Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-БӨЛҮМ

«Жазылган»

● Ишенимибизди эмне үчүн Кудайдын Сөзүнө таянып коргошубуз керек? (Жакан 10:31—39).

«Жазылган»

1—3. Иса назареттиктердин эмнени түшүнүшүн каалаган жана ан үчүн кандай далил келтирген?

ИСАНЫН жердеги кызматынын алгачкы күндөрү. Иса өзү чоңоюп-өскөн Назарет шаарына келет. Анын максаты — элге маанилүү чындыкты, өзүнүн убадаланган Машаяк экенин, түшүнүүгө жардам берүү. Ан үчүн ал кандай далил келтирет?

2 Көптөрдүн анын кереметин көрөйүн дегенде көзү төрт. Алар ага чейин Исанын укмуштуудай кереметтерди жасаганы тууралуу угушкан. Бирок Иса аларга керемет көрсөтпөйт. Ал адатынча синагогага барат. Анан Жазмадан окуп берүү үчүн ордунан турганда, ага эки таякка оролгон узун түрмөктү, Ышая пайгамбардын түрмөгүн, беришет. Иса түрмөктү бир жагынан экинчи жагын көздөй түрүп, элге бүгүнкү күндө Ышайа 61:1—3-аяттарда жазылган сөздөрдү үнүн чыгарып окуп берет (Лука 4:16—19).

3 Машаякка байланыштуу айтылган ал пайгамбарлык элге жакшы тааныш эле. Исаны угуп тургандардын баары демин катып, аны тигиле карап калышат. Синагоганын ичи жымжырт боло түшөт. Иса ал пайгамбарлыкты майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берген көрүнөт. Анан: «Силер эми эле уккан сөздөр бүгүн аткарылды»,— деп айтат. Көпчүлүк анын «жагымдуу сөздөрүнө таң калат», айрымдар болсо дагы деле анын керемет жасаарына үмүттөнүшөт. Бирок Иса Ыйык Жазмадан мисал келтирип, аларды ишениминин жетишсиздиги үчүн тайманбастык менен айыптайт. Буга каарданган назареттиктер аны өлтүрүүгө аракет кылышат (Лука 4:20—30).

4. Иса кызматка байланыштуу кандай үлгү калтырган жана бул бөлүмдөн эмнелерди билебиз?

4 Иса кызматында Жазманы колдонуу жагынан жакшы үлгү калтырган. Ал айткандарын дайыма Кудайдын Сөзүнө негиздеген. Албетте, кереметтер Исада Кудайдын руху бар экенин эң сонун далилдеген. Бирок Иса баарынан да Ыйык Жазмага басым койгон. Келгиле, анын бул жагынан бизге кандай үлгү калтырганын карап чыгалы. Бул бөлүмдөн Исанын Кудай Сөзүнөн канчалык көп цитата келтиргенин, аны кандайча коргогонун жана түшүндүргөнүн билебиз.

Кудайдын Сөзүнөн цитата келтирген

5. Иса адамдардын эмнени билишин каалаган жана сөздөрүнүн калетсиз экенин кантип далилдеген?

5 Иса элдин анын айткан кабарынын Кимден экенин билишин каалаган. Ал: «Менин окутуум меники эмес, мени жибергендики»,— деген (Жакан 7:16). Бир жолу болсо: «Өз алдымча эч нерсе жасабай турганымды, Атам кандай үйрөтсө, ошондой сүйлөөрүмдү билесиңер»,— деп айткан (Жакан 8:28). Ошондой эле: «Мен силерге өз оюман айтып жаткан жокмун. Мени менен биримдикте болгон Атам өзүнүн иштерин кылып жатат»,— деген (Жакан 14:10). Иса бул сөздөрүнүн калетсиз экенин Кудайдын Сөзүнөн цитата келтирүү менен далилдеген.

6, 7. а) Иса Эврей Жазмаларынан канчалык көп цитата келтирген жана бул эмнеси менен таң калтырат? б) Исанын окутуулары китепчилердикинен эмнеси менен айырмаланган?

6 Исанын сөздөрүн кылдат изилдөөнүн аркасында анын Эврей Жазмаларынын жарымынан көбүнөн түз же кыйыр түрдө цитата келтиргенин көрүүгө болот. Бир караганда, бул айрымдарга таң калыштуу деле болбошу мүмкүн. Алар: «Эмне үчүн Иса үч жарым жылдын ичинде ошол учурдагы Жазмалардын баарынан цитата келтирген эмес?» — деши ыктымал. Чынында, ал ошенткен эле болуш керек, себеби Инжилде Исанын айткан сөздөрүнүн, кылган иштеринин баары жазылган эмес (Жакан 21:25). Ырас, Исанын Ыйык Китепте жазылган сөздөрүнүн баарын бир нече эле сааттын ичинде окуп коюуга болот. Бирок ойлонуп көрсөңөр: бир нече эле сааттын ичинде Кудай жөнүндө жана анын Падышалыгы жөнүндө айтып, Эврей Жазмаларынын жарымынан көбүнөн цитата келтире алат белеңер? Анын үстүнө, Иса дайыма эле түрмөктөрдүн өзүнөн окуп бере алган эмес. Тоодогу насаатында ал Эврей Жазмаларынан түз же кыйыр түрдө көп цитата келтирген. Ошонун баарын ал эстегени боюнча айткан!

7 Жазмадан цитата келтирүү менен Иса Кудай Сөзүн терең урматтаарын көрсөткөн. Аны уккандар «анын окутуусуна абдан таң калар» эле, анткени ал «китепчилердей эмес, бийлиги бар адамдай окутчу» (Марк 1:22). Ал эми китепчилер элди оозеки мыйзамдын негизинде окутуп, белгилүү раббилердин сөздөрүнөн цитата келтиришчү. Иса болсо оозеки мыйзамдан же раббилердин сөздөрүнөн эч качан цитата келтирген эмес, ал Кудайдын Сөзүн бедел туткан. Иса: «Деп жазылган»,— деген сөздөрдү көп айта турган. Ал шакирттерин үйрөтүп, алардын туура эмес көз карашын оңдогондо да дайыма ушинтип айтчу.

8, 9. а) Иса ибадатканадан соодагерлерди кууп чыкканда Кудайдын Сөзүн урматтаганы эмнеден көрүнгөн? б) Диний жетекчилердин Кудай Сөзүн урматтабай турганы эмнеден көрүнгөн?

8 Иса ибадатканадагы соодагерлер менен сатып алуучулардын баарын кууп чыкканда: «Ыйык Жазмада: „Менин үйүм тиленүү үйү деп аталат“,— деп жазылган. Силер болсо аны каракчылардын уюгуна айландырып жатасыңар»,— деп айткан (Матай 21:12, 13; Ышайа 56:7; Жеремия 7:11). Андан мурунку күнү ал көптөгөн кереметтерди жасаган. Исанын кереметтерин көргөн жаш балдар аны даңктай башташкан. Ошондо диний жетекчилер Исага ачууланып: «Булардын айткандарын угуп жатасыңбы?» — дешкен. Иса аларга: «Ооба. „Өзүңдү наристелер менен эмчектеги балдарга даңктаттың“,— деген сөздөрдү эч качан окуган жок белеңер?» — деп жооп берген (Матай 21:16; Забур 8:3). Муну менен Иса балдардын Ыйык Жазмада айтылгандарга ылайык иш кылып жатышканын көрсөткөн.

9 Эки күндөн кийин ошол диний жетекчилер Исага келип: «Буларды кайсы бийлик менен кылып жатасың?» — деп сурашкан (Матай 21:23). Исага андай бийликти Ким бергени айдан ачык эле көрүнүп турган. Ал эч кандай жаңы ой-түшүнүктөрдү, окууларды киргизген эмес, болгону, Атасынын Сөзүндө айтылгандарды гана аткарган. Чындап келгенде, Жахабаны жана анын Сөзүн дал ошол дин кызматчылар менен китепчилер урматташкан эмес. Андыктан Исанын аларды ниеттеринин бузук экенин айтып, ашкерелегени жөндүү болгон (Матай 21:23—46).

10. Кудайдын Сөзүн колдонуу жагынан Исаны кантип туурай алабыз жана бизде учурунда Исада жок болгон кандай «куралдар» бар?

10 Исанын чыныгы жолдоочулары, андан үлгү алып, кызматта дайыма Кудайдын Сөзүн колдонушат. Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзү боюнча башкаларга Ыйык Китептеги чындыктарды айтууга дилгир болгону менен белгилүү. Биздин адабияттар да толугу менен Ыйык Китепке негизделет. Ошондуктан кызматта жолуктурган адамдардын көңүлүн биринчи кезекте Ыйык Китепке бурууга умтулабыз (2 Тиметей 3:16). Кимдир бирөөгө Ыйык Китептен аят окуп берип, анын маанисин түшүнүүгө жана пайдасын көрүүгө жардам берүү бизге чоң кубаныч тартуулайт. Албетте, биздин эс тутумубуз Исаныкына тең келе албайт, бирок бизде учурунда Исада жок болгон «куралдар» бар. Маселен, ар кандай тилдерде толугу менен которулган Ыйык Китептен тышкары, каалаган аяттарды табууга жардам берген адабияттар арбын. Келгиле, ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, адамдардын көңүлүн Кудайдын Сөзүнө бурууга жана андан окуп берүүгө ынтызар бололу.

Кудайдын Сөзүн коргогон

11. Эмне үчүн Исага Кудайдын Сөзүн көп жолу коргоого туура келген?

11 Иса башкалардын Кудай Сөзүн бурмалоого аракет кылышарын билгендиктен, аны көп жолу коргоого туура келерин түшүнгөн. Атасына тиленип жатып ал: «Сенин сөзүң — чындык»,— деген (Жакан 17:17). Иса Шайтандын, «дүйнөнүн башкаруучусунун», «жалганчы жана жалгандын атасы» экенин жакшы билген (Жакан 8:44; 14:30). Ал бир жолу Шайтандын азгырыгына Ыйык Жазмадан үч ирет цитата келтирип жооп кайтарган. Шайтан Забур китебинен бир аятты атайылап бурмалаганда, Иса анын ал аятты туура эмес колдонуп жатканын көрсөтүп, Кудайдын Сөзүн коргогон (Матай 4:6, 7).

12—14. а) Диний жетекчилер Мусанын мыйзамын урматтабай турганын кантип көрсөтүшкөн? б) Иса Кудайдын Сөзүн кантип коргогон?

12 Иса Ыйык Жазманы бурмаланышынан, туура эмес түшүндүрүлүшүнөн коргогон. Анын күндөрүндөгү диний жетекчилер чектен чыгып, Кудай Сөзүндө айтылгандарды туура эмес түшүндүрүшкөн. Алар Мусанын мыйзамындагы майда-барат талаптарды аткарууга өтө эле чоң маани беришкен, бирок мыйзамдын негизинде жаткан принциптерди этибарга алышкан эмес. Диний жетекчилер элге көрүнүү үчүн эле жасалган каадаларга өзгөчө басым коюп, адилеттүүлүк, кайрымдуулук жана ишенимдүүлүк сыяктуу орчундуу нерселерди көз жаздымда калтырышкан. Ошентип, Кудайга сыйынуу алар үчүн үстүртөдөн эле аткарылган милдет болуп калган (Матай 23:23). Иса Машаяк Кудайдын мыйзамын кантип коргогон?

13 Иса Тоодогу насаатында Мусанын айрым мыйзамдары тууралуу сөз кылганда угуучуларына бир нече жолу: «Деп айтылганын уккансыңар»,— деген сөздөрдү айтып, анан: «Мен болсо силерге мындай деп айтам»,— деген. Ошону менен Мусанын мыйзамынын негизинде жаткан принциптерди аткаруу маанилүү экенин түшүндүргөн. Иса Мусанын мыйзамынын анча маанилүү эмес экенин айткысы келди беле? Жок, тескерисинче, аны коргогон. Мисалы, аны угуп жаткандар «киши өлтүрбө» деген мыйзамды жакшы билишкен. Бирок Иса кимдир бирөөнү жек көрүүнүн өзү эле ал мыйзамдын принцибин бузууга барабар экенин айткан. Ошондой эле башка бирөөнүн жарына карата туура эмес каалоолорду өрчүтүү Кудайдын ойноштук кылууга тыюу салган мыйзамынын негизиндеги принципке каршы келерин көрсөткөн (Матай 5:17, 18, 21, 22, 27—39).

14 Андан сырткары, Иса: «Силер: „Жакыныңды сүй, душманыңды жек көр“,— деп айтылганын уккансыңар. Мен болсо силерге мындай деп айтам: душмандарыңарды сүйгөнүңөрдү жана силерди куугунтуктагандар үчүн тиленгениңерди токтотпогула»,— деген (Матай 5:43, 44). Кудайдын Сөзүндө «душманыңды жек көр» деген мыйзам бар беле? Жок, аны диний жетекчилер өздөрү ойлоп чыгарышкан. Алар Кудайдын жеткилең мыйзамына адамдык көз караштарды аралаштырып салышкан. Бирок Иса Кудайдын Сөзүн адамдар чыгарып алган үрп-адаттардан тайманбастык менен коргогон (Марк 7:9—13).

15. Иса Кудайдын мыйзамын кандайча коргогон?

15 Диний жетекчилер Кудайдын мыйзамын татаалдаштырып, оор жүккө айлантышкан. Бир жолу Исанын шакирттери талаада кетип баратып буудайдын баштарын үзүп жешкенде, фарисейлер алардын ишембиге байланыштуу мыйзамды бузушканын айтышкан. Иса Жазмадан мисал келтирип, Кудай Сөзүн бир тараптуу көз караштан коргогон. Ал нан тартууларынын ыйык жайдын сыртында колдонулганы тууралуу Жазманын бир эле жеринде айтылган окуяны — Дөөтү менен анын кишилеринин ачка болгондо нан тартууларынан жегени жөнүндөгү билдирүүнү — айткан. Ошентип, Иса фарисейлердин Жахабанын кайрымдуулугуна жана боорукердигине маани бербей калышканын көрсөткөн (Марк 2:23—27).

16. Диний жетекчилер ажырашууга байланыштуу мыйзамды канчалык бурмалашкан жана Иса ажырашуу тууралуу эмне деген?

16 Диний жетекчилер ошондой эле Кудайдын мыйзамын өздөрүнүн кызыкчылыктарына ылайыкташтырып, анын баркын кетиришкен. Маселен, Мыйзамда эркекке, эгер ал аялынын «бир жаман жагын», балким, бүт үй-бүлөнү уятка калтырган жаман ишин көрүп калса, аялы менен ажырашууга жол берилген (Мыйзам 24:1). Бирок Исанын күндөрүндөгү диний жетекчилер ал мыйзамды кыянат колдонуп, эркекке аялы менен ар кандай себептерден улам, атүгүл тамакты күйгүзүп жибергени үчүн да ажырашууга болорун айтышчу *. Иса алардын Мусанын мыйзамын аябай эле бурмалап алышканын көрсөткөн. Анан Жахабанын никеге байланыштуу алгачкы мыйзамын — адам бир гана жар менен жашашы керектигине байланыштуу мыйзамды — калыбына келтирип, жубайлардын бири ойноштук кылганда гана ажырашууга жол берилерин айткан (Матай 19:3—12).

17. Кудай Сөзүн коргоодо Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары аны кантип туурай алышат?

17 Бүгүнкү күндө Исанын жолдоочулары да Ыйык Жазманы коргоого умтулушат. Диний жетекчилер Кудай Сөзүнүн биздин күндөргө ылайык келбей турганын ырастоо менен анын баркын кетиришүүдө. Ошондой эле жалган окууларды ыйык китептик окуу катары көрсөтүү менен Кудай Сөзүн бурмалашууда. Биз чындыктарды камтыган Кудайдын таза Сөзүн тозок оту сыяктуу жалган окуулардан коргоону сыймык катары көрөбүз (1 Жакан 4:8). Бирок Кудай Сөзүн коргоодо сылык, жумшак болууну, башкаларга терең урмат-сый менен мамиле кылууну унутпайбыз (1 Петир 3:15).

Кудайдын Сөзүн түшүндүргөн

18, 19. Исанын Кудай Сөзүн чебер түшүндүрө билгенин кайсы мисалдар көрсөтүп турат?

18 Эврей Жазмалары жазылып жатканда Иса асманда болчу. Жерге келип Кудай Сөзүн түшүндүрүп берүүгө мүмкүнчүлүгү болгонуна ал аябай кубанса керек! Исанын тирилгенден кийин Эмауска бараткан жолдо эки шакиртине жолукканын эстесең. Алар ал бейтааныш кишинин ким экенин билгенге чейин ага сүйүктүү Мырзасынын өлүмүнө аябай кайгырып жатышканын айтышат. Ошондо Иса аларга «Мусанын жана башка бардык пайгамбарлардын сөздөрүнөн баштап, бүт Ыйык Жазмада өзү жөнүндө айтылгандарды түшүндүрүп берген». Бул шакирттерге кандай таасир эткен? Алар кийинчерээк бири бирине: «Жолдон биз менен сүйлөшүп, Ыйык Жазманы түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз күйүп-жанбады беле»,— дешкен (Лука 24:15—32).

19 Ошол эле күнү Иса элчилерине жана башка шакирттерине жолуккан. Анан жолдоочулары «Ыйык Жазмада айтылгандарды түшүнүшү үчүн, алардын акылын ачкан» (Лука 24:45). Ошондо элчилер менен башка шакирттер Исанын алар үчүн жана аны уккан адамдар үчүн ага чейин кылган ушул сыяктуу көптөгөн иштерин эстешкени шексиз. Иса көп учурда жалпыга тааныш аяттарды цитата кылып, аларды ушунчалык жакшы түшүндүрүп бергендиктен, аны уккандар Кудай Сөзүн мурункудан да айкыныраак жана тереңирээк түшүнө алышкан.

20, 21. Иса Жахабанын күйүп турган бадалдын жанында Мусага айткан сөздөрүн кантип түшүндүргөн?

20 Бир жолу Иса жүйүт диний жетекчилери менен тыгыз кызматташкан сектанын мүчөлөрү садукейлер менен сүйлөшкөн. Алар тирилүүгө ишенишчү эмес. Иса аларга мындай деген: «Өлгөндөрдүн тирилүүсүнө байланыштуу Кудайдын силерге эмне деп айтканын окуган жок белеңер? Кудай: „Мен Ыбрайымдын, Ыскактын жана Жакыптын Кудайымын“,— деген. Ал — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы» (Матай 22:31, 32). Садукейлер бул сөздөрдү жакшы билишкен. Анткени аны алар урматтап-сыйлаган Муса жазган. Исанын аларга кандай жүйөлүү далил келтиргенине көңүл бурсаң.

21 Муса Жахаба менен күйүп турган бадалдын жанында, болжолу, б.з.ч. 1514-жылы сүйлөшкөн (Чыгуу 3:2, 6). Ошол убакта Ыбрайымдын көзү өтүп кеткенине — 329 жыл, Ыскактын көзү өткөнүнө — 224 жыл, ал эми Жакыптыкына 197 жыл болуп калган. Анткен менен Жахаба өзүнүн алардын Кудайы экенин айткан. Садукейлер Жахабанын өлгөндөрдүн үстүнөн бийлик жүргүзгөн ойдон чыгарылган жер астындагы кудай эмес, Иса айткандай, «тирүүлөрдүн Кудайы» экенин билишчү. Исанын: «Ал үчүн бардыгы тирүү»,— деген сөздөрү кандай гана ынандырарлык болгон! (Лука 20:38). Ырас, Жахабанын сүйүктүү кызматчылары эң коопсуз жерде — Кудайдын чексиз, жеткилең эс тутумунда. Жахабанын өзүнүн кызматчыларын тирилтерине кымындай да шек жок болгондуктан, аларды тирүү деп айтууга болот (Римдиктер 4:16, 17). Исанын Кудай Сөзүн ушунчалык сонун түшүндүрүп бергени бизди суктандырбай койбойт. Исаны уккан элдин да «анын окутуусуна таң калганы» бекеринен эмес болчу (Матай 22:33).

22, 23. а) Кудайдын Сөзүн түшүндүрүүдө Исаны кантип туурай алабыз? б) Кийинки бөлүмдө эмне тууралуу сөз жүрөт?

22 Биз да, Исадан үлгү алып, Кудайдын Сөзүн түшүндүрүп берүүгө аракет кылабыз. Албетте, биздин эс тутумубуз жеткилең эмес. Ошентсе да башкаларга тааныш аяттарды колдонуп, алар мурун такыр көңүл бурбаган жактарын ачып бере алабыз. Маселен, көптөр: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин»,— деп тиленишкени менен, Кудайдын ысмы ким экенин жана Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин билишпейт (Матай 6:9, 10). Андыктан башкаларга Ыйык Китептеги чындыктарды ачык-айкын, жөнөкөй түшүндүрүп берүү кандай чоң сыймык!

23 Башкаларга Ыйык Китептеги чындыктарды айтууда Кудайдын Сөзүнөн цитата келтирүү, аны коргоо жана түшүндүрүү менен Исаны туураган болобуз. Кийинки бөлүмдө Исанын угуучуларынын жүрөгүн козгоо үчүн кандай натыйжалуу ыкмаларды колдонгону талкууланат.

^ 16-абз. Биринчи кылымдагы тарыхчы Иосиф Флавий да ажырашып кеткен фарисей болгон жана эркекке «ар кандай себептерден улам (андай себептер аябай көп болушу мүмкүн)» ажырашса болорун айткан.