Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

«Ал мисалсыз сүйлөчү эмес»

«Ал мисалсыз сүйлөчү эмес»

1—3. а) Исанын шакирттери кандай артыкчылыкка ээ болушкан жана алар эмненин аркасында Исанын айткандарын оңой эстеп калышкан? б) Мисалдарды эстеп калуу эмне үчүн оңой?

ИСАНЫН жанында жүргөн шакирттери сонун артыкчылыкка ээ болушкан. Алар Улуу Окутуучунун өзүнөн таалим алышкан; Исанын Кудай Сөзүн түшүндүрүп, баалуу чындыктарга окутканын өз оозунан угушкан. Бирок Исанын шакирттери анын баа жеткис сөздөрүн эсинде бек сактап калышы керек эле, себеби ошол учурда Исанын сөздөрүн жазуу түрүндө сактоого убакыт келе элек болчу *. Анткен менен Иса шакирттерин өзүнүн айткандарын жакшы эстеп калгыдай окуткан. Кандайча? Ал мисалдарды чебер колдонгон.

2 Чынында эле, туура тандалган мисалдар көпкө чейин эсте калат. Ыйык Китепти изилдеген бир окумуштуу мисалдардын «кулакты көзгө айлантарын» жана «угуучуларга айтылгандарды айкын элестетүүгө» көмөк кыларын айткан. Биз бир нерсени ойлогондо аны көз алдыбызга элестетебиз. Андыктан мисалдар бизге атүгүл абстракттуу түшүнүктөрдү да оңой түшүнүүгө жардам берет. Алар сөздөрдү таасирдүү, жандуу кылат жана ойлорду эстеп калууга өбөлгө түзөт.

3 Бир да окутуучу мисалдарды Иса Машаяктай чебер колдонгон эмес. Анын мисалдарын бүгүнкү күндө да оңой эстеп калууга болот. Иса эмне себептен окутуунун ушул ыкмасын көп колдончу? Анын мисалдарынын натыйжалуу болгонунун сыры эмнеде эле? Окутуунун бул ыкмасын биз кантип үйрөнө алабыз?

Иса эмне үчүн мисалдардын жардамы менен окуткан?

4, 5. Иса мисалдарды эмне үчүн колдонгон?

4 Ыйык Китепте Исанын эмне себептен мисалдардын жардамы менен окутканынын эки негизги себеби айтылат. Биринчиден, Иса алдын ала айтылган пайгамбарлыктын аткарылышы үчүн мисалдардын жардамы менен окуткан. Матай 13:34, 35-аяттардан мындай дегенди окуйбуз: «Булардын баарын Иса элге мисал менен айтты. Ал мисалсыз сүйлөчү эмес. Бул бир пайгамбар аркылуу айтылган: „Мен мисалдар менен сүйлөйм...“ — деген сөздөр аткарылышы үчүн болду». Матай бул жерде Забур 77:2деги сөздөрдү цитата кылган. Ал сөздөрдү забурчу Кудайдын рухунун жетеги менен Иса төрөлгөнгө чейин кылымдар мурун жазган. Мындан көрүнүп тургандай, Жахаба жүздөгөн жылдар мурун эле Машаяктын мисалдардын жардамы менен окутарын чечип койгон. Демек, Жахаба окутуунун бул ыкмасын маанилүү деп эсептейт.

5 Экинчиден, Иса өзү түшүндүргөндөй, анын мисалдары «жүрөгү катып калгандарды» жүрөгү таза адамдардан ажыраткан (Матай 13:10—15; Ышайа 6:9, 10). Мисалдар адамдардын чыныгы ниетин кандайча айкын кылмак? Кээде Иса колдонгон мисалынын маанисин угуучулары өздөрү сурашын күткөн. Момун адамдар мисалдардын маанисин сурашчу, ал эми рухий нерселерге кош көңүл караган, текебер адамдар антишчү эмес (Матай 13:36; Марк 4:34). Ошентип, жүрөгү таза адамдарга чындыктар ачылып берилчү, жүрөгү катууларга болсо алар жашыруун бойдон калчу.

6. Иса мисалдарды дагы кандай максатта колдонгон?

6 Иса мисалдарды дагы башка максатта колдонгон. Мисалдар адамдардын кызыгуусун туудуруп, көңүл коюп угушуна шарт түзгөн. Ошондой эле айтылгандарды айкын элестетүүгө жана оңой түшүнүүгө жардам берген. Бул бөлүмдүн башында айтылгандай, Исанын мисалдары угуучуларына анын сөздөрүн эстеп калууга көмөк кылган. Матай 5:3—7:27-аяттарда жазылган Тоодогу насаат Исанын мисалдарды арбын колдонгонун тастыктап турат. Бир эсептөөгө ылайык, Иса ал насаатында 50дөн ашык каймана мааниде айтылган мисалдарды колдонгон. Айта кетчү нерсе, анын Тоодогу насаатын болжол менен 20 мүнөттүн ичинде окуп коюуга болот. Ошондо орто эсеп менен ар бир 20 секундга бир мисал туура келет. Мындан Исанын мисалдарды колдонууну маанилүү деп эсептегени көрүнүп турат.

7. Эмне үчүн Исаны туурап мисалдарды колдонушубуз керек?

7 Исанын жолдоочулары катары биз анын окутуу ыкмаларын, анын ичинде мисалдардын жардамы менен окутуу ыкмасын колдонобуз. Татымалдар тамактын даамын чыгаргандай эле, туура тандалган жана жакшы ойлонуштурулган мисалдар окутуубузду жагымдуу кылат. Ошондой эле терең чындыктарды оңой түшүндүрүүгө жардам берет. Келгиле азыр, Исанын мисалдары эмне себептен натыйжалуу болгонун карап көрөлү. Андан соң окутуунун бул маанилүү ыкмасын канткенде жакшы колдоно аларыбызды карап чыгабыз.

Жөнөкөй салыштырууларды колдонгон

Иса канаттууларды жана гүлдөрдү мисал келтирүү менен Кудайдын бизге кам көрөрүн кантип көрсөткөн?

8, 9. Иса жөнөкөй салыштырууларды кандайча колдонгон жана анын салыштыруулары эмне себептен натыйжалуу болгон?

8 Адамдарды окутууда Иса көп учурда жөнөкөй, кыска-нуска салыштырууларды колдонгон. Ал айта турган ойлорун жөнөкөй эле сөздөр менен көркөм, жандуу кылып сүрөттөп, терең чындыктарды ачык-айкын түшүндүргөн. Алсак, шакирттерин жашоодогу керектүү нерселерге ашыкча тынчсызданбоого үндөгөндө «көктө учкан канаттууларды» жана «талаадагы лилия гүлдөрүн» мисал кылган. Канаттуулар эгин экпейт, оруп жыйбайт, лилия гүлдөрү болсо «эмгектенбейт, жип ийрибейт», бирок Кудай аларга кам көрөт. Исанын бул салыштыруусунун маанисин угуучулары оңой эле түшүнүшкөн: эгер Кудай канаттуулар менен гүлдөргө кам көрүп жатса, анын «падышалыгын... издегендерге» сөзсүз кам көрмөк (Матай 6:26, 28—33).

9 Иса ошондой эле салыштыруудан да күчтүүрөөк көркөм сөз каражатын — метафораны — колдонгон. Метафоранын жардамы менен эки бөлөк нерсенин окшоштугун көрсөтүүгө болот. Бул жагынан да Иса жөнөкөй салыштырууларды колдонгон. Алсак, бир жолу шакирттерине: «Силер дүйнөнүн жарыгысыңар»,— деген. Анын шакирттери бул метафоранын маанисин, тагыраак айтканда, сөздөрү менен да, жүрүм-туруму менен да рухий жарыкты чагылдырып, башкаларга Кудайды даңктоого түрткү бериши керектигин дароо эле түшүнүшкөн (Матай 5:14—16). Иса «силер жердин тузусуңар», «мен жүзүм сабагымын, силер болсо бутактарсыңар» деген сыяктуу дагы башка метафораларды колдонгон (Матай 5:13; Жакан 15:5). Анын метафоралары жөнөкөй болгондуктан, адамдарга күчтүү таасир эткен.

10. Окутууда кандай мисалдарды колдонгонуң натыйжалуу болот?

10 Биз башкаларды окутууда мисалдарды кантип колдоно алабыз? Узун, татаал мисалдарга караганда жөнөкөй эле салыштырууларды колдонгонубуз натыйжалуу болот. Маселен, кызыгуучу менен тирилүү жөнүндөгү теманы талкуулап жатасың дейли. Өлгөндөрдү тирилтүү Жахабага кыйынга турбасын түшүндүрүп берүү үчүн кандай мисал колдонот элең? Ыйык Китепте өлүм уйкуга салыштырылат. Андыктан кызыгуучуга: «Уктап жаткан кишини оңой эле ойгото алганыбыздай, Кудай да өлгөндөрдү оңой эле тирилте алат»,— десең болот (Жакан 11:11—14). Же болбосо, балдар жакшы чоңоюп-өсүшү үчүн ата-эненин сүйүүсүнө жана мээримине муктаж экенин түшүндүрүп бергиң келип жатат дейли. Андайда кандай мисал келтирет элең? Ыйык Китепте балдар «зайтун дарагынын [жаш] бутактарына» салыштырылат (Забур 127:3). Андыктан: «Даракка күн менен суу аябай керек болгондой эле, балдар да ата-энесинин сүйүүсүнө жана мээримине абдан муктаж»,— деп айтсаң болот. Салыштырууң канчалык жөнөкөй болсо, айта турган оюңду угуучулар ошончолук оңой түшүнө алышат.

Мисалдарды күндөлүк турмуштан алган

11. Иса Галилеяда чоңоюп-өскөн убакта күбө болгон кандай көрүнүштөрдү мисал катары колдонгон?

11 Иса адамдардын жашоосунан алынган мисалдарды чебер колдонгон. Анын көптөгөн мисалдарында күндөлүк турмуштагы көрүнүштөр чагылдырылган. Иса ал көрүнүштөрдү Галилеяда чоңоюп-өскөн убакта байкаган болуш керек. Бир саамга анын бала чагы тууралуу ойлонуп көрөлү. Ал энесинин жаргылчак тартып отурганын, камыр ачытканын, чыракты жандырганын, үй шыпырганын далай жолу көрсө керек (Матай 13:33; 24:41; Лука 15:8). Балыкчылардын Галилея деңизине тор салып жатканын көп жолу байкаган болуш керек (Матай 13:47). Ошондой эле балдардын базар аянтында ойногонун да нечен ирет көргөндүр (Матай 11:16). Исанын мисалдарында үрөн себүү, шаңдуу үйлөнүү тою, күн нурунан кубулган эгин сыяктуу күндөлүк турмуштагы дагы башка көрүнүштөр чагылдырылган (Матай 13:3—8; 25:1—12; Марк 4:26—29).

12, 13. Иса «Иерусалимден Жерихого» кеткен жол жөнүндө айтканда эмнелерди эске алган?

12 Андан сырткары, Иса угуучуларына жакшы тааныш болгон нерселерди айткан. Мисалга анын боорукер самариялык киши жөнүндөгү аңгемесин алалы. Иса аңгемесин мындай сөздөр менен баштаган: «Бир киши Иерусалимден Жерихого түшүп келатып талап-тоноочуларга кабылып калат. Алар анын кийимин чечип алышат да, өзүн сабап, чала жан кылып калтырып кетишет» (Лука 10:30). Иса «Иерусалимден Жерихого» кеткен жол жөнүндө бекеринен сөз кылган эмес. Ошол аңгемени айтканда Иса Жүйүт жергесинде Иерусалимден алыс эмес жерде болчу. Андыктан анын угуучулары ал жолду жакшы билишкен. Ал жол менен жалгыз өтүү коркунучтуу экени баарына маалым болчу. Жол ээн, ийри-буйру болгондуктан, талап-тоноочулар үчүн жашынып калууга ыңгайлуу жерлер көп болгон.

13 Иса «Иерусалимден Жерихого» кеткен жол тууралуу көптөргө белгилүү дагы башка нерселерди айткан. Анын аңгемесине ылайык, ал жол менен адегенде дин кызматчы, андан кийин леби өткөн, бирок экөө тең жабыр тарткан кишиге жардам беришкен эмес (Лука 10:31, 32). Дин кызматчылар Иерусалимде ибадатканада кызмат кылышчу, лебилер болсо аларга жардам беришчү. Ибадатканада кызмат кылбаган учурда көптөгөн дин кызматчылар менен лебилер Иерусалимден 23 километр алыстыкта жайгашкан Жериходо жашашчу. Андыктан алардын ошол жол менен өтүшү толук мүмкүн эле. Белгилей кетчү нерсе, Иса алардын Иерусалимден «түшүп келатканын» айткан. Исанын угуучулары бул сөздөрдү жакшы түшүнүшкөн. Анткени Иерусалим Жериходон бийигирээк жерде жайгашкан болчу. Ошол себептүү Иерусалимден келаткан кишини «түшүп келатат» деп айтууга болмок *. Ооба, Иса угуучуларына эмне тааныш экенин эске алчу.

14. Мисал келтиргенде угуучуларыбызга байланыштуу эмнелерди эске алышыбыз керек?

14 Мисал келтиргенде биз да угуучуларыбыздын жашын, маданиятын, үй-бүлөлүк абалын же алек болгон ишин эске алышыбыз керек. Маселен, дыйкан чарбага байланыштуу мисалды чоң шаардын тургундарына караганда, айыл жергесинде жашагандар оңоюраак түшүнүшү мүмкүн. Угуучуларыбыз үчүн бала тарбиялоого, үй-тиричиликке, алардын жакшы көргөн иштерине, тамак жасоого байланыштуу күндөлүк турмуштан алынган мисалдар натыйжалуу болушу ыктымал.

Жаратылышка байланыштуу мисалдарды келтирген

15. Исанын жаратууларды жакшы билгени эмне үчүн таң калыштуу эмес?

15 Исанын көптөгөн мисалдары анын жаратылыш жөнүндө, анын ичинде аба ырайы, өсүмдүктөр жана жаныбарлар тууралуу зор билимге ээ болгонун көрсөтүп турат (Матай 16:2, 3; Лука 12:24, 27). Ал андай билимди кайдан алган? Галилеяда өсүп-чоңойгон кезинде ал жаратылышка далай ирет байкоо салганы шексиз. Анын үстүнө, ал «бардык жаратылгандардын тунгучу» болгон жана Жахаба аны бардыгын жаратууда «сүрөтчү» катары колдонгон (Колосалыктар 1:15, 16; Накыл сөздөр 8:30, 31). Андыктан Исанын жаратууларды жакшы билгени таң калыштуу эмес. Келгиле, Исанын жаратылыш тууралуу билимин кандайча чебер колдонгонун карап көрөлү.

16, 17. а) Исанын койлорду жакшы билгени эмнеден көрүнүп турат? б) Койлордун чынында эле койчусунун үнүн тааный турганын кайсы мисалдан көрүүгө болот?

16 Исанын өзүн «жакшы койчуга», жолдоочуларын болсо «койлорго» салыштырганын эстесең. Мындан анын койлорду жакшы билгенин көрүүгө болот. Иса койчу менен койлордун бири бирине өзгөчө жакын болорун, ошондой эле койлордун жоош келерин жана койчусунун артынан ээрчип кете берерин билген. Койлор эмне үчүн койчусунун артынан ээрчишет? «Анткени анын үнүн таанышат»,— деген Иса (Жакан 10:2—4, 11). Койлор чын эле койчусунун үнүн таанышабы?

17 Жорж А. Смит «Касиеттүү жердин тарыхий географиясы» деген китебинде мындай деп жазган: «Биз кээде түшкү маалда Жүйүт жергесиндеги кудуктардын биринин жанында эс алчубуз. Ал жерге үч-төрт койчу малын сугарганы келчү. Бир жолу койчулардын койлорунун кошулуп кеткенин көрүп, кайра кантип бөлүнөт болду экен деп таң калып отурдук. Бирок койлор суу ичип, оюн салып бүткөндөн кийин, койчулар өрөөндүн ар тарабын көздөй жөнөп, ар бири койлорун өзүнчө үн менен чакыра баштады. Ошондо койлор өз-өзүнчө бөлүнүп, койчусунун артынан ээрчип жөнөштү» («The Historical Geography of the Holy Land»). Исанын айтайын деген оюн бышыктоого мындан жакшы мисал табылбастыр. Ооба, эгер биз Исанын окутууларын кабыл алып, аларга баш ийсек жана анын жетеги менен жүрсөк, «жакшы койчунун» назик, мээримдүү камкордугун сезебиз.

18. Жахабанын жаратуулары жөнүндө маалыматты кайдан табууга болот?

18 Жаратылышка байланыштуу мисалдарды колдонуу жагынан Исаны кантип туурай алабыз? Жаныбарлардын өзгөчөлүктөрүн биз да жөнөкөй, ошол эле учурда күчтүү салыштыруу катары колдонсок болот. Жахабанын жаратуулары жөнүндө маалыматты кайдан таба алабыз? Ыйык Китепте ар түрдүү жаныбарлар тууралуу маалымат көп жана айрым учурларда жаныбарлардын кайсы бир өзгөчөлүктөрү салыштыруу иретинде колдонулат. Алсак, анда жейрендей тез, карышкырдай ыкчам, жыландай сак, көгүчкөндөй куулугу жок деген сыяктуу салыштыруулар бар * (1 Жылнаама 12:8; Хабакук 1:8; Матай 10:16). Мисал катары колдонууга ылайыктуу болгон маалыматтарды «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарынан же Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган дагы башка адабияттардан да табууга болот. Ал адабияттарда Жахабанын кереметтүү жаратууларынын кандайча жөнөкөй салыштыруу катары колдонулганын байкоонун аркасында көп нерсеге үйрөнө алабыз.

Жалпыга маалым болгон окуяларды мисал катары колдонгон

19, 20. а) Жалган окутууну төгүнгө чыгаруу үчүн Иса ошол кезде болгон окуяны кандайча колдонгон? б) Жашоодо болуп жаткан окуяларды биз кандайча колдоно алабыз?

19 Жашоодо болуп жаткан окуяларды да мисал катары колдонуу натыйжалуу. Бир жолу Иса кырсык жаман иш кылгандардын башына түшөт деген жалган окууну төгүнгө чыгаруу үчүн ошол кезде болгон бир окуяны мисал келтирген. Ал: «Силоомдогу мунара кулаганда, алдында калып өлгөн он сегиз киши Иерусалимдин башка тургундарына караганда көбүрөөк күнөөкөр болгон деп ойлойсуңарбы?» — деген (Лука 13:4). Ооба, ал он сегиз киши андай кырсыкка кылган күнөөлөрү үчүн учураган эмес болчу. Алар «мезгил менен кокустуктун капшабына» кабылышкан (Насаатчы 9:11, «ЖД»). Ошентип, Иса угуучуларына жакшы маалым болгон окуяны мисал келтирип, жалган окутууну төгүнгө чыгарган.

20 Башкаларды окутууда жашоодо болуп жаткан окуяларды биз кандайча колдоно алабыз? Мисалы, Исанын катышуусунун белгисине кирген пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын кызыгуучу менен талкуулап жатасың дейли (Матай 24:3—14). Андайда белгинин кайсы бир бөлүгүнүн аткарылып жатканын көрсөтүш үчүн согуштарга, ачарчылыкка же жер титирөөгө байланыштуу акыркы жаңылыктарды сөз кылсаң болот. Же болбосо «жаңы табиятты кийүүнүн» аркасында болуучу өзгөрүүлөрдү айтып бергиң келип жатат дейли (Эфестиктер 4:20—24). Анда ишенимдештерибиз жөнүндө же Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган адабияттардагы бир туугандардын өмүр баяндарынан айтып берсең болот.

21. Жакшы окутуучу болуунун аркасында кандай баталарга ээ болобуз?

21 Чынында эле, Иса Улуу Окутуучу болгон! Бул бөлүктөн билгенибиздей, адамдарды «окутуп, падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо» анын жашоосундагы маанилүү иш болгон (Матай 4:23). Ал иш биз үчүн да чоң мааниге ээ. Жакшы окутуучу болуунун аркасында көптөгөн баталарга ээ болобуз. Башкаларды окутуу берүү менен коштолот, ал эми берүү бизди бактылуу кылат (Элчилер 20:35). Биз башкаларды чындап баалуу, өтүп кетпей турган нерсеге — Жахаба жөнүндөгү чындыкка — окутуп жатканыбызды билгендиктен бактылуубуз. Ошондой эле эң Улуу Окутуучунун жолун жолдоп жатканыбызды билүү да бизге кубаныч тартуулайт.

^ 1-абз. Исанын жердеги жашоосу тууралуу жазылган китептердин биринчиси, кыязы, Матай Инжили. Ал Исанын өлгөнүнөн, болжолу, сегиз жыл өткөндөн кийин жазылган.

^ 13-абз. Иса дин кызматчы менен лебинин Иерусалимден келатканын айткан. Мындан алардын ибадатканадан кайтып келатканын билүүгө болот. Ошондуктан аларды: «Жолдо жаткан кишини өлүк деп ойлошкондуктан, ибадатканада убактылуу кызмат кыла албай калбаш үчүн ага жардам беришкен эмес»,— деп эч ким актай албайт болчу (Лебилер 21:1; Сандар 19:16).

^ 18-абз. Ыйык Китепте кайсы жаныбардын өзгөчөлүгү эмнеге салыштырылары тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Жазманы түшүнүү» (англ.) эмгегинин 1-томунун 268, 270, 271-беттерин кара.