. Анын жаздын күнү Галилеядагы тоодо айткан ушул сөздөрү аны угуп турган шакирттерине эле тиешелүү эмес болчу *. Анын тапшырмасы «бардык элдерге» кабар айтууну камтымак жана ал иш «дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин» жүргүзүлмөк. Ооба, ал тапшырма Исанын бардык жолдоочуларына, анын ичинде бизге да тиешелүү. Андыктан Исанын Матай 28:18—20-аяттардагы сөздөрүн кененирээк талдап чыгышыбыз абзел.

15. Исанын шакирт даярдоого байланыштуу буйругуна баш ийгенибиз эмне үчүн акылдуулукка жатат?

15 Шакирттерине тапшырма берердин алдында Иса: «Асмандагы жана жердеги бийликтин баары мага берилди»,— деген (18-аят). Иса чын эле ошондой бийликке ээби? Албетте! Ал — башкы периште, ага түмөндөгөн периштелер баш иет (1 Тесалоникалыктар 4:16; Аян 12:7). «Жыйналыштын... башчысы» катары ал жердеги жолдоочуларын да жетектейт (Эфестиктер 5:23). 1914-жылдан тартып ал Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары асмандан башкарууда (Аян 11:15). Анын атүгүл өлүмдүн үстүнөн бийлиги бар, анткени ага өлгөндөрдү тирилтүүгө күч берилген (Жакан 5:26—28). Анын адегенде канчалык чоң бийликке ээ экенин айтканынан шакирт даярдоого байланыштуу айткан сөздөрү сунуш эмес, буйрук экенин көрүүгө болот. Исага бийликти Жахаба бергендиктен, ага баш ийгенибиз акылдуулукка жатат (1 Корунттуктар 15:27).

16. «Баргыла»,— деп айтуу менен Иса бизди эмнеге үндөгөн жана анын бул тапшырмасын кандай жолдор менен аткарабыз?

16 Иса тапшырмасын: «Баргыла»,— деген сөз менен баштаган (19-аят). Муну менен ал башкаларга кабар айтууда демилгени колго алышыбыз керектигин көрсөткөн. Башкаларга кабарды ар кандай жолдор менен жеткире алабыз. Алардын эң натыйжалуусу — үйдөн үйгө кабар айтуу, себеби анын аркасында адамдар менен бетме-бет сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт (Элчилер 20:20). Биз ошондой эле расмий эмес күбөлөндүрүү берүүгө умтулабыз жана күнүмдүк жашообузда башкаларга жакшы кабарды айтууга мүмкүнчүлүк издейбиз. Биздин кабар айтуу ыкмаларыбыз жергиликтүү муктаждыктарга жана жагдай-шарттарга жараша ар кандай болушу мүмкүн. Бирок баарыбыз тең «барып», татыктууларды издейбиз (Матай 10:11).

17. «Шакирт даярдоо» иши өзүнө эмнени камтыйт?

17 Андан соң Иса: «Бардык элдерден шакирт даярдагыла»,— деп айтуу менен берген тапшырмасынын максатын айкын көрсөткөн (19-аят). «Шакирт даярдоо» иши өзүнө эмнени камтыйт? Шакирт — бул бир ишти үйрөнүп жаткан окуучу. Бирок шакирт даярдоо башкаларга билим берип коюуну эле билдирбейт. Кызыгуучулар менен Ыйык Китепти изилдөөнүн негизги максаты — аларга Исанын жолдоочусу болууга жардам берүү. Кызыгуучу Исаны Устат катары кабыл алып, аны үлгү катары көрүп, ал өткөргөндөй жашоо өткөрүшү жана ал аткарган ишти аткарышы үчүн, мүмкүнчүлүк болгон сайын Исанын үлгүсүн баса белгилеп турушубуз абзел (Жакан 13:15).

18. Эмне себептен чөмүлтүлүү шакирттин жашоосундагы эң маанилүү учур?

18 Тапшырмабыздын негизги бөлүгү эмнеде экени: «Аларды Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан чөмүлдүргүлө»,— деген сөздөрдөн айкын көрүнүүдө (19-аят). Чөмүлтүлүү Кудайга толугу менен арналуунун ылайыктуу символу болгондуктан, ал — Исанын жолдоочусунун жашоосундагы эң маанилүү учур. Ал куткарылуу үчүн да абдан маанилүү (1 Петир 3:21). Чөмүлтүлгөн шакирттер Жахабага кызмат кылууда эң жакшысын бере беришсе, алдыда күтүп турган жаңы дүйнөдөгү чексиз баталарга ээ болушат. Сен башкаларга Исанын чөмүлтүлгөн шакирти болууга жардам бере алдыңбы? Исанын жолдоочусу үчүн андан өткөн кубаныч жок (3 Жакан 4).

19. Жаңы чөмүлтүлгөндөрдү эмнелерге үйрөтүшүбүз керек жана эмне себептен муну алар чөмүлтүлгөндөн кийин да уланта беришибиз зарыл?

19 Иса тапшырмасынын кийинки бөлүгү эмне экенин: «Силерге буйруганымдын баарын аткарууга үйрөткүлө»,— деп айтуу менен көрсөткөн (20-аят). Биз жаңы шакирттерди Исанын Кудайды жана жакындарды сүйүүгө, ошондой эле шакирт даярдоого байланыштуу буйруктарына баш ийүүгө үйрөтөбүз (Матай 22:37—39). Акырындык менен аларды башкаларга ыйык китептик чындыктарды түшүндүрүп берүүгө жана ишенимин коргоого да даярдайбыз. Кабар айтууга даяр болуп калганда, алар менен кызматташып, кабарды кантип натыйжалуу айтуу керектигин сөзүбүз менен да, үлгүбүз менен да үйрөтөбүз. Жаңы шакирттерди үйрөтүү иши алар чөмүлтүлгөндө эле аяктап калбайт. Анткени алар чөмүлтүлгөндөн кийин деле Исанын жолун жолдоонун аркасында туш болгон кыйынчылыктарды жеңүү үчүн кеңештерге муктаж болушу мүмкүн (Лука 9:23, 24).

«Мен ар күнү силер менен болом»

20, 21. а) Исанын тапшырмасын аткарууда эмне үчүн коркпошубуз керек? б) Эмне себептен азыр ал ишти аткарууну басаңдата турган убак эмес жана эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

20 Исанын акыркы сөздөрү аябай бекемдээрлик. Ал: «Дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, мен ар күнү силер менен болом»,— деген (Матай 28:20). Иса жолдоочуларына берген тапшырмасынын канчалык маанилүү экенин түшүнгөн. Ошондой эле жолдоочуларынын ал тапшырманы аткарууда каршылыктарга дуушар болорун билген (Лука 21:12). Бирок бизде коркууга себеп жок. Анткени ал тапшырманы аткарууда биз жалгыз эмеспиз. Бизге «асмандагы жана жердеги бийликтин баарына» ээ болгон Мырзабыз колдоо көрсөтөт. Муну билүү бизди кандай гана бекемдейт!

21 Иса шакирттерин «дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин» кылымдар бою алар менен чогуу болоруна ынандырган. Демек, биз Исанын тапшырмасын дүйнөнүн акыры келгенге чейин аткарышыбыз керек. Азыр ал ишти басаңдата турган убак эмес. Себеби рухий түшүм абдан көп! Жакшы кабарды кабыл алган жүрөгү таза адамдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Андыктан Исанын жолдоочулары катары бизге ишенип тапшырылган маанилүү ишти аткарууга чечкиндүү бололу. Келгиле, мындан ары да убактыбызды, күчүбүздү жана каражаттарыбызды Машаяктын: «Баргыла да... шакирт даярдагыла»,— деген буйругун аткарууга жумшай берели.

^ 11-абз. Акча салынган бел капчык тыйындарды салуу үчүн караштырылган чөнтөгү бар кур болгон көрүнөт. Ал эми тамак салынган баштык ичине ар кандай азык-зат же дагы башка керектүү нерселер салынган, ийинге асып алма чоң булгаары баштык болгон.

^ 12-абз. Элиша пайгамбар да бир жолу кызматчысы Гейхазини баласы өлүп калган аялга жөнөтөрдө ушундай көрсөтмө берген. Ал ага: «Эгер алдыңан киши кезиксе, саламдашпа»,— деген (2 Падышалар 4:29). Себеби ал тапшырма шашылыш түрдө аткарылышы керек болчу.

^ 14-абз. Исанын жолдоочуларынын көбү Галилеяда болгондуктан, Матай 28:16—20-аяттарда жазылган окуялар дал ошол жерде болгон көрүнөт жана ал окуяларга, кыязы, «беш жүздөн ашык» шакирти күбө болгон (1 Корунттуктар 15:6). Андыктан Исанын шакирт даярдоого байланыштуу буйругун жүздөгөн жолдоочулары укса керек.